Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 токтомуна) |
Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жана товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелерине ылайык сатып алынган материалдык ресурстар боюнча кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) салык салынуучу берүүлөр боюнча КНС суммасынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү тартибин (мындан ары - КНСтин ашкан суммасы) жана КНСтин ашкан суммасынын негиздүүлүгүнө жана өлчөмүнө камералык текшерүүнү жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу түшүнүктөр:
1) кайтарып берүү - КНСтен ашкан сумманы башка салыктар боюнча салыктык карыздарын төлөө эсебине чегерүү, ошондой эле КНСтен ашып кеткен суммаларды бюджеттен КНС төлөөчүнүн банктык эсебине төлөө;
2) ордун толтуруу - КНСтен ашкан сумманы КНС боюнча салыктык санкцияларды жана анын туумдарын, кийинки салыктык мезгилдин КНСин, ошондой эле анын импортко КНС боюнча милдеттенмесин жана салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча салыктык карызын төлөө эсебинен чегерүү;
3) "FORM STI-012" корутундусу - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча импортко КНС милдеттенмелерин жана салыктардын башка түрлөрү боюнча, салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча салыктык карыздарын төлөөнүн эсебинен КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана аны кайтарып берүү жөнүндө корутунду;
4) "FORM STI-013" корутундусу - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча КНС төлөөчүнүн банктагы эсебине бюджеттен КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү жөнүндө корутунду;
5) камералык текшерүү - КНСтен ашкан сумманын түзүлүшүнүн негиздүүлүгүн жана өлчөмүн аныктоого байланышкан иш-чаралардын комплекси;
6) товар коштоочу документтер - эл аралык автомобилдик коштомо кагазы, темир жол транспорттук коштомо кагазы, товардык-транспорттук коштомо кагазы, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагазы, багаж ведомосту, почта ведомосту, багаж дүмүрчөгү, авиа коштомо кагазы, коносамент, товарлар өткөргүч түтүктөр транспорту жана электр берүү линиялары боюнча ташылган учурда колдонулуучу документтер, акцизделүүчү товарлардын айрым түрлөрүн ташыган учурда колдонулуучу башка документтер, ошондой эле транспорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган ташууда товарларды жана транспорт каражаттарын коштоочу эсеп-фактуралар, спецификациялар, жүктөөчү жана таңгактоочу кагаздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пайдаланылуучу товарлар тууралуу маалыматты, анын ичинде товарлардын наркын ырастоочу башка документтер.
7) эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, бул Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана салык мыйзамдарында пайдаланылган мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдү кошпогондо, салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтин суммасынан сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 327-беренесине ылайык нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдү кошпогондо, белгилүү салык мезгилинде сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтин суммасынан ашып кеткен учурда КНС төлөөчүнүн КНСинин ашкан суммасы Салык кодексинин 326 жана 329-беренелеринде каралган тартипте жана ага ылайык төмөнкүдөй эсепке алынат:
1) КНСтен ашкан сумма арызы жок эле КНС боюнча салыктык санкцияларды жана анын туумдарын төлөөнүн эсебине чегерүү менен орду толтурулат;
2) КНС боюнча салыктык санкциялар жана туумдар боюнча карыздар жок болгон учурда, КНСтен ашкан сумма арызы жок эле кийинки салыктык мезгилге КНСти төлөө эсебине киргизилет;
3) арыздын негизинде КНСтен ашкан сумма товарды импорттоодо КНС боюнча (мындан ары - импортко КНС) милдеттенмени төлөөнүн эсебине киргизүү жолу менен орду толтурулат.
4) арыздын негизинде КНСтин ашып кеткен суммасы салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча салыктык карыздын эсебине орду толтурулат.

4. Салык кодексинин 326-беренесине ылайык түзүлгөн КНСтен ашкан сумманы КНС төлөөчүнүн банктык эсебине кайтарып берүүгө жол берилбейт.
5. Салык кодексинин 326-беренесине ылайык түзүлгөн КНСтен ашкан сумма ар кандай милдеттенмелер боюнча ордун толтурууга жана үчүнчү жактын банктык эсебине кайтарып берүүгө тийиш эмес.
6. Салык төлөөчүнүн КНСтен ашкан суммасынын ордун толтуруу КНС боюнча анын туумдарын жана салыктык санкцияларын кийинки салыктык мезгилдеги КНСти төлөөнүн эсебине салык органы тарабынан арыз бербестен ишке ашырылат.
61. Импортко КНС боюнча милдеттенмелерди төлөө эсебине ордун толтуруу салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыз жок болгон учурда гана жүргүзүлөт.

7. Импортко КНС эсебине КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу КНС төлөөчүнүн арызы боюнча салык органы тарабынан ишке ашырылат. Корутунду кыйыр салыктар боюнча салык отчетуна ылайык ("FORM STI-123") импортко КНС боюнча милдеттенменин болушу же импортко КНС төлөө боюнча милдеттенменин болушу жөнүндө бажы органынын маалымкатынын негизинде таризделет.
3-глава. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтин суммасынан сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү тартиби
8. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү Салык кодексинин 327-329-беренелеринде каралган тартипте жана ага ылайык төмөнкүдөй эсепке алынат:
1) арыздын негизинде КНСтен ашкан сумма салыктардын башка түрлөрү боюнча анын салыктык карыздарын жоюунун эсебине кайтарып берилүүгө тийиш;
2) арыздын негизинде КНСтен ашкан сумма импортко КНС боюнча милдеттенмелерди төлөө эсебине киргизүү жолу менен орду толтурулат;
3) импортко КНС боюнча карыздар жана салыктык карыздар жок болгон учурда КНСтен ашкан сумма арыздын негизинде КНС төлөөчүнүн банктык эсебине кайтарып берилүүгө тийиш.
9. КНС төлөөчүнүн арызынын жоктугу КНСтен ашкан сумманы КНС боюнча салыктык санкцияларды жана туумдарды, кийинки салыктык мезгилдин КНСин төлөөнүн эсебине киргизүү катары каралат.
91. КНСтин ашып кеткен суммасын кайтарып берүү КНСтин ашып кеткен суммаларынын негизсиз пайда болуу тобокелдигинин факторлору жок болгон учурда жүргүзүлөт.

10. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдүн эсебинен түзүлгөн КНСтен ашкан сумма менен үчүнчү жактын ар кандай милдеттенмелери боюнча ордун толтурууга жана кайтарып берүүгө болбойт.
11. Нөлдүк ставка менен берүүлөрдүн эсебинен түзүлгөн КНСтен ашкан сумма, эгерде салыктык карызы, анын ичинде импортко КНС боюнча карызы болсо, КНС төлөөчүнүн банктык эсебине кайтарылбайт.
4-глава. КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арызды берүү тартиби
12. Салык кодексинин 68-беренесине ылайык КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыз доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде КНС төлөөчүлөр тарабынан берилиши мүмкүн.
КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыздын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
13. Импортко КНС боюнча милдеттенмени төлөөнүн эсебине, салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карызды төлөөнүн эсебине КНСтин жана салык агенти тарабынан кармалуучу КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу, ошондой эле КНСтин ашып кеткен суммасынын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү үчүн банктык эсепке кайтарып берүү жөнүндө салык органына арыз берген учурда, КНС төлөөчү төмөнкүнү кошо алганда, документтердин өзүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү:
1) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө келишим же контракт;
2) товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциянын калдыктарынын реестри жана сатып алуунун эсебинен КНСтин ашып кеткен суммасы пайда болгон негизги каражаттардын балансында негизги каражаттарды эсепке алуу ведомосту;
3) сатып алынган материалдык ресурстар үчүн жеткирүүчүлөргө акы төлөө фактысын ырастоочу төлөм документтери;
4) сатып алынган материалдык ресурстар жана КНСтин суммасы үчүн жеткирүүчүлөргө акы төлөө же накталай түрдө (товар, жумуш же кызмат көрсөтүү менен) төлөө фактысын ырастаган документтер жок болсо, төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш:
- салык органына арыз берилген датага карата КНС төлөөчү менен жеткирүүчүнүн ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы;
- КНС төлөөчүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, төлөмдөрдүн мөөнөттөрү жана ыкмалары жөнүндө келишимден же ага теңештирилген документтен көчүрмө;
5) эгерде, бул мезгил буга чейинки текшерүүдө камтылган болсо, анда КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтурууга жана кайтарып берүүгө арыз берилген мезгилди камтыган көчмө текшерүү актысы;
6) товарларды жүктөөдө тийиштүү мамлекеттин мыйзамдарына ылайык таризделген транспорттук, товар коштоочу документтер, товарлардын эсеп-фактуралары (инвойс);
7) товарларды ташып келүүнү ырастоочу бажы декларациялары;
8) Кыргыз Республикасынын бажы органында импортко КНС төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери;
9) импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери;
10) эл аралык авиаташууларды жүзөгө ашырууда:
- аэропорт кызматтарынын эсеп-фактуралары ("А" формасы);
- самолеттордун бир жолку тейленишин тастыктоо ("С" жана "D" формалары);
- эл аралык авиа коштомо кагаздары (аэрвейбил);
- учууга тапшырмалар;
- эл аралык рейстерге билеттерден түшкөн акча, коштоосуз багажды, почта жөнөтүүлөрүн, консулдук вализди ташууга авиа коштомо кагаздар (багаж ведомосту, лоодшит) жөнүндө отчеттор.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Товарларды экспорттоо учурунда КНС төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтер ушул жобонун 4-тиркемесине ылайык берилет.

15. Бул Жобонун 3-пунктунун 3-пунктчасына жана 8-пунктунун 2-пунктчасына ылайык КНСтен ашкан сумманын ордун толтурууда жана аны кайтарып берүүдө КНС төлөөчү ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органынын белгиленген үлгүдөгү маалымкатын салык органына берүүгө милдеттүү.
Маалымкат Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын жана транспорт каражаттарынын иш жүзүндө келип түшүүсүндө, аларга товар коштоочу документтер болгондо жана ошондо Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенме келип чыкканда бул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча бажы органына арызды КНС төлөөчү берген күндөн тартып 2 (эки) календардык күндөн кечиктирбей бажы органы тарабынан берилет.
Орду толтурулган КНСтен ашкан сумманы колдонууну контролдоо ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө маалымкат берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.
Орду толтурулган КНСтен ашкан сумма берилген маалымкатта көрсөтүлгөн ташып келинген товарларга карата гана колдонулат.
16. КНСтен ашкан сумманы банктык эсепке кайтарып берүүдө КНС төлөөчү салык органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын импортко КНС боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты бул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча берүүгө милдеттүү.
Маалымкат бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан КНС төлөөчү кайрылган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
17. Ыйгарым укуктуу салык органы менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу бажы төлөмдөрү боюнча карызынын болушу же жоктугу жөнүндө маалыматтар ырасталган учурда жазуу жүзүндөгү ырастоо берилбесе болот.
18. Салык органына берилген материалдар топтоочу папкаларда хронологиялык тартипте документтердин тиркелген көчүрмөлөрүнүн реестрин камтууга тийиш, алар номерленип, боо байланып жана КНС төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек жана төмөнкүдөй жазуусу болууга тийиш: "_____" барактары номерленген жана боо байланган, документтердин көчүрмөлөрү туура.".
19. Эгерде КНС төлөөчүгө анын салыктык милдеттенмелерине байланыштуу кылмыш иши козголсо, КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө КНС төлөөчүнүн арызы каралбайт.
20. Даттанууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда КНС менен байланышкан маселелер боюнча салыктык текшерүүнүн натыйжалары боюнча салык кызматынын органынын чечими кароодо болгон мөөнөттүн ичинде КНС төлөөчүнүн КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана аны кайтарып берүү жөнүндө арызы каралбайт.
5-глава. Камералык текшерүүнү жүргүзүү тартиби
21. КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүү КНС боюнча салык отчетунун жана салык төлөөчү берген документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде салык органы жайгашкан жери боюнча жана КНСтен ашкан сумманы эсептөө үчүн негиз болгон мамлекеттик органдардын маалыматынын негизинде жүргүзүлөт.
КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнүн жүрүшүндө товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу түрүндө салык контролу жүзөгө ашырылат.
22. Салык кызматынын органынын кызмат адамы арызды алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде КНС төлөөчүдөн келип түшкөн арызды жана документтердин тиркелген көчүрмөлөрүн карап чыгат, анын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кызматтык кат таризделет.
Кызматтык катта арызды кароодон баш тартуу үчүн негиздердин бар же жоктугу жөнүндө маалымат чагылдырылууга тийиш.
Кароонун жыйынтыктары боюнча КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө же аны жүргүзүүдөн баш тартуу тууралуу салык органынын чечими чыгарылат.
КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө же аны жүргүзүүдөн баш тартуу тууралуу чечимге салык органынын жетекчиси кол коёт.
23. Камералык текшерүү салык органынын жетекчисинин чечиминин негизинде салык органынын кызмат адамы тарабынан анын кызматтык милдеттерине ылайык жүргүзүлөт.
24. Камералык текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 15 (он беш) жумуш күндөн ашпоого тийиш.
Камералык текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) суроо-талаптын багыттары:
а) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (мындан ары - КМШ) катышкан мамлекеттерге жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттук жеткирүүлөрдө; салык төлөөчү берген маалыматтар салык органында болгон маалыматтарга дал келбестиги аныкталган учурда;
б) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге, салык кызматынын маалыматтык системасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык органдары тарабынан ырасталган жана жөнөтүлгөн кыйыр салыктарды төлөө жана товарларды ташып келүү жөнүндө арыздын электрондук версиясы жок болгон учурда;
в) "Жашыруун" деген грифи бар аскердик-техникалык багыттагы продукцияны чыгаруучу КНС төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине экспорттук берүүлөрүндө;
2) утурлама текшерүүнү жүргүзүү мезгилинде;
3) товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциялардын калдыктарын алуу мезгилинде жана аларды сатып алуунун эсебинен КНСтен ашкан сумма пайда болгон негизги каражаттардын балансында болушун аныктоодо.
Мөөнөтү суроо-талапка жооп алынгандан, утурлама текшерүү аяктагандан кийин, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу актысына кол коюлгандан кийинки жумуш күндөн тартып башталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Салык органынын кызмат адамы камералык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымкат түзөт.
Камералык текшерүүнүн маалымкатында төмөнкүлөр чагылдырылышы керек:
- КНСтен ашкан сумманын пайда болушунун себептери;
- КНС төлөөчүдө импортко КНС жана салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча карызды кошкондо башка салыктар боюнча салык карыздарынын болушу же жоктугу;
- өткөн үч жыл үчүн мурда жүргүзүлгөн көчмө салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары;
- нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу жеткирүүлөрдү жүзөгө ашыруунун эсебинен КНСтин ашып кеткен суммасы пайда болгон учурда Салык кодексинин 327-беренесинде көрсөтүлгөн КНСтин ашып кеткен суммасынын негизсиз пайда болуу тобокелдигинин факторлорунун бар же жок экендигин талдоонун натыйжалары;
- текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча иш жүзүндө түзүлгөн салык түзүүчү көрсөткүчтөрдү (алгачкы документтердин маалыматтарын) КНС төлөөчү тарабынан берилген салык отчетторунун маалыматтарын, анын ичинде салык кызматынын маалыматтык системасынын тиешелүү модулдарынан алынган маалыматтар менен салыштыруунун жыйынтыктары;
- КНС боюнча салык отчетунда көрсөтүлгөн импортко КНС суммаларынын кыйыр салыктар боюнча отчеттогу суммаларга ылайык келиши;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо контролдук баалардын минимумдук деңгээлинин талаптарын аткаруунун жыйынтыктары;
- берүүлөр боюнча, анын ичинде нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу жана бошотулган берүүлөр боюнча отчеттук реестрлерди, сатып алынган материалдык ресурстардын реестрлерин электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасындагы маалыматтарга шайкештигин салыштыруунун натыйжалары;
- сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсепке алынууга тийиш болгон КНСти төлөө фактысын ырастоочу документтерди текшерүүнүн жыйынтыктары;
- айрым операцияларды текшерүү зарылдыгы келип чыкканда КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү маселесин чечүү үчүн документтерди берген КНС төлөөчүнүн дарегине алар жүргүзгөн берүүлөрдүн аныктыгы боюнча берүүчүлөргө жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары. Субъекттерди утурлама текшерүүлөр сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсепке алынууга тийиш болгон КНС текшерилүүчү мезгил үчүн эсепке алынган КНСтин жалпы суммасынан 5 (беш) жана андан ашык пайызды түзгөн берүүчүлөр боюнча милдеттүү түрдө жүргүзүлөт;
- товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциялардын калдыктарын алуунун жана баланста негизги каражаттардын болушун аныктоонун жыйынтыктары, ошол негизги каражаттарды сатып алуунун эсебинен КНСтен ашкан сумма пайда болгон. Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун актысына фото, видео жазуу тиркелиши мүмкүн;
- салык кызматынын маалыматтык системасында товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө ырасталган арыздардын "FROM STI-136" болушу жөнүндө маалымат;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, КМШга катышкан мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарына ушундай жеткирүүлөрдү ырастоо максатында ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу жиберилген КНС төлөөчү тарабынан ишке ашырылган экспорттук жеткирүүлөр боюнча суроо-талап жиберилген учурда, суроо-талаптын жыйынтыктары.
Суроо-талап төмөнкү учурларда жиберилет:
а) КМШга катышкан мамлекеттерге жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттук жеткирүүлөрдө салык төлөөчү берген маалыматтар салык органында болгон маалыматтарга шайкеш эместиги аныкталган учурда;
б) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге, салык кызматынын маалыматтык системасында товарларды ташып келүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык органдары тарабынан ырасталган жана жөнөтүлгөн кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын электрондук версиясы жок болгон учурда;
в) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине "Жашыруун" деген грифи бар аскердик-техникалык багыгтагы продукция чыгаруучу КНС төлөөчүлөрдүн экспорттук берүүлөрүндө, ушундай берүүлөрдү ырастоо максатында.
Суроо-талап төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- жиберүүчүнүн жана алуучунун аталышын;
- жиберүүчүнүн өлкөсүнүн жана алуучу өлкөнүн бажы декларацияларынын маалымдама номерлерин көрсөтүү менен бажылык тариздөө күнүн;
- экспорттолгон товардын аталышын;
- экспорттолгон товардын санын жана наркын;
- келишимге (контрактка) ылайык экспорттолгон товар үчүн төлөө фактысын (акча каражаттары менен, же натуралай түрдө -товар, жумуш, кызмат көрсөтүү менен) ырастоочу документин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. Камералык текшерүү боюнча маалымкат эки нускада түзүлөт жана текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамы, тиешелүү бөлүмдүн начальниги жана салык органынын начальниги тарабынан кол коюлат.
27. Камералык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр тууралуу чечим кабыл алынат:
1) ырасталган сумманы көрсөтүү менен КНСтен ашкан сумманы ырастоо жөнүндө;
2) ырасталган сумманы көрсөтүү менен КНСтен ашкан сумманы жарым-жартылай ырастоо жөнүндө;
3) ырасталбаган сумманы көрсөтүү менен КНСтен ашкан сумманы ырастабоо жөнүндө.
28. Салыкты туура эмес эсептөө фактылары аныкталган учурда, кызмат адамы Салык кодексинин 117-беренесине ылайык пландан тышкары текшерүүнү дайындоо маселесин кароо жөнүндө кызматтык катты түзөт.
29. Эгерде билдирилген мезгил мурда көчмө пландуу же пландан тышкары текшерүүлөр менен камтылса, анын жыйынтыктары боюнча ушул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн ырасталган маалыматты камтыган көчмө текшерүү актысы бар болсо, анда көчмө текшерүүнүн бул актысы КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн ырастоо үчүн негиз болуп саналат.
30. КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү ишке ашырууда КНС төлөөчү салык органынын кызмат адамына бухгалтердик документтерге жетүүсүн камсыз кылууга жана ага товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциянын калдыктарын алууда, негизги каражаттарды сатып алуунун эсебинен КНСтин ашыкча суммасы түзүлгөн негизги каражаттар баланста болушун аныктоодо көмөк көрсөтүшү керек.
6-глава. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөр КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби
31. КНС төлөөчү бир эле учурда төмөнкү шарттарды сактаган учурда КНСтен ашкан сумманы кайтарып жеткирүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибине укуктуу:
1) КНС төлөөчү жеткирүүлөрдү нөлдүк ставка боюнча жүзөгө ашырса жана бул жеткирүүлөрдүн жалпы наркы катары менен кеткен 6 айга барабар мезгил ичинде жеткирүүлөрдүн салык салынуучу жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмесин түзсө;
2) КНС төлөөчүнүн акыркы 12 календардык ай ичинде нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу жеткирүүлөрүнүн наркы 40 миллион сомдон кем эмес болсо;
3) КНС төлөөчүнүн өздүк негизги каражаттарынын наркы 15 миллион сомдон кем эмес болсо.

32. КНС төлөөчү жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү жөнүндө салык органына арыз менен кайрылганда салык төлөөчүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн негизги каражаттардын эсепке алуу ведомостун жана билдирилген салык мезгили үчүн салык салынуучу берүүлөр жана сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсеп-фактуралардын реестрин берет.
33. Салык органы КНС төлөөчүдөн арызды алган күндөн кийинки 5 (беш) жумуш күндүн ичинде Салык кодексинин 328-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шартка ылайык келүүсүн, ошондой эле КНСтен ашкан суммалардын түзүлүшү негизсиздигинин тобокелдик факторлорунун бар же жок экендигин карайт:
1) КНС төлөөчүнүн КНСти кайтарып берүү үчүн арыз берилген күнгө карата ишинин мөөнөтү 24 (жыйырма төрт) календардык айдан аз;
2) КНС төлөөчү тарабынан КНСти кайтарып берүү үчүн арыз берилген күнгө карата 12 (он эки) календардык айга жетпеген экспорттук берүүлөрдү жүзөгө ашыруусу;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) акыркы эки салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча толуктап эсептелген салыктардын суммасы текшерилген мезгилдеги салыктык милдеттенмелердин жалпы суммасынын 10 (он) пайызынан ашат;
7) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына экспорттук жеткирүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда салык кызматынын маалыматтык системасында товарларды ташып кирүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу салык органдарынан алынган кыйыр салыктар төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдөгү маалыматтын жоктугу жана/же алардын КНС төлөөчүнүн салык отчетунан айырмачылыгы;
8) КНС боюнча салык отчетторунун маалыматтарын жана/же электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын маалыматтарын талдоонун жыйынтыктары боюнча аныкталган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн көрсөткүчтөрү менен КНС төлөөчүнүн көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиги;
9) өткөн 3 (үч) жыл үчүн төлөнгөн салыктардын суммасы ордун толтурууга жана кайтарып берүүгө коюлган КНСтен ашкан суммадан аз.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
34. КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибинин талаптарына ылайык келе тургандыгын аныктоодо салык органы салык төлөөчү тарабынан берилген салыктык жана бухгалтердик отчетторунун жана эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын маалыматтарын, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык органдарынан түшкөн төлөнгөн кыйыр салыктардын суммасы жөнүндө электрондук түрдөгү маалыматты, тышкы экономикалык иш жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын пайдаланат.
35. Салык органынын кызмат адамы жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө маалымкатты тариздейт, ага текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамы жана тиешелүү бөлүмдүн начальниги, ошондой эле салык органынын начальниги кол коёт.
36. КНС төлөөчүнүн арызын карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча салык органы тарабынан КНСтен ашкан сумманы жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча кайтарып берүү жөнүндө чечим же жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча КНСти кайтаруудан жана/же ордун толтуруудан баш тартуу тууралуу чечим чыгарылат.

37. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
37-1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
38. КНСтен ашкан сумма жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча кайтарып берилген КНС төлөөчүлөрүндө КНСтен ашкан сумма келип чыгышынын негиздүүлүгү жана анын өлчөмү Салык кодексинин 117-беренесине ылайык салык кызматынын органдары жүргүзгөн салыктык көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө ырасталат.
39. Көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгү жана кайтарып берүү фактысы аныкталган учурда салык органы ушул Жобонун 8-главасына ылайык чараларды көрөт.
7-глава. КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана аны кайтарып берүү жөнүндө корутундуларды аткаруунун тартиби
40. Кабыл алынган чечимдин негизинде салык органы КНС төлөөчүнүн салыктык катталуу орду боюнча "FORM STI-012" жана/же "FORM STI-013" корутундусун үч нускада жазып берет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгына (мындан ары - Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгы) жазып берилген корутундуларды тиркөө менен корутундулардын реестрин аткаруу үчүн жиберет.
41. Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгы жазып берилген корутундуларды тиркөө менен корутундулардын реестрин алган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен аткарууга милдеттүү.
42. Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктары аткаргандан кийин "FORM STI-012" жана/же "FORM STI-013" корутундулар салык органына кайтарылып берилет.
8-глава. Кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу жол-жобосу
43. Салык органы КНСтен ашкан сумманын укукка каршы ордун толтуруу жана кайтарып берүү фактыларын аныктаганда, КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө мурда кабыл алынган чечимин жокко чыгаруу тууралуу чечимди чыгарат.
44. Салык органынын КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө мурда кабыл алган чечимин жокко чыгаруу тууралуу чечиминин негизинде КНС төлөөчү укукка каршы эсепке алынган сумманы бюджетке кайтарып берүүгө милдеттүү.
45. Салык органы туумду эсептөө менен КНС төлөөчүнүн өздүк эсебинин карточкасында эсептелген салыктардын суммасын калыбына келтирет жана Салык кодексине ылайык ушул сумманы өндүрүү боюнча чараларды көрөт.
Банктык эсепке кайтарып берүүдө туум КНС төлөөчүнүн банктык эсебине акча каражаттары которулган күндөн тартып бюджетке кайтарып берген күнгө чейин 0,09 пайыз өлчөмүндө эсептелет.
9-глава. КНСтен ашкан сумманы эсептен чыгаруунун тартиби
46. Доонун эскирүү мөөнөтү өткөн КНСтен ашкан суммалары салык төлөөчүнүн өздүк эсебинен бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылууга тийиш.
47. Доонун эскирүү мөөнөтү өткөн КНСтен ашкан суммаларын эсептен чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн салык органы тарабынан КНСтен ашкан сумманы эсептен чыгаруу жөнүндө комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамы жана анын иш регламенти салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Комиссиянын курамына салык органынын кызмат адамдары кириши керек. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так сан болушу керек, бирок 5 (беш) адамдан кем эмес. Комиссияны салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары жетектейт.
48. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
49. Комиссиянын чечиминин негизинде доонун эскирүү мөөнөтү өткөн КНСтен ашкан сумманы эсептен чыгаруу жөнүндө салык органынын чечими чыгарылат.
50. Эсептен чыгаруу жөнүндө салык органынын чечимине салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары кол коёт.
51. КНСтен ашкан сумманы эсептен чыгаруу жөнүндө салык органынын чечиминин формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
|
| Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Фирмалык бланк
МААЛЫМКАТ 20___-жылдын "___" ____________ № ________
Ушул маалымкат
______________________________________________________________________________
(салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН)
берилди жана салык төлөөчүнүн арызында көрсөтүлгөн маалыматтардын негизиндеги өлчөмдө
(төлөөгө тийиш болгон КНСтин суммасы) КНС төлөө боюнча милдеттенме
пайда болгон ___________________________________________________________________
(салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН)
товарларды ____________________________________________________________________
(транспорттук документтин номери, инвойс/эсеп-фактура номери,
товардын аталышы, ТЭИ ТН коду, саны)
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү
фактысын ырастайт.

Жогоруда аталган товарлар 20__-жылдын "____" ______________ № ____________________
убактылуу сактоо документине ылайык 20__-жылдын "_____" ___________________________
тартып ___________________________ убактылуу сактоого (убактылуу сактоо
кампасынын дареги) жайгаштырылды.
Маалымкат _________________________________________________ району боюнча салык
органына берүү үчүн берилди жана ___________________________ күндүн ичинде жарактуу.
(*) Маалымкат берилген күнгө карата валюта курсу жана бирдиктүү бажы тарифинин ставкасы
боюнча эсептелген импортко КНСтин суммасы.
Бажы органынын начальниги | __________________ | _____________________________ |
(аталышы) | (колу) | аты-жөнү (толугу менен) |
Бажы органынын М.О.
|
| Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып келүү фактысын ырастаган маалымкатты алуу жөнүндө АРЫЗ
________________________________________________________________________________

(аталышы, ИСН, ОКПО, уюмдун дареги же аты-жөнү, жеке жактын дареги)
Төмөндө көрсөтүлгөн товар коштоочу документтерге ылайык салык органына берүүгө жана
андан ары бюджеттен КНСтин ашкан суммасынын ордун толтурууга ички керектөө үчүн чыгаруунун
бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер
пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин
бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө маалымкат берүүнү суранам:

товардын аталышы, ТЭИ ТН коду жана саны)
Аталган товар ____________________________________________________________________
(салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН)
ички керектөө үчүн чыгаруу жол-жобосуна жайгаштырууга милдеттенет.
______________________________ | __________________ | ____________________________ |
(жетекчинин кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
20___-жылдын "____" _________________________
М.О.
|
| Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |

Ушул маалымкат (салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСНи)
бул субъекттин 200_-жылдын "____" _____________________ карата импортко КНС
боюнча карызы жок экендиги жөнүндө берилди.
Маалымкат _________________________________ району боюнча салык органына
берүү үчүн берилди жана ____________________________ күндүн ичинде жарактуу.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси | ___________________ | ____________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдын М.О.
Тиркеме Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жана товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Товарлардын экспортун ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ

Товарлардын экспортун ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана аларга тиркемелерди эске алуу менен, алардын негизинде товарларды экспорттоо жүзөгө ашырылуучу келишимдер (макулдашуулар);
2) аймагына товарлар импорттолуп жаткан Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттин салык органынын белгиси коюлган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө электрондук түрдөгү, ЕАЭБге мүчө бир мамлекеттин аймагынан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагына товарларды экспорттоодо кыйыр салыктарды төлөө (салык милдеттенмелерин аткаруудан бошотуу же башка тартипте) жөнүндө кагаз жүзүндөгү арыздын көчүрмөсү;
3) товарларды алып өтүүнү ырастаган транспорттук жана товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү;
4) магистралдык өткөргүч түтүктөр системасы же электр берүү линиялары боюнча товарларды кабыл алуу-өткөрүү актысы;
5) экспорттолгон товарлар үчүн салык төлөөчүнүн кассасына же банктык эсептерине акчанын түшүүсүн ырастоочу документтер;
6) интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын интеллектуалдык менчик объектине болгон укугу, ошондой эле интеллектуалдык менчик объекти экспорттолгон учурда анын наркы жөнүндө ырастоосу;
7) товарларды экспорттоого бажы декларациялары.
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 токтомуна) |
Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жана товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 27-августундагы № 525 , 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелерине ылайык сатып алынган материалдык ресурстар боюнча кошумча нарк салыгынын (мындан ары - КНС) салык салынуучу берүүлөр боюнча КНС суммасынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү тартибин (мындан ары - КНСтин ашкан суммасы) жана КНСтин ашкан суммасынын негиздүүлүгүнө жана өлчөмүнө камералык текшерүүнү жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу түшүнүктөр:
1) кайтарып берүү - КНСтен ашкан сумманы башка салыктар боюнча салыктык карыздарын төлөө эсебине чегерүү, ошондой эле КНСтен ашып кеткен суммаларды бюджеттен КНС төлөөчүнүн банктык эсебине төлөө;
2) ордун толтуруу - КНСтен ашкан сумманы КНС боюнча салыктык санкцияларды жана анын туумдарын, кийинки салыктык мезгилдин КНСин, ошондой эле анын импортко КНС боюнча милдеттенмесин жана салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча салыктык карызын төлөө эсебинен чегерүү;
3) "FORM STI-012" корутундусу - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча импортко КНС милдеттенмелерин жана салыктардын башка түрлөрү боюнча, салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча салыктык карыздарын төлөөнүн эсебинен КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана аны кайтарып берүү жөнүндө корутунду;
4) "FORM STI-013" корутундусу - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча КНС төлөөчүнүн банктагы эсебине бюджеттен КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү жөнүндө корутунду;
5) камералык текшерүү - КНСтен ашкан сумманын түзүлүшүнүн негиздүүлүгүн жана өлчөмүн аныктоого байланышкан иш-чаралардын комплекси;
6) товар коштоочу документтер - эл аралык автомобилдик коштомо кагазы, темир жол транспорттук коштомо кагазы, товардык-транспорттук коштомо кагазы, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагазы, багаж ведомосту, почта ведомосту, багаж дүмүрчөгү, авиа коштомо кагазы, коносамент, товарлар өткөргүч түтүктөр транспорту жана электр берүү линиялары боюнча ташылган учурда колдонулуучу документтер, акцизделүүчү товарлардын айрым түрлөрүн ташыган учурда колдонулуучу башка документтер, ошондой эле транспорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган ташууда товарларды жана транспорт каражаттарын коштоочу эсеп-фактуралар, спецификациялар, жүктөөчү жана таңгактоочу кагаздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пайдаланылуучу товарлар тууралуу маалыматты, анын ичинде товарлардын наркын ырастоочу башка документтер.
7) эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, бул Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана салык мыйзамдарында пайдаланылган мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдү кошпогондо, салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтин суммасынан сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 327-беренесине ылайык нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдү кошпогондо, белгилүү салык мезгилинде сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтин суммасынан ашып кеткен учурда КНС төлөөчүнүн КНСинин ашкан суммасы Салык кодексинин 326 жана 329-беренелеринде каралган тартипте жана ага ылайык төмөнкүдөй эсепке алынат:
1) КНСтен ашкан сумма арызы жок эле КНС боюнча салыктык санкцияларды жана анын туумдарын төлөөнүн эсебине чегерүү менен орду толтурулат;
2) КНС боюнча салыктык санкциялар жана туумдар боюнча карыздар жок болгон учурда, КНСтен ашкан сумма арызы жок эле кийинки салыктык мезгилге КНСти төлөө эсебине киргизилет;
3) арыздын негизинде КНСтен ашкан сумма товарды импорттоодо КНС боюнча (мындан ары - импортко КНС) милдеттенмени төлөөнүн эсебине киргизүү жолу менен орду толтурулат.
4) арыздын негизинде КНСтин ашып кеткен суммасы салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча салыктык карыздын эсебине орду толтурулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Салык кодексинин 326-беренесине ылайык түзүлгөн КНСтен ашкан сумманы КНС төлөөчүнүн банктык эсебине кайтарып берүүгө жол берилбейт.
5. Салык кодексинин 326-беренесине ылайык түзүлгөн КНСтен ашкан сумма ар кандай милдеттенмелер боюнча ордун толтурууга жана үчүнчү жактын банктык эсебине кайтарып берүүгө тийиш эмес.
6. Салык төлөөчүнүн КНСтен ашкан суммасынын ордун толтуруу КНС боюнча анын туумдарын жана салыктык санкцияларын кийинки салыктык мезгилдеги КНСти төлөөнүн эсебине салык органы тарабынан арыз бербестен ишке ашырылат.
61. Импортко КНС боюнча милдеттенмелерди төлөө эсебине ордун толтуруу салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыз жок болгон учурда гана жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Импортко КНС эсебине КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу КНС төлөөчүнүн арызы боюнча салык органы тарабынан ишке ашырылат. Корутунду кыйыр салыктар боюнча салык отчетуна ылайык ("FORM STI-123") импортко КНС боюнча милдеттенменин болушу же импортко КНС төлөө боюнча милдеттенменин болушу жөнүндө бажы органынын маалымкатынын негизинде таризделет.
3-глава. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтин суммасынан сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү тартиби
8. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөр боюнча КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү Салык кодексинин 327-329-беренелеринде каралган тартипте жана ага ылайык төмөнкүдөй эсепке алынат:
1) арыздын негизинде КНСтен ашкан сумма салыктардын башка түрлөрү боюнча анын салыктык карыздарын жоюунун эсебине кайтарып берилүүгө тийиш;
2) арыздын негизинде КНСтен ашкан сумма импортко КНС боюнча милдеттенмелерди төлөө эсебине киргизүү жолу менен орду толтурулат;
3) импортко КНС боюнча карыздар жана салыктык карыздар жок болгон учурда КНСтен ашкан сумма арыздын негизинде КНС төлөөчүнүн банктык эсебине кайтарып берилүүгө тийиш.
9. КНС төлөөчүнүн арызынын жоктугу КНСтен ашкан сумманы КНС боюнча салыктык санкцияларды жана туумдарды, кийинки салыктык мезгилдин КНСин төлөөнүн эсебине киргизүү катары каралат.
91. КНСтин ашып кеткен суммасын кайтарып берүү КНСтин ашып кеткен суммаларынын негизсиз пайда болуу тобокелдигинин факторлору жок болгон учурда жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөрдүн эсебинен түзүлгөн КНСтен ашкан сумма менен үчүнчү жактын ар кандай милдеттенмелери боюнча ордун толтурууга жана кайтарып берүүгө болбойт.
11. Нөлдүк ставка менен берүүлөрдүн эсебинен түзүлгөн КНСтен ашкан сумма, эгерде салыктык карызы, анын ичинде импортко КНС боюнча карызы болсо, КНС төлөөчүнүн банктык эсебине кайтарылбайт.
4-глава. КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыздарды берүү тартиби
12. КНС төлөөчү доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде арыз бере алат:
1) КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүүнү жүргүзүүгө;
2) камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ырасталган КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө.
Арыздардын формалары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Салык органына КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүүгө арыз берилген учурда, КНС төлөөчү төмөнкүнү кошо алганда, документтердин өзүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү:
1) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө келишим же контракт;
2) товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциянын калдыктарынын реестри жана сатып алуунун эсебинен КНСтин ашып кеткен суммасы пайда болгон негизги каражаттардын балансында негизги каражаттарды эсепке алуу ведомосту;
3) сатып алынган материалдык ресурстар үчүн жеткирүүчүлөргө акы төлөө фактысын ырастоочу төлөм документтери;
4) сатып алынган материалдык ресурстар жана КНСтин суммасы үчүн жеткирүүчүлөргө акы төлөө же накталай түрдө (товар, жумуш же кызмат көрсөтүү менен) төлөө фактысын ырастаган документтер жок болсо, төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш:
- салык органына арыз берилген датага карата КНС төлөөчү менен жеткирүүчүнүн ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы;
- КНС төлөөчүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, төлөмдөрдүн мөөнөттөрү жана ыкмалары жөнүндө келишимден же ага теңештирилген документтен көчүрмө;
5) эгерде, бул мезгил буга чейинки текшерүүдө камтылган болсо, анда КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтурууга жана кайтарып берүүгө арыз берилген мезгилди камтыган көчмө текшерүү актысы;
6) товарларды жүктөөдө тийиштүү мамлекеттин мыйзамдарына ылайык таризделген транспорттук, товар коштоочу документтер, товарлардын эсеп-фактуралары (инвойс);
7) товарларды ташып келүүнү ырастоочу бажы декларациялары;
8) Кыргыз Республикасынын бажы органында импортко КНС төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери;
9) импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери;
10) эл аралык авиаташууларды жүзөгө ашырууда:
- аэропорт кызматтарынын эсеп-фактуралары ("А" формасы);
- самолеттордун бир жолку тейленишин тастыктоо ("С" жана "D" формалары);
- эл аралык авиа коштомо кагаздары (аэрвейбил);
- учууга тапшырмалар;
- эл аралык рейстерге билеттерден түшкөн акча, коштоосуз багажды, почта жөнөтүүлөрүн, консулдук вализди ташууга авиа коштомо кагаздар (багаж ведомосту, лоодшит) жөнүндө отчеттор.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525, 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Товарларды экспорттоо учурунда КНС төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтер ушул жобонун 4-тиркемесине ылайык берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
15. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. Салык органына берилген материалдар топтоочу папкаларда хронологиялык тартипте документтердин тиркелген көчүрмөлөрүнүн реестрин камтууга тийиш, алар номерленип, боо байланып жана КНС төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек жана төмөнкүдөй жазуусу болууга тийиш: "_____" барактары номерленген жана боо байланган, документтердин көчүрмөлөрү туура.".
19. Эгерде КНС төлөөчүгө анын салыктык милдеттенмелерине байланыштуу кылмыш иши козголсо, КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүүгө жана камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ырасталган КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыздар каралбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Ыйгарым укуктуу салык органында КНС менен байланышкан маселелер боюнча салыктык текшерүүнүн натыйжалары боюнча салык органынын чечимине даттанууларды кароо мөөнөтүнүн ичинде КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүүгө жана камералдык текшерүүнүн натыйжалары боюнча ырасталган КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыздар каралбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Камералык текшерүүнү жүргүзүү тартиби
21. КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүү КНС боюнча салык отчетунун жана салык төлөөчү берген документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде салык органы жайгашкан жери боюнча жана КНСтен ашкан сумманы эсептөө үчүн негиз болгон мамлекеттик органдардын маалыматынын негизинде жүргүзүлөт.
КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнүн жүрүшүндө товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу түрүндө салык контролу жүзөгө ашырылат.
22. Салык кызматынын органынын кызмат адамы арызды алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде КНС төлөөчүдөн келип түшкөн арызды жана документтердин тиркелген көчүрмөлөрүн карап чыгат, анын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кызматтык кат таризделет.
Кызматтык катта арызды кароодон баш тартуу үчүн негиздердин бар же жоктугу жөнүндө маалымат чагылдырылууга тийиш.
Кароонун жыйынтыктары боюнча КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө же аны жүргүзүүдөн баш тартуу тууралуу салык органынын чечими чыгарылат.
КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө же аны жүргүзүүдөн баш тартуу тууралуу чечимге салык органынын жетекчиси кол коёт.
23. Камералык текшерүү салык органынын жетекчисинин чечиминин негизинде салык органынын кызмат адамы тарабынан анын кызматтык милдеттерине ылайык жүргүзүлөт.
24. Камералык текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 15 (он беш) жумуш күндөн ашпоого тийиш.
Камералык текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) суроо-талаптын багыттары:
а) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (мындан ары - КМШ) катышкан мамлекеттерге жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттук жеткирүүлөрдө; салык төлөөчү берген маалыматтар салык органында болгон маалыматтарга дал келбестиги аныкталган учурда;
б) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге, салык кызматынын маалыматтык системасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык органдары тарабынан ырасталган жана жөнөтүлгөн кыйыр салыктарды төлөө жана товарларды ташып келүү жөнүндө арыздын электрондук версиясы жок болгон учурда;
в) "Жашыруун" деген грифи бар аскердик-техникалык багыттагы продукцияны чыгаруучу КНС төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине экспорттук берүүлөрүндө;
2) утурлама текшерүүнү жүргүзүү мезгилинде;
3) товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциялардын калдыктарын алуу мезгилинде жана аларды сатып алуунун эсебинен КНСтен ашкан сумма пайда болгон негизги каражаттардын балансында болушун аныктоодо.
Мөөнөтү суроо-талапка жооп алынгандан, утурлама текшерүү аяктагандан кийин, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу актысына кол коюлгандан кийинки жумуш күндөн тартып башталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Салык органынын кызмат адамы камералык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымкат түзөт.
Камералык текшерүүнүн маалымкатында төмөнкүлөр чагылдырылышы керек:
- КНСтен ашкан сумманын пайда болушунун себептери;
- КНС төлөөчүдө импортко КНС жана салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча карызды кошкондо башка салыктар боюнча салык карыздарынын болушу же жоктугу;
- өткөн үч жыл үчүн мурда жүргүзүлгөн көчмө салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары;
- нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу жеткирүүлөрдү жүзөгө ашыруунун эсебинен КНСтин ашып кеткен суммасы пайда болгон учурда Салык кодексинин 327-беренесинде көрсөтүлгөн КНСтин ашып кеткен суммасынын негизсиз пайда болуу тобокелдигинин факторлорунун бар же жок экендигин талдоонун натыйжалары;
- текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча иш жүзүндө түзүлгөн салык түзүүчү көрсөткүчтөрдү (алгачкы документтердин маалыматтарын) КНС төлөөчү тарабынан берилген салык отчетторунун маалыматтарын, анын ичинде салык кызматынын маалыматтык системасынын тиешелүү модулдарынан алынган маалыматтар менен салыштыруунун жыйынтыктары;
- КНС боюнча салык отчетунда көрсөтүлгөн импортко КНС суммаларынын кыйыр салыктар боюнча отчеттогу суммаларга ылайык келиши;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо контролдук баалардын минимумдук деңгээлинин талаптарын аткаруунун жыйынтыктары;
- берүүлөр боюнча, анын ичинде нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу жана бошотулган берүүлөр боюнча отчеттук реестрлерди, сатып алынган материалдык ресурстардын реестрлерин электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасындагы маалыматтарга шайкештигин салыштыруунун натыйжалары;
- сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсепке алынууга тийиш болгон КНСти төлөө фактысын ырастоочу документтерди текшерүүнүн жыйынтыктары;
- айрым операцияларды текшерүү зарылдыгы келип чыкканда КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү маселесин чечүү үчүн документтерди берген КНС төлөөчүнүн дарегине алар жүргүзгөн берүүлөрдүн аныктыгы боюнча берүүчүлөргө жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары. Субъекттерди утурлама текшерүүлөр сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсепке алынууга тийиш болгон КНС текшерилүүчү мезгил үчүн эсепке алынган КНСтин жалпы суммасынан 5 (беш) жана андан ашык пайызды түзгөн берүүчүлөр боюнча милдеттүү түрдө жүргүзүлөт;
- товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциялардын калдыктарын алуунун жана баланста негизги каражаттардын болушун аныктоонун жыйынтыктары, ошол негизги каражаттарды сатып алуунун эсебинен КНСтен ашкан сумма пайда болгон. Товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуунун актысына фото, видео жазуу тиркелиши мүмкүн;
- салык кызматынын маалыматтык системасында товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө ырасталган арыздардын "FROM STI-136" болушу жөнүндө маалымат;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, КМШга катышкан мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарына ушундай жеткирүүлөрдү ырастоо максатында ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу жиберилген КНС төлөөчү тарабынан ишке ашырылган экспорттук жеткирүүлөр боюнча суроо-талап жиберилген учурда, суроо-талаптын жыйынтыктары.
Суроо-талап төмөнкү учурларда жиберилет:
а) КМШга катышкан мамлекеттерге жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттук жеткирүүлөрдө салык төлөөчү берген маалыматтар салык органында болгон маалыматтарга шайкеш эместиги аныкталган учурда;
б) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге, салык кызматынын маалыматтык системасында товарларды ташып келүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык органдары тарабынан ырасталган жана жөнөтүлгөн кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын электрондук версиясы жок болгон учурда;
в) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине "Жашыруун" деген грифи бар аскердик-техникалык багыгтагы продукция чыгаруучу КНС төлөөчүлөрдүн экспорттук берүүлөрүндө, ушундай берүүлөрдү ырастоо максатында.
Суроо-талап төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- жиберүүчүнүн жана алуучунун аталышын;
- жиберүүчүнүн өлкөсүнүн жана алуучу өлкөнүн бажы декларацияларынын маалымдама номерлерин көрсөтүү менен бажылык тариздөө күнүн;
- экспорттолгон товардын аталышын;
- экспорттолгон товардын санын жана наркын;
- келишимге (контрактка) ылайык экспорттолгон товар үчүн төлөө фактысын (акча каражаттары менен, же натуралай түрдө -товар, жумуш, кызмат көрсөтүү менен) ырастоочу документин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. Камералык текшерүү боюнча маалымкат эки нускада түзүлөт жана текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамы, тиешелүү бөлүмдүн начальниги жана салык органынын начальниги тарабынан кол коюлат.
27. Камералык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр тууралуу чечим кабыл алынат:
1) ырасталган сумманы көрсөтүү менен КНСтен ашкан сумманы ырастоо жөнүндө;
2) ырасталган сумманы көрсөтүү менен КНСтен ашкан сумманы жарым-жартылай ырастоо жөнүндө;
3) ырасталбаган сумманы көрсөтүү менен КНСтен ашкан сумманы ырастабоо жөнүндө.
28. Салыкты туура эмес эсептөө фактылары аныкталган учурда, кызмат адамы Салык кодексинин 117-беренесине ылайык пландан тышкары текшерүүнү дайындоо маселесин кароо жөнүндө кызматтык катты түзөт.
29. Эгерде билдирилген мезгил мурда көчмө пландуу же пландан тышкары текшерүүлөр менен камтылса, анын жыйынтыктары боюнча ушул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн ырасталган маалыматты камтыган көчмө текшерүү актысы бар болсо, анда көчмө текшерүүнүн бул актысы КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн ырастоо үчүн негиз болуп саналат.
30. КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү ишке ашырууда КНС төлөөчү салык органынын кызмат адамына бухгалтердик документтерге жетүүсүн камсыз кылууга жана ага товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциянын калдыктарын алууда, негизги каражаттарды сатып алуунун эсебинен КНСтин ашыкча суммасы түзүлгөн негизги каражаттар баланста болушун аныктоодо көмөк көрсөтүшү керек.
301. КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча КНСтен ашкан сумманы ырастоо жөнүндө салык органынын чечиминин негизинде салык төлөөчү импортко КНС боюнча милдеттенмелерди төлөө эсебине, салыктардын башка түрлөрү жана салык агенти тарабынан кармалуучу КНС боюнча салыктык карыздарды төлөө эсебине камералдык текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча ырасталган КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү, ошондой эле банктык эсепке кайтарып берүү жөнүндө арыз берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
302. Бул Жобонун 3-пунктунун 3-пунктчасына жана 8-пунктунун 2-пунктчасына ылайык КНСтен ашкан сумманын ордун толтурууда жана кайтарып берүүдө КНС төлөөчү ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органынын белгиленген үлгүдөгү маалымкатын салык органына берүүгө милдеттүү.
Маалымкат Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына товарлардын жана транспорт каражаттарынын иш жүзүндө келип түшүүсүндө, аларга товар коштоочу документтер болгондо жана ошондо Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенме келип чыкканда, бул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча бажы органына арызды КНС төлөөчү берген күндөн тартып 2 (эки) календардык күндөн кечиктирилбестен бажы органы тарабынан берилет.
Орду толтурулган КНСтен ашкан сумманы колдонууну контролдоо ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө маалымкат берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.
Орду толтурулган КНСтен ашкан сумма берилген маалымкатта көрсөтүлгөн ташып келинген товарларга карата гана колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
303. КНСтен ашкан сумманы банктык эсепке кайтарып берүүдө КНС төлөөчү салык органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын импортко КНС боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты бул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча берүүгө милдеттүү.
Маалымкат бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан КНС төлөөчү кайрылган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
304. Ыйгарым укуктуу салык органы менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу бажы төлөмдөрү боюнча карызынын болушу же жоктугу жөнүндө маалыматтар ырасталган учурда жазуу жүзүндөгү ырастоо берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
305. Салык органы камералдык текшерүүнүн натыйжалары боюнча ырасталган КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып 7 (жети) календардык күндүн ичинде КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүүнүн натыйжалары боюнча ырасталган КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтарып берүү жөнүндө же баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу берүүлөр КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби
31. КНС төлөөчү бир эле учурда төмөнкү шарттарды сактаган учурда КНСтен ашкан сумманы кайтарып жеткирүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибине укуктуу:
1) КНС төлөөчү жеткирүүлөрдү нөлдүк ставка боюнча жүзөгө ашырса жана бул жеткирүүлөрдүн жалпы наркы катары менен кеткен 6 айга барабар мезгил ичинде жеткирүүлөрдүн салык салынуучу жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмесин түзсө;
2) КНС төлөөчүнүн акыркы 12 календардык ай ичинде нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу жеткирүүлөрүнүн наркы 40 миллион сомдон кем эмес болсо;
3) КНС төлөөчүнүн өздүк негизги каражаттарынын наркы 15 миллион сомдон кем эмес болсо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
32. КНС төлөөчү жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү жөнүндө салык органына арыз менен кайрылганда салык төлөөчүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн негизги каражаттардын эсепке алуу ведомостун жана билдирилген салык мезгили үчүн салык салынуучу берүүлөр жана сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсеп-фактуралардын реестрин берет.
33. Салык органы КНС төлөөчүдөн ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү жөнүндө арызды алган күндөн кийинки 5 (беш) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 328-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шартка ылайык келүүсүн, ошондой эле КНСтен ашкан суммалардын негизсиз пайда болуу тобокелдигинин төмөнкүдөй факторлорунун бар же жок экендигин карайт:
1) КНС төлөөчүнүн КНСти кайтарып берүүгө арыз берилген күнгө карата ишинин мөөнөтү 24 календардык айдан аз;
2) КНС төлөөчү тарабынан КНСти кайтарып берүүгө арыз берилген күнгө карата 12 календардык айдан аз экспорттук берүүлөрдү жүзөгө ашыруу;
3) толуктап эсептелген салыктардын суммасынын акыркы эки салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерилген мезгилдеги салыктык милдеттенмелердин жалпы суммасынан 10 пайызга ашуусу;
4) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу салык органдарынан алынган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдөгү маалыматтын салык кызматынын маалыматтык системасында жоктугу жана/же ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына экспорттук берүүлөр жүзөгө ашырылган учурда, алардын КНС төлөөчүнүн салык отчетунан айырмачылыгы;
5) КНС боюнча салык отчетторунун маалыматтарын жана/же электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын маалыматтарын талдоонун жыйынтыктары боюнча аныкталган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн көрсөткүчтөрү менен КНС төлөөчүнүн көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиги;
6) мурунку үч календардык жыл үчүн төлөнгөн салыктардын суммасы ордун толтурууга жана кайтарып берүүгө коюлган КНСтен ашкан суммадан аз.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 431 токтомунун редакциясына ылайык)
331. КНСтен ашкан суммаларды үчүнчү өлкөлөрдөн импортко КНС боюнча салыктык милдеттенмелердин эсебине ордун толтурууда жана кайтарып берүүдө же алыш-бериш эсебине кайтарып берүүдө салык төлөөчү 302 же 303-пункттарга ылайык документтерди берет.