Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 4-марты № 106
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-115, 255, 256-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-главасын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |