Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрели № 201
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-беренесинин жоболорун жергиликтүү бюджеттер үчүн максаттуу трансферттерди берүү тартибин аныктоо жагынан аткаруу, мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2022-жылдан баштап жыл сайын максаттуу трансферттер боюнча каржылоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын республикалык бюджетте алдын ала карасын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө максаттуу трансферттерди өзүнчө сап менен эсепке алуу жана эске алуу сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 37-38 жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |