Документке
Мурунку29.05.2023

3-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 4-мартындагы

№ 106 токтомуна)

Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705, 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси), мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктык эмес кирешелерди төлөө милдети жүктөлүүчү Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо, каттоосун жокко чыгаруу тартибин жана шарттарын аныктайт.

2. Салык төлөөчүнү салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо, каттоосун жокко чыгаруу, эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда башкача каралбаса, ушул Жободо белгиленген тартипте Салык кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүлөр деп таанылган бардык субъекттер Кыргыз Республикасында салыктык катталууга тийиш.

4. Жеке жактын жеке ишкер катары салыктык катталышы анын мамлекеттик каттоосу болуп саналат.

2. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери

5. Эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда башкача каралбаса, идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) салык төлөөчүгө салыктык каттоо жол-жобосун жүргүзүү учурунда ыйгарылат.

6. Жеке жактарда калкты каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН) болгон учурда бул номер салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери катары колдонулат.

7. Ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлбөгөн салык төлөөчү үчүн ИСНди автоматтык түзүү (генерациялоо) ИСНдин түзүмүнө ылайык жүргүзүлөт (2-тиркеме).

8. Салык төлөөчү тариздөө салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелерин аткаруу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктык эмес кирешелерди төлөө милдеттерине же алардын пайда болушуна, ошондой эле салыктык, камсыздандыруу жана салыктык эмес укук бузуулар боюнча салык төлөөчүгө жаза чараларын дайындоого же колдонууга алып келүүчү же алып келиши мүмкүн болгон бардык документтерде, анын ичинде салык төлөөчү бүтүмдөрдү ишке ашырууда, товарларды бажылык тариздөө учурунда төлөм документтеринде, кайрылууларда, арыздарда, кабарламаларда, даттанууларда, декларацияларда, отчеттордо ИСНин көрсөтүүгө милдеттүү.

9. Салык төлөөчү бланктарды, мөөрлөрдү, штамптарды, контролдук-кассалык машиналардын клишелерин, так отчеттуулук бланктарын аларда өзүнүн ИСНин көрсөтүү менен колдонууга милдеттүү.

10. Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчү тарабынан мөөрлөрдү, штамптарды, контролдук-кассалык машиналардын клишелерин, ошондой эле так отчеттуулук бланктарын аларда ИСНди көрсөтпөстөн колдонуу менен бланктарда таризделген документтерди кароого кабыл албайт.

11. Салык төлөөчүнүн ыйгарылган ИСН, ишинин башка параметрлери жөнүндө маалыматтар салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине (мындан ары - Мамлекеттик реестр) киргизилет, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарында (FORM STI-024) жана салык төлөөчүнү каттоо картасында (FORM STI-025) чагылдырылат.

3. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо тартиби

12. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүгө ыйгарылуучу ИСНди, башка классификациялык жана идентификациялоочу коддорду кошкондо, салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын Мамлекеттик реестрге киргизүүнүн негизинде жүргүзүлөт.

13. Субъектте Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленген милдеттенмелер пайда болгон учурда, субъектти салык төлөөчү катары салыктык каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) салык органына өзү барууда кагаз жүзүндө же электрондук түрдө берилген, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча субъекттин салыктык каттоо жөнүндө арызынын же жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө арызынын;

2) Салык кодексинин 142, 145, 147, 148, 151-беренелеринде көрсөтүлгөн, мамлекеттик каттоо органдарынын автоматташтырылган маалымат системасынан салык кызматы тарабынан алынган, субъектте салыкты төлөө боюнча милдеттенме пайда болгондугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү маалыматтардын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

131. Жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө арызы электрондук документ түрүндө субъект тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте адистештирилген оператор аркылуу берилет.

Ушул Жобого ылайык субъектти идентификациялоону камсыз кылган жана ыйгарым укуктуу салык органы менен тиешелүү макулдашуусу бар, салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын ортосунда байланыштын адистештирилген (корголгон) каналдары боюнча электрондук колтамганы колдонуу менен электрондук документтерди берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү ишкана адистештирилген оператор болуп саналат.

132. Ишкердик ишти жүзөгө ашырууга жана жалпы салыктык режимде салыктарды төлөөгө ниеттенген субъектти салыктык каттоо Салык кодексинин IX бөлүмүнүн талаптарына ылайык, ушул Жободо белгиленген тартипте кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) салык төлөөчүсү катары каттоо менен бир убакта жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Жеке жакты жеке ишкер катары каттоо жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин жайгашкан жери (иш жүзүндө иш жүргүзгөн жери) жөнүндө маалыматтар башка мамлекеттик органдардын маалыматтары менен, анын ичинде маалыматтык технологиялар аркылуу арызда көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештиги текшерилет.

15. Жеткирүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмду КНС төлөөчү катары каттоо ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган "КНС кеңсеси" электрондук сервиси аркылуу жиберилген арыздын негизинде жүргүзүлөт.

16. Патенттин негизинде иш жүргүзгөн жеке жакты каттоо жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк бербестен жүргүзүлөт.

17. Эгерде арыз ээси берген документтердин маалыматтарында дал келбестиктер болсо, арыз ээсинин өздүк идентификациясы тастыкталбаса, берилген документтерде чийип оңдоолор, документти идентификациялоого мүмкүндүк бербеген механикалык бузулуулар болсо, салык органы салык төлөөчүнү салыктык каттоо процесси менен байланышкан салыктык иш-аракеттерди жүргүзүүдөн баш тартууга укуктуу.

4. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо

18. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) кайра каттоо үчүн негиздер пайда болгондо;

2) Салык кодексине ылайык салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери өзгөргөндө;

3) эгерде Салык кодексинде катталуунун бир нече жери каралса, салык төлөөчү тарабынан салыктык катталуунун башка жери тандалганда;

4) салык төлөөчүнүн аты-жөнү өзгөргөндө;

5) жеке жактын ИЖНи өзгөргөндө.

19. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо субъекттин өзү же салыктык өкүлү салык органына баруу менен кагаз жүзүндөгү документ түрүндө же болбосо ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча электрондук документ түрүндө берилген салыктык кайра каттоо жөнүндө арызынын негизинде жүргүзүлөт.

191. Жеке жактын салыктык кайра каттоо жөнүндө арызы электрондук документ түрүндө субъект тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте адистештирилген оператор аркылуу берилет.

20. Салык төлөөчүнүн жайгашкан жери (бир райондон экинчисине же райондон шаарга жана тескерисинче) өзгөргөн учурда салыктык кайра каттоо арыздын негизинде учурдагы салыктык катталган жери боюнча жүргүзүлөт.

Юридикалык жакты, филиалды, өкүлчүлүктү кайра каттоо юстиция органынан юридикалык жакты, филиалды, өкүлчүлүктү юстиция органында кайра каттоодон өтүү жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин салык органы тарабынан жүргүзүлөт.

Жашаган жеринин, жайгашкан жеринин же иштеген жеринин өзгөрүшү ушул пункттун биринчи абзацында каралган аракеттерди жасоо милдетине алып келбеген учурларда, салык төлөөчү өзгөрүүлөр болгон күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө учурдагы катталган жери боюнча салык органына маалымдоого милдеттүү.

201. Жеткирүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон электрондук формада кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмду кайра каттоо ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган "КНС кеңсеси" электрондук сервиси аркылуу жиберилген арыздын негизинде, каттоо маалыматтары өзгөргөн учурда ишке ашырылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Ушул Жобонун 20, 211-пункттарында каралган маалыматтарды алгандан кийин салык органы арыз түшкөн күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо жүргүзүүгө милдеттүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы миграция жөнүндө мыйзамдарында каралган документтер берилбеген учурда арыз ээсинин берилген документтеринин маалыматтарында жана (же) салык кызматынын органдары тарабынан колдонулган автоматташтырылган маалыматтык системасы менен дал келбестиктер болсо, арыз ээсинин өздүк идентификациясы ырасталбаса, берилген документтерде документти идентификациялоого мүмкүндүк бербеген чийип оңдоолор, механикалык бузулуулар болсо, салык органы салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо процесси менен байланышкан салыктык иш-аракеттерди жүргүзүүдөн баш тартууга укуктуу.

5. Салыктык катталуу/кайра катталуу жери

23. Салык төлөөчүнүн салыктык катталган/кайра катталган жери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ата мекендик уюм үчүн - юридикалык жак катары мамлекеттик катталган жери боюнча салык органы;

2) жеке ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жак үчүн - Кыргыз Республикасында паспортунун маалыматтарына ылайык катталган жери же жашаган жери боюнча салык органы;

3) жеке ишкер үчүн:

а) патенттин негизинде иш жүргүзбөгөн - жеке ишкердин паспортунун маалыматтарына ылайык катталган жери, жашаган жери же ишкердик ишин жүргүзгөн жери боюнча салык органы;

б) патенттин негизинде иш жүргүзгөн - ишкердик ишин жүргүзгөн жери боюнча салык органы;

в) дыйкан (фермердик) чарба үчүн - айыл чарба багытындагы жерлер жайгашкан жер боюнча салык органы;

г) чет өлкөлүк уюмдун филиалы, өкүлчүлүгү үчүн - өкүлчүлүктүн же филиалдын Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик эсептик катталган жери боюнча.

Паспорттун маалыматтарына дап келбеген жашаган жери салык төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы миграция, ошондой эле калкты каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык берилген документ менен ырасталууга тийиш.

24. Кыргыз Республикасында салык салуу объекттерине ээлик кылуучу чет өлкөлүк уюм же резидент эмес жеке жак үчүн салык салуу объектинин жайгашкан же катталган жери салыктык каттоо/кайра каттоо орду болуп саналат.

25. Айыл чарба өндүрүүчүсүн, айыл чарба кооперативин, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборду, машина-трактордук станцияны баштапкы каттоодо салыктык жана эсептик каттоосу бир эле учурда салыктык каттоо орду боюнча жүргүзүлөт.

26. Салыктык каттоонун бирден ашык жери каралган салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган каттоочу жерлердин тизмегинен өз алдынча каттоо ордун тандап алууга укуктуу.

6. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо/кайра каттоо процессинде колдонулуучу документтер

27. Салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык төлөөчү катталуу/кайра катталуу жери боюнча салык органына ушул главага ылайык документтерди жана алардын көчүрмөлөрүн электрондук түрдө же кагаз жүзүндө берет.

271. Ушул Жобонун 31-34-пункттарында көрсөтүлгөн жеке жактар ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу же адистештирилген оператор аркылуу салыктык каттоодон/кайра каттоодон өткөн учурда документтер ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган форма жана тартип боюнча берилет.

272. Субъект салыктык каттоодон/кайра каттоодон адистештирилген оператор аркылуу өткөн учурда адистештирилген оператор субъекттин идентификациясы, берилген документтердин аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.

28. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "бирдиктүү терезенин" алкагында салыктык каттоодон өтүшкөн юридикалык жак, филиал, өкүлчүлүк салык органында мамлекеттик/мамлекеттик эсептик каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн датадан кийинки 15 календардык күндүн ичинде, бирок Салык кодексинде каралган салык салуунун тандалып алынган режимине ылайык салык боюнча биринчи отчетту берүү датасынан кечиктирбестен салык органына ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча салык салуунун тандалып алынган режими жөнүндө арызын берүүгө милдеттүү.

Эгерде мындай салык төлөөчү бюджетке салыктарды төлөөнүн тандалып алынган салык режими жөнүндө арызын салык органына бербесе, салык органы тарабынан салыктарды жалпы негиздерде төлөө режими коюлган салык төлөөчүнүн каттоо картасы толтурулат.

Салык төлөөчүнүн каттоо картасынын биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык төлөөчүгө кол койдуруу менен тапшырылат же заказдык кат менен жиберилет.

29. Кыргыз Республикасында аккредиттелген, Салык кодексинин 330-беренесине ылайык КНС кайтарууга укугу бар чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери же эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү салыктык/эсептик каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү беришет;

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды;

2) уюмду, долбоорду түзүү жөнүндө укуктук документтин көчүрмөсүн;

3) салык төлөөчүнүн жетекчисин же Салык кодексинин 52-беренесинде каралган тартипте КНСти кайтарууга документтерди тариздөө боюнча ыйгарым укук берилген адамды дайындоо жөнүндө укуктук документти (буйрук, чечим, протокол, ишеним кат);

4) уюмдун, долбоордун жетекчисин дайындоо жөнүндө укуктук документти (буйрук, чечим, протокол);

5) ушул пункттун 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын ким экендигин ырастоочу документтерди жана документтердин көчүрмөлөрүн.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)

30. Электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдар түздөн-түз же салык агенттери аркылуу ыйгарым укуктуу салык органында аралыктан салыктык эсепке турууга милдеттүү.

31. Патенттин негизинде иш жүргүзүүнү көздөбөгөн жеке жак жеке ишкер катары салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды;

2) ким экендигин ырастоочу документти жана документтин көчүрмөсүн;

3) эгерде ИЖН жок ким экендигин ырастоочу документ берилсе, ИЖН ыйгарылгандыгы тууралуу документти жана анын көчүрмөсүн.

32. Патенттин негизинде иш жүргүзүүнү көздөгөн жеке жак жеке ишкер катары салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:

33. Патенттин негизинде жеке эмгек ишин жүргүзүүнү ниеттенген жеке жак салыктык каттоодон /кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:

34. Ишкердик ишти жүргүзбөгөн жеке жак салык төлөөчү катары салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:

3) эгерде ИЖН жок ким экендигин ырастоочу документ берилсе, ИЖН ыйгарылгандыгы тууралуу документти жана документтин көчүрмөсүн.

35. Салык кызматынын ички регламенти менен белгиленген салыктык иш-аракеттерди жүргүзгөндөн кийин салык органынын кызмат адамы:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын Кыргыз Республикасынын Салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизүүнү камсыз кылат;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурат.

36. Патенттин негизинде иш жүргүзбөгөн жеке ишкерди каттоодо салык органынын кызмат адамы ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кагаз же электрондук түрдө толтурат жана тапшырат.

37. Каттоо картасы кагазга эки нускада басып чыгарылат, алардын бири салык органында калат, экинчи нускасы салык төлөөчүгө берилет.

38. Юридикалык жак ЭЭЗ субъекти катары салыктык каттоодон өтүү максатында ушул Жобонун 28-пунктунда көрсөтүлгөн арыздан тышкары, ЭЭЗ башкы дирекциясынын ЭЭЗдагы ишмердүүлүктүн шарттары жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө чечимин жана ЭЭЗ субъекттеринин реестринен ЭЭЗ субъекти статусун алуу жөнүндө көчүрмөнү салык органына берет.

39. Юридикалык жак, филиал, өкүлчүлүк Жогорку технологиялар паркынын (мындан ары - ЖТП) резиденти катары салыктык кайра каттоодон өтүү максатында ушул Жобонун 28-пунктунда көрсөтүлгөн арызга ЖТП резиденти катары каттоосу тууралуу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн күбөлүгүн жана ЖТП субъекттеринин бирдиктүү реестрине киргизүү жөнүндө көчүрмөнү салык органына берет.

7. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо

40. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органынын кодун көрсөтүү менен Салыктык каттоо процессинде салык төлөөчүнү идентификациялоо үчүн колдонулуучу классификаторлордун, маалымдамалардын, коддордун, белгилердин тизмегине (1-тиркеме) ылайык классификациялоо жана идентификациялык коддорду ыйгаруунун, бул маалыматтарды салык төлөөчү жөнүндө башка каттоо маалыматтары менен бирге Мамлекеттик реестрге киргизүүнүн негизинде жүргүзүлөт.

41. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо субъект салыктык каттоо жол-жоболоруиан өткөндөн кийин ишке ашырылат.

42. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча салык төлөөчүнүн арызынын;

2) салык салынуучу объекттерди эсепке алууну жана/же каттоону ишке ашырган ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтардын.

43. Эгерде салык төлөөчүдө салыктар боюнча салыктык милдеттенмелер пайда болсо, салык төлөөчүгө салыктык жана/же эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө чечим жиберилет.

Эгерде салык төлөөчүнүн салыктар боюнча салыктык милдеттенмеси өзгөрсө, анда салык төлөөчүгө салык милдеттенмеси өзгөргөндүгү же конкреттүү салык боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим жиберилет.

44. Салык төлөөчү эсептик каттоо жери боюнча салык органына эсептик каттоо тууралуу арыз берүүгө милдеттүү:

1) эсептик каттоого коюу үчүн - иши башталганга чейин жана/же салык төлөөчүдө салык салынуучу объектиси пайда болгон күндөн кийинки 15 календардык күндүн ичинде, бирок Салык кодексинде белгиленген биринчи салыктык отчетту (маалыматтык эсептөөнү) берүү мөөнөтү бүтөөрдөн кечиктирбестен;

2) каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн -мындай өзгөрүүлөр пайда болгон күндөн кийинки 15 календардык күндүн ичинде.

45. Эсептик каттоодон өтүү үчүн салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды толтурат, ким экендигин ырастоочу документти жана анын көчүрмөсүн берет.

46. Эгерде эсептик каттоого арыз берген субъекттин салыктык каттоосу (ыйгарылган ИСН) болбосо жана эсептик каттоо жери салыктык каттоо жери менен дал келсе, салык органы ушул Жободо белгиленген тартипте салык төлөөчүнү салыктык каттоону ишке ашырат.

47. Эгерде салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жери эсептик каттоо жери менен дал келбесе, салык төлөөчүнүн салыктык каттоосунун жок болушу эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиз болот.

48. Эгерде жеке ишкер салык органына эсептик каттоодон өтүү жөнүндө арыз менен кайрылса, бирок салыктык же эсептик каттоодон өткөн жери боюнча патенттин негизинде иш жүргүзгөн жеке ишкер катары катталса жана патенттин негизинде салык төлөбөсө, бул эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиз болот.

49. Салык төлөөчүнүн арызынын негизинде ишке ашырылуучу салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу салык органы тарабынан салык төлөөчү арыз берген күндөн кийинки 3 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

50. Салык салынуучу объекттерди эсепке алууну жана/же каттоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтардын негизинде ишке ашырылуучу салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан мындай маалыматтар келип түшкөн күндөн кийинки 3 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

51. Жеке жактын салык каттоосу болсо, аны мүлк салыгы боюнча салык төлөөчү катары каттоо салык кызматынын органынын чечиминин негизинде жеке жактын арызы жок жүргүзүлөт.

52. Салык төлөөчү катары каттоо салык кызматы органы тарабынан аны мүлк салыгын төлөөчү катары эсепке алуу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.

53. Мүлк салыгын төлөөчү катары жеке жакты каттоо жөнүндө салык органынын чечими тапшырык кат менен мүлк турган жерге жөнөтүлөт.

54. Салык органынын кызмат адамы салык кызматынын ички регламенти менен белгиленген салыктык иш-аракеттерди жүргүзгөндөн кийин:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын Мамлекеттик реестрге киргизүүнү камсыз кылат;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнү каттоо картасын толтурат;

- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жиберет).

55. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 8-пунктуна ылайык, 2022-жылдын 1-январына чейин катталган жана айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор катары иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр эсептик каттоодон 2022-жылдын 1-сентябрына чейин өтүүгө милдеттүү.

56. Салык органынын кызмат адамы салык кызматынын ички регламенти менен белгиленген салыктык иш-аракеттерди жүргүзгөндөн кийин:

салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыздайт;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнү каттоо картасына өзгөртүүлөрдү киргизет;

- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жиберет).

8. Салык төлөөчүнүн эсептик катталуу жери

57. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органында төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) уюм жана жеке ишкер үчүн:

а) обочолонгон бөлүмдүн жайгашкан жери боюнча;

б) салык салынуучу объекттин жайгашкан жери боюнча;

2) патенттин негизинде ишин жүргүзгөн жеке ишкер үчүн -эгерде ал салыктык катталган жерден тышкары жайгашса, иш жүргүзгөн жери боюнча;

3) ишкердик ишти жүргүзбөгөн жеке жак үчүн - салык салынуучу объекттин жайгашкан жана/же катталган жери боюнча,

58. Салык салынуучу объекттин жайгашкан жери болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) жер участокторун кошкондо, кыймылсыз мүлк үчүн -алардын иш жүзүндө жайгашкан жери;

2) транспорт каражаттары үчүн - транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоодон өткөн жери, ал эми ал жок болсо - мүлктүн ээсинин жайгашкан (жашаган) жери.

59. Обочолонгон бөлүмгө, салык салынуучу объектке карата салык төлөөчүнү эсептик каттоого коюуда ага мурда салыктык каттоодон өтүү учурунда ыйгарылган ИСН көрсөтүлөт.

9. Салык төлөөчүнүн салык режиминин өзгөрүшүн каттоо

60. Бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуу системасын колдонууга ниеттенген чакан жана орто ишкердик субъекттери, товарларды импорттоого карата КНСти шарттуу эсепке алуу режимин колдонуучу субъект, тигүү жана текстиль өнөр жайынын субъекттери салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү:

1) жаңыдан катталган субъекттер үчүн - салыктык катталган күндөн кийинки күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде;

2) жалпы салык режиминин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн - учурдагы жылдын 1-декабрына чейин;

3) башка атайын салык режимдеринин негизинде айдын аягына чейин салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча каалаган убакта.

61. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо төмөнкүдөй күчүнө кирет:

1) жаңыдан катталган субъекттер үчүн - салыктык каттоого алынган күндөн тартып;

2) жалпы салык режиминин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн - кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып;

3) башка атайын салык режимдеринин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн - салык төлөөчү арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;

4) импортко КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон субъекттер үчүн - импортко КНСти шарттуу эсептөө режими колдонулган күндөн тартып.

62. Салык органы салык төлөөчүнүн бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салыкты төлөөсү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматына төлөм режимин колдонуу жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;

- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө берүүнү (жиберүүнү).

63. Салык төлөөчү бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан ыктыярдуу түрдө чыгууда төмөнкү салыктарды төлөөгө ниеттенген салыктык катталган жери боюнча салык органына төмөнкүдөй арыз берүүгө милдеттүү:

- жалпы салык режиминин негизинде - учурдагы жылдын 1-декабрына чейин;

- башка атайын салык режимдеринин негизинде - айдын аягына чейин салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча каалаган убакта.

Каттоо төмөнкү учурда күчүнө кирет:

- жалпы салык режиминин негизинде - кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып;

- башка атайын режимдердин негизинде - субъект арыз берген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып.

64. Салык органы салык төлөөчүнүн салыктарды төлөө режимин өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматына салык төлөө режиминин өзгөрүшү жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү;

- салык төлөөчүгө каттоо картасынын 1 нускасын берүүнү (жиберүүнү).

65. Майнингге салык төлөө режимин колдонууга ниеттенген салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына аны майнингге салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Жаңыдан катталган жана иштеп жаткан субъекттер үчүн майнингге салык төлөө боюнча каттоо майнингге салык төлөөчү катары катталган күндөн тартып күчүнө кирет.

66. Салык органы салык төлөөчүнүн майнингге салык төлөөсү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматына майнингге салык төлөө режимин колдонуу жөнүндө маалыматты киргизүүнү;

- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырууну (жиберүүнү).

67. Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөө режимин колдонууга ниеттенген салык төлөөчү аны салыктык катталган жери боюнча электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн арыз ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтына жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу берилиши мүмкүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

68. Жаңыдан катталган жана иштеп жаткан субъекттер үчүн электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөөчү катары каттоо катталган күндөн тартып күчүнө кирет.

69. Салык органы салык төлөөчү тарабынан электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөө жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын толтурууну;

- FORM STI-025 формасында салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;

- салык төлөөчүгө каттоо картасынын 1 нускасын тапшырууну (жиберүүнү).

10. Салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу

70. Салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу салык органы тарабынан салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча ишти токтотуу жөнүндө салык төлөөчүнүн арызынын;

2) Салык кодексинде белгиленген башка негиздер боюнча субъекттин ишин токтотууну каттоо, мажбурлап жоюу, анын салыктык милдеттенмелерин токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтын;

3) мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө, ошондой эле юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча салык төлөөчүнүн кайра каттоодон өтпөгөндүгүнүн.

71. Салык төлөөчүнүн ишин токтотууну каттоону жокко чыгаруу салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча карызы жок болгон шартта жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)

72. Юридикалык жактын ишин токтотууну каттоону жокко чыгаруу каттоочу органдын билдирүүсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

721. Жеткирүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон электрондук формада кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдун салыктык каттоосун жокко чыгаруу салык органы тарабынан төмөнкү учурда жүзөгө ашырылат:

1) ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган "КНС кеңсеси" электрондук сервиси аркылуу ишин токтотуу жөнүндө арызын берүүдө;

2) бир жыл ичинде салык отчетун бербегенде;

3) салык органы тарабынан каттоо жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын анык эместиги аныкталганда.

Каттоону жокко чыгаруу салык карызы жок болгон шартта жүргүзүлөт.

73. Юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо датасы болуп каттоочу орган тарабынан тиешелүү буйрук чыгарылган күн эсептелет.

74. Патент боюнча иш жүргүзбөгөн жеке ишкердин ишин токтотууну каттоодо арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызды;

2) ким экендигин ырастоочу документти жана документтин көчүрмөсүн;

3) салык төлөөчүнүн каттоо картасын (дубликат);

4) салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын;

5) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жоюу отчетторун, Бирдиктүү салык декларациясын;

6) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7) эгерде алар ачылган болсо, эсептешүү эсептери жабылгандыгы жөнүндө банктан маалымкатты;

8) жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү;

9) Контролдук-кассалык машинаны техникалык тейлөө борборунан контролдук-кассалык машинаны каттоодон чыгаруу жөнүндө маалымкатты (эгерде контролдук-кассалык машина бар болсо).

75. Салык төлөөчүнүн каттоо картасы (дубликаты) жана/же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү жоголсо, салык төлөөчү расмий басылмага салык төлөөчүнүн каттоо картасын (дубликатын) жана/же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо күбөлүгүн жоготкондугу жана аларды жараксыз деп таануу жөнүндө жарыя берүүгө милдеттүү.

76. Салык органы салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктык эмес төлөмдөрдү толук жана өз убагында төлөө маселеси боюнча пландан тышкаркы көчмө текшерүүнү дайындайт.

77. Салык органы тарабынан салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес төлөмдөр кошуп эсептелген учурда, салык төлөөчү салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана салыктык эмес төлөмдөрдүн кошуп эсептелген суммаларын төлөөгө милдеттүү.

78. Патенттин негизинде жеке жактын ишин токтотуу арыздын жана ким экендигин күбөлөндүргөн документтин негизинде патент колдонулган мезгилге көчмө салыктык текшерүү жүргүзбөстөн ишке ашырылат.

79. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн эсептик каттоосун жокко чыгаруу эсептик каттоо үчүн негиздер токтотулганда жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн обочолонгон бөлүмүнүн ишин токтотуу;

2) менчик, жер пайдалануу, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укуктары сыяктуу салык салуу объекттерине карата Салык кодексинде каралган укук токтотулганда;

3) айыл чарба өндүрүүчүсүнүн, айыл чарба кооперативинин, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбордун, машина-трактордук станциянын белгилерине ылайык келбегендик.

80. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу ал эсептик каттоо объектине карата келип чыккан салык милдеттенмелерин аткарган шартта жокко чыгарылат.

81. Салык кызматынын ички регламентине ылайык салыктык жана/же эсептик каттоолорду жокко чыгаруу боюнча салыктык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча салык органы салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат, каттоону жокко чыгаруу тууралуу маалыматты Мамлекеттик реестрге киргизет жана салык төлөөчүнү жокко чыгаруу тууралуу чечимдин биринчи нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жиберет). Мында жоюунун себебин жана датасын көрсөтүү менен маалыматтык системада "Каттоону жокко чыгаруу" белгиси менен түзүлгөн салык төлөөчүнүн каттоо картасынын экинчи нускасы кагазга басып чыгарылат, салык төлөөчүнүн өздүк ишине көктөлөт жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык кызматынын архивинде сакталат.

11. Мажбурлап жоюунун өзгөчөлүктөрү

82. Салык төлөөчү бир жылдын ичинде салыктык катталган жери боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду бербеген учурда, салык органы субъектти мажбурлап жоюу жөнүндө арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.

83. Салык төлөөчүнү мажбурлап жоюу материалдары салык төлөөчүнүн салык карызы жок болгон учурда сотко берилет.

Салык төлөөчүнү мажбурлап жоюу жөнүндө соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген чечими Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.

84. Доо арызы Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин ченемдерине ылайык төмөнкү документтерди тиркөө менен таризделет:

1) салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты;

2) юридикалык жактын/жеке ишкердин/дыйкан (фермердик) чарбанын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө статистика органынын маалымкатын;

3) юридикалык жактын юридикалык дареги боюнча экономикалык иштин жоктугу жөнүндө текшерүү актысын;

4) мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жетекчи, жеке ишкер боюнча алынган даректик маалымкатты же маалыматтарды;

5) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү (бар болсо);

6) юридикалык жактын уставын, уюштуруу документтерин (бар болсо);

7) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомуна ылайык күчүн жоготту);

8) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

9) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

85. Соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген салык төлөөчүнү мажбурлап жоюу жөнүндө чечимин салык органы алгандан кийин, салык органы соттун юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн субъектти Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринен, Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү төлөөчүлөрдүн статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунан чыгаруу үчүн юстиция, статистика органдарына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жиберет.

86. Юридикалык жактын ишин токтотуу жөнүндө юстиция органынын кабарлоосун алгандан, жеке ишкердин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарылгандан кийин, жоюунун себебин жана датасын көрсөтүү менен маалыматтык системада "Каттоону жокко чыгаруу" белгиси менен маалыматтык системасында түзүлгөн салык төлөөчүнүн каттоо картасы кагазга басып чыгарылат, салык төлөөчүнүн өздүк ишине көктөлөт жана салык кызматынын архивинде сакталат.

12. Салык төлөөчүнү аракетсиз категориясына киргизүү

87. Аракетсиз юридикалык жак болуп мамлекеттик салыктык каттоодон өткөн жана Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн, Салык кодексинде белгиленген мөөнөттөр аяктагандан кийин бир календардык жыл өткөнчө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын бербеген, көрсөтүлгөн отчетторду жана декларацияларды берүүгө талаптар коюлбаган салык төлөөчүлөрдөн тышкары юридикалык жактар таанылат.

88. Аракетсиз жеке ишкер болуп Салык кодексинде белгиленген мөөнөттөр аяктагандан кийин бир календардык жыл өткөнчө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын бербеген же акыркы патенттин колдонуу мөөнөтү аяктаган датадан тартып бир жыл ичинде патент албаган жеке ишкер таанылат.

89. Салык органдары жыл сайын 30-апрелден кечиктирбестен аракетсиз деп таанылган салык төлөөчүлөрдүн тизмесин бекитет жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына маалыматтарды жайгаштырат.

90. Салык органы салык төлөөчүлөрдүн тизмесинин негизинде салык төлөөчүнүн каттоо формасына субъектти аракетсиз категориясына киргизүү жөнүндө маалыматты киргизет.

91. Аракетсиз салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу төмөнкүлөрдөн кийин жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчү салык отчетун берүү боюнча салык милдеттенмесин аткарганда;

2) салык отчеттуулугун Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн айыптар төлөнгөндө.

92. Салык төлөөчүнү аракетсиз салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу күнү болуп, салык төлөөчү ушул жобонун 84-пунктун аткаргандан кийин кабыл алынган салык органынын тиешелүү чечими кабыл алынган күн саналат.

93. Салык төлөөчүнү аракетсиз салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу жөнүндө маалымат чыгарылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат.

13. Салыктык каттоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн салык төлөөчүнүн жана салык органынын кызмат адамынын жоопкерчилиги

94. Мамлекеттик салыктык каттоодон өтпөгөн салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишти жүргүзүүгө тыюу салынат.

95. Ушул Жобонун талаптарын бузган салык төлөөчү салык мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

96. Салык органынын кызмат адамы ушул Жободо белгиленген талаптарды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

97. Мамлекеттик жана салыктык каттоосу жокко чыгарылган уюмдун же жеке ишкердин салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карыздарын жабуу аталган уюмдун түзүүчүлөрү (катышуучулары) же мурда жеке ишкер катары катталган жеке жак тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык жана салыктык мыйзамдарында белгиленген учурда, чектерде жана тартипте ишке ашырылат.

14. КНС боюнча каттоо жана каттоону жокко чыгаруу

(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)

98. Салык төлөөчү КНС боюнча катталууга тийиш:

1) анын салыктык каттоо датасына карата - ушул Жобонун 28-пунктунун талаптарын эске алуу менен салыктык каттоо жөнүндө арызынын негизинде жаңы катталган салык төлөөчү үчүн;

2) атайын салыктык режимден өтүү жөнүндө арызынын негизинде жалпы салыктык режимге өтүү датасына карата;

3) салык төлөөчү ишкердик ишин жүргүзө баштаган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - салыктык кайра каттоо жөнүндө арызынын негизинде мурда аны жүргүзбөгөн салык төлөөчү үчүн.

99. Ушул Жобонун 98-пунктуна ылайык катталууга милдеттүү, бирок каттоо/кайра каттоо жөнүндө арыз бербеген же аны өз убагында бербеген субъектти КНС боюнча каттоо салык органы тарабынан КНС боюнча каттоо жөнүндө милдети же өз убагында арыз берилбегени аныкталгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат жана субъект КНС төлөөчү катары катталууга милдеттүү болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.

100. Салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) атайын салыктык режимге өтүү жөнүндө арызынын;

2) уюмдун жоюлушуна же жеке ишкердин ишинин токтотулушуна байланыштуу салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арызынын;

3) салыктык каттоосун жокко чыгарууда ушул Жобонун 70-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында каралган талаптардын;

4) банкроттук процесси башталган күндөн кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү болгон атайын администратор тарабынан КНС төлөөчүнүн банкрот процессинин козголушунун.

101. КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу төмөнкү учурларда күчүнө кирет:

1) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, субъект бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөн айдын биринчи күнүнөн тартып;

2) Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген салыктык режимге өтүү жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки беш жумуш күн өткөндөн кийин;

3) субъект башка атайын салыктык режимдерге өтүү жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;

4) салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки күндөн тартып;

5) мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген же ушул Жобонун 70-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларынын негизинде салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып.

102. Ушул Жобонун 101-пунктунда каралган учурларда салык төлөөчү же атайын администратор КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу үчүн салык органына КНС боюнча акыркы салыктык отчеттуулукту берет.

103. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу салык төлөөчүнү КНС боюнча салык милдеттенмесин аткаруудан, ошондой эле Салык кодексине ылайык эсептелген жана/же эсептелүүгө тийиш болгон пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын төлөөдөн бошотпойт.

104. КНС боюнча каттоодо же каттоосун жокко чыгарууда салык органынын кызмат адамы:

- FORM STI-025 форма боюнча салык төлөөчүнүн колдонуудагы каттоо картасын тариздейт же ага өзгөртүүлөрдү киргизет;

- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жөнөтөт).

Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме

Салыктык каттоо процессинде салык төлөөчүнү идентификациялоо үчүн колдонулуучу классификаторлордун, маалымдамалардын, коддордун, белгилердин ТИЗМЕСИ

1. Идентификациялык салык номери (ИСН).

2. Статистикалык бирдиктердин жалпы классификатору (ИУЖК).

3. Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору (ЭИМК, 3-версия).

4. Менчик формаларынын мамлекеттик классификатору.

5. Администрациялык-аймактык бирдиктердин объекттерин белгилөө системасынын мамлекеттик классификатору (ААББС).

6. Чарбакер субъекттердин уюштуруу-укуктук формалары.

7. Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификатору.

8. Ким экендигин ырастоочу документтердин маалымдамасы.

9. Каттоону жокко чыгаруу себептеринин маалымдамасы.

10. Салык органдарынын коддорунун маалымдамасы.

11. Салык төлөөчүнүн салык параметрлеринин маалымдамасы.

Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме

Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номеринин (ИСН) ТҮЗҮМҮ

Салык органы тарабынан уюмдарга, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдун филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө ыйгарылуучу ИСНдин түзүмү он төрт белгиден турган цифралык разряддардын жыйындысын билдирет:

П

Ч

Ч

М

М

Г

Г

Г

Г

И

Н

Н

Н

К

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

1. "П" - субъекттин белгисин билдирет:

1) "0" - юридикалык жак;

2) "3" - резидент эмес - Кыргыз Республикасында салык салынуучу объекттердин ээси болуп саналган чет өлкөлүк уюм, резидент эмес жеке жак, Кыргыз Республикасында катталбаган, Кыргыз Республикасынын жаранына киреше төлөгөн эл аралык уюм;

3) "4" - Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган жана ыйгарым укуктуу каттоо органында мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактын филиалы, өкүлчүлүгү;

4) "5" - эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык түзүлгөн дипломатиялык өкүлчүлүк же уюм, эл аралык уюмдардын долбоорлору;

5) "6" - жеткирүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон, КНС төлөөчү катары катталган электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюм;

2. "ЧЧ" - уюмдун алгачкы катталган күнүн билдирет;

3. "ММ" - уюмдун алгачкы катталган айын билдирет;

4. ТПТ" - уюм үчүн алгачкы катталган жылын билдирет;

5. "И" - идентификатор болуп саналат:

1) "0" - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ИСН ыйгаруу;

2) " 1" - салык кызматы тарабынан номер ыйгаруу;

6. "ННН" - уюм үчүн алгачкы катталган датасына карата системадагы катар номерин билдирет;

7. "К" - ыйгарылган номердин контролдук саны болуп саналат.

Жаңы13.09.2023

3-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 4-мартындагы

№ 106 токтомуна)

Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705, 2023-жылдын 29-майындагы № 281, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси), мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктык эмес кирешелерди төлөө милдети жүктөлүүчү Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо, каттоосун жокко чыгаруу тартибин жана шарттарын аныктайт.

2. Салык төлөөчүнү салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо, каттоосун жокко чыгаруу, эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда башкача каралбаса, ушул Жободо белгиленген тартипте Салык кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүлөр деп таанылган бардык субъекттер Кыргыз Республикасында салыктык катталууга тийиш.

4. Жеке жактын жеке ишкер катары салыктык катталышы анын мамлекеттик каттоосу болуп саналат.

2. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери

5. Эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда башкача каралбаса, идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) салык төлөөчүгө салыктык каттоо жол-жобосун жүргүзүү учурунда ыйгарылат.

6. Жеке жактарда калкты каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН) болгон учурда бул номер салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери катары колдонулат.

7. Ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлбөгөн салык төлөөчү үчүн ИСНди автоматтык түзүү (генерациялоо) ИСНдин түзүмүнө ылайык жүргүзүлөт (2-тиркеме).

8. Салык төлөөчү тариздөө салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелерин аткаруу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктык эмес кирешелерди төлөө милдеттерине же алардын пайда болушуна, ошондой эле салыктык, камсыздандыруу жана салыктык эмес укук бузуулар боюнча салык төлөөчүгө жаза чараларын дайындоого же колдонууга алып келүүчү же алып келиши мүмкүн болгон бардык документтерде, анын ичинде салык төлөөчү бүтүмдөрдү ишке ашырууда, товарларды бажылык тариздөө учурунда төлөм документтеринде, кайрылууларда, арыздарда, кабарламаларда, даттанууларда, декларацияларда, отчеттордо ИСНин көрсөтүүгө милдеттүү.

9. Салык төлөөчү бланктарды, мөөрлөрдү, штамптарды, контролдук-кассалык машиналардын клишелерин, так отчеттуулук бланктарын аларда өзүнүн ИСНин көрсөтүү менен колдонууга милдеттүү.

10. Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчү тарабынан мөөрлөрдү, штамптарды, контролдук-кассалык машиналардын клишелерин, ошондой эле так отчеттуулук бланктарын аларда ИСНди көрсөтпөстөн колдонуу менен бланктарда таризделген документтерди кароого кабыл албайт.

11. Салык төлөөчүнүн ыйгарылган ИСН, ишинин башка параметрлери жөнүндө маалыматтар салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине (мындан ары - Мамлекеттик реестр) киргизилет, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарында (FORM STI-024) жана салык төлөөчүнү каттоо картасында (FORM STI-025) чагылдырылат.

3. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо тартиби

12. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүгө ыйгарылуучу ИСНди, башка классификациялык жана идентификациялоочу коддорду кошкондо, салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын Мамлекеттик реестрге киргизүүнүн негизинде жүргүзүлөт.

13. Субъектте Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленген милдеттенмелер пайда болгон учурда, субъектти салык төлөөчү катары салыктык каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) салык органына өзү барууда кагаз жүзүндө же электрондук түрдө берилген, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча субъекттин салыктык каттоо жөнүндө арызынын же жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө арызынын;

2) Салык кодексинин 142, 145, 147, 148, 151-беренелеринде көрсөтүлгөн, мамлекеттик каттоо органдарынын автоматташтырылган маалымат системасынан салык кызматы тарабынан алынган, субъектте салыкты төлөө боюнча милдеттенме пайда болгондугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү маалыматтардын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

131. Жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө арызы электрондук документ түрүндө субъект тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте адистештирилген оператор аркылуу берилет.

Ушул Жобого ылайык субъектти идентификациялоону камсыз кылган жана ыйгарым укуктуу салык органы менен тиешелүү макулдашуусу бар, салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын ортосунда байланыштын адистештирилген (корголгон) каналдары боюнча электрондук колтамганы колдонуу менен электрондук документтерди берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү ишкана адистештирилген оператор болуп саналат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

132. Ишкердик ишти жүзөгө ашырууга жана жалпы салыктык режимде салыктарды төлөөгө ниеттенген субъектти салыктык каттоо Салык кодексинин IX бөлүмүнүн талаптарына ылайык, ушул Жободо белгиленген тартипте кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) салык төлөөчүсү катары каттоо менен бир убакта жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)

133. Төмөнкүлөр КНС салыгын төлөөчүлөр катары катталууга тийиш эмес:

- Салык кодексинин талаптарына ылайык айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи жана машина-трактор станциясы деп таанылган уюм же жеке жак;

- Салык кодексине ылайык салык салынуучу жеткирүүлөрдү жүзөгө ашырбаган коммерциялык эмес уюм.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)

134. Салык кодексине ылайык ККМди колдонууга милдеттүү болгон салык төлөөчүнү салыктык каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ККМ салык органында катталгандан кийин аяктады деп эсептелет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)

135. Салыктык каттоодо субъектке салык кызматынын органы менен аралыктан өз ара аракеттенүү үчүн салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүндүгү берилет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Жеке жакты жеке ишкер катары каттоо жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин жайгашкан жери (иш жүзүндө иш жүргүзгөн жери) жөнүндө маалыматтар башка мамлекеттик органдардын маалыматтары менен, анын ичинде маалыматтык технологиялар аркылуу арызда көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештиги текшерилет.

15. Жеткирүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмду КНС төлөөчү катары каттоо ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган "КНС кеңсеси" электрондук сервиси аркылуу жиберилген арыздын негизинде жүргүзүлөт.

16. Патенттин негизинде иш жүргүзгөн жеке жакты каттоо жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк бербестен жүргүзүлөт.

17. Эгерде арыз ээси берген документтердин маалыматтарында дал келбестиктер болсо, арыз ээсинин өздүк идентификациясы тастыкталбаса, берилген документтерде чийип оңдоолор, документти идентификациялоого мүмкүндүк бербеген механикалык бузулуулар болсо, салык органы салык төлөөчүнү салыктык каттоо процесси менен байланышкан салыктык иш-аракеттерди жүргүзүүдөн баш тартууга укуктуу.

4. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо

18. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) кайра каттоо үчүн негиздер пайда болгондо;

2) Салык кодексине ылайык салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери өзгөргөндө;

3) эгерде Салык кодексинде катталуунун бир нече жери каралса, салык төлөөчү тарабынан салыктык катталуунун башка жери тандалганда;

4) салык төлөөчүнүн аты-жөнү өзгөргөндө;

5) жеке жактын ИЖНи өзгөргөндө.

19. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо субъекттин өзү же салыктык өкүлү салык органына баруу менен кагаз жүзүндөгү документ түрүндө же болбосо ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча электрондук документ түрүндө берилген салыктык кайра каттоо жөнүндө арызынын негизинде жүргүзүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

191. Жеке жактын салыктык кайра каттоо жөнүндө арызы электрондук документ түрүндө субъект тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте адистештирилген оператор аркылуу берилет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Салык төлөөчүнүн жайгашкан жери (бир райондон экинчисине же райондон шаарга жана тескерисинче) өзгөргөн учурда салыктык кайра каттоо арыздын негизинде учурдагы салыктык катталган жери боюнча жүргүзүлөт.

Юридикалык жакты, филиалды, өкүлчүлүктү кайра каттоо юстиция органынан юридикалык жакты, филиалды, өкүлчүлүктү юстиция органында кайра каттоодон өтүү жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин салык органы тарабынан жүргүзүлөт.

Жашаган жеринин, жайгашкан жеринин же иштеген жеринин өзгөрүшү ушул пункттун биринчи абзацында каралган аракеттерди жасоо милдетине алып келбеген учурларда, салык төлөөчү өзгөрүүлөр болгон күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө учурдагы катталган жери боюнча салык органына маалымдоого милдеттүү.

20. Салык төлөөчүнүн жайгашкан жери (бир райондон экинчисине же райондон шаарга жана тескерисинче) өзгөргөн учурда салыктык кайра каттоо арыздын негизинде учурдагы салыктык катталган жери боюнча жүргүзүлөт.

Юридикалык жакты, филиалды, өкүлчүлүктү кайра каттоо юстиция органынан юридикалык жакты, филиалды, өкүлчүлүктү юстиция органында кайра каттоодон өтүү жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин салык органы тарабынан жүргүзүлөт.

Жашаган жеринин, жайгашкан жеринин же иштеген жеринин өзгөрүшү ушул пункттун биринчи абзацында каралган аракеттерди жасоо милдетине алып келбеген учурларда, салык төлөөчү өзгөрүүлөр болгон күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө учурдагы катталган жери боюнча салык органына маалымдоого милдеттүү.

201. Жеткирүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон электрондук формада кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон сатып алуучулар-жеке жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин дарегине товарлар менен электрондук сооданы жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюмду кайра каттоо ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган "КНС кеңсеси" электрондук сервиси аркылуу жиберилген арыздын негизинде, каттоо маалыматтары өзгөргөн учурда ишке ашырылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

21. Ушул Жобонун 20, 201-пункттарында каралган маалыматтарды алгандан кийин салык органы арыз түшкөн күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо жүргүзүүгө милдеттүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

22. Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы миграция жөнүндө мыйзамдарында каралган документтер берилбеген учурда арыз ээсинин берилген документтеринин маалыматтарында жана (же) салык кызматынын органдары тарабынан колдонулган автоматташтырылган маалыматтык системасы менен дал келбестиктер болсо, арыз ээсинин өздүк идентификациясы ырасталбаса, берилген документтерде документти идентификациялоого мүмкүндүк бербеген чийип оңдоолор, механикалык бузулуулар болсо, салык органы салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо процесси менен байланышкан салыктык иш-аракеттерди жүргүзүүдөн баш тартууга укуктуу.

5. Салыктык катталуу/кайра катталуу жери

23. Салык төлөөчүнүн салыктык катталган/кайра катталган жери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ата мекендик уюм үчүн - юридикалык жак катары мамлекеттик катталган жери боюнча салык органы;

2) жеке ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жак үчүн - Кыргыз Республикасында паспортунун маалыматтарына ылайык катталган жери же жашаган жери боюнча салык органы;

3) жеке ишкер үчүн:

а) патенттин негизинде иш жүргүзбөгөн - жеке ишкердин паспортунун маалыматтарына ылайык катталган жери, жашаган жери же ишкердик ишин жүргүзгөн жери боюнча салык органы;

б) патенттин негизинде иш жүргүзгөн - ишкердик ишин жүргүзгөн жери боюнча салык органы;

в) дыйкан (фермердик) чарба үчүн - айыл чарба багытындагы жерлер жайгашкан жер боюнча салык органы;

г) чет өлкөлүк уюмдун филиалы, өкүлчүлүгү үчүн - өкүлчүлүктүн же филиалдын Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик эсептик катталган жери боюнча.

Паспорттун маалыматтарына дап келбеген жашаган жери салык төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы миграция, ошондой эле калкты каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык берилген документ менен ырасталууга тийиш.

24. Кыргыз Республикасында салык салуу объекттерине ээлик кылуучу чет өлкөлүк уюм же резидент эмес жеке жак үчүн салык салуу объектинин жайгашкан же катталган жери салыктык каттоо/кайра каттоо орду болуп саналат.

25. Айыл чарба өндүрүүчүсүн, айыл чарба кооперативин, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборду, машина-трактордук станцияны баштапкы каттоодо салыктык жана эсептик каттоосу бир эле учурда салыктык каттоо орду боюнча жүргүзүлөт.

26. Салыктык каттоонун бирден ашык жери каралган салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган каттоочу жерлердин тизмегинен өз алдынча каттоо ордун тандап алууга укуктуу.

6. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо/кайра каттоо процессинде колдонулуучу документтер

27. Салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык төлөөчү катталуу/кайра катталуу жери боюнча салык органына ушул главага ылайык документтерди жана алардын көчүрмөлөрүн электрондук түрдө же кагаз жүзүндө берет.

271. Ушул Жобонун 31-34-пункттарында көрсөтүлгөн жеке жактар ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу же адистештирилген оператор аркылуу салыктык каттоодон/кайра каттоодон өткөн учурда документтер ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган форма жана тартип боюнча берилет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

272. Субъект салыктык каттоодон/кайра каттоодон адистештирилген оператор аркылуу өткөн учурда адистештирилген оператор субъекттин идентификациясы, берилген документтердин аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

28. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "бирдиктүү терезенин" алкагында салыктык каттоодон өтүшкөн юридикалык жак, филиал, өкүлчүлүк салык органында мамлекеттик/мамлекеттик эсептик каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн датадан кийинки 15 календардык күндүн ичинде, бирок Салык кодексинде каралган салык салуунун тандалып алынган режимине ылайык салык боюнча биринчи отчетту берүү датасынан кечиктирбестен салык органына ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча салык салуунун тандалып алынган режими жөнүндө арызын берүүгө милдеттүү.

Эгерде мындай салык төлөөчү бюджетке салыктарды төлөөнүн тандалып алынган салык режими жөнүндө арызын салык органына бербесе, салык органы тарабынан салыктарды жалпы негиздерде төлөө режими коюлган салык төлөөчүнүн каттоо картасы толтурулат.

Салык төлөөчүнүн каттоо картасынын биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык төлөөчүгө кол койдуруу менен тапшырылат же заказдык кат менен жиберилет.

29. Кыргыз Республикасында аккредиттелген, Салык кодексинин 330-беренесине ылайык КНС кайтарууга укугу бар чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери же эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү салыктык/эсептик каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү беришет;

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды;

2) уюмду, долбоорду түзүү жөнүндө укуктук документтин көчүрмөсүн;

3) салык төлөөчүнүн жетекчисин же Салык кодексинин 52-беренесинде каралган тартипте КНСти кайтарууга документтерди тариздөө боюнча ыйгарым укук берилген адамды дайындоо жөнүндө укуктук документти (буйрук, чечим, протокол, ишеним кат);

4) уюмдун, долбоордун жетекчисин дайындоо жөнүндө укуктук документти (буйрук, чечим, протокол);

5) ушул пункттун 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын ким экендигин ырастоочу документтерди жана документтердин көчүрмөлөрүн.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)

30. Электрондук түрдө кызмат көрсөткөн, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон сатып алуучулар-жеке жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин дарегине товарлар менен электрондук сооданы жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюмдар түздөн-түз же салык агенттери аркылуу ыйгарым укуктуу салык органында аралыктан салыктык эсепке турууга милдеттүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)

31. Патенттин негизинде иш жүргүзүүнү көздөбөгөн жеке жак жеке ишкер катары салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды;

2) ким экендигин ырастоочу документти жана документтин көчүрмөсүн;

3) эгерде ИЖН жок ким экендигин ырастоочу документ берилсе, ИЖН ыйгарылгандыгы тууралуу документти жана анын көчүрмөсүн.

32. Патенттин негизинде иш жүргүзүүнү көздөгөн жеке жак жеке ишкер катары салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды;

2) ким экендигин ырастоочу документти жана документтин көчүрмөсүн;

3) эгерде ИЖН жок ким экендигин ырастоочу документ берилсе, ИЖН ыйгарылгандыгы тууралуу документти жана анын көчүрмөсүн.

33. Патенттин негизинде жеке эмгек ишин жүргүзүүнү ниеттенген жеке жак салыктык каттоодон /кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды;

2) ким экендигин ырастоочу документти жана документтин көчүрмөсүн;

3) эгерде ИЖН жок ким экендигин ырастоочу документ берилсе, ИЖН ыйгарылгандыгы тууралуу документти жана анын көчүрмөсүн.

34. Ишкердик ишти жүргүзбөгөн жеке жак салык төлөөчү катары салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды;

2) ким экендигин ырастоочу документти жана документтин көчүрмөсүн;

3) эгерде ИЖН жок ким экендигин ырастоочу документ берилсе, ИЖН ыйгарылгандыгы тууралуу документти жана документтин көчүрмөсүн.

35. Салык кызматынын ички регламенти менен белгиленген салыктык иш-аракеттерди жүргүзгөндөн кийин салык органынын кызмат адамы:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын Кыргыз Республикасынын Салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине киргизүүнү камсыз кылат;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурат.

36. Патенттин негизинде иш жүргүзбөгөн жеке ишкерди каттоодо салык органынын кызмат адамы ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү кагаз же электрондук түрдө толтурат жана тапшырат.

37. Каттоо картасы кагазга эки нускада басып чыгарылат, алардын бири салык органында калат, экинчи нускасы салык төлөөчүгө берилет.

38. Юридикалык жак ЭЭЗ субъекти катары салыктык каттоодон өтүү максатында ушул Жобонун 28-пунктунда көрсөтүлгөн арыздан тышкары, ЭЭЗ башкы дирекциясынын ЭЭЗдагы ишмердүүлүктүн шарттары жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө чечимин жана ЭЭЗ субъекттеринин реестринен ЭЭЗ субъекти статусун алуу жөнүндө көчүрмөнү салык органына берет.

39. Юридикалык жак, филиал, өкүлчүлүк Жогорку технологиялар паркынын (мындан ары - ЖТП) резиденти катары салыктык кайра каттоодон өтүү максатында ушул Жобонун 28-пунктунда көрсөтүлгөн арызга ЖТП резиденти катары каттоосу тууралуу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн күбөлүгүн жана ЖТП субъекттеринин бирдиктүү реестрине киргизүү жөнүндө көчүрмөнү салык органына берет.

7. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо

40. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органынын кодун көрсөтүү менен Салыктык каттоо процессинде салык төлөөчүнү идентификациялоо үчүн колдонулуучу классификаторлордун, маалымдамалардын, коддордун, белгилердин тизмегине (1-тиркеме) ылайык классификациялоо жана идентификациялык коддорду ыйгаруунун, бул маалыматтарды салык төлөөчү жөнүндө башка каттоо маалыматтары менен бирге Мамлекеттик реестрге киргизүүнүн негизинде жүргүзүлөт.

41. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо субъект салыктык каттоо жол-жоболоруиан өткөндөн кийин ишке ашырылат.

42. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча салык төлөөчүнүн арызынын;

2) салык салынуучу объекттерди эсепке алууну жана/же каттоону ишке ашырган ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтардын.

43. Эгерде салык төлөөчүдө салыктар боюнча салыктык милдеттенмелер пайда болсо, салык төлөөчүгө салыктык жана/же эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө чечим жиберилет.

Эгерде салык төлөөчүнүн салыктар боюнча салыктык милдеттенмеси өзгөрсө, анда салык төлөөчүгө салык милдеттенмеси өзгөргөндүгү же конкреттүү салык боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим жиберилет.

44. Салык төлөөчү эсептик каттоо жери боюнча салык органына эсептик каттоо тууралуу арыз берүүгө милдеттүү:

1) эсептик каттоого коюу үчүн - иши башталганга чейин жана/же салык төлөөчүдө салык салынуучу объектиси пайда болгон күндөн кийинки 15 календардык күндүн ичинде, бирок Салык кодексинде белгиленген биринчи салыктык отчетту (маалыматтык эсептөөнү) берүү мөөнөтү бүтөөрдөн кечиктирбестен;

2) каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн -мындай өзгөрүүлөр пайда болгон күндөн кийинки 15 календардык күндүн ичинде.

45. Эсептик каттоодон өтүү үчүн салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды толтурат, ким экендигин ырастоочу документти жана анын көчүрмөсүн берет.

46. Эгерде эсептик каттоого арыз берген субъекттин салыктык каттоосу (ыйгарылган ИСН) болбосо жана эсептик каттоо жери салыктык каттоо жери менен дал келсе, салык органы ушул Жободо белгиленген тартипте салык төлөөчүнү салыктык каттоону ишке ашырат.

47. Эгерде салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жери эсептик каттоо жери менен дал келбесе, салык төлөөчүнүн салыктык каттоосунун жок болушу эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиз болот.

48. Эгерде жеке ишкер салык органына эсептик каттоодон өтүү жөнүндө арыз менен кайрылса, бирок салыктык же эсептик каттоодон өткөн жери боюнча патенттин негизинде иш жүргүзгөн жеке ишкер катары катталса жана патенттин негизинде салык төлөбөсө, бул эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиз болот.

49. Салык төлөөчүнүн арызынын негизинде ишке ашырылуучу салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу салык органы тарабынан салык төлөөчү арыз берген күндөн кийинки 3 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

50. Салык салынуучу объекттерди эсепке алууну жана/же каттоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтардын негизинде ишке ашырылуучу салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан мындай маалыматтар келип түшкөн күндөн кийинки 3 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

51. Жеке жактын салык каттоосу болсо, аны мүлк салыгы боюнча салык төлөөчү катары каттоо салык кызматынын органынын чечиминин негизинде жеке жактын арызы жок жүргүзүлөт.

52. Салык төлөөчү катары каттоо салык кызматы органы тарабынан аны мүлк салыгын төлөөчү катары эсепке алуу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.

53. Мүлк салыгын төлөөчү катары жеке жакты каттоо жөнүндө салык органынын чечими тапшырык кат менен мүлк турган жерге жөнөтүлөт.

54. Салык органынын кызмат адамы салык кызматынын ички регламенти менен белгиленген салыктык иш-аракеттерди жүргүзгөндөн кийин:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын Мамлекеттик реестрге киргизүүнү камсыз кылат;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнү каттоо картасын толтурат;

- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жиберет).

55. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 8-пунктуна ылайык, 2022-жылдын 1-январына чейин катталган жана айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор, машина-трактордук станциялар катары иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр эсептик каттоодон 2024-жылдын 1-январына чейинөтүүгө милдеттүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)

56. Салык органынын кызмат адамы салык кызматынын ички регламенти менен белгиленген салыктык иш-аракеттерди жүргүзгөндөн кийин:

салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыздайт;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнү каттоо картасына өзгөртүүлөрдү киргизет;

- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жиберет).

8. Салык төлөөчүнүн эсептик катталуу жери

57. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органында төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) уюм жана жеке ишкер үчүн:

а) обочолонгон бөлүмдүн жайгашкан жери боюнча;

б) салык салынуучу объекттин жайгашкан жери боюнча;

2) патенттин негизинде ишин жүргүзгөн жеке ишкер үчүн -эгерде ал салыктык катталган жерден тышкары жайгашса, иш жүргүзгөн жери боюнча;

3) ишкердик ишти жүргүзбөгөн жеке жак үчүн - салык салынуучу объекттин жайгашкан жана/же катталган жери боюнча,

58. Салык салынуучу объекттин жайгашкан жери болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) жер участокторун кошкондо, кыймылсыз мүлк үчүн -алардын иш жүзүндө жайгашкан жери;

2) транспорт каражаттары үчүн - транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоодон өткөн жери, ал эми ал жок болсо - мүлктүн ээсинин жайгашкан (жашаган) жери.

59. Обочолонгон бөлүмгө, салык салынуучу объектке карата салык төлөөчүнү эсептик каттоого коюуда ага мурда салыктык каттоодон өтүү учурунда ыйгарылган ИСН көрсөтүлөт.

9. Салык төлөөчүнүн салык режиминин өзгөрүшүн каттоо

60. Бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуу системасын колдонууга ниеттенген салык төлөөчүлөр салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү:

1) жаңыдан катталган субъекттер үчүн - салыктык катталган күндөн кийинки күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде;

2) жалпы салык режиминин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн - учурдагы жылдын 1-декабрына чейин;

3) башка атайын салык режимдеринин негизинде айдын аягына чейин салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча каалаган убакта.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)

61. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо төмөнкүдөй күчүнө кирет:

1) жаңыдан катталган субъекттер үчүн - салыктык каттоого алынган күндөн тартып;

2) жалпы салык режиминин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн - кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып;

3) башка атайын салык режимдеринин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн - салык төлөөчү арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;

4) импортко КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон субъекттер үчүн - импортко КНСти шарттуу эсептөө режими колдонулган күндөн тартып.

62. Салык органы салык төлөөчүнүн бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча салыкты төлөөсү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматына төлөм режимин колдонуу жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;

- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө берүүнү (жиберүүнү).

63. Салык төлөөчү бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан ыктыярдуу түрдө чыгууда төмөнкү салыктарды төлөөгө ниеттенген салыктык катталган жери боюнча салык органына төмөнкүдөй арыз берүүгө милдеттүү:

- жалпы салык режиминин негизинде - учурдагы жылдын 1-декабрына чейин;

- башка атайын салык режимдеринин негизинде - айдын аягына чейин салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча каалаган убакта.

Каттоо төмөнкү учурда күчүнө кирет:

- жалпы салык режиминин негизинде - кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып;

- башка атайын режимдердин негизинде - субъект арыз берген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып.

64. Салык органы салык төлөөчүнүн салыктарды төлөө режимин өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматына салык төлөө режиминин өзгөрүшү жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;

- салык төлөөчүгө каттоо картасынын 1 нускасын берүүнү (жиберүүнү).

65. Майнингге салык төлөө режимин колдонууга ниеттенген салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына аны майнингге салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Жаңыдан катталган жана иштеп жаткан субъекттер үчүн майнингге салык төлөө боюнча каттоо майнингге салык төлөөчү катары катталган күндөн тартып күчүнө кирет.

66. Салык органы салык төлөөчүнүн майнингге салык төлөөсү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматына майнингге салык төлөө режимин колдонуу жөнүндө маалыматты киргизүүнү;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;

- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырууну (жиберүүнү).

67. Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөө режимин колдонууга ниеттенген салык төлөөчү аны салыктык катталган жери боюнча электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн арыз ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтына жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу берилиши мүмкүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

68. Жаңыдан катталган жана иштеп жаткан субъекттер үчүн электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөөчү катары каттоо катталган күндөн тартып күчүнө кирет.

69. Салык органы салык төлөөчү тарабынан электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөө жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын толтурууну;

- FORM STI-025 формасында салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;

- салык төлөөчүгө каттоо картасынын 1 нускасын тапшырууну (жиберүүнү).

691. Оюн-зоок ишине салык төлөө режимин колдонууга ниеттенген салык төлөөчү салыктык эсепке алынган жери боюнча салык органына аны оюн-зоок ишине салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Жаңыдан катталган жана иштеп жаткан субъекттер үчүн оюн-зоок ишине салык төлөө боюнча каттоо оюн-зоок ишине салык төлөөчү катары катталган күндөн тартып күчүнө кирет.

Салык органы салык төлөөчү тарабынан оюн-зоок ишине салык төлөнгөндүгү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарына оюн-зоок ишине салык төлөө режимин колдонуу жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;

- салык төлөөчүгө каттоо картасынын 1 нускасын тапшырууну (жиберүүнү).

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)

692. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөө режимин колдонууга ниеттенген салык төлөөчү аны өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү катары каттоо жөнүндө арызды салыктык эсепке алынган жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү.

Жаңыдан катталган жана иштеп жаткан субъекттер үчүн өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөө боюнча каттоо өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү катары катталган күндөн тартып күчүнө кирет.

Салык органы салык төлөөчү тарабынан өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөнгөндүгү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарына оюн-зоок ишине салык төлөө режимин колдонуу жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү;

- FORM STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасын толтурууну;

- салык төлөөчүгө каттоо картасынын 1 нускасын тапшырууну (жиберүүнү).

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу

70. Салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу салык органы тарабынан салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча ишти токтотуу жөнүндө салык төлөөчүнүн арызынын;

2) Салык кодексинде белгиленген башка негиздер боюнча субъекттин ишин токтотууну каттоо, мажбурлап жоюу, анын салыктык милдеттенмелерин токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтын;

3) мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө, ошондой эле юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча салык төлөөчүнүн кайра каттоодон өтпөгөндүгүнүн.

71. Салык төлөөчүнүн ишин токтотууну каттоону жокко чыгаруу салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча карызы жок болгон шартта жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)

72. Юридикалык жактын ишин токтотууну каттоону жокко чыгаруу каттоочу органдын билдирүүсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

721. Жеткирүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон электрондук формада кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдун салыктык каттоосун жокко чыгаруу салык органы тарабынан төмөнкү учурда жүзөгө ашырылат:

1) ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган "КНС кеңсеси" электрондук сервиси аркылуу ишин токтотуу жөнүндө арызын берүүдө;

2) бир жыл ичинде салык отчетун бербегенде;

3) салык органы тарабынан каттоо жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын анык эместиги аныкталганда.

Каттоону жокко чыгаруу салык карызы жок болгон шартта жүргүзүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

73. Юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо датасы болуп каттоочу орган тарабынан тиешелүү буйрук чыгарылган күн эсептелет.

74. Патент боюнча иш жүргүзбөгөн жеке ишкердин ишин токтотууну каттоодо арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:

1) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызды;

2) ким экендигин ырастоочу документти жана документтин көчүрмөсүн;

3) салык төлөөчүнүн каттоо картасын (дубликат);

4) салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын;

5) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жоюу отчетторун, Бирдиктүү салык декларациясын;

6) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7) эгерде алар ачылган болсо, эсептешүү эсептери жабылгандыгы жөнүндө банктан маалымкатты;

8) жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү;

9) Контролдук-кассалык машинаны техникалык тейлөө борборунан контролдук-кассалык машинаны каттоодон чыгаруу жөнүндө маалымкатты (эгерде контролдук-кассалык машина бар болсо).

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)

75. Салык төлөөчүнүн каттоо картасы (дубликаты) жана/же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү жоголсо, салык төлөөчү расмий басылмага салык төлөөчүнүн каттоо картасын (дубликатын) жана/же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо күбөлүгүн жоготкондугу жана аларды жараксыз деп таануу жөнүндө жарыя берүүгө милдеттүү.

76. Салык органы салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктык эмес төлөмдөрдү толук жана өз убагында төлөө маселеси боюнча пландан тышкаркы көчмө текшерүүнү дайындайт.

77. Салык органы тарабынан салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес төлөмдөр кошуп эсептелген учурда, салык төлөөчү салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана салыктык эмес төлөмдөрдүн кошуп эсептелген суммаларын төлөөгө милдеттүү.

78. Патенттин негизинде жеке жактын ишин токтотуу арыздын жана ким экендигин күбөлөндүргөн документтин негизинде патент колдонулган мезгилге көчмө салыктык текшерүү жүргүзбөстөн ишке ашырылат.

79. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн эсептик каттоосун жокко чыгаруу эсептик каттоо үчүн негиздер токтотулганда жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн обочолонгон бөлүмүнүн ишин токтотуу;

2) менчик, жер пайдалануу, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укуктары сыяктуу салык салуу объекттерине карата Салык кодексинде каралган укук токтотулганда;

3) айыл чарба өндүрүүчүсүнүн, айыл чарба кооперативинин, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбордун, машина-трактордук станциянын белгилерине ылайык келбегендик.

80. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу ал эсептик каттоо объектине карата келип чыккан салык милдеттенмелерин аткарган шартта жокко чыгарылат.

81. Салык кызматынын ички регламентине ылайык салыктык жана/же эсептик каттоолорду жокко чыгаруу боюнча салыктык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча салык органы салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат, каттоону жокко чыгаруу тууралуу маалыматты Мамлекеттик реестрге киргизет жана салык төлөөчүнү жокко чыгаруу тууралуу чечимдин биринчи нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жиберет). Мында жоюунун себебин жана датасын көрсөтүү менен маалыматтык системада "Каттоону жокко чыгаруу" белгиси менен түзүлгөн салык төлөөчүнүн каттоо картасынын экинчи нускасы кагазга басып чыгарылат, салык төлөөчүнүн өздүк ишине көктөлөт жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык кызматынын архивинде сакталат.

11. Мажбурлап жоюунун өзгөчөлүктөрү

82. Салык төлөөчү бир жылдын ичинде салыктык катталган жери боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду бербеген учурда, салык органы субъектти мажбурлап жоюу жөнүндө арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.

83. Салык төлөөчүнү мажбурлап жоюу материалдары салык төлөөчүнүн салык карызы жок болгон учурда сотко берилет.

Салык төлөөчүнү мажбурлап жоюу жөнүндө соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген чечими Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.

82. Салык төлөөчү бир жылдын ичинде салыктык катталган жери боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду бербеген учурда, салык органы субъектти мажбурлап жоюу жөнүндө арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.

83. Салык төлөөчүнү мажбурлап жоюу материалдары салык төлөөчүнүн салык карызы жок болгон учурда сотко берилет.

Салык төлөөчүнү мажбурлап жоюу жөнүндө соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген чечими Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.

84. Доо арызы Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин ченемдерине ылайык төмөнкү документтерди тиркөө менен таризделет:

1) салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты;

2) юридикалык жактын/жеке ишкердин/дыйкан (фермердик) чарбанын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө статистика органынын маалымкатын;

3) юридикалык жактын юридикалык дареги боюнча экономикалык иштин жоктугу жөнүндө текшерүү актысын;

4) мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жетекчи, жеке ишкер боюнча алынган даректик маалымкатты же маалыматтарды;

5) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү (бар болсо);

6) юридикалык жактын уставын, уюштуруу документтерин (бар болсо);

7) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомуна ылайык күчүн жоготту);

8) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

9) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 705 токтомунун редакциясына ылайык)

85. Соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген салык төлөөчүнү мажбурлап жоюу жөнүндө чечимин салык органы алгандан кийин, салык органы соттун юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн субъектти Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринен, Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү төлөөчүлөрдүн статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунан чыгаруу үчүн юстиция, статистика органдарына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жиберет.

86. Юридикалык жактын ишин токтотуу жөнүндө юстиция органынын кабарлоосун алгандан, жеке ишкердин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарылгандан кийин, жоюунун себебин жана датасын көрсөтүү менен маалыматтык системада "Каттоону жокко чыгаруу" белгиси менен маалыматтык системасында түзүлгөн салык төлөөчүнүн каттоо картасы кагазга басып чыгарылат, салык төлөөчүнүн өздүк ишине көктөлөт жана салык кызматынын архивинде сакталат.

12. Салык төлөөчүнү аракетсиз категориясына киргизүү

87. Аракетсиз юридикалык жак болуп мамлекеттик салыктык каттоодон өткөн жана Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн, Салык кодексинде белгиленген мөөнөттөр аяктагандан кийин бир календардык жыл өткөнчө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын бербеген, көрсөтүлгөн отчетторду жана декларацияларды берүүгө талаптар коюлбаган салык төлөөчүлөрдөн тышкары юридикалык жактар таанылат.

88. Аракетсиз жеке ишкер болуп Салык кодексинде белгиленген мөөнөттөр аяктагандан кийин бир календардык жыл өткөнчө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын бербеген же акыркы патенттин колдонуу мөөнөтү аяктаган датадан тартып бир жыл ичинде патент албаган жеке ишкер таанылат.

89. Салык органдары жыл сайын 30-апрелден кечиктирбестен аракетсиз деп таанылган салык төлөөчүлөрдүн тизмесин бекитет жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына маалыматтарды жайгаштырат.

90. Салык органы салык төлөөчүлөрдүн тизмесинин негизинде салык төлөөчүнүн каттоо формасына субъектти аракетсиз категориясына киргизүү жөнүндө маалыматты киргизет.

91. Аракетсиз салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу төмөнкүлөрдөн кийин жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчү салык отчетун берүү боюнча салык милдеттенмесин аткарганда;

2) салык отчеттуулугун Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн айыптар төлөнгөндө.

92. Салык төлөөчүнү аракетсиз салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу күнү болуп, салык төлөөчү ушул жобонун 84-пунктун аткаргандан кийин кабыл алынган салык органынын тиешелүү чечими кабыл алынган күн саналат.

93. Салык төлөөчүнү аракетсиз салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу жөнүндө маалымат чыгарылган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат.

13. Салыктык каттоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн салык төлөөчүнүн жана салык органынын кызмат адамынын жоопкерчилиги

94. Мамлекеттик салыктык каттоодон өтпөгөн салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишти жүргүзүүгө тыюу салынат.

95. Ушул Жобонун талаптарын бузган салык төлөөчү салык мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

96. Салык органынын кызмат адамы ушул Жободо белгиленген талаптарды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

97. Мамлекеттик жана салыктык каттоосу жокко чыгарылган уюмдун же жеке ишкердин салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карыздарын жабуу аталган уюмдун түзүүчүлөрү (катышуучулары) же мурда жеке ишкер катары катталган жеке жак тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык жана салыктык мыйзамдарында белгиленген учурда, чектерде жана тартипте ишке ашырылат.

14. КНС боюнча каттоо жана каттоону жокко чыгаруу

(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 281 токтомунун редакциясына ылайык)

98. Салык төлөөчү КНС боюнча катталууга тийиш:

1) анын салыктык каттоо датасына карата - ушул Жобонун 28-пунктунун талаптарын эске алуу менен салыктык каттоо жөнүндө арызынын негизинде жаңы катталган салык төлөөчү үчүн;

2) атайын салыктык режимден өтүү жөнүндө арызынын негизинде жалпы салыктык режимге өтүү датасына карата;

3) салык төлөөчү ишкердик ишин жүргүзө баштаган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - салыктык кайра каттоо жөнүндө арызынын негизинде мурда аны жүргүзбөгөн салык төлөөчү үчүн.

99. Ушул Жобонун 98-пунктуна ылайык катталууга милдеттүү, бирок каттоо/кайра каттоо жөнүндө арыз бербеген же аны өз убагында бербеген субъектти КНС боюнча каттоо салык органы тарабынан КНС боюнча каттоо жөнүндө милдети же өз убагында арыз берилбегени аныкталгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат жана субъект КНС төлөөчү катары катталууга милдеттүү болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.

100. Салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) атайын салыктык режимге өтүү жөнүндө арызынын;

2) уюмдун жоюлушуна же жеке ишкердин ишинин токтотулушуна байланыштуу салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арызынын;

3) салыктык каттоосун жокко чыгарууда ушул Жобонун 70-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында каралган талаптардын;

4) банкроттук процесси башталган күндөн кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү болгон атайын администратор тарабынан КНС төлөөчүнүн банкрот процессинин козголушунун.

101. КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу төмөнкү учурларда күчүнө кирет:

1) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, субъект бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөн айдын биринчи күнүнөн тартып;

2) Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген салыктык режимге өтүү жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки беш жумуш күн өткөндөн кийин;

3) субъект башка атайын салыктык режимдерге өтүү жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;

4) салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки күндөн тартып;

5) мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген же ушул Жобонун 70-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларынын негизинде салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып.

102. Ушул Жобонун 101-пунктунда каралган учурларда салык төлөөчү же атайын администратор КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу үчүн салык органына КНС боюнча акыркы салыктык отчеттуулукту берет.

103. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу салык төлөөчүнү КНС боюнча салык милдеттенмесин аткаруудан, ошондой эле Салык кодексине ылайык эсептелген жана/же эсептелүүгө тийиш болгон пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын төлөөдөн бошотпойт.

104. КНС боюнча каттоодо же каттоосун жокко чыгарууда салык органынын кызмат адамы:

- FORM STI-025 форма боюнча салык төлөөчүнүн колдонуудагы каттоо картасын тариздейт же ага өзгөртүүлөрдү киргизет;

- каттоо картасынын 1 нускасын салык төлөөчүгө тапшырат (жөнөтөт).

Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме

Салыктык каттоо процессинде салык төлөөчүнү идентификациялоо үчүн колдонулуучу классификаторлордун, маалымдамалардын, коддордун, белгилердин ТИЗМЕСИ

1. Идентификациялык салык номери (ИСН).

2. Статистикалык бирдиктердин жалпы классификатору (ИУЖК).

3. Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору (ЭИМК, 3-версия).

4. Менчик формаларынын мамлекеттик классификатору.

5. Администрациялык-аймактык бирдиктердин объекттерин белгилөө системасынын мамлекеттик классификатору (ААББС).

6. Чарбакер субъекттердин уюштуруу-укуктук формалары.

7. Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификатору.

8. Ким экендигин ырастоочу документтердин маалымдамасы.

9. Каттоону жокко чыгаруу себептеринин маалымдамасы.

10. Салык органдарынын коддорунун маалымдамасы.

11. Салык төлөөчүнүн салык параметрлеринин маалымдамасы.

Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме

Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номеринин (ИСН) ТҮЗҮМҮ

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)

Салык органы тарабынан уюмдарга, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдун филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө ыйгарылуучу ИСНдин түзүмү он төрт белгиден турган цифралык разряддардын жыйындысын билдирет:

П

Ч

Ч

М

М

Г

Г

Г

Г

И

Н

Н

Н

К

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

1. "П" - субъекттин белгисин билдирет:

1) "0" - юридикалык жак;

2) "3" - резидент эмес - Кыргыз Республикасында салык салынуучу объекттердин ээси болуп саналган чет өлкөлүк уюм, резидент эмес жеке жак, Кыргыз Республикасында катталбаган, Кыргыз Республикасынын жаранына киреше төлөгөн эл аралык уюм;

3) "4" - Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган жана ыйгарым укуктуу каттоо органында мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактын филиалы, өкүлчүлүгү;

4) "5" - эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык түзүлгөн дипломатиялык өкүлчүлүк же уюм, эл аралык уюмдардын долбоорлору;

5) "6" - электрондук формада кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюм, ошондой эле КНС төлөөчү катары катталган Кыргыз Республикасынын аймагы жеткирүү орду болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон сатып алуучулар-жеке жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин дарегине товарлар менен электрондук сооданы жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюм;