Документке
Мурунку03.03.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 30-февралы № 94

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 412, 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2023-жылдын 3-мартындагы № 125 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кыл ат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү айрым акциздик товарларга акциз салыгынын ставкалары 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.

3. Акциздик жыйымдын маркасы менен төмөнкүлөр маркаланууга тийиш деп белгиленсин:

– 2023-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6–8-пункттарында көрсөтүлгөн тамеки буюмдары;

– 2024-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктар.

Маркалоо киргизилген датадан тартып 6 ай өткөндөн кийин ушул пунктта көрсөтүлгөн маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө акциздик маркаларды талаптагыдай колдонууну камсыз кылуу үчүн импорттоочулар тарабынан салынуучу депозиттик төлөм төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:

- алкоголдук продукциянын бир литри үчүн (ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу сыраны кошпогондо) 5 (беш) эсептик көрсөткүч;

- ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыранын бир литри үчүн 2024-жылдын 1-январынан тартып 1 (бир) эсептик көрсөткүч.

"Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тийиштүү жылдын биринчи күнүнө карата колдонулган эсептешүү көрсөткүчү негиз катары алынат.

5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун төртүнчү жана он төртүнчү абзацтары, 3 - 3-2-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомунун 2, 5-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 562 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-ноябрындагы № 706 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин күчүнө кириши тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-январындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 203 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 255 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-сентябрындагы № 646 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун 1-пунктчасы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 749 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 "Акциздик маркалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 321 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров

2-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна)

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине ылайык, акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонууну, акциз салыгынын мамлекеттик бюджетке түшүшүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты жана депозиттик төлөмдү колдонууну жана башкарууну регламенттейт.

2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:

1) депозиттик төлөм - Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонууну камсыз кылуу үчүн салык төлөөчү тарабынан салынуучу алдын ала төлөм;

2) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден акциздик маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүчү салык төлөөчү;

3) ыйгарым укуктуу салык органы - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы;

4) салык органдары - ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функциялык бөлүмдөрү;

5) жеке карточка - ар бир импорттоочуга өз алдынча таризделүүчү, депозиттик төлөмдөрдүн түшүүсүн, бюджеттик эсепке которулушун жана кайтарылышын эсепке алуу системасынын негизги документи.

6) банктык кепилдик - бул акциздик жыйымдын маркаларын талаптагыдай пайдаланбагандыгы үчүн салык төлөөчүнүн банктык кепилдигинде көрсөтүлгөн депозиттик төлөмдүн өлчөмүндө импорттоочунун милдеттенмесинин суммасын салык кызматынын органына төлөөгө кепилдик берген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.

3. Ушул Тартипте пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр ушул Тартипте аныкталган мааниде колдонулат. Ушул Тартипте чечмелениши болбогон учурда, терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же ЕАЭБ мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.

4. Депозиттик төлөм төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) акциздик жыйым маркаларын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын алардын багытына ылайык колдонууну;

2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында алкоголдук продукцияга чаптоо үчүн акциздик жыйым маркаларынын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарынын импорттоочу тарабынан ташылып кетишин;

3) акциздик жыйым маркалары жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркаланган алкоголдук продукцияны импорттоону;

4) импорттолгон алкоголдук продукция боюнча кыйыр салыктардын төлөнүшүн;

5) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик жыйым маркаларын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонуу жөнүндө отчеттун импорттоочулар тарабынан берилишин;

6) бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик жыйым маркаларынын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарынын импорттоочу тарабынан кайтарылышын.

2. Депозиттик төлөмдү колдонуу

5. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүчү салык төлөөчү акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын алууда берилүүчү документтерге кошумча ыйгарым укуктуу салык органына төмөнкүдөй документтерди берет:

1) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын максаттуу колдонуу жөнүндө милдеттенмени (мындан ары - милдеттенме);

2) милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акчалардын салынганын  ырастоочу төлөм документи же акциздик маркаларды алууга арыз берилген датадан тартып 6 айдан кем эмес жарактуулук мөөнөтү менен депозиттик төлөмдүн өлчөмүндө ыйгарым укуктуу салык органынын атына берилген банктык кепилдик.

6. Милдеттенме ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө акча каражаттарын салуу же банктык кепилдик берүү жолу менен камсыздалат.

7. Депозиттик эсепке акчаларды салуу же банктык кепилдик берүү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат.

8. Ушул Тартипте көрсөтүлгөн документтер толук берилбеген учурда, акциздик маркалар жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары берилбейт.

9. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү салык органдарында сакталат.

3. Депозиттик төлөмдү башкаруу

10. Маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоочу акциздик маркаларды алууга чечим жана/же акциздик маркаларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго жөнөтүүгө чечим чыгарылган айдан тартып 6 (алты) айдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу салык органына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды талаптагыдай колдонуу жөнүндө отчетту (мындан ары - отчет) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада, төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен берүүгө милдеттүү:

1) белгиленген тартипте салыктык катталган жери боюнча салык органы тарабынан ырасталган товарлардын ташып киргизилгени жана кыйыр салыктардын төлөнгөнү жөнүндө арыздын көчүрмөсүн;

2) импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктардын иш жүзүндө төлөнгөнүн ырастоочу банктын көчүрмөсүн жана (же) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган, импорттолгон товарларга кыйыр салыктарды төлөө боюнча салыктык милдеттенменин аткарылганын ырастоочу башка төлөм документин;

3) Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукциянын өткөрүлүшүн ырастоочу товарды коштоочу документтердин көчүрмөлөрүн;

4) товарларды жүктөп жөнөтүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактуралардын көчүрмөлөрүн, эгерде аларды берүү (көчүрмө) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында каралса;

5) алкоголдук продукцияны жеткирүүчүнү маркалануучу алкоголдук продукциянын өндүрүүчүсү же дүңүнөн сатуучусу катары каттоо жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын документинин  көчүрмөсүн;

6) алкоголдук продукциянын түрүн, аталышын, көлөмүн, ошондой эле акциздик маркалардын серияларын, номерлеринин диапазонун жана санын көрсөтүү менен импорттолуучу алкоголдук продукцияга чапталган акциздик маркалар жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары (агрегацияланган код) жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттин маркалануучу алкоголдук продукцияны өндүрүүчүсүнөн жетекчинин мөөрү жана колу коюлган маалымкаты.

11. Отчеттун бир нускасы ыйгарым укуктуу салык органында калат, экинчи нускасы импорттоочуга же анын өкүлүнө берилет (жиберилет).

12. Ыйгарым укуктуу салык органы импорттоочу тарабынан депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу же банктык кепилдик берүү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын эсепке алат жана контролдойт. Импорттоочу тарабынан салынган акча каражаттарын же берилген банктык кепилдикти эсепке алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы милдеттенменин аткарылышынын суммалары боюнча жеке карточкаларды (мындан ары - жеке карточка) жүргүзөт.

13. Жеке карточка төмөнкүлөр үчүн багытталган:

1) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын же берилген банктык кепилдикти эсепке алуу;

2) импорттоочулардын аткарылбаган милдеттенмелери боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешесине ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебинен депозиттик төлөмдүн суммаларын өз убагында которуу же банктык кепилдикти аткарууну талап кылуу;

3) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын салык төлөөчүнүн аткарылган милдеттенмелери боюнча банктык эсептерине же башка милдеттенмесинин эсебине кайтаруу (чегерүү).

14. Депозиттик төлөмдөр боюнча жеке карточка алынган милдеттенменин же берилген банктык кепилдиктин негизинде ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган суммаларды эсепке алуу үчүн ар бир салык төлөөчүгө өз-өзүнчө ачылат.

15. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан төлөм документтеринин реестри жүргүзүлөт, анда салык төлөөчү депозиттик эсепке салган депозиттик төлөмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт.

16. Ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салык төлөөчү тарабынан акча каражаттарынын салынышы же банктык кепилдик берүү жеке карточканы ачуу үчүн негиз болот.

17. Депозиттик төлөмдөр боюнча жеке карточка ар бир календардык жылга ачылат. Каражаттардын калдыгы кийинки жылга которулат. Салык төлөөчү үчүн депозиттик төлөмдөр боюнча жеке карточканы ачууда милдеттүү түрдө төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:

- салык төлөөчүнүн толук аталышы;

- салык төлөөчүнүн ИСН;

- юридикалык дареги.

18. Ыйгарым укуктуу салык органынын эсебине салынган депозиттик төлөм ыйгарым укуктуу салык органына депозиттик төлөмдү кайтаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берилгенден кийин 30 (отуз) календарлык күндөн кечиктирбей импорттоочуга төмөнкү шартта кайтарылууга тийиш:

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонуу жөнүндө тиешелүү отчет берилгенде;

- кыйыр салыктар боюнча салык карыздары жок болгондо.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82 токтомунун редакциясына ылайык)

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартибине 1-тиркеме

Форма

____________________________________________                               (салык органы)

____________________________________________        (салык органынын жетекчисинин аты-жөнү)

Каттоо № ______ ______-жылдын ______________

(салык органы толтурат)

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын максаттуу колдонуу жөнүндө МИЛДЕТТЕНМЕ

_________________________________________________________________________________________________

(импорттоочунун аталышы, ИСН, юридикалык дареги, банктык реквизиттери) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартибине ылайык акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын алардын багытына ылайык пайдаланууга, милдеттенмени камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын которууга, Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары алкоголдук продукцияга чаптоо үчүн акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын ташып чыгарууга, акциздик маркалар менен маркаланган алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына белгиленген тартипте ташып киргизүүгө жана аны дайындалган жерине чейин жеткирүүгө, бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын ыйгарым укуктуу салык органына кайтарып берүүгө, импорттолгон алкоголдук продукция боюнча кыйыр салыктарды төлөөгө, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды талаптагыдай колдонуу жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу салык органына белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттенет.

Жогоруда аталган иш-аракеттер аткарылбаган учурда, ушул милдеттенменин алкагында депозиттин суммасы болуп саналган акча каражаттары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мамлекеттик бюджеттин кирешесине которулат.

______-ж. "___" ______________

Жетекчи

____________________________________________________________

                                           (аты-жөнү, колу)

Башкы бухгалтер

М.О.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартибине 2-тиркеме

Форма

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды талаптагыдай колдонуу жөнүндө ОТЧЕТ

_______________________________________________________________________________________________

(маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүчү (импорттоочу) импорттоочунун аталышы, ИСН жана жайгашкан жери)

№

Акциздик маркаларды алууга/акциздик маркаларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго жөнөтүүгө чечимдин номери же маркалоо коддорун алууга өтүнмөнүн номери

Акциздик маркаларды алууга/акциздик маркаларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго жөнөтүүгө чечимдин датасы же маркалоо коддорун алууга өтүнмөнүн датасы

Алкоголдук продукциянын түрү

Акциздик маркалар же санариптик идентификациялоо каражаттары колдонулган алкоголдук продукциянын аталышы

Алкоголдук продукциянын сыйымдуулугу

Берилген акциздик маркалар

Алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн акциздик маркалар колдонулду же маркалоо коддорун алууга өтүнмөнүн номери

Ыйгарым укуктуу салык органына бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик маркалар кайтарылды

акциздик маркалардын тиби жана номерлеринин диапазону

саны (даана)

Салык органы тарабынан ырасталган товарларды ташып киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз

сериясы жана номерлердин диапазону

саны (даана)

сериясы жана номерлердин диапазону

саны (даана)

№

дата

1

...

Жалпы

x

x

x

x

Бардыгы ___________ даана акциздик марка берилген,

анын ичинде:

маркалоо үчүн ________ даана колдонулган;

кайтарылды ________ даана;

калдык ________ даана.

Отчетко тиркеме _______ баракта.

Жетекчи

________________________________________

________________________

                               (аты-жөнү)

                 (колу)

Башкы бухгалтер (болсо)

 3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү айрым акциздик товарларга акциз салыгынын СТАВКАЛАРЫ

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 412, 2023-жылдын 17-февралындагы №82 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

№

Акциздик продукциянын түрү

Акциздин ставкасы

2022-жылдын 1-январынан тартып 30-июнуна чейин

2022-жылдын 1-июлунан тартып 31-декабрына чейин

2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин

2024-жылдын 1-январынан тартып

1

ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу, сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктар

0 сом/литр

1 сом/литр

2 сом/литр

3 сом/литр

2

ТЭИ ТН 2204 (220410 жана 220430 тышкары), 2205, 2206 товардык позицияларында классификациялануучу шараптар

12 сом/литр

15 сом/литр

20 сом/литр

3

ТЭИ ТН 220860 товардык позициясында классификациялануучу арак

140 сом/литр

160 сом/литр

4

ТЭИ ТН 220830, 220870, 220890 товардык позицияларында классификациялануучу ликер-арак ичимдиктери

140 сом/литр

160 сом/литр

5

ТЭИ ТН 220840, 220850 товардык позицияларында классификациялануучу күчтөндүрүлгөн суусундуктар, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар

140 сом/литр

160 сом/литр

6

ТЭИ ТН 2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900 товардык позицияларында классификациялануучу коньяктар (коньяк спиртинен тышкары)

90 сом/литр

100 сом/литр

7

Арак, ликер-арак ичимдиктерин, күчтөндүрүлгөн суусундуктарды, күчтөндүрүлгөн ширелерди, бальзамды, шарапты чыгаруу үчүн аларды өндүрүү укугуна лицензиясы болгон учурда товар өндүрүүчүлөргө бергенден же товар өндүрүүчүлөр импорттогондон жана норманын чегинде атайын керектөөчүлөргө бергенден тышкары, ТЭИ ТН 2207 товардык позициясында классификациялануучу денатурланбаган этил спирти, денатурланган ар кандай концентрациядагы этил спирти жана башка спирттик тундурмалар

140 сом/литр

160 сом/литр

8

ТЭИ ТН 220860 товардык позициясында классификациялануучу алкоголу аз ичимдиктер

100 сом/литр

9

ТЭИ ТН 220430 товардык позициясында классификациялануучу шарап материалдары

4 сом/литр

10

ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра

17 сом/литр

11

ТЭИ ТН 2204, 2205, 2206 товардык позицияларында классификациялануучу шуулдап туруучу шараптар, газдалган шарапты жана шампанды кошкондо

45 сом/литр

12

ТЭИ ТН 271012110-271012900, 2710191100-2710191500, 2710192500 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, жеңил жана орто дистилляттар, кышкы дизель отунунан тышкары, жана башка бензиндер жана дистилляттар

5000 сом/тонна

13

ТЭИ ТН 2710192100 товардык позициясында классификациялануучу реактивдүү отун

0 сом/тонна

14

ТЭИ ТН 2710193100-2710194800, 2710201100-2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну

400 сом/тонна

15

ТЭИ ТН 271019510-2710196809, 2710203101-2710203909 товардык позицияларында классификациялануучу мазут

400 сом/тонна

16

ТЭИ ТН 2710192900 товардык позицияларында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизель отунуна карата)

400 сом/тонна

Эскертүү:

1 литр ликер-арак ичимдиктерине, күчтөндүрүлгөн суусундуктарга, күчтөндүрүлгөн ширелерге жана бальзамдарга акциз салыгынын ставкасы андагы этил спиртинин, камтылышын эсепке алуу менен кайра эсептелет, ТЭИ ТН 220890 товардык позициясында классификацияланган башка алкоголу аз ичимдиктерди кошпогондо, башка тундурмалардан тышкары. Мында базалык ставка болуп күчтүүлүгү спирттин 40 көлөмдүк пайыздагы ушул ичимдикке ставка эсептелет.

Жаңы13.09.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 30-февралы № 94

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 412, 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2023-жылдын 3-мартындагы № 125, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кыл ат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү айрым акциздик товарларга акциз салыгынын ставкалары 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.

3. Акциздик жыйымдын маркасы менен төмөнкүлөр маркаланууга тийиш деп белгиленсин:

- 2023-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарында көрсөтүлгөн тамеки буюмдары;

- 2024-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар.

Маркалоо киргизилген датадан тартып 6 ай өткөндөн кийин ушул пунктта көрсөтүлгөн маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 412, 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

№

Акциздик продукциянын түрү

Акциздин ставкасы

2022-жылдын 1-январынан тартып 30-июнуна чейин

2022-жылдын 1-июлунан тартып 31-декабрына чейин

2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин

2024-жылдын 1-январынан тартып

1

ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу, суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар