Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 22-майындагы № 364
токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор,
2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө
кирүүчү 1-пункттун үчүнчү абзацын кошпогондо,
2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
|
| 1-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык) |
Салык карызын өндүрүү
ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карызын өндүрүп алуу тартибин жөнгө салат.
2. Эгерде ушул Тартипте башкача каралбаса, ушул Тартип салык кызматынын органдары башкаруучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү (мындан ары – камсыздандыруу төгүмү) жана салыктык эмес кирешелер боюнча карыздарга карата колдонулат.
2-глава. Салык милдеттенмесин аткаруу
3. Салык милдеттенмеси акчалай милдеттенме болуп саналат жана Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеменин белгилери болбогон чет өлкөлүк уюмдун чет өлкөлүк валютада аткарышы мүмкүн болгон салык милдеттенмесин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сом менен аткарылат.
Салык милдеттенмесин эсептөөдө салык милдеттенмесинин суммасын сом бирдиктерине чейин тегеректөөгө жол берилет.
4. Салык милдеттенмеси салык төлөөчү тарабынан өз алдынча же башка үчүнчү жак тарабынан салыктын бардык эсептелген суммасын төлөөнүн эсебине накталай эмес формада, анын ичинде санарип сом менен дароо же бөлүк-бөлүк боюнча төлөө аркылуу, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда жана салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан аткарылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар!
Ушул Тартиптин 4-пунктуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
5. Уюмду; жоюлуп жаткан төлөөгө жөндөмдүү уюмду же жеке ишкерди; каза болгон же каза болду деп жарыяланган жеке ишкерди; дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз жеке жакты кайра уюштурууда салыктык милдеттенмелерди аткаруу жана салыктык карыздарды жоюу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде (мындан ары – Салык кодекси) каралган тартипте жүргүзүлөт.
6. Банкрот деп таанылган же жарыяланган, төлөөгө жөндөмсүз уюмдун же жеке ишкердин салыктык милдеттенмесин аткаруу жана салык карыздарын жоюу Салык кодексинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
“Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган администратор салык органына төмөнкүлөр жөнүндө маалымдайт:
– банкроттук процесстин башталгандыгы жөнүндө жана соттун же кредиторлордун чогулушунун карызкорду банкрот деп таануу (жарыялоо) тууралуу чечимдин (соттон тышкаркы тартипте банкроттук процессинде) көчүрмөсүн жиберет;
– банкроттук процесстин аяктагандыгы жөнүндө жана юридикалык жакты жоюу (соттук/соттон тышкаркы тартипте) же соттук тартипте жеке ишкердин ишкердик ишин токтотуу тууралуу чечимдин көчүрмөсүн жиберет.
3-глава. Салык карызын төлөө тартиби
7. Ар бир салыкка карата салык карызы Салык кодексинин 71-беренесинде каралган тартипте төлөнөт.
8. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте төлөнөт.
4-глава. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу тартиби
9. Салык төлөөчү Салык кодексинин 72-беренесинде каралган учурларда салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин (мындан ары – жеңилдетилген режим) колдонууга укуктуу.
Салык төлөөчү учурдагы салыктык эсепке алуу же эсептик каттоо жери боюнча салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө арызды салык органына жиберет.
10. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн салык органы тарабынан салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу боюнча салык органынын кызматкерлеринен турган комиссия (мындан ары – комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамы жана иш регламенти салык органынын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так санда, бирок 5 адамдан кем эмес болууга тийиш. Комиссияны салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары башкарат.
11. Комиссия салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу үчүн салыктын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын ашыкча төлөнгөн суммасын төлөөнү жана/же эсепке алууну текшерет.
12. Эгерде салык төлөөчүдө салыктын, пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы болсо жана/же салыктык текшерүүнүн же такталган салыктык отчеттуулукту берүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн салыктык карыздын бардык суммасы төлөнсө жеңилдетилген режимди колдонууга жол берилет.
13. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимде көрсөтүлгөн салыктын бир же бир нече түрү боюнча жеңилдетилген режимди жарым-жартылай колдонууга жол берилет, ошол эле учурда салыктын бир түрүнүн мезгили боюнча жеңилдетилген режимди жарым-жартылай колдонууга жол берилбейт.
14. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
Комиссиянын протоколунун негизинде салык органынын салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу же салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечими чыгарылат, ага салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары кол коет.
15. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, салык органынын эсептелген жана төлөнгөн салыктарды эсепке алууну жүргүзүү жүктөлгөн кызмат адамы салык органынын чечиминин негизинде салык төлөөчүнүн жеке эсебинен төлөө күнүнө эсептелген салык санкциясынын жана туумдардын суммасынын калган бөлүгүн эсептен чыгарат.
16. Салык органынын чечими Салык кодексинин 97-беренесинде каралган тартипте салык төлөөчүгө тапшырылат.
17. Камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча милдеттенмелерге карата салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонууга жол берилбейт.
5-глава. Салык милдеттенмесин токтотуу
18. Салык кодексинин 79-беренесине ылайык салык милдеттенмеси токтотулат, ал эми салык карызы төлөндү деп эсептелет.
19. Милдеттенмени токтотуу жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды төлөө Салык кодексинин 79-беренесинин 1, 5 жана 7-пункттарында каралган учурларда гана жүргүзүлөт.
6-глава. Салык карызын өндүрүп алуу чаралары жана салык карызын аткарууну камсыз кылуу ыкмалары
20. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз ыктыярдуу тартипте төлөнбөгөн же толук төлөнбөгөн учурда Салык кодексинин 81-беренесине ылайык салык органы салык карызын өндүрүп алуунун төмөнкүдөй чараларын көрөт:
– банкка салыктык төлөм талабын (мындан ары – СТТ) коюу;
– салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын салык төлөөчүгө карата салык постун орнотуу аркылуу накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу;
– Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткаруу документи катары салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлоону аткаруу;
– салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алуу.
21. Салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын төлөө төмөнкүдөй ыкмалар менен камсыз кылынышы мүмкүн:
– туумдарды эсептөө;
– банк кепилдигин берүү;
– салык төлөөчүнүн салык кызматы органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын салуусу – салык төлөөчүнүн депозити.
22. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын өндүрүп алуу чаралары жана/же салык карызын камсыз кылуу ыкмалары мындай кезектүүлүк Салык кодексинде түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, кезектүүлүктү сактабастан колдонулат.
7-глава. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлоо
23. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлоо (мындан ары – кабарлоо) аткаруу документи болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткарылат.
24. Кабарлоо эки бөлүктөн турат:
– биринчи бөлүктө салык төлөөчү, салык төлөөчүнүн салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы, карызды төлөө үчүн банктык реквизиттери, салык төлөөчүгө кабарлоо тапшырылгандыгы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт;
– экинчи бөлүктө салык карызын өндүрүп алуунун кабыл алынган чаралары жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
25. Салык органы кабарлоонун биринчи бөлүгүн салык төлөөчүгө жиберүү менен 30 (отуз) календардык күндүн ичинде төмөнкүлөрдүн негизинде эсептелген салык карызынын төлөнбөгөн суммасын ыктыярдуу түрдө төлөөнү сунуштайт:
1) салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугу;
2) салык кызматынын органынын салык төлөөчү таанышкан, талашпаган жана талашуу мөөнөтү бүткөн чечими;
3) ага карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар салык кызматынын органынын чечими;
4) ага карата салык карызын таануу жөнүндө салык төлөөчүнүн арызы болгон салык кызматынын органынын чечими;
5) салык кызматынын органынын салык органы тарабынан мүлккө салынуучу салыктын эсептелген суммасы жөнүндө кабарлоосу.
26. Кабарлоонун биринчи бөлүгү төлөнбөгөн салык карызы бар салык төлөөчүгө төмөнкү мөөнөттөрдө тапшырылат:
1) эгерде салык төлөөчү салык органынын чечимине даттануу менен ыйгарым укуктуу салык органына кайрылбаса, салыктык контролдоонун жыйынтыктары боюнча чечим тапшырылган күндөн тартып 60 (алтымыш) календардык күн өткөндөн кийин;
2) эгерде салык төлөөчү сотко административдик доону бербесе, салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча чечимди тапшыргандан кийин 90 (токсон) календардык күн өткөндөн кийин;
3) эгерде салык төлөөчү апелляциялык инстанцияга даттанбаса, биринчи инстанциядагы соттун салык төлөөчүнүн доосун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечими чыгарылган күндөн тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин;
4) экинчи инстанциядагы соттун салык төлөөчүнүн доосун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечими чыккан күндөн тартып;
5) салык төлөөчүнүн берилген салык отчеттуулугунун негизинде түзүлгөн, Салык кодексинде белгиленген салыктарды төлөө мөөнөттөрүнөн кийинки күндөн тартып.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Кабарлоонун биринчи бөлүгү кагаз жүзүндө же маалыматтык система аркылуу электрондук документ түрүндө Салык кодексинин 97-беренесинде белгиленген тартипте салык төлөөчүгө же анын өкүлүнө тапшырылат.
28. Салык төлөөчүнүн салык карызын ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттө аткарбоосу салык карызынын суммасын өндүрүп алуу үчүн негиз болуп саналат:
1) салыктык төлөм талабын коюу аркылуу салык төлөөчүнүн банктык эсептериндеги акча каражаттарынын эсебинен;
2) салык постун белгилөө аркылуу салык төлөөчүнүн накталай акча каражаттарынын эсебинен;
3) аткаруу документи катары сот аткаруучуга аткаруу үчүн кабарлоо жиберүү аркылуу;
4) салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен.
8-глава. Салыктык төлөм талабын коюу аркылуу салык карызын өндүрүп алуу
29. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын банктык эсептерден акча каражаттарынын жана электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлорунда жайгаштырылган электрондук акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу СТТ коюу жолу менен жүргүзүлөт жана салык органдары тарабынан Салык кодексинин 85-беренесине ылайык салык төлөөчүнүн эсептеринин бар же жок экендигин сурабастан Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан бардык банктарга, ошондой эле электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлоруна жиберилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
30. СТТ салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы бар салык төлөөчүгө карата ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – ЫСО АМС) аркылуу электрондук документ түрүндө түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
31. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
32. СТТ салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлоону салык төлөөчүгө тапшырган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күн өткөндөн кийин коюлат.
33. СТТ салык төлөөчүнүн банкта эсебинин бар же жок экендигине карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан банктарга, ошондой эле электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлоруна коюлат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Банкка, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлоруна жиберилген СТТ колдонулушу салык төлөөчүнүн жаңыдан ачылган эсептерине да жайылтылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Салык төлөөчүгө карата СТТ коюу бул салык төлөөчү тарабынан эсеп ачуу үчүн тоскоолдук жаратпайт.
Салык төлөөчү эсеп ачканга чейин СТТ коюлган учурда СТТ мындай эсеп ачылган учурдан тартып иштей баштайт.
36. СТТ ал келип түшкөн күндөн кийинки бир операциялык күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүнүн эсептеринен акча каражаттарын, анын ичинде валюталык каражаттарды анын салык карызын төлөө эсебине эсептен чыгаруу жолу менен банк, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору тарабынан аткарылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Салык карызы улуттук валютада (сом) аткарылат.
СТТ салык төлөөчүнүн валюталык эсептеринен аткарылган учурда банк, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору чет өлкөлүк валютаны СТТ аткарылган датага карата улуттук валютага (сомго) конвертациялайт.
Конвертациялоо чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага конвертациялоо күнүнө карата белгиленген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Банк, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору СТТ алган күнү салык төлөөчүнүн эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда мындай талап бул эсептерге акча каражаттарынын түшүүсүнө жараша ар бир мындай түшүүдөн кийинки бир операциялык күндөн кечиктирилбестен аткарылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Коюлган СТТ банктардын, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлорунун аткаруусунда калат:
1) СТТ толук аткарылганга чейин;
2) Салык кодексинин 79-беренесинде каралган салык милдеттенмесин токтотуу үчүн негиздер келип чыккандыгына байланыштуу СТТ койгон салык органы тарабынан СТТ жабылганга (чакыртып алынганга) чейин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Салык органы банктар, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору тарабынан салык төлөөчүнүн СТТ суммасы боюнча салык карызын толук төлөө аткарылгандыгын контролдойт. Банктар, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын төлөө үчүн салык органы тарабынан коюлган СТТны талашсыз жана биринчи кезектеги тартипте аткарууга милдеттүү.
Банктар, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору тарабынан Салык кодексинде белгиленген тартипте коюлган СТТны аткарбоо Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык банктарды жана электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлорун жоопкерчиликке тартууга алып келет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Электрондук СТТны коюуда салык кызматынын органдарынын жана коммерциялык банктардын, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн регламенти ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
9-глава. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын накталай акча
каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу
42. Cалык төлөөчүнүн банктагы эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда салык төлөөчүнүн накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте салык постун белгилөө аркылуу накталай акча каражаттарын өндүрүп алуу жөнүндө акт боюнча жүргүзүлөт.
10-глава. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын мажбурлап өндүрүп алуу
43. Салык карызы төлөнбөгөн же толук төлөнбөгөн учурда салык органы ыктыярдуу аткаруу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күн өткөндөн кийин сот аткаруучуга кабарлоо жиберет.
Кабарлоо Салык кодексинин 86-беренесине ылайык кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө ЫСО АМС аркылуу жиберилиши мүмкүн.
Сот аткаруучулардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында өзүнүн маалыматтык системасын ЫСО АМС менен интеграциялоого милдеттүү.
44. Сот аткаруучу салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын аткарууну камсыз кылуу жөнүндө кабарлоону алгандан кийин Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарына ылайык бардык иш-аракеттерди жүргүзөт.
45. Салык кодексинин 79-беренесинде каралган салык милдеттенмесин токтотуу үчүн негиздер келип чыккан учурда кабарлоону жиберген салык органы кагаз жүзүндө же ЫСО АМС аркылуу электрондук документ түрүндө сот аткаруучулардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына маалымдайт.
11-глава. Мүлктүн эсебинен салык карызын өндүрүп алуу
46. Эгерде ага карата кабарлоо сот аткаруучуга жиберилген салык төлөөчүнүн мүлкү болсо, сот аткаруучу же сот аткаруучунун кайрылуусу боюнча салык органы мүлктүн эсебинен өндүрүп алуу аркылуу кабарлоону аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
47. Кабарлоону өзгөртүү тартиби жана ыкмасы Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык мыйзамдарында аныкталат.
12-глава. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү тартиби
48. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү Салык кодексинин 8-главасына ылайык мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө формасында жүргүзүлөт.
49. Салык төлөөчү салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө арызды негиздерди көрсөтүү жана талап кылынган документтерди тиркөө менен учурдагы салыктык эсепке алуу же эсептик каттоо жери боюнча салык органына берет.
50. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш:
1) банк кепилдиги;
2) ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында салык төлөөчүгө келтирилген зыянды ырастоочу документ;
3) салык төлөөчүгө берилген товарлар, аткарылган иштер жана ушул салык төлөөчү көрсөткөн кызматтар үчүн бюджеттен каржылоону же төлөөнү кечиктиргендигин ырастаган документ;
4) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча эки нускада мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө келишими боюнча салык карызын төлөө графигинин долбоору.
51. Жеке жактар салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө арызга төмөнкү документтерди тиркейт:
1) банк кепилдиги;
2) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча эки нускада мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө келишими боюнча салык карызын төлөө графигинин долбоору.
52. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Салык кодексинин 34¹-беренесине ылайык банк кепилдигин бербестен, ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында келип чыккан салык карызынын суммасы боюнча мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда, ошондой эле стратегиялык объекттердин тизмегине киргизилген ата мекендик уюмдарга карата Салык кодексинин 91-беренесинин 13, 131-бөлүктөрүн колдонууда, салык төлөөчүнүн арызына ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө келишими боюнча салык карызын төлөө графигинин долбоору тиркелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн салык органы тарабынан салык органынын кызматкерлеринен турган салык карызынын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү боюнча комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамы жана иш регламенти салык органынын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так санда, бирок 5 адамдан кем эмес болууга тийиш. Комиссияны салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары башкарат.
54. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
Комиссиянын протоколунун негизинде салык органынын мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү же салык карызынын суммасын төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечими кабыл алынат.
Салык органынын мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү же мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары кол коет.
55. Мөөнөтүн жылдырууга же бөлүп төлөөгө уруксат берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө арызы келип түшкөн күндөн кийинки 10 (он) календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Документтер ушул Тартиптин талаптарына ылайык келбесе, салык органы салык төлөөчүгө жүйөлүү баш тартууну жиберет.
56. Мөөнөтүн жылдырууга, бөлүп төлөөгө уруксат берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим салык органы тарабынан салык төлөөчүгө учурдагы салыктык эсепке алуу же эсептик каттоо жери боюнча мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жиберилет.
57. Мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө чечим, ошол чечимде белгиленген күндөн тартып күчүнө кирет. Ошол эле учурда салык төлөөчүнүн арызын кароо мезгилинде эсептелген туумдар жана салык санкциялары салык карызынын суммасына кошулат.
58. Ушул Тартиптин талаптарына ылайык келсе жана мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынса, келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган салык карызын төлөө графигин тиркөө менен мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө келишими түзүлөт. Келишим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген формада эки нускада түзүлөт. Келишимдин бир нускасы салык органында калат, экинчиси салык төлөөчүгө тапшырылат.
59. Келишимге салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары жана салык төлөөчү кол коет, салык органынын гербдүү мөөрү жана салык төлөөчүнүн мөөрү (болсо) менен күбөлөндүрүлөт.
60. Салык төлөөчү мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө келишиминин графигине ылайык салык милдеттенмелери боюнча салыктарды өз убагында төлөөгө милдеттүү.
61. Салык органы ай сайын салыктын мөөнөтү жылдырылган жана бөлүп төлөнгөн суммасынын төлөнүшүн, келишим боюнча салык карызын төлөө графигинин аткарылышын контролдойт.
62. Мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө иш-аракетин токтотуу Салык кодексинин 92-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
63. Салык төлөөчү тарабынан мөөнөтүн жылдырууга жана/же бөлүп төлөөгө уруксат берүү шарттары бузулган жана 10 (он) календардык күндүн ичинде бузуулар жоюлбаган учурда, салык органы мөөнөтүн жылдыруу же бөлүп төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат жана чыгарылган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүгө жиберет.
64. Бузуу четтетилбеген жана салык карызынын суммасы төлөнбөгөн, ошондой эле аны төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда салык органы Салык кодексинин 83-беренесине ылайык банкка (гарантка) салык карызын төлөө жөнүндө жазуу жүзүндө талап жиберет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)