Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-марты № 144
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 5-пунктундагы "492" жана "236" деген цифралар тиешелүү түрдө "476" жана "220" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы "134" жана "119" деген цифралар тиешелүү түрдө "150" жана "135" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |