Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-апрели № 249
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808
2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 1-майынан тартып 2027-жылдын 31-декабрын кошуп алган мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр тарабынан ташылып келүүчү дандын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу импортуна:
- андан ары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун дарегине жеткирилген шартта гана субъект тарабынан;
- андан ары ун кылып тартуу үчүн ун өндүрүүчүнүн өзү же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан;
2) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун дарегине жүзөгө ашырылуучу данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу жеткирүүлөргө;
3) ата мекендик дандан жана/же ушул токтомдун 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн дандан өндүрүлгөн унду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1101), улпакты (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2302 30 100 0) салык салынуучу жеткирүүлөргө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. 2027-жылдын 31-декабрын кошуп алган мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:
1) өсүмдүк майына андан ары кайра иштетүү үчүн гана өсүмдүк майын өндүрүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген рафинирленбеген өсүмдүк майынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512 11 910 9, 1512 11 990 9, 1514 11 900 9 жана 1512 21 900 0) салык салынуучу импортуна;
2) ата мекендик рафинирленбеген өсүмдүк майынан жана/же ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн рафинирленбеген өсүмдүк майынан өндүрүлгөн өсүмдүк майын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512 11 910 1, 1512 19 900 2, 1512 11 990 1, 1512 19 900 3, 1514 11 900 1, 1512 19 900 9, 1514 99 900 1, 1514 99 900 9, 1514 11 900 1 жана 1512 29 900 0) салык салынуучу жеткирүүлөргө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718,2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктундагы "1-августунан" деген сөздөр "1-майынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Товарларга карата салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы тиркемеге ылайык белгиленсин.";
2) 2-пунктундагы "айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн" деген сөздөр "айыл чарба жерлерине мүлккө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын тизмеси";
- 8-пунктунун "ЕАЭБ ТЭИ ТН коду" графасы "2309 90 9609" деген цифралар менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-15-пункттар менен толукталсын:
"
9 | Айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу, горчицанын үрөндөрүнөн башка май өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнөн жана мөмөлөрүнөн тартылган майда жана кесек ун | 1208 | 2022-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрына чейин |
10 | Айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу, дан өсүмдүктөрүнөн же бурчак өсүмдүктөрүн элегенден, тарткандан жана башка кайра иштетүү ыкмаларынан түшкөн майдаланган же майдаланбаган улпак, чаар, кебек жана башка калдыктар | 2302 | 2022-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрына чейин |
11 | Айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу, крахмалды өндүрүүдөн чыккан майдаланган же майдаланбаган калдыктар жана ушул сыяктуу калдыктар, кызылча жому, багасса же кант тростнигинин жому жана кантты өндүрүүдөн чыккан башка калдыктар, барда жана пивону кайнатуудан же винону ачытуудан чыккан калдыктар | 2303 | 2022-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрына чейин |
12 | Айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу, соя майын өндүрүүдөн алынуучу, майдаланган же майдаланбаган, күкүмдөлгөн жана күкүмдөлбөгөн күнжара жана башка катуу калдыктар | 2304 00 000 | 2022-жылдын 1-майынын тартып 31-декабрына чейин |
13 | Өсүмдүк майларын же соя, арахис калдыктарынан башка майларды өндүрүүдөн алынуучу, айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу, майдаланган же майдаланбаган, күкүмдөлгөн же күкүмдөлбөгөн күнжара жана башка катуу калдыктар | 2306 | 2022-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрына чейин |
14 | Айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу, өсүмдүктөрдөн алынган майдаланган же майдаланбаган азыктар жана өсүмдүк калдыктары жана кошумча азыктар | 230800 | 2022-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрына чейин |
15 | Айыл чарба жаныбарларына тоют катары пайдаланылуучу азыктар | 2309 | 2022-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрына чейин |
".
4. Бул токтом 2022-жылдын 20-мартынан тартып күчүнө кире турган 3-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларын жана 2022-жылдын 1-январынан күчүнө кире турган 3-пунктунун 2-пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-апрели № 249
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808
2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 , 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-1-беренесинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомунун редакциясына ылайык)
1. 2022-жылдын 1-майынан тартып 2027-жылдын 31-декабрын кошуп алган мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр тарабынан ташылып келүүчү дандын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу импортуна:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун (мындан ары - Фонд) максаттары же өзүнүн өндүрүшү үчүн ун өндүрүүчүнүн дарегине берүү үчүн Фонд тарабынан;
- өзүнүн өндүрүшү же Фонддун же башка ун өндүрүүчүнүн дарегине берүү үчүн ун өндүрүүчү тарабынан;
2) Фонддун жана/же ун өндүрүүчүнүн дарегине жүзөгө ашырылуучу данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу берүүлөргө;
3) ата мекендик дандан жана/же ушул токтомдун 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн дандан өндүрүлгөн унду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1101), улпакты (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2302 30 100 0) салык салынуучу берүүлөргө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-декабры № 717, 2023-жылдын 28-декабры № 718, 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808, 2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 , 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-1. 2027-жылдын 31-декабрын кошуп алган мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгына нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставка белгиленсин:
1) өсүмдүк майына андан ары кайра иштетүү үчүн гана өсүмдүк майын өндүрүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген рафинирленбеген өсүмдүк майынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512 11 910 9, 1512 11 990 9, 1514 11 900 9 жана 1512 21 900 0) салык салынуучу импортуна;
2) ата мекендик рафинирленбеген өсүмдүк майынан жана/же ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн рафинирленбеген өсүмдүк майынан өндүрүлгөн өсүмдүк майын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1512 11 910 1, 1512 19 900 2, 1512 11 990 1, 1512 19 900 3, 1514 11 900 1, 1512 19 900 9, 1514 99 900 1, 1514 99 900 9, 1514 11 900 1 жана 1512 29 900 0) салык салынуучу берүүлөргө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718,2025-жылдын 22-декабрындагы № 816 , 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктундагы "1-августунан" деген сөздөр "1-майынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 токтомуна ылайык күчүн жоготту)