Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 26-декабрындагы № 839
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 11-марты № 135
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын
бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык
банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71, 111-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |