Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-марты № 122
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Автомобиль жолдорунун тармагын үзгүлтүксүз күтүү процессин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. 2022-жылдын 1-майына чейин жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, күтүү, оңдоо, реконструкциялоо, куруу жана өнүктүрүү менен байланышкан иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти аркылуу жүргүзүлөт деп белгиленсин.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |