Сравнение редакций…
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы №533 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары – Салык кодекси), мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине ылайык салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктык эмес кирешелерди төлөө милдети жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо, каттоосун жокко чыгаруу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Салык төлөөчүнү салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо, каттоосун жокко чыгаруу, эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда башкача каралбаса, Салык кодексинин талаптарына ылайык ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүлөр деп таанылган бардык субъекттер Кыргыз Республикасында салыктык катталууга тийиш.
4. Жеке жактын жеке ишкер катары салыктык каттоосу анын мамлекеттик каттоосу болуп саналат.
5. Салык органы салык төлөөчүнү салыктык каттоо, кайра каттоо жана каттоосун жокко чыгаруу процесси менен байланышкан салыктык иш-аракеттерди жүргүзүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга укуктуу:
1) арыз ээсинин берген документтериндеги маалыматтарда дал келбестиктер болсо;
2) арыз ээсинин өздүк идентификациясы тастыкталбаса;
3) берилген документтерде документти идентификациялоого мүмкүндүк бербеген чийип оңдоолор, механикалык бузулуулар болсо;
4) тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу тартиби менен белгиленген чектөөлөр бар болсо.
6. Салык төлөөчүнү салыктык жана/же эсептик каттоо, кайра каттоо же каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арыз салык органына бетме-бет барган учурда кагаз жүзүндөгү документ түрүндө же ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу электрондук документ түрүндө берилет.
2-глава. Салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери
7. Эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда башкача каралбаса, идентификациялык салык номери (мындан ары – ИСН) салык төлөөчүгө салыктык каттоо жол-жобосун жүргүзүү учурунда ыйгарылат.
8. Калкты каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылуучу жеке жактын идентификациялык жеке номери (мындан ары – ИЖН) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери катары колдонулат.
9. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлбөгөн салык төлөөчү үчүн ИСНди автоматтык түзүү (генерациялоо) ИСНдин түзүмүнө ылайык жүргүзүлөт (1-тиркеме).
10. Аларды тариздөө салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерин аткарууга, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, салыктык эмес кирешелер боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, ошондой эле салыктык, камсыздандыруу жана салыктык эмес укук бузуулар боюнча салык төлөөчүгө карата жаза чараларын дайындоого же колдонууга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон бардык документтерде, анын ичинде салык төлөөчү тарабынан бүтүмдөрдү ишке ашырууда, төлөм документтеринде, товарды бажылык жол-жоболоштурууда, кайрылууларда, арыздарда, кабарлоолордо, даттанууларда, декларацияларда жана отчеттордо салык төлөөчү ИСНди көрсөтүүгө милдеттүү.
11. Салык төлөөчү бланктарды, мөөрлөрдү, штамптарды, контролдук-кассалык машиналардын клишелерин, так отчеттуулук бланктарын аларда өзүнүн ИСНин көрсөтүү менен колдонууга милдеттүү.
12. Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчү тарабынан ИСНди көрсөтпөстөн мөөрлөрдү, штамптарды, контролдук-кассалык машиналардын клишелерин колдонуу менен бланктарда таризделген документтерди, ошондой эле так отчеттуулук бланктарын кароого кабыл албайт.
13. ИСНди ыйгаруу, салык төлөөчүнүн ишинин башка параметрлери жөнүндө маалыматтар салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине (мындан ары – Мамлекеттик реестр) киргизилет, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматында (FORM STI-024) жана салык төлөөчүнүн каттоо картасында (FORM STI-025) чагылдырылат.
3-глава. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо тартиби
14. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүгө ыйгарылуучу ИСНди, башка классификациялык жана идентификациялоочу коддорду Мамлекеттик реестрге киргизүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
15. Субъектте Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленген милдеттенмелер пайда болгон учурда, субъектти салык төлөөчү катары салыктык каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) субъекттин салыктык каттоо жөнүндө арызынын же жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө арызынын;
2) салык кызматы тарабынан мамлекеттик каттоо органдарынын автоматташтырылган маалыматтык системасынан алынган, Салык кодексинин 142, 145, 147, 148, 151-беренелеринде көрсөтүлгөн субъектте салыкты төлөө боюнча милдеттенме пайда болгондугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү маалыматтардын;
3) салыктык контролдоодо аныкталган жакты салык төлөөгө милдеттендирген жагдайлардын.
16. 15-пункттун 3-пунктчасынын негизинде каттоо жалпы салык режимине мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт.
17. Жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө арызы электрондук документ түрүндө субъект тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте адистештирилген оператор аркылуу берилет.
Ушул Жобого ылайык субъектти идентификациялоону камсыз кылуучу жана ыйгарым укуктуу салык органы менен тиешелүү макулдашуусу бар, адистештирилген (корголгон) байланыш каналдары боюнча салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын ортосунда электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук документтерди берүү боюнча кызмат көрсөтүүчү ишкана адистештирилген оператор болуп саналат.
18. Ишкердик ишти жүзөгө ашырууга жана жалпы салыктык режимде салыктарды төлөөгө ниеттенген субъектти салыктык каттоо Салык кодексинин IX бөлүмүнүн талаптарына ылайык, ушул Жободо белгиленген тартипте кошумча нарк салыгына (мындан ары – КНС) салык төлөөчү катары каттоодон өтүү менен бир убакта жүргүзүлөт.
19. Төмөнкүлөр КНС салыгын төлөөчүлөр катары катталууга тийиш эмес:
– Салык кодексинин талаптарына ылайык айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи жана машина-трактор станциясы деп таанылган уюм же жеке жак;
– Салык кодексине ылайык салык салынуучу жеткирүүлөрдү жүзөгө ашырбаган коммерциялык эмес уюм.
20. Салыктык каттоодо субъектке салык кызматынын органы менен аралыктан өз ара аракеттенүү үчүн анын салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүндүгү берилет.
21. Каттоо эсебинин дареги боюнча маалыматтар, жашаган жери тууралуу маалыматтар, салык төлөөчүнүн мүлкүнүн болушу жана анын дареги ыйгарым укуктуу салык органынын жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары аркылуу шайкештиги текшерилет.
22. Жеткирүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмду КНС төлөөчү катары каттоо ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган “КНС-кеңсе” электрондук сервиси аркылуу жиберилген арыздын негизинде жүргүзүлөт.
4-глава. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо
23. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) кайра каттоо үчүн негиздер пайда болгондо;
2) Салык кодексине ылайык салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери өзгөргөндө;
3) эгерде Салык кодексинде катталуунун бир нече жери каралса, салык төлөөчү тарабынан салыктык катталуунун башка жери тандалганда;
4) салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндө;
5) салык төлөөчүнүн ИЖНи өзгөргөндө;
6) салык салуу режими өзгөргөн учурда.
24. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо субъекттин өзү же салык өкүлү тарабынан берилген салыктык кайра каттоо жөнүндө субъекттин арызынын негизинде жүргүзүлөт.
25. Жеке жактын жана жеке ишкердин салыктык кайра каттоо жөнүндө арызы электрондук документ түрүндө субъект тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте адистештирилген оператор аркылуу берилет.
26. Салыктык кайра каттоо юстиция органынан алынган электрондук кабарламанын негизинде 23-пункттун 1-пунктчасына ылайык жүргүзүлөт.
27. Жеке жактын же жеке ишкердин жайгашкан жери өзгөргөн учурда салыктык кайра каттоо арыздын негизинде учурдагы салыктык катталган жери боюнча жүргүзүлөт.
Юридикалык жакты, филиалды, өкүлчүлүктү кайра каттоо юстиция органынан юридикалык жакты, филиалды, өкүлчүлүктү юстиция органында кайра каттоодон өтүү жөнүндө электрондук кабарламаны алгандан кийин салык органы тарабынан жүргүзүлөт.
28. Жеткирүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон электрондук формада кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон Кыргыз Республикасынын сатып алуучуларынын – жеке жактарынын – резиденттеринин дарегине товарлар менен электрондук сооданы жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюмду кайра каттоо каттоо маалыматтары өзгөргөн учурда ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган “КНС-кеңсе” электрондук сервиси аркылуу жиберилген арыздын негизинде ишке ашырылат.
29. Салык органы арызды же тиешелүү маалыматтарды алган күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо жүргүзүүгө милдеттүү.
30. Негизги иштин түрүн өзгөртүүгө жана/же экономикалык иштин кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө ниеттенген жеке ишкер ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча экономикалык иштин жаңы түрлөрүн ишке ашыра баштаган учурдан тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
5-глава. Салыктык катталуу/кайра катталуу жери
31. Салык төлөөчүнүн салыктык катталган/кайра катталган жери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ата мекендик уюм үчүн – юридикалык жак катары мамлекеттик катталган жери боюнча салык органы;
2) жеке ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жак үчүн – Кыргыз Республикасында паспортунун маалыматтарына ылайык катталган жери же жашаган жери боюнча салык органы;
3) жеке ишкер үчүн – жеке ишкердин паспортунун маалыматтарына ылайык катталган жери, жашаган жери же ишкердик ишин жүргүзгөн жери боюнча салык органы;
4) дыйкан (фермер) чарба үчүн – айыл чарба багытындагы жерлер жайгашкан жер боюнча салык органы;
5) чет өлкөлүк уюмдун филиалы, өкүлчүлүгү үчүн – өкүлчүлүктүн же филиалдын Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик эсептик катталган жери боюнча.
Паспорттун маалыматтары менен дал келбеген жашаган жери салык төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы миграция, ошондой эле калкты каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларында ырасталууга тийиш.
32. Кыргыз Республикасында салык салуу объекттерине ээлик кылуучу чет өлкөлүк уюм же резидент эмес жеке жак үчүн салык салуу объектинин жайгашкан же катталган жери салыктык каттоо/кайра каттоо орду болуп саналат.
33. Салыктык каттоонун бирден ашык жери каралган салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган каттоочу жерлердин тизмегинен өз алдынча каттоо ордун тандап алууга укуктуу.
6-глава. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо/кайра каттоо процессинде колдонулуучу документтер
34. Салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык төлөөчү катталуу/кайра катталуу жери боюнча салык органына ушул главага ылайык документтерди жана алардын көчүрмөлөрүн электрондук түрдө же кагаз жүзүндө берет.
35. Ушул Жобонун 40–42-пункттарында көрсөтүлгөн жеке жактар ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу же адистештирилген оператор аркылуу салыктык каттоодон/кайра каттоодон өткөн учурда документтер ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган форма жана тартип боюнча берилет.
36. Субъект салыктык каттоодон/кайра каттоодон адистештирилген оператор аркылуу өткөн учурда адистештирилген оператор субъекттин идентификациясы, берилген документтердин аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.
37. Кыргыз Республикасында аккредиттелген, Салык кодексинин 330-беренесине ылайык КНС кайтарып алууга укугу бар чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери же эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү салыктык/эсептик каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет;
1) арыз;
2) уюмду, долбоорду түзүү жөнүндө укуктук документтин көчүрмөсүн;
3) салык төлөөчүнүн жетекчисин же Салык кодексинин 52-беренесинде каралган тартипте КНСти кайтарууга документтерди тариздөө боюнча ыйгарым укук берилген адамды дайындоо жөнүндө укуктук документти (буйрук, чечим, протокол, ишеним кат);
4) уюмдун, долбоордун жетекчисин дайындоо жөнүндө укуктук документти (буйрук, чечим, протокол);
5) ушул пункттун 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын ким экендигин ырастоочу документтерди жана документтердин көчүрмөлөрүн.
38. Кыргыз Республикасында салык салуу объекттерине ээлик кылуучу уюмдар же резидент эмес жеке жактар салыктык жана/же эсептик каттоодон же кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү беришет:
1) салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жөнүндө арызы;
2) мүлктү сатып алуу-сатуу келишими;
3) кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту;
4) Мамлекеттик реестрден мыйзамдаштырылган көчүрмө же өз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык юридикалык жактын катталгандыгын ырастоочу башка документ;
5) паспорттун көчүрмөсү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жакты ким экендигин ырастоочу документ катары таанылган башка документ.
39. Электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон сатып алуучулардын – жеке жактардын – Кыргыз Республикасынын резиденттеринин дарегине товарлар менен электрондук сооданы жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюмдар түздөн-түз же салык агенттери аркылуу ыйгарым укуктуу салык органында аралыктан салыктык эсепке турууга милдеттүү.
40. Жеке жак жеке ишкер катары салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) арыз;
2) ким экендигин ырастоочу документти (паспорт);
3) ким экендигин ырастоочу документтин мамлекеттик же расмий тилге которулган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн. Паспорттун түп нускасы жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен көчүрмөсүн (чет өлкөлүк жарандар үчүн);
4) эгерде ИЖН жок ким экендигин ырастоочу документ берилсе, ИЖН ыйгарылгандыгы тууралуу документти жана анын көчүрмөсүн;
5) убактылуу жашаган дареги көрсөтүлгөн документти;
41. Жеке жактарды – Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо Салык кодексинин 147-беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын маалыматтарынын негизинде автоматтык режимде жүргүзүлөт.
42. Жеке ишкерди каттоодо салык органынын кызмат адамы ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен формага ылайык электрондук түрдө мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү түзөт.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк электрондук түрдө жеке ишкердин “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык системасында жайгаштырылат.
Электрондук түрдө мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр мурда статистика жана салык органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн, күбөлүктөрдү кагаз жүзүндө гана алган жеке ишкерлер үчүн да түзүлөт.
7-глава. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо
43. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык төлөөчүнүн салыктык катталган жеринен башка аймакта обочолонгон бөлүмү пайда болгон учурда жүргүзүлөт.
44. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо субъект салыктык каттоо жол-жоболорунан өткөндөн кийин ишке ашырылат.
45. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
1) салык төлөөчүнүн арызы;
2) салык салынуучу объекттерди эсепке алууну жана/же каттоону ишке ашырган ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтардын;
3) салыктык контролдоодо аныкталган, адамды салык төлөөгө милдеттендирген жагдайлар.
46. Эсептик каттоо жери боюнча салыктык режими, салыктык каттоо орду боюнча тандалган салыктык режимге ылайык колдонулат.
47. Салык төлөөчү иш жүргүзүү башталганга чейин эсептик катталган жери боюнча салык органына эсептик каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
48. Эгерде эсептик каттоого арыз берген субъекттин салык органында каттоосу болбосо (анын ичинде салык төлөөчүнүн идентификациялык номери берилген эмес) жана эсептик каттоо жери салыктык каттоо жери менен дал келсе, салык органы ушул Жободо белгиленген тартипте ушул субъектти салыктык каттоону ишке ашырат.
49. Эгерде салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жери эсептик каттоо жери менен дал келбесе, салык төлөөчүнүн салыктык каттоосунун жок болушу эсептик каттоодон баш тартуу үчүн негиз болот.
50. Салык төлөөчүнүн арызынын негизинде ишке ашырылуучу салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу салык органы тарабынан салык төлөөчү арыз берген күндөн кийинки 3 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
51. Салык салынуучу объекттерди эсепке алууну жана/же каттоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтардын негизинде же салыктык контролдоодо аныкталган жагдайлардын негизинде ишке ашырылуучу салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан мындай маалыматтар жана жагдайлар келип түшкөн күндөн кийинки 3 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
52. Мүлк салыгын төлөөчү катары эсептик каттоо мүлккө болгон укук катталган күндөн тартып күчүнө кирет.
53. Эсептик каттоо же эсептик каттоону жокко чыгаруу тууралуу жазуу STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасына киргизилет жана “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык системасына жиберилет.
54. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органында төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) уюм жана жеке ишкер үчүн:
а) обочолонгон бөлүмдүн жайгашкан жери боюнча;
б) салык салынуучу объекттин жайгашкан жери боюнча;
2) патенттин негизинде иш жүргүзгөн жеке ишкер же жеке жак үчүн – эгерде ал салыктык каттоо жеринен тышкары жайгашса, иш жүргүзгөн жери боюнча;
3) ишкердик ишти жүргүзбөгөн жеке жак үчүн – салык салынуучу объекттин жайгашкан жери боюнча.
9-глава. Салык салуу режимин колдонуу жана өзгөртүү
55. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга ниеттенген салык төлөөчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жеке ишкер же юридикалык жак катары алгачкы мамлекеттик каттоодо каттоо арызында салык режимин жана тиешелүү бирдиктүү салык ставкасын тандоо керек;
2) жалпы салык режиминен өтүүдө учурдагы жылдын 1-декабрына чейин “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык системасы аркылуу арыз берүү керек;
3) башка атайын салык режимдеринен өтүүдө “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык системасы аркылуу арыз берүү зарыл.
56. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо төмөнкүдөй күчүнө кирет:
1) жаңыдан катталган субъекттер үчүн – салыктык каттоого алынган күндөн тартып;
2) жалпы салык режиминин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн – кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып;
3) башка атайын салык режимдеринин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн – салык төлөөчү арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;
4) импортко КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонгон субъекттер үчүн – импортко КНСти шарттуу эсептөө режими колдонулган күндөн тартып.
57. Салык кодексинин 423-беренесинин 6 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттерден, ошондой эле Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттерден тышкары, бир нече иштин түрлөрүн жүргүзгөн салык төлөөчү ушул иштердин түрлөрү боюнча белгиленген бирдиктүү салык ставкалары боюнча ар бир иштин түрү боюнча өзүнчө салыкты эсептөөгө жана төлөөгө милдеттүү.
58. Салык төлөөчүлөр Салык кодексинин 423-беренесинде белгиленген бирдиктүү салыктын колдонулуучу ставкаларын, анын ичинде “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык системасы аркылуу берилген арыздын негизинде иштин түрүнө жана шарттарды сактоого ылайык келген учурда азайтуу жагына өзгөртүүгө укуктуу.
Бирдиктүү салыктын башка ставкасы боюнча каттоо салык төлөөчү арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
59. Салык төлөөчү бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан ыктыярдуу түрдө чыгууда төмөнкү салыктарды төлөөгө ниеттенген салыктык каттоо жери боюнча салык органына төмөнкүдөй арыз берүүгө милдеттүү:
1) жалпы салык режиминин негизинде – учурдагы жылдын 1-декабрына чейин;
2) башка атайын салык режимдеринин негизинде – салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча каалаган убакта.
Каттоо төмөнкү учурда күчүнө кирет:
1) жалпы салык режиминин негизинде – кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып;
2) башка атайын режимдердин негизинде – субъект арыз берген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып, эгерде ушул Жободо башкача каралбаса.
60. Төмөнкүдөй салык салуунун атайын режимдеринин бирин колдонууга ниеттенген салык төлөөчү:
– майнинг салыгы;
– электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык;
– оюн-зоок ишине салык;
төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1) жеке ишкер же юридикалык жак катары алгачкы мамлекеттик каттоодон өтүүдө каттоо арызында тиешелүү атайын салык салуу режимин тандап көрсөтүүгө;
2) башка салык салуу режимдеринен өтүүдө арызды “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык системасы аркылуу берүүгө.
61. Тандалган атайын салык салуу режими боюнча каттоо төмөнкү учурларда күчүнө кирет:
1) жаңыдан катталган субъекттер үчүн – салыктык каттоого алынган күндөн тартып;
2) башка салык режимдеринин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн – ушул Жобонун 60-пунктунда көрсөтүлгөн атайын салык салуу режимдеринин бирин колдонуу жөнүндө арызы берилген күндөн тартып;
3) башка салык режимдеринин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн – салык төлөөчү арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып.
62. Ушул Жобонун 60-пунктунда көрсөтүлгөн атайын салык режимдеринин бири боюнча катталган жана андан чыгууну каалаган салык төлөөчү “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык системасы аркылуу арыз берип, башка салык салуу режимин тандоого милдеттүү.
Башка салык салуу режими боюнча каттоосу салык төлөөчү арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
63. Юридикалык жак, филиал, өкүлчүлүк же жеке ишкер салыктык каттоодон өтүп жана мамлекеттик каттоо учурунда салык режимин жаңылыш тандап алган болсо, мамлекеттик каттодон өткөн күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде “Салык төлөөчүнүн кабинети” МС аркылуу салык салуу режимин өзгөртүп алуу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде режимди бир жолу өзгөртүүгө жол берилет.
Жаңыдан тандалган салык салуу режими боюнча каттоосу алгачкы мамлекеттик каттоонун күнүнөн тартып күчүнө кирет.
64. Патенттин негизинде атайын салык салуу режими боюнча салык төлөөчүнүн каттоосу салык төлөөчүнүн патентти алуу фактысынын негизинде автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат жана патентти алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалпы салык режимин же башка атайын салык режимдерди колдонгон жеке ишкер бир эле учурда патенттин негизиндеги атайын салык режимди колдонууга укуктуу эмес.
65. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыктын негизиндеги атайын салык режими боюнча каттоосу же каттоонун жокко чыгаруусу ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына базарлардын администрацияларынан келип түшкөн маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат жана мындай салыкты төлөө милдеттенмеси пайда болгон жана токтотулган күндөн тартып күчүнө кирет.
66. Юридикалык жак ЭЭЗ субъекти катары салыктык кайра каттоодон өтүү максатында ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн арыздан тышкары, ЭЭЗ башкы дирекциясынын ЭЭЗдеги ишинин шарттары жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө чечимин жана ЭЭЗ субъекттеринин реестринен ЭЭЗ субъекти статусун алуу жөнүндө көчүрмөнү салык органына берет.
67. Салык төлөөчү Жогорку технологиялар паркынын (мындан ары – ЖТП) резиденти катары салыктык кайра каттоодон өтүү максатында ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн арызга ЖТП резиденти катары каттоосу тууралуу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн күбөлүгүн салык органына кошумча берет.
68. ЭЭЗдин жана ЖТПнын дирекцияларынын маалыматтык системасын ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен интеграциялоодо ушул Жобонун 70 жана 71-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди берүү талап кылынбайт.
69. Креативдик индустрия паркынын (мындан ары – КИП) резиденти үчүн бирдиктүү салыкты төлөөчү катары салык төлөөчүнү каттоо Салык кодексинин 423-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык резиденттин салыктык каттоо жери боюнча КИП дирекциясынын резиденттин салык төлөө ниети жөнүндө жөнөтүлгөн электрондук кабарламасынын негизинде жүргүзүлөт.
Резидент тарабынан КИП үчүн бирдиктүү салыкты колдонуу салык органы КИП дирекциясынын кабарламасын алган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүзөгө ашырылат.
70. Ыйгарым укуктуу салык органы ЖТП жана КИП резиденттеринин ички ведомстволук реестрин жүргүзөт жана эгер салык төлөөчү атайын салык режимин колдонуу шарттарын сактабаса, салык төлөөчүнү реестрден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Реестрден чыгаруусу атайын салык режими боюнча каттоону жокко чыгарууга жана атайын салык режиминин колдонуу шарттарынын бузуусу аныкталган айдан кийинки айдын биринчи күндөн тартып салык салуунун жалпы режимин колдонууга алып келет.
ЖТП жана КИП резиденттеринин реестринен чыгаруу жөнүндө чечими чыккан учурда ыйгарым укуктуу салык органы парктын тиешелүү дирекциясын кабарлайт. Реестрден чыгаруу жөнүндө чечимдин жана дирекциянын кабарламасынын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
71. Салык төлөөчү тарабынан тандалган салык салуу режими боюнча салыкты төлөө жөнүндө же режимди колдонуу же өзгөртүү жөнүндө арызы келгенден кийин салык органы салык төлөөчүнүн STI-025 формасындагы каттоо картасына тиешелүү маалыматты киргизет.
STI-025 формасындагы салык төлөөчүнүн каттоо картасы “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык системасына жайгаштырылат.
10-глава. КНС боюнча каттоо жана каттоону жокко чыгаруу
72. Салык төлөөчү КНС боюнча катталууга тийиш:
1) анын салыктык каттоо датасына карата – салыктык каттоо жөнүндө арыздын негизинде жалпы салык режимине салык төлөөчүнү алгачкы каттоодо;
2) атайын салык режиминен өтүү жөнүндө арызынын негизинде жалпы салык режимине өтүү датасына карата;
3) салык төлөөчү ишкердик ишин жүзөгө ашыра баштаган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып – салыктык кайра каттоо жөнүндө арызынын негизинде мурда аны жүргүзбөгөн салык төлөөчү үчүн.
73. Ушул Жобонун 72-пунктуна ылайык катталууга милдеттүү болгон, бирок каттоо/кайра каттоо жөнүндө арыз бербеген же аны өз убагында бербеген субъектти КНС боюнча каттоо салык органы тарабынан КНС боюнча каттоо жөнүндө милдети же өз убагында арыз берилбегени аныкталгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат жана субъект КНС салык төлөөчү катары катталууга милдеттүү болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
74. Салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) атайын салык режимине өтүү жөнүндө арызынын;
2) уюмдун жоюлушуна же жеке ишкердин ишинин токтотулушуна байланыштуу салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арызынын;
3) ушул Жобонун 97-пунктуна ылайык, салыктык каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу;
4) банкроттук процесси башталган күндөн кийинки 10 (он) жумуш күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү болгон атайын администратор тарабынан КНС төлөөчүнүн банкрот процессинин козголушунун.
75. КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу төмөнкү учурларда күчүнө кирет:
1) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, субъект бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөн айдын биринчи күнүнөн тартып;
2) Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген салыктык режимге өтүү жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки беш жумуш күн өткөндөн кийин;
3) субъект башка атайын салыктык режимдерге өтүү жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;
4) салык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки күндөн тартып;
5) уюмду мажбурлап жоюу боюнча соттун буйругу мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн же жеке ишкердин каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып.
76. Ушул Жобонун 74-пунктунун 1, 2 жана 4-пунктчаларында каралган учурларда салык төлөөчү же атайын администратор КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу үчүн салык органына КНС боюнча акыркы салыктык отчетту берет.
77. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу салык төлөөчүнү КНС боюнча салык милдеттенмесин аткаруудан, ошондой эле Салык кодексине ылайык кошуп эсептелген жана/же кошуп эсептелүүгө тийиш болгон пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын төлөөдөн бошотпойт.
78. КНС боюнча каттоодо же каттоосун жокко чыгарууда салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн STI-025 формасындагы каттоо картасына маалыматты киргизет.
11-глава. Салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу
79. Салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу менен төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) салык төлөөчүнүн ишин токтотуу тууралуу арызынын;
2) Салык кодексинде белгиленген башка негиздер боюнча ишин токтотууну каттоо же анын салыктык милдеттенмелерин токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтын;
3) ушул Жобонун 12-главасында көрсөтүлгөн салыктык каттоону мажбурлап жокко чыгаруу жөнүндө документтердин;
4) жеке ишкерди каттоону мыйзамсыз жана жасалма документтердин негизинде жүргүзүлгөн деп таануу жөнүндө соттун чечиминин;
80. Салыктык каттоосун жокко чыгаруу салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча карызы жок болгон шартта жүргүзүлөт.
81. Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты жоюу процессинин башталышы жөнүндө кабарлоону салыктык каттоо жери боюнча салык органына жиберет.
82. Салык органы 15 жумуш күндүн ичинде тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга салыктык милдеттенменин тобокелдиги бар же жок экендиги жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
83. Салыктык милдеттенменин тобокелдиги бар экендиги жөнүндө маалымат алдыдагы пландан тышкары текшерүүнүн жүргүзүү мөөнөтүнө же уюмду жоюуда иликтөөгө карата маалыматтарды камтууга тийиш.
84. Юридикалык жак жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарлоосун алган күндөн тартып 15 жумуш күн өткөндөн кийин салык органы тарабынан салыктык милдеттенменин болуу тобокелдиги жөнүндө маалыматтын берилбеши көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салык төлөөчүдө салык карызынын жок экендигин таануу үчүн негиз болуп саналат;
85. Юридикалык жактын салыктык каттоосун жокко чыгаруу каттоочу органдын юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо жөнүндө кабаралоосунун негизинде жүзөгө ашырылат.
86. Жеткирүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы болгон электрондук формада кызматтарды көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдун салыктык каттоосун жокко чыгаруу салык органы тарабынан төмөнкү учурда жүзөгө ашырылат:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган “КНС-кеңсе” электрондук сервиси аркылуу ишин токтотуу жөнүндө арызын берүүдө;
2) бир жылдын ичинде салык отчетун бербегенде;
3) салык органы тарабынан каттоо жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын анык эместиги аныкталганда.
87. Юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо датасы болуп каттоочу орган тарабынан тиешелүү буйрук чыгарылган дата эсептелет.
88. Патент менен иш жүргүзбөгөн жеке ишкердин ишин токтотууну каттоодо арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:
1) салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арызды;
2) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (“Салык төлөөчүнүн кабинети” МС аркылуу кайрылуу учурларын кошпогондо);
3) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жоюу отчетторун, бирдиктүү салык декларациясын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салык төлөөчү отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын берүүдөн бошотулган учурларды кошпогондо.
89. Жеке ишкер каза болгон же ал белгиленген тартипте өлгөн деп жарыяланган учурда, мындай жеке ишкердин укугуна ээ болгон укук улантуучусу укук улантуучу катары укукка ээ болгон учурдан тартып 6 айдын ичинде 88-пунктта көрсөтүлгөн документтерди жана каза болгон адамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
Эгерде укук улантуучу каза болгон жеке ишкердин салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылбаса, анда мындай жеке ишкердин каттоосун жокко чыгаруу ушул главанын ченемдерине ылайык салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок болгон же үмүтсүз катары эсептен чыгарылган шартта жүргүзүлөт.
Жеке жактын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо фактысы МСКнын маалыматтык системасы аркылуу текшерилет.
90. Юридикалык жак жоюлганда жана жеке ишкердин иши токтотулганда салык органы уюмду жоюу процессинин башталгандыгы жөнүндө юстиция органынын кабарлоосун же жеке ишкердин салыктык каттоосун жокко чыгарууга арызын алган учурдан тартып бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө салык органы тарабынан салык төлөөчүгө иликтөө же пландан тышкаркы көчмө текшерүү жүргүзүлөт.
91. Салык органы тарабынан салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес төлөмдөр кошуп эсептелген учурда салык төлөөчү салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана салыктык эмес төлөмдөрдүн кошуп эсептелген суммаларын төлөөгө милдеттүү.
92. Салык органы тарабынан салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктык эмес төлөмдөрдү кошуп эсептөө жок болгон учурда Салык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү сактоо талап кылынбайт.
93. Жеке жактын патенттин негизиндеги ишин токтотуу мурда алынган же алынган патенттин (патенттердин) колдонуу мезгили үчүн салыктык көчмө текшерүү жүргүзбөстөн, акыркы алынган патенттин акыркы колдонуу датасынан тартып бир айдан ашык патент албоо фактысы боюнча жүргүзүлөт.
94. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн эсептик каттоосун жокко чыгаруу эсептик каттоо үчүн негиздер токтотулганда жүргүзүлөт:
1) салык төлөөчүнүн обочолонгон бөлүмүнүн ишин токтотуу;
2) менчик, жер пайдалануу, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укуктары сыяктуу салык салуу объекттерине карата Салык кодексинде каралган укук токтотулганда.
95. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу ал эсептик каттоо объектине карата келип чыккан салык милдеттенмелерин аткарган шартта жокко чыгарылат.
96. Салык төлөөчүнүн салыктык каттоосун жокко чыгаруу боюнча салыктык иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча салык органы салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат, Мамлекеттик реестрге каттоону жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды киргизет жана жокко чыгаруу жөнүндө чечимди “Салык төлөөчүнүн кабинети” МСга жиберет.
Чечим ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында электрондук документ түрүндө сакталат.
12-глава. Мажбурлап жоюунун өзгөчөлүктөрү
97. Салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген талаптарга ылайык түзүлгөн иликтөө актысынын негизинде аракетсиз категорияга киргизилген, ошондой эле салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок болгон учурда салык органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга;
2) жеке ишкердин каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарууга.
98. Жеке ишкердин каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкү маалыматтарды камтыган иликтөө актысынын негизинде чыгарылат:
1) жеке ишкер декларацияны анын тапшыруу мөөнөтү аяктагандан кийин бир жылдын ичинде бербегендиги жөнүндө;
2) салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө;
3) МСКнын маалыматтык системаларында доонун эскирүү мезгилинде ишкердик ишти жүзөгө ашырууну ырастоочу маалыматтардын жоктугу жөнүндө;
4) жеке ишкердин салыктык катталган дареги боюнча экономикалык иштин жоктугу жөнүндө.
Жеке ишкердин каттоосун мажбурлап жокко чыгарууда иликтөө актысынын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
99. Юридикалык жакты мажбурлап жоюу боюнча материалдар сотко төмөнкү учурларда берилет:
1) салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок болсо;
2) доо арызы берилген датадан тартып доонун эскирүү мезгилинде МСКнын маалыматтык системаларында экономикалык иштин жүзөгө ашырылышы жөнүндө маалыматтар жок болсо.
Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген соттун буйругу салыктык каттоону жокко чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
100. Доо арыз Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин ченемдерине ылайык таризделет жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) юридикалык жак тарабынан декларацияны тапшыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин бир жыл ичинде тапшырылбагандыгы жөнүндө;
2) салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө;
3) доонун эскирүү мезгилинде ишкердик ишти жүргүзүүнү ырастаган маалыматтын МСКнын маалыматтык системаларында жоктугу жөнүндө.
101. Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген соттун буйругун салык органы алгандан кийин салык органы юридикалык жакты жоюу жөнүндө соттун буйругунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринен жана Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунан субъектти чыгаруу үчүн юстиция жана статистика органдарына жиберет.
102. Юридикалык жактын ишин токтотуу жөнүндө юстиция органынын кабарлоосун алгандан кийин салык органы юридикалык жактын салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Юридикалык жактын же жеке ишкердин салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим “Салык төлөөчүнүн кабинети” маалыматтык системасына жиберилет жана МСКнын маалыматтык системасында электрондук документ түрүндө сакталат.
13-глава. Салыктык каттоо жөнүндө салык мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн салык төлөөчүнүн жана салык органынын кызмат адамынын жоопкерчилиги
103. Мамлекеттик салыктык каттоодон өтпөгөн салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишти жүргүзүүгө тыюу салынат.
104. Ушул Жобонун талаптарын бузган салык төлөөчү салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
105. Салык органынын кызмат адамы ушул Жободо белгиленген талаптарды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
106. Мамлекеттик жана салыктык каттоосу жокко чыгарылган уюмдун же жеке ишкердин салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карыздарын жоюу аталган уюмдун уюштуруучулары (катышуучулары) же мурда жеке ишкер катары катталган жеке жак тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык жана салыктык мыйзамдарында белгиленген учурда, чектерде жана тартипте ишке ашырылат.
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары – Салык кодекси), мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктык эмес кирешелерди төлөө милдети жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо, каттоосун жокко чыгаруу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Салык төлөөчүнү салыктык жана эсептик каттоо, кайра каттоо, каттоосун жокко чыгаруу, эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда башкача каралбаса, Салык кодексинин талаптарына ылайык ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүлөр деп таанылган бардык субъекттер Кыргыз Республикасында салыктык катталууга тийиш.
4. Жеке жактын жеке ишкер катары салыктык каттоосу анын мамлекеттик каттоосу болуп саналат.
5. Салык органы салык төлөөчүнү салыктык каттоо, кайра каттоо жана каттоосун жокко чыгаруу процесси менен байланышкан салыктык иш-аракеттерди жүргүзүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга укуктуу:
1) арыз ээсинин берген документтериндеги маалыматтарда дал келбестиктер болсо;
2) арыз ээсинин өздүк идентификациясы ырасталбаса;
3) берилген документтерде документти идентификациялоого мүмкүндүк бербеген чийип оңдоолор, механикалык бузулуулар болсо;
4) тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу тартиби менен белгиленген чектөөлөр бар болсо;
5) Салык кодексине ылайык салык төлөөчү отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын берүүдөн бошотулган учурларды кошпогондо, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жоюлуучу отчеттору, бирдиктүү салык декларациясы жок болсо.
6. Салык төлөөчүнүн салыктык жана/же эсептик каттоо, кайра каттоо же каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арызы салык органына өзү барган учурда кагаз жүзүндөгү документ түрүндө же ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу санариптик документ түрүндө берилет.
2-глава. Салык төлөөчүнүн идентификациялык
салык номери
7. Эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда башкача каралбаса, идентификациялык салык номери (мындан ары – ИСН) салык төлөөчүгө салыктык каттоо жол-жобосун жүргүзүү учурунда ыйгарылат.
8. Калкты каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылуучу жеке жактын идентификациялык жеке номери (мындан ары – ИЖН) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери катары колдонулат.
9. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлбөгөн салык төлөөчү үчүн ИСНди автоматтык түзүү (генерациялоо) ушул Жобонун тиркемесине ылайык ИСНдин түзүмүнө ылайык жүргүзүлөт.
10. Салык төлөөчү аларды тариздөө салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерин аткаруу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, салыктык эмес кирешелер боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө милдеттенмелерине, ошондой эле салыктык, камсыздандыруу жана салыктык эмес укук бузуулар боюнча салык төлөөчүгө карата жаза чараларын дайындоого же көрүүгө алып келген же алып келиши мүмкүн болгон бардык документтерде, анын ичинде салык төлөөчү тарабынан бүтүмдөрдү ишке ашырууда, төлөм документтеринде, товарды бажылык тариздөөдө, кайрылууларда, арыздарда, кабарлоолордо, даттанууларда, декларацияларда жана отчеттордо ИСНди көрсөтүүгө милдеттүү.
11. Салык төлөөчү бланктарды, мөөрлөрдү, штамптарды, контролдук-кассалык машиналардын клишелерин, так отчеттуулук бланктарын аларда өзүнүн ИСНин көрсөтүү менен колдонууга милдеттүү.
12. Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчү тарабынан ИСНди көрсөтпөстөн мөөрлөрдү, штамптарды, контролдук-кассалык машиналардын клишелерин колдонуу менен бланктарда таризделген документтерди, ошондой эле так отчеттуулук бланктарын кароого кабыл албайт.
13. ИСНди ыйгаруу, салык төлөөчүнүн ишинин башка параметрлери жөнүндө маалыматтар салык органы тарабынан Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине (мындан ары – Мамлекеттик реестр) киргизилет, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматында (FORM STI-024) жана салык төлөөчүнүн каттоо картасында (FORM STI-025) чагылдырылат.
3-глава. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо тартиби
14. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүгө ыйгарылуучу ИСНди, башка классификациялык жана идентификациялоочу коддорду Мамлекеттик реестрге киргизүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
15. Субъектте Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленген милдеттенмелер пайда болгон учурда субъектти салык төлөөчү катары салыктык каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) субъекттин салыктык каттоо жөнүндө арызынын же жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө арызынын;
2) Салык кодексинин 142, 145, 147, 148, 151-беренелеринде көрсөтүлгөн салык кызматынын органдары тарабынан мамлекеттик каттоо органдарынын автоматташтырылган маалыматтык системасынан алынган, субъектте салыкты төлөө боюнча милдеттенме пайда болгондугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү маалыматтардын;
3) салыктык контролдоодо аныкталган жакты салык төлөөгө милдеттендирген жагдайлардын.
16. Салык төлөөчүнү ушул Жобонун 15-пунктунун 3-пунктчасынын негизинде каттоо салык органы тарабынан бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына (мындан ары – бирдиктүү салык) мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт.
Салык милдеттенмесин аткаруу максатында салык төлөөчү анда салык милдеттенмеси пайда болгон салык мезгилинен тартып катталган болуп эсептелет.
Бирдиктүү салыктын негизиндеги режимди колдонуу мүмкүн болбогон учурда каттоо жалпы салык режимине жүргүзүлөт.
17. Жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө арызы санариптик документ түрүндө субъект тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте адистештирилген оператор аркылуу берилет.
Ушул Жобого ылайык субъектти идентификациялоону камсыз кылуучу жана ыйгарым укуктуу салык органы менен тиешелүү макулдашуусу бар, адистештирилген (корголгон) байланыш каналдары боюнча салык төлөөчүлөр менен салык органдарынын ортосунда санариптик кол тамганы колдонуу менен санариптик документтерди өткөрүп берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү ишкана адистештирилген оператор болуп саналат.
18. Ишкердик ишти жүзөгө ашырууга жана жалпы салык режиминде салыктарды төлөөгө ниеттенген субъектти салыктык каттоо Салык кодексинин IX бөлүмүнүн талаптарына ылайык, ушул Жободо белгиленген тартипте кошумча нарк салыгын (мындан ары – КНС) салык төлөөчү катары каттоодон өтүү менен бир убакта жүргүзүлөт.
19. Төмөнкүлөр КНС салык төлөөчүлөр катары катталбайт:
– Салык кодексинин талаптарына ылайык айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи жана машина-трактор станциясы деп таанылган уюм же жеке жак;
– Салык кодексине ылайык салык салынуучу жеткирүүлөрдү жүзөгө ашырбаган коммерциялык эмес уюм.
20. Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок, транзакция үчүн салыктын режими боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу банкта эсеп ачкан чет өлкөлүк уюмдарды кошпогондо, субъектке салыктык каттоо учурунда салык кызматынын органы менен аралыктан өз ара аракеттенүү үчүн анын салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүндүгү берилет.
21. Каттоо эсебинин дарегинин маалыматтары, жашаган жери, салык төлөөчүнүн мүлкүнүн болушу жана анын дареги тууралуу маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органынын жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары аркылуу ылайык келиши текшерилет.
Салык төлөөчү Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде ишкердик иш жүргүзгөн жеринин дареги жөнүндө актуалдуу маалыматтарды (анын ичинде жеке объектин, обочолонгон бөлүмчөсүн же ижарага алынган кыймылсыз мүлкүн) өз алдынча көрсөтүүгө милдеттүү.
22. Жеткирүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон санариптик түрдө кызматтарды көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмду КНС төлөөчү катары каттоо ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган «КНС-кеңсе» санариптик сервиси аркылуу жиберилген арыздын негизинде жүргүзүлөт.
23. Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок, Кыргыз Республикасынын аймагында ыйгарым укуктуу банкта эсеп ачкан жана транзакция салыгынын режими боюнча иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм мамлекеттик каттоодон өтпөстөн салыктык каттоодон өтүүгө тийиш.
Аталган уюмду каттоо транзакцияларга салык салуу максатында жүргүзүлөт. Аталган уюм эсеп ачкан ыйгарым укуктуу банк транзакцияга салык боюнча салык агенти катары таанылат жана салыкты кармап калууга жана которууга, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча салык отчетун берүүгө милдеттүү.
24. Чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн бир жылдан кем эмес мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө уруксат алганга чейин патенттин же өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыктын негизинде гана жеке ишкер катары каттоодон өтүүгө укуктуу.
Чет өлкөлүк жаранды каттоо жүрүүгө көрсөтүлгөн уруксатты алгандан кийин гана башка салык режимдери боюнча жеке ишкер катары катталууга жол берилет.
Ушул пункттун максаттары үчүн жүрүүгө уруксат деп миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жана чет өлкөлүк жарандын жеке ишкердик иш жүргүзүү үчүн бир жылдан кем эмес мөөнөткө Кыргыз Республикасында убактылуу жүрүүгө укугун ырастоочу документ түшүнүлөт.
4-глава. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо
25. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) кайра каттоо үчүн негиздер пайда болгондо;
2) Салык кодексине ылайык салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери өзгөргөндө;
3) эгерде Салык кодексинде каттоонун бир нече жери каралса, салык төлөөчү тарабынан салыктык каттоонун башка жери тандалганда;
4) салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндө;
5) салык төлөөчүнүн ИЖНи өзгөргөндө;
6) салык салуу режими өзгөргөндө.
26. Салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоо субъекттин өзү же салык өкүлү тарабынан берилген салыктык кайра каттоо жөнүндө субъекттин арызынын негизинде жүргүзүлөт.
27. Жеке жактын же жеке ишкердин салыктык кайра каттоо жөнүндө арызы санариптик документ түрүндө субъект тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте адистештирилген оператор аркылуу берилет.
28. Салыктык кайра каттоо юстиция органынан алынган санариптик кабарламанын негизинде ушул Жобонун 25-пунктунун 1-пунктчасынын негизинде жүргүзүлөт.
29. Жеке жактын же жеке ишкердин жайгашкан жери өзгөргөн учурда салыктык кайра каттоо арыздын негизинде учурдагы салыктык катталган жери боюнча жүргүзүлөт.
Юридикалык жакты, филиалды, өкүлчүлүктү кайра каттоо юстиция органынан юридикалык жактын, филиалдын, өкүлчүлүктүн юстиция органында кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө санариптик кабарламаны алгандан кийин салык органы тарабынан жүргүзүлөт.
30. Салык төлөөчү салыктык каттоо жери өзгөргөндүгүнө (бир райондон/шаардан башкага өтүү) байланыштуу салыктык кайра каттоо жөнүндө арыз берген же юстиция органдарынан кабарлама түшкөн учурда, салык органы учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча төмөнкүдөй жагдайлар болгондо салыктык кайра каттоодон баш тартат:
1) салык төлөөчүгө карата белгиленген тартипте аяктабаган көчмө текшерүү жүргүзүлсө;
2) салык төлөөчү тарабынан Салык кодексинин 99-беренесинде берүү боюнча милдет каралган, өткөн салык мезгили үчүн киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча салык отчеттору берилбесе.
Эгерде арыз же кайра каттоо жөнүндө кабарлама тиешелүү отчеттук мезгил үчүн отчет берүүнүн белгиленген мөөнөтү келгенге чейин (отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин) келип түшсө жана көрсөтүлгөн отчет берилбесе, салык төлөөчү тиешелүү отчетту кайра каттоо жүргүзүлгөнгө чейин берүүгө милдеттүү.
Салык органы ушул Жобонун 32-пунктунда каралган мөөнөттө кайра каттоодон баш тартуу жөнүндө салык төлөөчүгө же юстиция органдарына кабарлайт.
31. Жеткирүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болуп саналган санариптик формада кызмат көрсөткөн, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон Кыргыз Республикасынын сатып алуучуларынын – жеке жактарынын – резиденттеринин дарегине товарлар менен санариптик соода жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмду кайра каттоо ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган «КНС-кеңсе» санариптик сервиси аркылуу жиберилген арыздын негизинде каттоо маалыматтары өзгөргөн учурда жүргүзүлөт.
32. Салык органы төмөнкүлөрдү алган күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүнү салыктык кайра каттоого милдеттүү:
1) салык төлөөчүнүн арызы;
2) Салык кодексинин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар тарабынан берилген тиешелүү маалыматтар.
33. Ишинин негизги түрүн өзгөртүүгө жана/же экономикалык иштин кошумча түрүн жүргүзүүгө ниеттенген жеке ишкер экономикалык иш жүргүзүүнү баштаганга чейин салык органына ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча арыз берүүгө милдеттүү.
5-глава. Салыктык каттоо/кайра каттоо жери
34. Салык төлөөчүнүн салыктык каттоо/кайра каттоо жери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ата мекендик уюм үчүн – юридикалык жак катары мамлекеттик катталган жери боюнча салык органы;
2) жеке ишкердик ишин жүргүзбөгөн жеке жак үчүн – катталган (каттоого турган) жери же жашаган жери боюнча салык органы;
3) жеке ишкер үчүн – жеке ишкердин паспортунун маалыматтарына ылайык катталган жери, жашаган жери же ишкердик ишин жүргүзгөн жери боюнча салык органы;
4) дыйкан (фермердик) чарба үчүн – айыл чарба багытындагы жерлер жайгашкан жер боюнча салык органы;
5) чет өлкөлүк уюмдун филиалы, өкүлчүлүгү үчүн – өкүлчүлүктүн же филиалдын Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик катталган жери боюнча.
Паспорттун маалыматтары менен дал келбеген жашаган жери Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы миграция, ошондой эле калкты каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларында ырасталууга тийиш.
35. Кыргыз Республикасында салык салуу объекттерине ээлик кылган чет өлкөлүк уюм же резидент эмес-жеке жак үчүн салык салуу объекти жайгашкан же катталган жери салыктык каттоо/кайра каттоо жери болуп саналат.
36. Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок, Кыргыз Республикасынын аймагында ыйгарым укуктуу банкта эсеп ачкан жана транзакция салыгынын режими боюнча иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм үчүн каттоо жери катары бул уюм эсеп ачкан Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу банкынын салыктык каттоо жери таанылат.
37. Салыктык каттоонун бирден ашык жери каралган салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган каттоо жерлеринин тизмегинен өз алдынча каттоо жерин тандоого укуктуу.
6-глава. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо/кайра каттоо процессинде колдонулуучу документтер
38. Салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык төлөөчү каттоо/кайра каттоо жери боюнча салык органына ушул главага ылайык документтерди жана алардын санариптик түрдөгү же кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрүн берет.
39. Ушул Жобонун 45–47-пункттарында көрсөтүлгөн жеке жактар ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу же адистештирилген оператор аркылуу салыктык каттоодон/кайра каттоодон өткөн учурда документтер ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган форма боюнча жана тартипте берилет.
40. Субъект адистештирилген оператор аркылуу салыктык каттоодон/кайра каттоодон өткөн учурда адистештирилген оператор субъекттин идентификациясы, берилген документтердин аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.
41. Кыргыз Республикасында аккредитацияланган, Салык кодексинин 330-беренесине ылайык КНСти кайтарып берүүгө укуктуу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери же эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү салыктык/эсептик каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) арыз;
2) уюмду, долбоорду түзүү жөнүндө укуктук документтин көчүрмөсү;
3) салык төлөөчүнүн жетекчисин же Салык кодексинин 52-беренесинде каралган тартипте КНСти кайтарып берүүгө документтерди тариздөө боюнча ыйгарым укук берилген адамды дайындоо жөнүндө укуктук документ (буйрук, чечим, протокол, ишеним кат);
4) уюмдун, долбоордун жетекчисин дайындоо жөнүндө укуктук документ (буйрук, чечим, протокол);
5) ушул пункттун 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер жана документтердин көчүрмөлөрү.
42. Кыргыз Республикасында салык салуу объекттерине ээлик кылуучу уюмдар же резидент эмес-жеке жактар салыктык жана/же эсептик каттоодон же кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жөнүндө арызы;
2) мүлктү сатып алуу-сатуу келишими;
3) кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту;
4) Мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмө же өз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык юридикалык жактын катталгандыгын күбөлөндүрүүчү башка документ;
5) паспорт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ катары таанылган башка документ, ошондой эле мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн паспорттун же көрсөтүлгөн документтин көчүрмөсү.
43. Санариптик түрдө кызматтарды көрсөткөн, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон Кыргыз Республикасынын сатып алуучуларынын – жеке жактарынын – резиденттеринин дарегине товарлар менен санариптик соода жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар түздөн-түз же салык агенттери аркылуу ыйгарым укуктуу салык органында аралыктан салыктык эсепке турууга милдеттүү.
44. Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана транзакция салыгынын режими боюнча иш жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында ыйгарым укуктуу банкта эсеп ачкан чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо аталган уюмдун эсеби ачылган ыйгарым укуктуу банктын кабарламасынын негизинде жүргүзүлөт.
Кабарламанын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
45. Жеке жак жеке ишкер катары салыктык каттоодон/кайра каттоодон өтүү үчүн салык органына төмөнкүлөрдү берет:
1) арыз;
2) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорт);
3) паспорт жана анын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (чет өлкөлүк жарандар үчүн);
4) эгерде анда ИЖН жок болгон, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ берилсе, ыйгарылган ИЖН жөнүндө документ жана анын көчүрмөсү;
5) убактылуу жашаган дареги көрсөтүлгөн документ (чет өлкөлүк жарандар үчүн);
6) миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, чет өлкөлүк жарандын жеке ишкердик ишти жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасында бир жылдан кем эмес мөөнөткө убактылуу болуу укугун ырастаган документ.
46. Жеке жактарды – Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо Салык кодексинин 147-беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын маалыматынын негизинде автоматтык режимде жүргүзүлөт.
47. Жеке ишкерди каттоодо салык органынын кызмат адамы ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча санариптик түрдө мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү түзөт.
Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк санариптик түрдө жеке ишкердин «Салык төлөөчүнүн кабинети» маалыматтык системасына (мындан ары – «Салык төлөөчүнүн кабинети» МС) жайгаштырылат.
Санариптик түрдө мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр мурда статистика жана салык органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн, күбөлүктөрдү кагаз жүзүндө гана алган жеке ишкерлер үчүн да түзүлөт.
7-глава. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо
48. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык төлөөчүнүн салыктык катталган жеринен башка аймакта обочолонгон бөлүмү пайда болгон учурда жүргүзүлөт.
49. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо субъект салыктык каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин ишке ашырылат.
50. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
1) салык төлөөчүнүн арызынын;
2) салык салынуучу объекттерди эсепке алууну жана/же каттоону ишке ашырган ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтардын;
3) салыктык контролдоодо аныкталган, адамды салык төлөөгө милдеттендирген жагдайлардын;
4) жеке жак же жеке ишкер тарабынан тиешелүү аймакта патент сатып алуу фактысынын.
51. Эсептик каттоо жери боюнча салык салуу режими салыктык каттоо жери боюнча тандалган салык режимине ылайык колдонулат.
52. Патенттин негизинде иш жүргүзгөн жеке ишкерди же жеке жакты кошпогондо, салык төлөөчү иш жүргүзө баштаганга чейин эсептик катталган жери боюнча салык органына эсептик каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
53. Эгерде эсептик каттоого арыз берген субъекттин салык органында каттоосу жок болсо (анын ичинде салык төлөөчүнүн идентификациялык номери ыйгарылбаса) жана эсептик каттоо жери салыктык каттоо жери менен дал келсе, салык органы ушул Жободо белгиленген тартипте ушул субъектти салыктык каттоону ишке ашырат.
54. Салык төлөөчүнүн арызынын негизинде ишке ашырылуучу салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан салык төлөөчү арыз берген күндөн кийинки бир жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
55. Салык салынуучу объекттерди эсепке алууну жана/же каттоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтардын негизинде же салыктык контролдоодо аныкталган жагдайлардын негизинде ишке ашырылуучу салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан мындай маалыматтар жана жагдайлар келип түшкөн күндөн кийинки 3 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
56. Мүлк салыгын төлөөчү катары эсептик каттоо мүлккө болгон укук катталган күндөн тартып күчүнө кирет.
57. Эсептик каттоо же эсептик каттоону жокко чыгаруу тууралуу жазуу STI-025 формасы боюнча салык төлөөчүнүн каттоо картасына киргизилет жана «Салык төлөөчүнүн кабинети» МСга жиберилет.
58. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органында төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) уюм жана жеке ишкер үчүн:
а) обочолонгон бөлүктүн жайгашкан жери боюнча;
б) салык салынуучу объекттин жайгашкан жери боюнча;
2) патенттин негизинде иш жүргүзгөн жеке ишкер же жеке жак үчүн – эгерде ал салыктык каттоо жеринен тышкары жайгашса, иш жүргүзгөн жери боюнча;
3) ишкердик ишти жүргүзбөгөн жеке жак үчүн – салык салынуучу объекттин жайгашкан жери боюнча.
8-глава. Салык салуу режимин колдонуу
жана өзгөртүү
59. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга ниеттенген салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жеке ишкер же юридикалык жак катары алгачкы мамлекеттик каттоодо каттоо арызында салык режимин жана бирдиктүү салыктын тиешелүү ставкасын тандоого;
2) жалпы салык режиминен өтүүдө «Салык төлөөчүнүн кабинети» МС аркылуу алдыдагы календардык кварталдын биринчи айынын биринчи күнүнө чейин учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына арыз берүүгө;
3) башка атайын салык режимдеринен өтүүдө «Салык төлөөчүнүн кабинети» МС аркылуу арыз берүүгө.
60. Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо төмөнкүдөй күчүнө кирет:
1) жаңыдан катталган субъекттер үчүн – салыктык каттоого алынган күндөн тартып;
2) жалпы салык режиминин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн – арыз берилген кварталдан кийинки календардык кварталдын биринчи айынын биринчи күнүнөн тартып;
3) башка атайын салык режимдеринин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн – салык төлөөчү арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып.
61. Эгерде ушул Жободо башкача белгиленбесе, импортко КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо төмөнкүдөй күчүнө кирет:
1) жаңыдан катталган субъекттер үчүн – салыктык каттоодон өткөн күндөн тартып;
2) жалпы салык режиминин же башка атайын салык режимдеринин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн – импортко КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып.
62. Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун «а» пунктчасында, 6 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттерди, ошондой эле Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттерди кошпогондо, иштин бир нече түрүн жүргүзгөн салык төлөөчү иштин бул түрлөрү үчүн белгиленген бирдиктүү салыктын ставкалары боюнча иштин ар бир түрү боюнча салыктарды өзүнчө эсептейт жана төлөйт.
Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун «а» пунктчасында жана 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, иштин кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө ниеттенген салык төлөөчү иштин кошумча түрүн жүргүзө баштаган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун «б» пунктчасында жана 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн бирдиктүү салыктын ставкаларын колдонууга милдеттүү.
Мында иштин кошумча түрү үчүн иштин ушул түрүнө мүнөздүү болгон бирдиктүү салыктын ставкалары кошумча иштин башталышы жөнүндө арыз берилген күндөн тартып колдонулат.
63. Салык төлөөчүлөр Салык кодексинин 423-беренесинде белгиленген бирдиктүү салыктын колдонулуучу ставкаларын, анын ичинде «Салык төлөөчүнүн кабинети» МС аркылуу берилген арыздын негизинде иштин түрү ылайык келген учурда жана шарттарды сактоодо азайтуу жагына өзгөртүүгө укуктуу.
Бирдиктүү салыктын башка ставкасы боюнча каттоо салык төлөөчү арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
64. Салык төлөөчү бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан ыктыярдуу түрдө чыгууда төмөнкү салыктарды төлөөгө ниеттенген салыктык каттоо жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү:
1) жалпы салык режиминин негизинде – учурдагы жылдын 1-декабрына чейин;
2) башка атайын салык режимдеринин негизинде – салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча каалаган убакта.
Каттоо төмөнкү учурда күчүнө кирет:
1) жалпы салык режиминин негизинде – кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып;
2) башка атайын режимдеринин негизинде – эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, субъект арыз берген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып.
65. Төмөнкүдөй салык салуунун атайын режимдеринин бирин колдонууга ниеттенген салык төлөөчү:
– майнинг салыгы;
– санариптик соода чөйрөсүндөгү ишке салык;
– оюн-зоок ишине салык;
төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1) жеке ишкер же юридикалык жак катары алгачкы мамлекеттик каттоодон өтүүдө каттоо арызында тиешелүү атайын салык салуу режимин тандап көрсөтүүгө;
2) башка салык салуу режимдеринен өтүүдө арызды «Салык төлөөчүнүн кабинети» МС аркылуу берүүгө.
66. Эгерде ушул Жободо башкача белгиленбесе, тандалган атайын салык салуу режими боюнча каттоо төмөнкү учурларда күчүнө кирет:
1) жаңыдан катталган субъекттер үчүн – салыктык каттоого алынган күндөн тартып;
2) башка салык режимдеринин негизинде иштеп жаткан субъекттер үчүн – салык төлөөчү арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып.
67. Эгерде ушул Жободо башкача белгиленбесе, атайын салык режимдеринин бири боюнча катталган жана андан чыгууну каалаган салык төлөөчү «Салык төлөөчүнүн кабинети» МС аркылуу арыз берүүгө жана башка салык салуу режимин тандоого милдеттүү.
Башка салык салуу режими боюнча каттоосу салык төлөөчү арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
68. Юридикалык жак, филиал, өкүлчүлүк же жеке ишкер салыктык каттоодон өтүп жана мамлекеттик каттоо учурунда салык режимин жаңылыш тандап алган болсо, мамлекеттик каттодон өткөн күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде «Салык төлөөчүнүн кабинети» МС аркылуу салык салуу режимин өзгөртүп алуу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде режимди бир жолу өзгөртүүгө жол берилет.
Жаңыдан тандалган салык салуу режими боюнча каттоо алгачкы мамлекеттик каттоо күнүнөн тартып күчүнө кирет.
69. Патенттин негизинде атайын салык салуу режими боюнча салык төлөөчүнүн каттоосу салык төлөөчүнүн патентти алуу фактысынын негизинде автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат жана патентти алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалпы салык режимин же башка атайын салык режимдерин колдонгон жеке ишкер бир эле учурда патенттин негизиндеги атайын салык режимин колдонууга укуктуу эмес.
70. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыктын негизиндеги атайын салык режими боюнча каттоосу же каттоонун жокко чыгаруусу ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына базарлардын администрацияларынан келип түшкөн маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат жана мындай салыкты төлөө милдеттенмеси пайда болгон жана токтотулган күндөн тартып күчүнө кирет.
71. Юридикалык жак ЭЭЗ субъекти катары салыктык кайра каттоодон өтүү максатында ушул Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн арыздан тышкары, ЭЭЗ башкы дирекциясынын ЭЭЗдеги ишинин шарттары жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө чечимин жана ЭЭЗ субъекттеринин реестринен ЭЭЗ субъекти статусун алуу жөнүндө көчүрмөнү салык органына берет.
72. Жогорку технологиялар паркынын (мындан ары – ЖТП) резидентин кайра каттоо резиденттин атайын салык режимин колдонуу ниети жөнүндө ЖТПнын дирекциясынын санариптик кабарламасынын негизинде жүргүзүлөт, ал резидент ЖТПнын резиденти катары катталган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде резиденттин салыктык каттоо жери боюнча салык органына жөнөтүлөт.
ЖТПдагы салык режими боюнча кайра каттоо дирекциянын кабарламасын салык органы алган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
Юридикалык жак жоюлган же жеке ишкердин салыктык каттоосу жокко чыгарылган учурларды кошпогондо, ЖТПнын резиденти статусунан ажыратылганда ЖТПнын дирекциясы 3 жумуш күндүн ичинде резиденттин салыктык каттоо жери боюнча салык органына тиешелүү кабарлама жөнөтөт. ЖТП резиденти статусунан ажыратылганда, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, бул статусунан ажыратылган учурдан тартып Салык кодексине ылайык салык салуу жалпы негизде жүргүзүлөт.
Кабарламанын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
73. ЭЭЗдин, Креативдүү индустриялар паркынын (мындан ары – КИП) жана ЖТПнын дирекцияларынын маалыматтык системасын ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен интеграциялоодо ушул Жободо көрсөтүлгөн документтерди берүү талап кылынбайт.
74. КИП резиденти тарабынан Салык кодексинин 423-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген ставканы колдонуу КИПтин дирекциясына адамдын КИПтин резиденти катары катталгандыгы жөнүндө санариптик кабарламанын негизинде жүзөгө ашырылат. Кабарлама КИПтин дирекциясы тарабынан резиденттин салыктык каттоо жери жер боюнча салык органына салык төлөөчү КИПтин резиденти катары каттоодон өткөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жөнөтүлөт.
Салык кодексинин 423-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген ставкалар боюнча бирдиктүү салыкты төлөө үчүн резидентти кайра каттоо салык органы тарабынан дирекциянын кабарламасы алынган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүзөгө ашырылат.
Юридикалык жак жоюлган же жеке ишкердин салыктык каттоосу жокко чыгарылган учурларды кошпогондо, КИПтин резиденти статусу токтотулганда КИПтин дирекциясы 3 жумуш күндүн ичинде резиденттин салыктык каттоо жери боюнча салык органына тиешелүү кабарлама жиберет.
Салык төлөөчү КИПтин резиденти статусунан ажыратылган учурда резиденттин статусу ажыратылган айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып бирдиктүү салыктын Салык кодексинин 423-беренесинде көрсөтүлгөн башка ставкаларына өтөт.
Кабарламанын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
75. Салык төлөөчү тарабынан ушул Жобонун 72 жана 74-пункттарында көрсөтүлгөн атайын салык режимдерин колдонуу шарттары сакталбаган фактылар аныкталган учурда, салык органы резидент статусунан ажыратуу жөнүндө маселени кароо үчүн тиешелүү дирекцияга маалымат жиберет.
76. Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, салык төлөөчүнүн тандалган салык режими боюнча салыктар төлөнгөндүгү жөнүндө арызын же салык салуу режимин колдонуу же өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды алгандан кийин салык органы STI-025 формасындагы салык төлөөчүнүн каттоо картасына тиешелүү маалыматты киргизет.
STI-025 формасындагы салык төлөөчүнүн каттоо картасы «Салык төлөөчүнүн кабинети» МСке жайгаштырылат.
9-глава. КНС боюнча каттоо жана каттоону
жокко чыгаруу
77. Салык төлөөчү КНС боюнча катталууга тийиш:
1) анын салыктык каттоо датасына карата – салыктык каттоо жөнүндө арыздын негизинде жалпы салык режимине салык төлөөчүнү алгачкы каттоодо;
2) атайын салык режиминен өтүү жөнүндө арызынын негизинде жалпы салык режимине өтүү датасына карата;
3) салык төлөөчү ишкердик ишин жүргүзүп баштаган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып – салыктык кайра каттоо жөнүндө арызынын негизинде мурда аны жүргүзбөгөн салык төлөөчү үчүн.
78. Ушул Жобонун 77-пунктуна ылайык катталууга милдеттүү болгон, бирок каттоо/кайра каттоо жөнүндө арыз бербеген же аны өз убагында бербеген субъектти КНС боюнча каттоо салык органы тарабынан КНС боюнча каттоо жөнүндө милдети же өз убагында арыз берилбегени аныкталгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат жана субъект КНС төлөөчү катары катталууга милдеттүү болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
79. Салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) атайын салык режимине өтүү жөнүндө арыздын;
2) уюмдун жоюлушуна же жеке ишкердин ишинин токтотулушуна байланыштуу салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арыздын;
3) ушул Жобонун 103-пунктуна ылайык салыктык каттоосун мажбурлап жокко чыгаруунун;
4) банкроттук процесси башталган күндөн кийинки 10 жумуш күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү болгон атайын администратор тарабынан КНС төлөөчүнүн банкрот процессинин козголушу.
80. КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу төмөнкү учурларда күчүнө кирет:
1) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, субъект бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөн айдын биринчи күнүнөн тартып;
2) Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген салык режимине өтүү жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки беш жумуш күн өткөндөн кийин;
3) субъект башка атайын салык режимдерине өтүү жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;
4) салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки күндөн тартып;
5) уюмду мажбурлап жоюу жөнүндө соттун буйругу мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн же жеке ишкердин каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып.
81. Ушул Жобонун 79-пунктунун 1, 2 жана 4-пунктчаларында каралган учурларда салык төлөөчү же атайын администратор КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу үчүн салык органына КНС боюнча акыркы салык отчетун берет.
82. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу салык төлөөчүнү КНС боюнча салык милдеттенмесин аткаруудан, ошондой эле Салык кодексине ылайык кошуп эсептелген жана/же кошуп эсептелүүгө тийиш болгон пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын төлөөдөн бошотпойт.
83. КНС боюнча каттоодо же каттоосун жокко чыгарууда салык органынын кызмат адамы STI-025 формасындагы салык төлөөчүнүн каттоо картасына маалыматты киргизет.
10-глава. Салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу
84. Салык төлөөчүнүн салыктык каттоосун жокко чыгаруу салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу менен төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) салык төлөөчүнүн ишин токтотуу тууралуу арызынын;
2) Салык кодексинде белгиленген башка негиздер боюнча салык төлөөчүнүн ишин токтотууну каттоо, анын салык милдеттенмелерин токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтын;
3) ушул Жобонун 11-главасында көрсөтүлгөн салыктык каттоону мажбурлап жокко чыгаруу жөнүндө документтердин;
4) жеке ишкерди каттоону мыйзамсыз жана жасалма документтердин негизинде жүргүзүлгөн деп таануу жөнүндө соттун чечиминин;
5) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана транзакцияга салык режими боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында ыйгарым укуктуу банкта эсеп ачкан чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу банкындагы эсебинин жабылгандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча ыйгарым укуктуу банктын кабарламасынын.
85. Салыктык каттоосун жокко чыгаруу салык кызматынын органдары тарабынан башкарылуучу салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча карызы, ошондой эле салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу жок болгон шартта жүргүзүлөт.
86. Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты жоюу процессинин башталышы жөнүндө кабарламаны салыктык каттоо жери боюнча салык органына жиберет.
87. Салык органы 20 жумуш күндүн ичинде тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга салык милдеттенмесинин тобокелдиги бар же жок экендиги жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
88. Салык милдеттенмесинин тобокелдиги бар экендиги жөнүндө маалымат алдыдагы пландан тышкаркы текшерүүнү жүргүзүү же уюмду жоюуда иликтөө мөөнөттөрүнө карата маалыматтарды камтууга тийиш.
89. Юридикалык жак жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламасын алган күндөн тартып 20 жумуш күн өткөндөн кийин салык органы тарабынан салык милдеттенмесинин болуу тобокелдиги жөнүндө маалыматтын берилбеши көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салык төлөөчүдө салык карызынын жок экендигин таануу үчүн негиз болуп саналат.
90. Юридикалык жактын салыктык каттоосун жокко чыгаруу каттоочу органдын юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо жөнүндө кабарламасынын негизинде жүзөгө ашырылат.
91. Жеткирүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон санариптик формада кызматтарды көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдун салыктык каттоосун жокко чыгаруу салык органы тарабынан төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайтында жайгаштырылган «КНС-кеңсе» санариптик сервиси аркылуу ишин токтотуу жөнүндө арыз берилгенде;
2) бир жылдын ичинде салык отчеттуулугу берилбегенде;
3) салык органы тарабынан каттоо жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын анык эместиги аныкталганда.
92. Юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо датасы болуп каттоочу орган тарабынан тиешелүү буйрук чыгарылган дата эсептелет.
93. Патенттин негизинде иш жүргүзбөгөн жеке ишкердин ишин токтотууну каттоодо арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:
1) салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгарууга арызды;
2) «Салык төлөөчүнүн кабинети» МС аркылуу кайрылуу учурларын кошпогондо, инсандыгын ырастоочу документти (паспортту) жана анын көчүрмөсүн;
3) Салык кодексине ылайык салык төлөөчү отчетторду жана бирдиктүү салык декларациясын берүүдөн бошотулган учурларды кошпогондо, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жоюу отчетторун, бирдиктүү салык декларациясын.
94. Жеке ишкер каза болгон же ал өлгөн деп белгиленген тартипте жарыяланган учурда, мындай жеке ишкердин укугуна ээ болгон укук улантуучусу укук улантуучу катары укукка ээ болгон учурдан тартып 6 айдын ичинде 93-пунктта көрсөтүлгөн документтерди жана каза болгон адамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн берет.
Эгерде укук улантуучу каза болгон жеке ишкердин салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылбаса, мындай жеке ишкердин каттоосун жокко чыгаруу ушул главанын ченемдерине ылайык салык кызматынын органдары тарабынан башкарылуучу салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча карызы жок болгон же үмүтсүз катары эсептен чыгарылган шартта жүргүзүлөт.
Жеке жактын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо факты МСКнын маалыматтык системасы аркылуу текшерилет.
95. Мажбурлап жоюу учурларын кошпогондо, юридикалык жакты жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда салык төлөөчү экономикалык ишти жүргүзүү максатында анын атына ачылган бардык банктык эсептердин жабылышын камсыз кылууга милдеттүү.
96. Юридикалык жакты жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда салык органы уюмду жоюу процессинин башталгандыгы жөнүндө юстиция органынын кабарламасын же жеке ишкердин салыктык каттоосун жокко чыгарууга арызын алган учурдан тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө салык органы тарабынан салык төлөөчүгө иликтөө же пландан тышкаркы көчмө текшерүү жүргүзүлөт.
97. Салык органы тарабынан салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес төлөмдөр кошуп эсептелген учурда салык төлөөчү салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана салыктык эмес төлөмдөрдүн кошуп эсептелген суммаларын төлөөгө милдеттүү.
98. Салык органы тарабынан салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктык эмес төлөмдөрдү кошуп эсептөө жок болгон учурда Салык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү сактоо талап кылынбайт.
99. Жеке жактын патенттин негизиндеги ишин токтотуу мурда алынган же алынган патенттин (патенттердин) колдонуу мезгили үчүн салыктык көчмө текшерүү жүргүзбөстөн, акыркы алынган патенттин акыркы колдонуу датасынан тартып бир айдан ашык патент албоо факты боюнча жүргүзүлөт.
100. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн эсептик каттоосун жокко чыгаруу эсептик каттоо үчүн негиздер токтотулганда жүргүзүлөт:
1) салык төлөөчүнүн обочолонгон бөлүгүнүн ишин токтотуу;
2) менчик, жер пайдалануу, чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укуктары сыяктуу салык салуу объекттерине карата Салык кодексинде каралган укук токтотулганда;
3) тиешелүү райондун/шаардын аймагында акыркы патенттин колдонуу мөөнөтү аяктаган датадан тартып жеке жак тарабынан 30 күндөн ашык патент алынбаганда.
101. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу ал эсептик каттоо объектине карата келип чыккан салык милдеттенмелерин аткарган шартта жокко чыгарылат.
102. Салык төлөөчүнүн салыктык каттоосун жокко чыгаруу боюнча салыктык иш-аракеттерди жасоонун натыйжалары боюнча салык органы салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат жана Мамлекеттик реестрге каттоону жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды киргизет.
Жеке ишкердин салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим «Салык төлөөчүнүн кабинети» МСга жиберилет.
Чечим ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында санариптик документ түрүндө сакталат.
11-глава. Мажбурлап жоюунун өзгөчөлүктөрү
103. Ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген тартипте салык төлөөчүнү аракетсиздер категориясына киргизген учурда жана салык кызматынын органдары тарабынан башкарылуучу салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча карызы жок болсо, ыйгарым укуктуу салык органы салык кызматынын маалыматтык системаларында тизменин түзүлүшүнө жараша салык кызматынын расмий сайтына аракетсиз салык төлөөчүлөрдүн тизмегин жайгаштырат.
Көрсөтүлгөн тизмек жайгаштырылган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин салык органдары ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген тартипте мажбурлап жоюу жол-жобосуна киришет жана төмөнкүлөргө укуктуу:
1) юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга;
2) жеке ишкердин каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарууга.
104. Жеке ишкердин каттоосун мажбурлап жокко чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган иликтөө актысынын негизинде чыгарылат:
1) жеке ишкер салык отчетун анын тапшыруу мөөнөтү аяктагандан кийин бир жылдын ичинде бербегендиги;
2) салык кызматынын органдары тарабынан башкарылуучу салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча карыздын жоктугу жөнүндө;
3) МСКнын маалыматтык системаларында доонун эскирүү мезгилинде ишкердик ишти жүзөгө ашырууну ырастоочу маалыматтардын жоктугу жөнүндө;
4) уюмдун жана жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын банктарындагы эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар тууралуу, ошондой эле доонун эскирүү мөөнөтүнүн мезгилиндеги анын эсебинин абалы тууралуу маалыматтын жоктугу жөнүндө.
Жеке ишкердин каттоосун мажбурлап жокко чыгарууда иликтөө актысынын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
105. Юридикалык жакты мажбурлап жоюуга арыздар сотко берилет жана төмөнкү материалдар тиркелет:
1) салык кызматынын органдары тарабынан башкарылуучу салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча карыздын жоктугу тууралуу;
2) арыз берген учурга карата доонун эскирүү мезгилинде МСКнын маалыматтык системаларында экономикалык иштин жүзөгө ашырылышы жөнүндө маалыматтардын жоктугу тууралуу.
Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген соттун буйругу салыктык каттоону жокко чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
106. Соттун буйругун берүү жөнүндө сотко арыз Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин ченемдерине ылайык таризделет жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) юридикалык жак тарабынан салык отчетун тапшыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин бир жыл ичинде тапшырылбагандыгы жөнүндө;
2) салык кызматынын органдары тарабынан башкарылуучу салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча карыздын жоктугу жөнүндө;
3) доонун эскирүү мезгилинде МСКнын маалыматтык системаларында ишкердик ишти жүзөгө ашырууну ырастаган маалыматтын жоктугу жөнүндө.
107. Салык органы юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген соттун буйругун алгандан кийин салык органы юридикалык жакты жоюу жөнүндө соттун буйругунун көчүрмөсүн Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринен жана Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунан субъектти чыгаруу үчүн юстиция жана статистика органдарына жиберет.
108. Юридикалык жактын ишин токтотуу жөнүндө юстиция органынын кабарлоосун алгандан кийин салык органы юридикалык жактын салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Салык төлөөчүнүн салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим МСКнын маалыматтык системасында санариптик мыйзам документи түрүндө сакталат.
109. Салыктык каттоону мажбурлап жоюу анын эсептик каттоосун жокко чыгаруу менен бир убакта жүргүзүлөт.
12-глава. Салыктык каттоо жөнүндө салык мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн
салык төлөөчүнүн жана салык органынын
кызмат адамынын жоопкерчилиги
110. Мамлекеттик, салыктык каттоодон өтпөгөн салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
111. Ушул Жобонун талаптарын бузган салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
112. Салык органынын кызмат адамы ушул Жободо белгиленген талаптарды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
113. Мамлекеттик жана салыктык каттоосу жокко чыгарылган уюмдун же жеке ишкердин салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карыздарын жоюу аталган уюмдун уюмдаштыруучулары (катышуучулары) же мурда жеке ишкер катары катталган жеке жак тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык жана салык мыйзамдарында белгиленген учурда, чектерде жана тартипте жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобого
тиркеме
Салык төлөөчүнүн
идентификациялык салык номеринин (ИСН)
түзүмү
Салык органы тарабынан уюмдарга, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдун филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө ыйгарылуучу ИСНдин түзүмү он төрт белгиден турган цифралык разряддардын жыйындысын билдирет:
Б | К | К | А | А | Ж | Ж | Ж | Ж | И | Н | Н | Н | К |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
1. «Б» – субъекттин белгисин билдирет:
1) «0» – юридикалык жак;
2) «3» – резидент эмес – Кыргыз Республикасында салык салынуучу объекттердин ээси болуп саналган чет өлкөлүк уюм, Кыргыз Республикасында катталбаган, Кыргыз Республикасынын жаранына киреше төлөгөн эл аралык уюм. «3» саны менен башталган ИСН көрсөтүлгөн объекттерге жана кирешелерге салык салуу максаттары үчүн гана колдонулат;
3) «4» – Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган жана ыйгарым укуктуу каттоочу органда мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактын филиалы, өкүлчүлүгү;
4) «5» – эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык түзүлгөн дипломатиялык өкүлчүлүк же уюм, эл аралык уюмдардын долбоорлору;
5) «6» – электрондук формада кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле КНС төлөөчү катары катталган Кыргыз Республикасынын аймагы жеткирүү орду болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонбостон сатып алуучулар – жеке жактар – Кыргыз Республикасынын резиденттеринин дарегине товарлар менен электрондук сооданы жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюм;
6) «8» – Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок, Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу банкта эсеп ачкан жана транзакция салыгынын режими боюнча ишти жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюм.
2. «КК» – уюмдун алгачкы катталган күнүн билдирет.
3. «АА» – уюмдун алгачкы катталган айын билдирет.
4. «ЖЖЖЖ» – уюм үчүн алгачкы катталган жылын билдирет.
5. «И» – идентификатор болуп саналат:
1) «0» – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ИСН ыйгаруу;
2) «1» – салык кызматы тарабынан номер ыйгаруу.
6. «ННН» – уюм үчүн алгачкы катталган датасына карата системадагы катар номерин билдирет.
7. «К» – ыйгарылган номердин контролдук саны болуп саналат.