Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

2-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна)

Салык милдеттенмеси боюнча өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу ТАРТИБИ

1. Бул Тартип салык милдеттенмеси боюнча өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.

2. Бул Тартип төмөнкү карыздарга карата да колдонулат:

- салык кызматынын органдары башкаруучу салыктык эмес кирешелер (мындан ары - салыктык эмес киреше) боюнча;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү (мындан ары - камсыздандыруу төгүмү) боюнча - карызды эсептен чыгаруу жөнүндө өзүнчө мыйзам кабыл алынган учурда.

3. Салык төлөөчүнүн салык карызы Салык кодексинин 80-беренесине ылайык өнбөөчү карыз деп таанылат.

4. Салык төлөөчүнүн өнбөөчү карызын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн салык органы тарабынан салык органынын кызматкерлеринен турган салык төлөөчүнүн салыктык карызын эсептен чыгаруу жөнүндө комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамы жана иш регламенти салык органынын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 5 адамдан кем эмес, так сан болушу керек. Комиссияны салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары жетектейт.

5. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.

Комиссиянын протоколунун негизинде салык милдеттенмеси боюнча өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу жөнүндө салык органынын чечими чыгарылат.

Өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу жөнүндө салык органынын чечимине салык органынын жетекчиси же жетекчинин орун басары кол коёт.

6. Салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмеси боюнча өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу жөнүндө чечим комиссия тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:

1) Салык кодексинде белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөндө;

2) жеке жак өлгөндө - укук улантуучусу же мураскору жок болгон учурда;

3) жеке жак дайынсыз жоголгондо же аракетке жөндөмсүз деп таанылганда - жеке жактын мүлкү жок же жетишсиз болгон учурда;

4) субъекттердин карызын өзүнчө мыйзамды кабыл алуу менен эсептен чыгарууда;

5) банкроттук жол-жоболору аяктаган юридикалык жакты же жеке ишкерди жоюуда.

7. Салык органы комиссияга төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн берет:

1) салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөндө:

- төмөнкү күндөн кийинки күндөн тартып 6 жыл ичиндеги салык төлөөчүнүн өздүк эсеби:

салык милдеттенмесине карата Салык кодексинде белгиленген салыкты төлөгөн акыркы күндөн;

салык карызынын мөөнөтү жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасы төлөнбөгөн учурда, салык төлөөчүгө мөөнөтүн жылдырууну же бөлүп төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим тапшырылган күндөн (мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө берилген учурда);

көчмө же камералык текшерүүнүн натыйжалары боюнча чечимди салык төлөөчүгө тапшырган күндөн (салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык карызы пайда болгон учурда);

- доонун эскирүү мөөнөтүн токтотуу үчүн негиздердин жоктугу жөнүндө маалыматтар. Доонун эскирүү мөөнөтү үзгүлтүккө учураганда доонун эскирүү мөөнөтү кайра башталган күндөн тартып 6 жыл үчүн салык төлөөчүнүн өздүк эсеби берилет;

2) жеке жак өлгөндө - укук улантуучусу же мураскору жок болгон учурда:

- салык төлөөчүнүн өздүк эсеби;

- жарандык абалдын актыларын каттоо органы тарабынан берилген өлүм жөнүндө күбөлүк же соттун чечими;

- салык төлөөчүнүн банктык эсебинде акча каражаттарынын бар же жок экендиги жөнүндө маалымат;

- салык төлөөчүнүн катталган мүлкүнүн бар же жок экендиги жөнүндө маалымат;

- нотариуска же мурас ачылган жер боюнча мураскорго жиберилген каза болгон жеке адамдын салык карызы бар экендиги жөнүндө билдирүү (бар болсо);

3) жеке жак дайынсыз жоголгондо же аракетке жөндөмсүз деп таанылганда жеке жактын мүлкү жок же жетишсиз болгон учурда:

- жеке адамды дайынсыз жоголду же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими;

- салык төлөөчүнүн өздүк эсеби;

- салык төлөөчүнүн банктык эсебинде акча каражаттарынын бар же жок экендиги жөнүндө маалымат;

- салык төлөөчүнүн катталган мүлкүнүн бар же жок экендиги жөнүндө маалымат;

- камкорчуга, көзөмөлчүгө же мүлктү ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруучуга, ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча органга (бар болсо) жиберилген дайынсыз жок же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке адамдын аткарылбаган салык милдеттенмесинин болушу жөнүндө чечим.

8. Субъекттердин карызын өзүнчө мыйзамды кабыл алуу менен эсептен чыгаруу ошол мыйзамда белгиленген шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.

9. Эгерде "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 6-пунктунун "а" пунктчасына ылайык карызкордун мүлкүнүн жетишсиздигинен салык органынын талаптары канааттандырылбаса, ага карата банкроттук жол-жоболору аяктаган салык төлөөчүнүн салык карызын эсептен чыгаруу үчүн комиссияга төмөнкү документтер берилет:

1) юридикалык жакты жоюу же жеке ишкердин ишкердик ишин токтотуу жөнүндө соттун чечими (соттук же соттон тышкаркы тартипте);

2) юридикалык жактын корутунду отчету жана балансы;

3) юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактын ишинин токтотулушун каттоо жөнүндө буйругу.

10. Өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу жөнүндө чечимдин формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

11. Салык органында салык карызы өнбөөчү карыз катары таанылган жана эсептен чыгарылган салык төлөөчүлөрдүн маалымат базасы түзүлөт.

12. Салык кодексинде каралган салык милдеттенмеси боюнча өнбөөчү карызды эсептен чыгаруу үчүн негиздер болгон учурда, салык органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык процесстик чараларды сактоо менен ушул Тартипке ылайык чараларды көрүүгө милдеттүү.