Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна) |
Салык милдеттенмеси боюнча өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Тартип салык милдеттенмеси боюнча өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу процессин жөнгө салат.
2. Бул Тартип төмөнкү карыздарга карата да колдонулат:
- салык кызматынын органдары башкаруучу салыктык эмес кирешелер (мындан ары - салыктык эмес киреше) боюнча;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү (мындан ары - камсыздандыруу төгүмү) боюнча карызды эсептен чыгаруу жөнүндө өзүнчө мыйзам кабыл алынган учурда жана Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык.
3. Салык төлөөчүнүн салыктык карызы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 80-беренесине ылайык өнбөөчү карыз деп таанылат.
4. Салык төлөөчүнүн өнбөөчү карызын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн салык органы тарабынан салык органынын кызматкерлеринен турган салык төлөөчүнүн салыктык карызын эсептен чыгаруу боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамы жана иш регламенти салык органынын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 5 адамдан кем эмес, так сан болушу керек. Комиссияны салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары жетектейт.
5. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
Комиссиянын протоколунун негизинде салык милдеттенмеси боюнча өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу жөнүндө салык органынын чечими чыгарылат.
Өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу жөнүндө салык органынын чечимине салык органынын жетекчиси же жетекчинин орун басары кол коет.
6. Салык төлөөчүнүн салык милдеттенмеси боюнча өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу жөнүндө чечим комиссия тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
1) Салык кодексинде белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөндө;
2) жеке жак өлгөндө укук улантуучусу же мураскору жок болгон учурда;
3) жеке жак дайынсыз жоголгондо же аракетке жөндөмсүз деп таанылганда, жеке жактын мүлкү жок же жетишсиз болгон учурда;
4) субъекттердин карызын өзүнчө мыйзамды кабыл алуу менен эсептен чыгарууда;
5) банкроттук жол-жоболору аяктаган юридикалык жакты же жеке ишкерди жоюуда.
7. Доонун эскирүү мөөнөтү ичинде салыктык карызды өндүрүү боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурда, салык органы доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз сотко Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган тартипке ылайык жөнөтүлөт.
Доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө соттук акт күчүнө кирген учурдан тартып салыктык карыз өнбөөчү карыз деп таанылат жана эсептен чыгарылууга тийиш.
8. Салык органы комиссияга төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн берет:
1) салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөндө:
- төмөнкү күндөн кийинки күндөн тартып 6 жыл ичиндеги салык төлөөчүнүн өздүк эсеби:
салык милдеттенмесине карата Салык кодексинде белгиленген салыкты төлөгөн акыркы күндөн;
салыктык карызынын мөөнөтү жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасы төлөнбөгөн учурда, салык төлөөчүгө мөөнөтүн жылдырууну же бөлүп төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим тапшырылган күндөн (мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө берилген учурда);
көчмө же камералык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимди салык төлөөчүгө тапшырган күндөн (салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыктык карызы пайда болгон учурда);
- доонун эскирүү мөөнөтүн токтотуу үчүн негиздердин жоктугу жөнүндө маалыматтар. Доонун эскирүү мөөнөтү токтотулганда доонун эскирүү мөөнөтү кайра башталган күндөн тартып 6 жыл үчүн салык төлөөчүнүн өздүк эсеби берилет;
- доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө сот актысы (бар болсо);
2) жеке жак өлгөндө - укук улантуучусу же мураскору жок болгон учурда:
- салык төлөөчүнүн өздүк эсеби;
- калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдардын маалыматтык системасы менен интеграцияланган ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасынан салык төлөөчүнүн өлгөндүгү жөнүндө маалыматтар;
- өлгөн жеке жактын салыктык карызы бар экендиги жөнүндө нотариуска же мурас ачылган жери боюнча мураскорго (бар болсо) кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндө жөнөтүлгөн кабарлоо;
3) жеке жак дайынсыз жоголгондо же аракетке жөндөмсүз деп таанылганда - жеке жактын мүлкү жок же жетишсиз болгон учурда:
- жеке жакты дайынсыз жоголду же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими;
- салык төлөөчүнүн өздүк эсеби;
- камкорчуга, көзөмөлчүгө же мүлктү ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруучуга, ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча органга (бар болсо) дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке жактын аткарылбаган салык милдеттенмесинин болушу жөнүндө кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндө жөнөтүлгөн чечим.
9. Субъекттердин салыктык карызын өзүнчө мыйзамды кабыл алуу менен эсептен чыгаруу ошол мыйзамда белгиленген шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Банкроттук жол-жоболору аяктаган салык төлөөчүнүн салыктык карызын эсептен чыгаруу үчүн комиссияга төмөнкү документтер берилет:
1) юридикалык жакты жоюу же жеке ишкердин ишкердик ишин токтотуу жөнүндө соттун чечими;
2) юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасы менен интеграцияланган ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасынан же ошол органдын маалыматтык системасынан түздөн-түз алынган юридикалык жактардын ишин токтотуу жөнүндө маалыматтар.
Жеке ишкер банкрот болгон учурда, алгач салыктык карызын эсептен чыгаруу, андан кийин жеке ишкер катары каттоону жокко чыгаруу жүргүзүлөт.
11. Өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу жөнүндө чечимдин формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
12. Салыктык карыз өнбөөчү карыз деп таанылган учурда Салык кодексинин 80-беренесине ылайык салык калдыгынын суммасы жана эсептен чыгаруу күнүнө карата ушул суммага эсептелген салык санкциясынын жана туумдун суммасы эсептен чыгарылат.
13. Салыктык карыз өнбөөчү карыз деп таанылган жагдайлар пайда болгондо салык органы мындай карызды ушул Тартипке ылайык өз алдынча эсептен чыгарууга милдеттүү.
14. Салык милдеттенмелери боюнча доонун эскирүү мөөнөтү төмөнкү учурларда токтотулуп турат:
- эгерде соттун маңызы боюнча чечими бар болсо, салыктык милдеттенмени эсептөө жөнүндө салык кызматынын органдарынын чечимине салык төлөөчү доо арыз бергенде;
- эгерде соттун маңызы боюнча чечими бар болсо, салык кызматынын органы тарабынан 2025-жылдын 1-июлуна чейин салыктык карызды мажбурлап өндүрүү жөнүндө доо арыз берилгенде;
- карыздын бөлүгүн салык төлөөчү өзү төлөгөндө.
Салык кодексинин 93-беренесине ылайык салык органы тарабынан өз алдынча жүргүзүлгөн салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын ашыкча төлөнгөн суммасын салыктын башка түрлөрү боюнча салык калдыктарын жоюунун эсебине чегерүү доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүн үзгүлтүккө учуратпайт.