Загрузка документа…
|
| ||
| |||
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна) | |
Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 128-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана/же контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) саткан жана тейлеген субъекттердин жана ККМди салык органдарында каттоодогу субъекттердин аракеттеринин тартибин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда ККМди колдонуунун жалпы тартибин белгилейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) контролдук-кассалык чек - ККМ түзгөн жана кагаз жүзүндө жана/же автоматтык окууга жарактуу болгон электрондук түрдө берилүүчү, эсептешүү операциясын жүргүзүүдө акчалай эсептешүүнү жүргүзүү фактысын ырастаган баштапкы эсепке алуу документи;
2) ККМдин модели - иштеп чыгуучу тарабынан ыйгарылган уникалдуу аталышы жана номери бар түзүлүштүн же программалык камсыздоонун түрү (тиби) же версиясы;
3) ККМдин каттоо номери - ККМди каттоодо ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан ККМге ыйгарылган сериялык номер;
4) смарт-карта - ыйгарым укуктуу салык органынын атайын программалык камсыздоосун жазуу жана аны фискалдык модуль катары пайдалануу үчүн колдонулуучу интегралдык схемасы бар пластикалык карта;
5) ККМди фискалдаштыруу - ККМге фискалдык режимди киргизүү;
6) фискалдык маалыматтар - ККМде түзүлгөн жана кассалык операцияларды жүзөгө ашырууда контролдук-кассалык чектерде жана кассалык отчеттордо чагылдырылган жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же фискалдык маалыматтар операторуна (мындан ары - ФМО) милдеттүү түрдө өткөрүп берилүүгө тийиш болгон маалыматтар;
7) фискалдык модуль (мындан ары - ФМ) - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан берилүүчү программалык-аппараттык каражат, ал ушул каражаттын эске тутуп жазуусун, түзөтүлбөгөн түрдө сактоосун жана фискалдык маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органы кабыл алгандыгы жөнүндө ырастоо алганга чейин коргоосун камсыз кылат.
Ушул аныктаманын максаттары үчүн:
а) смарт-картадагы фискалдык модуль (мындан ары - смарт-картадагы ФМ) деп адистештирилген программалык камсыздоосу бар, ККМге туташтырылуучу смарт-карта түрүндөгү атайын техникалык түзүлүш таанылат;
б) булуттук фискалдык маалымат (мындан ары - булуттук ФМ) деп ККМге алыстан кошулуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү программалык камсыздоо каражаты таанылат;
8) фискалдык режим - ККМде, ФМде фискалдык маалыматтарды каттоону жана аларды ыйгарым укуктуу салык органына берүүнү камсыз кылуучу ККМдин иштөө режими.
Ушул Тартипте колдонулуучу башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын салык жана банк мыйзамдарында жана соода ишин жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
2. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу
3. Кыргыз Республикасынын аймагында калк менен накталай/электрондук акчалар, банктык төлөм карталары жана башка төлөм инструменттери аркылуу соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүүлөр ККМди милдеттүү түрдө колдонуу жана автоматтык окууга жарактуу болгон кагаз жана/же электрондук түрдөгү контролдук-кассалык чекти берүү/жөнөтүү менен жүргүзүлөт. Ошол эле учурда ККМ иштеп баштаганга чейин ККМди башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - АМС) катталууга тийиш.
4. ККМ сатып алуучулар же кардарлар менен акчалай эсептешүүлөрдө төмөнкүлөрдү аткаруу менен колдонулат:
1) кассалык эсептешүү операцияларын:
- сатуу же сатып алуу;
- сатууну, сатып алууну кайтаруу;
2) эсептешүү түрлөрүн:
- толук эсептешүү;
- алдын ала төлөө (аванс);
- алдын ала төлөөнү (авансты) жабуу;
- кийин төлөө (кредит);
- кийин төлөөнү (кредитти) жабуу.
3) төлөмдүн түрлөрүн:
- накталай эсептешүү;
- накталай эмес эсептешүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Толук эсептешүү эсептешүүнүн түрү менен операциялар товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана жумуштар үчүн акы төлөө сатып алуучуга товар берилген, кардарга кызмат көрсөтүлгөн же жумуш аткарылган жерде жана мезгилде толук төлөнгөн учурларда жүзөгө ашырылат. Сатып алуу операциясы накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө, кийин сатуу же кайра иштетүү үчүн калктан айнек идиштерди, утилдештирилүүчү чийки затты, металл сыныктарын, айыл чарба продукцияларын жана башка товарларды кабыл алууда (сатып алууда) жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Алдын ала төлөөнү (аванс) эсептөө түрү менен операция товар, кызмат көрсөтүү же жумуш үчүн акы төлөө сатып алуучуга товар берилгенге, кардарга кызматтар көрсөтүлгөнгө же жумуштар аткарылганга чейин (алдын ала төлөө) толук же жарым-жартылай төлөнгөн учурда жүзөгө ашырылат.
7. Алдын ала төлөөнү (авансты) жабууну эсептөө түрү менен операция мурда түзүлгөн сатып алуу-сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу келишимдери (ачык келишим) боюнча сатып алуучуга товар толук берилген, кардарга кызматтар толук көрсөтүлгөн же жумуштар толук аткарылган учурларда жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кийин төлөөнү (кредит) эсептөө түрү менен операция товар, кызмат көрсөтүү же жумуш үчүн акы төлөө сатып алуучуга товар берилгенден, кардарга кызмат көрсөтүлгөндөн же жумуш аткарылгандан кийин (кийинки төлөм) белгилүү бир убакыттан кийин төлөнгөн учурда жүзөгө ашырылат.
9. Кийин төлөөнү (кредит) жабууну эсептөө түрү менен операция мурда түзүлгөн сатып алуу-сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу келишимдери (ачык келишим) боюнча сатып алуучу товар үчүн, кардар көрсөтүлгөн кызмат же аткарылган жумуш үчүн акы толук төлөнгөн учурларда жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Сатууну, сатып алууну, анын ичинде алдын ала төлөөнү (авансты) жана кийин төлөөнү (кредитти) эсептөө түрү менен кайтаруу операциясы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сатып алуу-сатуу, кызматтарды көрсөтүү же сатып алуучу же кардар менен жумуштарды аткаруу келишими бузулган учурларда кайтарып берүүгө таризделген негиздин чегин жана ФМдин номерин көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
11. Калк менен ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Өз ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө байланыштуу ККМди колдонбостон калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алышкан уюмдардын жана жеке жактардын тизмесине киргизилген субъекттерге жол берилет.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын реестрине (мындан ары - ККМдин реестри) киргизилген моделдеги ККМдерди гана Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого жана субъекттердин колдонуусуна уруксат берилет.
13. Соода (вендингдик) автоматтарында жана кызматтарды көрсөтүү автоматтарында контролдук-кассалык чекти кагаз жүзүндө жана/же автоматтык окууга жарактуу түрдө түзүү жана берүү мүмкүнчүлүгү бар ККМ орнотулууга тийиш.
14. Төмөнкү ККМди колдонууга жол берилбейт:
- ККМдин реестринен чыгарылган;
- АМСте катталбаган;
- бузулган абалдагы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш келүү жол-жоболорунан өтпөстөн техникалык, анын ичинде программалык өзгөрүүлөргө дуушар болгон.
Субъекттер тарабынан ушул пунктту аткарбоо ККМди колдонбоого барабар.
15. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга (мындан ары - ККМге карата техникалык талаптар) шайкеш келүү жол-жоболорунан өтпөстөн жана ККМдин реестрине киргизбестен, ККМге аралыктан кошуу функциясы бар программалык-аппараттык комплекстерди колдонууга жана мындай комплекстерди пайдалануу менен сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектердин көчүрмөлөрүн берүүгө жол берилбейт.
16. Төмөнкү учурларда ККМ бузук деп саналат:
1) операцияларды аткарбаса же катачылыктар менен аткарса, кассалык чектерди, анын ичинде чектин QR-кодун жана ККМге карата техникалык талаптарда каралган отчетторду басып чыгарбаса, так эмес басып чыгарса же толук басып чыгарбаса;
2) салык кызматынын органдары тарабынан контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ККМде камтылган жана/же байланыштын зымдуу жана зымсыз каналдары аркылуу берилүүчү маалыматтарды алууга мүмкүндүк бербесе;
3) провайдер (байланыш оператору) тарабынан берилүүчү байланыш жок болгон учурлардан же АМС ишинин үзгүлтүккө учуроосунан тышкары, ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго зымдуу же зымсыз байланыш каналдары боюнча реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды бербесе;
4) иштен чыккан ФМ же ФМге туташуудагы бузуулар болсо, анын ичинде ФМ менен байланыш үзүлсө;
5) ККМди иштеп чыгуучу тарабынан иштелип чыккан эксплуатациялоо эрежелеринде каралган башка бузулуулар болсо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
17. ККМ бузулган учурда субъекттер ККМ бузулган учурдан тартып техникалык тейлөө борборуна (мындан ары -ТТБ) кайрылууга тийиш, ал ККМдин бузулууларын оңдоо боюнча субъекттердин кайрылууларын эсепке алуу журналына субъекттин кайрылуусу катталган учурдан тартып 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде келип чыккан бузулууну оңдойт. Бузулуулар оңдолгондон кийин ТТБнын жооптуу адамы АМС аркылуу салык кызматына кабарлайт.
18. Эгерде ТТБ ККМдин бузулуу себебин белгиленген мөөнөттө оңдой албаса, анда программалык ККМдин ТТБсын кошпогондо, ТТБ субъектке оңдоо убагында бузулган ККМдин ордуна бирдей мүнөздөмөлөрү менен резервдик (окшош, оң абалдагы) башка ККМди акысыз негизде берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Салык кодексине ылайык ишин ККМди колдонуу менен жүргүзүүгө милдеттүү болгон субъекттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ишин баштоого чейин ККМди АМСте каттоого;
2) ККМди контролдук-кассалык чекти кагаз жүзүндө жана/же автоматтык окууга жарактуу түрдө берүү/жөнөтүү менен сатып алуучу же кардар менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн жерде жана учурда колдонууга;
3) ККМди оң абалда кармоого жана маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго реалдуу убакыт режиминде, анын ичинде байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн өз убагында төлөө жолу менен өз убагында берүүнү камсыз кылууга;
4) ТТБ кызматкерлеринин ККМди фискалдаштыруу, ошондой эле ККМ бузулган учурда гана аппараттык ККМдин ички механизмдерине жетүүсүн камсыз кылууга;
5) квитанциялардын бланктарын жана ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебин типографиялык ыкма менен гана өз алдынча даярдоого жана аларды салык органдарында ар бир ККМ үчүн каттоого;
6) ушул Тартиптин 20-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда кассалык чектерди чыгарууну жана квитанциялардын бланктарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн акчалай эсептешүүлөр боюнча маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго берүүнү камсыз кылууга;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтарды милдеттүү түрдө берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу учурунда товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтардын (аталышы, коду, саны, 1 (бир) бирдиги үчүн баасы) кассалык чектерде көрсөтүлүшүн жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго берүүнү камсыз кылууга;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган товарларды сатуу учурунда товарларды идентификациялоо каражаттарынын коддору (товарды маркалоо) боюнча маалыматтардын кассалык чектерде көрсөтүлүшүн жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго берүүнү камсыз кылууга;
9) ККМдин каттоо маалыматтары өзгөргөндө ККМдин жаңы каттоо маалыматтарын АМСке киргизүүнү камсыз кылууга;
10) Аппараттык ККМ уурдалган, жоголгон же ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында жараксыз болгон учурда 3 (үч) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө аны АМСтен каттоодон чыгарууга, жаңы ККМди сатып алууга жана АМСте каттоого;
11) жоюлган (иши токтотулган) же кайра уюштурулган учурда жоюу (ишин токтотуу) же кайра уюштуруу жол-жоболору башталганга чейин үч күн мурда ККМди каттоодон чыгарууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Субъекттер акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда квитанциялардын бланктарын колдонууга жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебине тиешелүү жазууларды төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жана учурларда киргизүүгө милдеттүү:
1) бузулган ККМди ТТБ тарабынан оңдоо мезгилинде, 72 (жетимиш эки) сааттан ашпаган мөөнөттө;
2) объективдүү түрдө субъекттердин эркине карабастан келип чыккан ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен байланыш жок болгондуктан ККМдин иштөөсүнө бөгөт коюлганда, байланыш кайра калыбына келтирилгенге чейин;
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышына байланыштуу ККМди колдонуу мүмкүн болбогондо, ал жеткис күч таасир эткен мөөнөттүн ичинде.
21. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында ККМ жараксыз болгон, уурдалган же жоголгон учурда субъекттер 3 (үч) жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө квитанциялардын бланктарын колдонууга жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебине тиешелүү жазууларды киргизүүгө милдеттүү.
22. Сатып алуучуларга же кардарларга берилүүчү квитанциянын бланкында төмөнкү реквизиттер чагылдырылууга тийиш:
1) квитанциянын сериясы жана номери;
2) субъекттин аталышы жана идентификациялык салык номери (ИСНи);
3) ККМдин моделинин аталышы;
4) ККМдин заводдук номери/версиясынын номери;
5) ККМдин каттоо номери;
6) кассалык эсептешүү операциясынын түрү;
6-1) эсептешүү түрү;
7) кайтаруу таризделген контролдук-кассалык чектин фискалдык документинин номери жана ФМ номери;
8) операция жүргүзүлгөн дата жана убакыт;
9) товардын, көрсөтүлгөн кызматтын же аткарылган жумуштун аталышы жана коду;
10) товарды маркалоо коду;
11) 1 бирдиги үчүн баасы;
12) өлчөө бирдиги;
13) товардын, көрсөтүлгөн кызматтын же аткарылган жумуштардын саны;
14) төлөмдүн түрү (накталай же накталай эмес);
15) сатылган товарлардын, көрсөтүлгөн кызматтардын же аткарылган жумуштардын суммасынын жыйынтыгы;
16) валютанын саны, түрү жана курсу (накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө колдонулуучу ККМ үчүн).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Сатып алуучуларга же кардарларга берилүүчү контролдук-кассалык чекте ККМге карата техникалык талаптарга ылайык маалымат чагылдырылууга тийиш.
24. Агенттик кызматтарды көрсөткөн субъект тарабынан берилүүчү контролдук-кассалык чекте кыйыр салыктардын суммасы агенттик сыйакынын суммасынан көрсөтүлүүгө тийиш.
25. Субъекттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтарды милдеттүү түрдө берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарларды саткан, кызматтарды көрсөткөн жана жумуштарды аткарган учурда контролдук-кассалык чекте товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтар (аталышы, коду, саны жана 1 (бир) бирдиги үчүн баасы) чагылдырылууга тийиш.
26. Субъекттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган товарларды саткан учурда контролдук-кассалык чекте товарды идентификациялоо (товарды маркалоо) каражатынын коду боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш.
27. Накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн субъект тарабынан берилүүчү контролдук-кассалык чекте жогоруда саналган реквизиттерден тышкары, валютанын түрү жана курсу чагылдырылууга тийиш.
28. Банктык төлөм карталарынын, электрондук акчалардын жана башка төлөм инструменттеринин жардамы менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген ККМдин моделдериндеги контролдук-кассалык чекте Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык кошумча маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
29. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы алымсыз соода дүкөндөрүндө колдонулуучу ККМдин моделдериндеги контролдук-кассалык чекте Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында берилген кошумча маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
30. Субъекттер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектерди сатып алуучу же кардар толук чектин электрондук вариантын ала турган шилтемелер гана (QR-код, интернет сайты, мобилдик тиркемелер, төлөм терминалдары жана башка ыкмалар аркылуу чекти алуу үчүн атайын код) көрсөтүлгөн кыскартылган маалыматтар менен кагаз жүзүндө берүүгө укуктуу. Мында контролдук-кассалык чекте субъекттин жана ККМдин реквизиттери, чектин номери, катталган датасы жана убактысы, чектин жыйынтык суммасы милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш;
2) кагаз жүзүндөгү контролдук-кассалык чекти берүүнүн ордуна, сатып алуучу (кардар) тарабынан тиешелүү мобилдик тиркеме аркылуу аны сканерлөө жана электрондук чекти алуу үчүн контролдук-кассалык чектин QR-кодун берүүгө.
31. Субъекттер ККМди колдонууда төмөнкүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат:
1) ушул Тартиптин талаптарын бузгандыгы үчүн;
2) ККМди АМСте каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу учурунда туура эмес каттоо маалыматтарын АМСке киргизгендиги же салык органына, ТТБ же ФМО бергендиги үчүн;
3) АМСте катталбаган ККМди колдонуу үчүн;
4) жасалма контролдук-кассалык чектерди же контролдук-кассалык чек түрүндө субъекттин ишин автоматташтырууга арналган программалык каражаттардан басылып чыгарылган контролдук-кассалык чектин реквизиттерин, анын ичинде QR-кодун көрсөтүү менен товардык чектерди берүү үчүн;
5) ККМдеги фискалдык жана башка маалыматтарды санкцияланбаган өзгөртүү үчүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
32. ККМди колдонуу тартибинин сакталышын жана түшкөн акча каражаттарынын толук эсепке алынышын контролдоону салык кызматынын органдары жүргүзөт.
3. Контролдук-кассалык машиналарды каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу
33. ККМди АМСте каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу, анын ичинде субъекттен документтерди кабыл алуу салык органдары же ТТБ же ФМО аркылуу акысыз негизде ишке ашырылат.
ККМди АМСте каттоонун, кайра каттоонун жана каттоодон чыгаруунун тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
33-1. Аппараттык ККМди каттоо үчүн ТТБ же ФМО ыйгарым укуктуу салык органынан смарт-картада ФМны алууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
33-2. Программалык ККМди каттоо үчүн ыйгарым укуктуу салык органы ТТБга же ФМОго булуттук ФМга кошулуу мүмкүнчүлүгүн берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
34. ККМди салык органы аркылуу каттоодо салык органы акысыз негизде:
1) аппараттык ККМди каттоо үчүн субъектке смарт-картада ФМны берет;
2) ыйгарым укуктуу салык органы ээси болуп саналган программалык ККМди каттоодо субъектке булуттук ФМге кошулуу мүмкүндүгүн берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
35. ККМди ТТБ же ФМО аркылуу каттоодо, ТТБ жана ФМО акысыз негизде:
1) субъектке смарт-картада ФМди берет, аппараттык ККМди АМСте каттайт жана фискалдаштырат;
2) булуттук ФМге кошуу жолу менен программалык ККМди фискалдаштырат жана субъектти программалык ККМде каттайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Смарт-картада ФМди алгандан кийин аппараттык ККМди каттоо үчүн субъект өз алдынча же ТТБ аркылуу, же ФМО аркылуу ККМди АМСте каттоого жана фискалдаштырууга укуктуу. ККМди фискалдаштырууда ТТБ жана ФМО ККМге санкцияланбаган кирүү мүмкүндүгүнөн коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
37. ККМди каттоодо АМС реалдуу убакыт режиминде ККМдин уникалдуу каттоо номерин ыйгарат.
38. ККМди каттагандан кийин субъект, ар бир ККМ үчүн квитанциялардын бланктарын жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебин каттоо үчүн салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылууга тийиш.
39. Субъект кайрылганда салык органынын кызмат адамы квитанциялардын бланктарын каттайт жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китебине кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрөт. Квитанциялардын бланктарын эсепке алуу китеби ар бир баракка номер коюлуп, боо өткөрүлүүгө тийиш.
40. ККМди АМСте кайра каттоо субъекттин ИСНин кошпогондо, ККМдин каттоо маалыматтары өзгөргөн учурда жүргүзүлөт.
41. Программалык ККМди каттоо маалыматтары өзгөргөн учурда субъект ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте ККМдин жаңы каттоо маалыматтарын АМСке киргизүүнү камсыз кылууга тийиш.
42. Уюмду жоюу же кайра уюштуруу, ага башка уюмду кошуу түрүндөгү кайра уюштуруу учурларын кошпогондо, ошондой эле жеке ишкер ККМдин ишин токтоткон учурларда уюмду кайра уюштуруу же жоюу жол-жобосу башталган жана жеке ишкердин ишин токтоткон күнгө чейин 3 күн мурда АМСте каттоодон чыгарылууга тийиш.
43. ККМ иштен чыккан учурларда бардык сакталган фискалдык маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органына өткөрүлүп берилген учурда ККМ АМСте каттоодон чыгарылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын кесепетинен жараксыз болуп калганына байланыштуу ККМ каттоодон чыгарылган, аппараттык ККМ уурдалган же жоголгон учурларда атайын далилдөө каражаттарына муктаж болбогон ал жеткис күчтүн жагдайларынан кошпогондо, мындай себептерди ырастоочу документтер арызга тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
45. ККМдин реестринен чыгарылган ККМ субъекттерге жана ТТБга 10 (он) жумуш күн мурда алдын ала кабарлоо менен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан 30 (отуз) календардык күндүн ичинде АМСте каттоодон чыгарылууга тийиш.
46. Салыктык контроль жүргүзүүнүн жүрүшүндө ККМди колдонууга карата талаптарды, анын ичинде ККМди эксплуатациялоонун типтүү эрежелерин бузуулар аныкталган учурда салык органы субъекттин арызысыз ККМди АМСте каттоодон чыгаруу үчүн чараларды көрүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)
Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартибине тиркеме
|
Форма
Квитанциялардын бланктарын эсепке алуу КИТЕБИ
Субъекттин аталышы _______________________________________________________________________________
(Уюмдун аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү)
ИСНи _____________________________________________________________________________________________
ККМдин моделинин аталышы __________________ ККМдин заводдук номери/версиясынын номери _____________
ККМдин каттоо номери ______________________________________________________________________________
Датасы жана убактысы | Квитанциянын сериясы жана номери | Операциянын түрү (сатуу/сатып алуу/алдын ала төлөө/кийин төлөө/жабуу/кайтаруу) | Алдын ала төлөөнү/кийин төлөөнү кайтаруу/жабуу таризделген кассалык чектин катар номери | Акы төлөөнүн түрү | Сумма | ККМ аркылуу чыгарылган жана квитанциянын бланкы боюнча сатып алуучуга/кардарга берилген кассалык чектин номери | Кассир-операционисттин колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|