Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
| ||
|
| ||||
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомуна) | |||
|
|
|
|
|
|
Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2025-жылдын 3-октябрындагы № 631 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө ушул жободо (мындан ары - Жобо) маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди укуктук жактан жөнгө салуу негиздери белгиленген.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна - компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эске албастан календардык айдын ичинде белгилүү бир татаалдыктагы кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн кызматкердин эмгек акысын белгиленген өлчөмү;
эмгек акы - кызматкердин квалификациясына, аткарылуучу иштин татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы;
компенсациялык төлөмдөр - кызматкерлерге эмгек же кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан кошумча чыгымдардын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр;
дем берүүчү төлөмдөр - кызматкерге эмгектин сапаттуу жана өз убагында натыйжасына жетүүгө дем берүүчү төлөмдөр. Дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр кызматкерге иштин натыйжалуулугун жана сапатын баалоого мүмкүндүк берүүчү критерийлерди эске алуу менен белгиленет;
эмгекти баалап төлөө формасы - көлөмү макулдашууда жана келишимде алдын ала сүйлөшүлгөн иштин толук аткарылгандыгы үчүн кызматкерлерге төлөнүүчү эмгек акы;
типтүү штаттар - мекемелердин штаттык санын тартипке салуунун чектүү ченеми.
3. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы иш убактысынын ченеминин аткарылышын эске алуу менен эсептелет. Эмгек акынын өлчөмү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөрдү эске алуу менен кызматтык маянага жараша аныкталат. Ушул Жободо аталган бардык төлөмдөр (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган кошумча төлөмдөрдөн тышкары) башка жогорулатууларды жана төлөмдөрдү эске албастан, кызматтык маянадан белгиленген өлчөмдө гана эсептелет.
4. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн райондук коэффициенттерди колдонуунун өлчөмдөрү жана тартиби, ошондой эле маданият, искусство, маалымат жана спорт кызматкерлерине ушул Жободо аталбаган башка төлөмдөр бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
5. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин жетекчилери зарыл болгон учурда эмгек акы фондунун чегинде кызматкерлерди жалдоонун келишимдик формасын колдонушу мүмкүн.
6. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин жетекчилери кызматкерлердин эмгек акы фондунун чегинде эмгекти баалап төлөө формасын колдонушу мүмкүн.
7. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмдөрүн өз убагында жана талаптагыдай белгилөө үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- республикалык бюджеттен каржылануучу мекемелер боюнча - маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин жетекчилерине, ал эми борборлоштурулган бухгалтерия тейлеген уюмдар боюнча - биринчи кол коюу укугу менен кредиттердин башкы тескөөчүсүнө;
- жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелер боюнча - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына.
8. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында эмгек акы эсептөөнүн башка тартиби аныкталган маданият, искусство, маалымат жана спорт системасындагы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга жана башка башкаруу органдарынын кызматкерлерине карата колдонулбайт.
2. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына компенсациялык төлөмдөр
9. Маданият, искусство, маалымат жана спорт системасындагы кызматкерлердин кызматтык маяналарына компенсациялык төлөмдөр айрым уюмдардын, бөлүмдөрдүн иштөө шарттарын, өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгиленет.
10. Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүлөр үчүн үстөк акылар кирет:
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын аймактарында иштегендиги үчүн;
- өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн;
- жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашык иштегендиги (айкалыштырып же мөөнөттөн ашык иштөө) үчүн.
11. Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашык иштегендиги (айкалыштырып же мөөнөттөн ашык иштөө) үчүн үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык төлөнөт.
3. Маданият, искусство, маалымат жана спорт уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр
12. Маданият, искусство жана маалымат жана спорт системасында эмгектин өндүрүмдүүлүгүн, кесипкөйлүк жана сапаттык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында кызматкерлердин кызматтык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр белгиленет.
13. Дем берүүчү төлөмдөргө төмөнкүлөр үчүн үстөк акылар кирет:
- илимий даражасы;
- "Эл" же "Эмгек сиңирген" ардак наамы;
- уюмдардын жана мекемелердин "улуттук" статусу же "академиялык" ардак наамы;
- натыйжалуулукка дем берүүчү коэффициенттерди эске алуу менен эмгектин сапаттуу натыйжалары.
14. Илимий даражасы үчүн, маданият, искусство, маалымат жана спорт чөйрөсүндөгү "Эл" же "Эмгек сиңирген" ардак наамы үчүн үстөк акылар, ошондой эле уюмдардын жана мекемелердин "улуттук" статусу же "академиялык" ардак наамы үчүн үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө", 2011-жылдын 25-майындагы № 240 "Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө", 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомдоруна ылайык төлөнөт.
15. Эмгектин сапаттуу натыйжалары үчүн үстөк акылар мекеменин атайын эсебинин каражаттарынан 70 пайыздан ашпаган өлчөмдө эмгек акы фондунун чегинде төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
16. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 631 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн маданият, искусство жана маалымат системасындагы кызматкерлерине ишинин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн кызматтык маянанын 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт.
4. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
18. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан эмгек акы төлөөнүн башка маселелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык каралат.
19. Маданият, искусство, маалымат жана спорт чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына сый акы, үстөк акы берүүгө кошумча максаттуу каражаттар же демөөрчүлүк жардамдар бөлүнгөн учурда аталган каражаттар ар бир кызматкердин салымын эске алуу менен мекеменин жетекчилери тарабынан бөлүштүрүлүүгө тийиш.
20. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин жетекчилерине кызматкерлердин кесиптик бирлиги же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча кошумча каражаттарды иштин сапаттуу болушуна дем берүүгө, уюмдун, мекеменин ишине кошкон өзгөчө салымы үчүн кызматкерлерге сый акы төлөөгө бөлүштүрүү укугу берилет.
21. Адабий сценарийлерди, оригиналдуу музыканы жазгандыгы үчүн автордук гонорарлардын, сахнада оюн койгондугу үчүн сый акылардын өлчөмдөрү "Автордук укуктар жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автордук келишимдерде белгиленет.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ