Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна) |
Кыйыр методдордун негизиңде салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аныктоо МЕТОДИКАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Методика кыйыр методдордун негизинде салыктык эсепке алууну жүргүзүү тартиби бузулганда салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмесин эсептөө тартибин аныктайт.
2. Кыйыр методдордун негизинде салык милдеттенмелерин эсептөө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 137-140-беренелерине ылайык салык органдары тарабынан жүргүзүлөт.
3. Методика салык төлөөчү экономикалык ишти кыйыр метод менен жүзөгө ашырган учурда келип чыккан салык милдеттенмелеринин суммаларын салык кызматынын органдары тарабынан аныктоонун өз ара байланышкан жолдорунун жана ыкмалардын жыйындысын аныктайт.
2. Салык салуу максатында товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын колдонуу
4. Салык салуу максаттары үчүн бүтүмдү түзгөндөр тарабынан иш жүзүндө колдонулуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы эске алынат. Эгерде тескери жагы далилденбесе, баа рыноктук баалардын деңгээлине ылайык келет деп эсептелет.
5. Салык кызматынын органдары салык толук эсептелишин контролдоону жүзөгө ашыруу учурунда түзүлгөн бүтүмдөр боюнча бааларды колдонуунун тууралыгын төмөнкүдөй учурларда текшерүүгө укуктуу:
1) өз ара көз каранды жактардын ортосунда бүтүм түзүүдө;
2) товар алмашуу (бартердик) операциялар боюнча;
3) тышкы соода бүтүмдөрүн түзүүдө;
4) товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жөнүндө тастыктоочу документтери жок болгон учурда;
5) жактын аракетсиздиги белгилери бар субъекттер менен бүтүм түзүүдө;
6) атайын салык режимин колдонгон ишкердик субъекттери менен бүтүм түзүүдө;
7) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 139-беренесине ылайык контролдук баалардын минималдуу деңгээли белгиленген товарлар боюнча бүтүм түзүүдө.
Эгерде салык органдарында салык милдеттенмелерин аныктоо учурунда салык төлөөчү салык милдеттенмесин төмөндөтүүгө негиз болгон жалган документтерди пайдалангандыгын күбөлөндүрүүчү фактылар болсо, салык кызматынын органдары салыкты, туумду жана салык санкцияларын кошумча эсептөө жөнүндө негиздүү чечим чыгарууга укуктуу.
6. Салык кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары базар баасынан 20 (жыйырма) пайыздан жогору айырмаланган учурларда, салык кызматынын органы бул бүтүмдүн натыйжалары тиешелүү товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааларды колдонууга таянуу менен баалангандай түрдө эсептелген салыкты, туумду жана салык санкцияларын кошумча эсептөө жөнүндө жүйөөлүү чечим чыгарууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Товардын рыноктук баасы Салык кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн субъекттердин дарегине сатуу баалары жалпы салык режиминде иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине сатуу бааларынан 30 пайыздан ашык айырмаланган салык төлөөчүгө карата аныкталган учурда, рыноктук баа катары жалпы салык режиминде иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине сатылган бир өңчөй товарлардын орточо өлчөнгөн баасы колдонулат.
Ушул пункттун максаттарында товардын орточо өлчөнгөн баасын эсептөөдө өзүнүн керектөөчүлүк сапатын жарым-жартылай жоготкон же колдонуу мөөнөтү белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн 20 пайызына чейин өтүп кеткен арзандатылган товарлар боюнча баалар эске алынбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Эгерде салык төлөөчү бүтүм иш жүзүндө документтерде көрсөтүлгөн баалар боюнча түзүлгөндүгүн жана рыноктук баадан четтөө экономикалык жактан негиздүү экендигин далилдей албаса, бүтүмдүн рыноктук баасы колдонулат.
8. Рыноктук баалар төмөнкүдөй учурларда колдонулушу мүмкүн:
1) тараптардын бири түзүлгөн бүтүмгө катышкандыгын танганда;
2) салык кызматы сунуш кылынган документтерге ылайык тараптардын бири болуп төмөнкүлөр санала тургандыгын аныктаганда:
- түзүлгөн бүтүмгө тиешеси жок жалган жак;
- аныкталбаган жак;
- жактын аракетсиздигинин белгиси бар субъект;
3) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 185 жана 188-беренелеринде аныкталгандай бүтүм анын тийиштүү укуктук кесепеттерин түзүүгө ниеттенбестен же берүүлөр башка бүтүмдү жашыруу максатында ишке ашырылган учурда;
4) салык кызматы сатуу фактысы документ менен ырасталган товарлар субъектте жок экендигин аныктаганда;
5) бүтүмдүн тараптарынын ортосунда салык милдеттенмелерин негизсиз төмөндөтүүгө таасир эткен келишүү бар болгондо;
6) рыноктук баадан экономикалык жактан негизсиз четтөөнүн башка учурлары.
9. Рыноктук бааны аныктоо учурунда баага демейки үстөк акылар же өз ара көз каранды болуп саналбаган жактардын ортосунда бүтүмдөрдү түзүү учурунда белгиленүүчү арзандатуулар эске алынат. Атап айтканда, төмөнкүлөрдөн улам келип чыккан арзандатуулар жана үстөктөр эске алынат:
1) товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-талабынын сезондук жана башка өзгөрүүлөрүнөн;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте товарлар салатын же башка керектөө касиеттерин жоготушунан;
3) товарлардын жарактуулугунун же сатылышынын мөөнөтү аякташынан же аякташы жакындашынан;
4) маркетингдик саясаттан, анын ичинде аналогдору болбогон жаңы товарларды рынокко чыгаруу учурунда, ошондой эле товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жаңы рынокторго чыгаруу учурунда;
5) керектөөчүлөргө товарларды тааныштыруу максатында алардын үлгүлөрү менен тажрыйбалуу моделдердин сатуусунан.
10. Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук бааларын аныктоо учурунда өз ара көз каранды болуп саналбаган жактардын ортосундагы бүтүмдөр эске алынат. Өз ара көз каранды жактардын ортосундагы бүтүмдөр бул жактардын өз ара көз карандылыгы мындай бүтүмдөрдүн натыйжаларына таасир этпеген учурда гана эске алынат.
11. Өз ара көз каранды жактар деп өздөрүнүн ортосундагы мамилелер алардын ишинин же алар туюнткан субъекттердин ишинин шарттарына же экономикалык натыйжаларына таасир этиши мүмкүн болгон субъекттер таанылышы мүмкүн, атап айтканда:
1) субъект уюмга түздөн-түз же кыйыр катышат же мындай катышуунун суммалык үлүшү 20 пайыздан ашыкты түзөт;
2) ар бириндеги түздөн-түз жана/же кыйыр катышуу үлүшү 5 пайыздан ашыкты түзгөн же ал тарабынан контролдонгон үчүнчү субъект катышкан эки уюм;
3) кызматтык абалы боюнча бир жеке жак башка жеке жакка баш иет;
4) ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелер келип чыккан субъекттер;
5) жакын туугандар;
6) башкарманы уюмдаштыруучу жана ишенимдүү башкаруучу.
Сот субъекттерди, эгерде бул субъекттердин ортосундагы мамилелер алардын ортосундагы бүтүмдөрдүн натыйжаларына таасир этиши мүмкүн болсо, башка негиздер боюнча өз ара көз каранды деп таанышы мүмкүн.
12. Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө бааны аныктоо жана таануу учурунда товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук баалар жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымат базаларынын биржалык котировкалар жөнүндө маалыматтын расмий булактары, салык төлөөчүлөр салык органдарына берген маалымат, ошондой эле башка тиешелүү маалымат колдонулат.
13. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин рынокто түзүлгөн товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баалардын квартал сайын чыгуучу бюллетенинин маалыматтары товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы катары колдонулат.
Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик жөнгө салынуучу баалар (тарифтер) боюнча сатуу учурунда салык салуунун максаттары үчүн көрсөтүлгөн баалар (тарифтер) колдонулат.
14. Товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы бул товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү сатуу учуруна карата салыштырылуучу шарттарда окшош жана/же бир тектүү товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр жагынан түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматтын негизинде аныкталат. Атап айтканда, берилүүчү товарлардын көлөмү (мисалы, товардык партиянын көлөмү) милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү сыяктуу бүтүм шарттары, демейде ушундай бүтүмдөрдө колдонулуучу төлөм шарттары, ошондой эле баага таасир этиши мүмкүн болгон башка акылга сыярлык шарттар эске алынат.
Ошол эле учурда окшош товарлардын, ал эми алар жокто - бир тектүү товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногундагы бүтүмдөрдүн шарттары, эгерде мындай шарттардын ортосундагы айырма ушундай товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына таасир этпесе же түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн болсо, салыштырылуучу шарт деп таанылат.
15. Рыноктук бааны аныктоо үчүн кийин сатуу баасынын методу колдонулат, мында сатуучу сатып жаткан товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы сатып алуучу аларды кийин кайра саткан учурдагы мындай товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын жана мындай учурларда бул сатып алуучу сатуучудан сатып алган товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү кайра саткан же рынокко чыгарган учурда тарткан демейки чыгымдардын, ошондой эле иштин бул чөйрөсү үчүн сатып алуучунун демейки пайдасынын айырмасы катары аныкталат.
Мисалы: субъект жалпы суммасы 10 миң сом болгон товарды сатып алды. Субъекттин бул товарды сатып алуу жана кийин сатып өткөрүү менен байланышкан чыгымдары (ташуу, сактоо, жүктөө-түшүрүү ж.б.) 2 миң сомду түзгөн. Иштин бул чөйрөсү үчүн демейки пайда 20 пайызды түзөт. Ошентип, бул товарды рыноктук баа 14400 сом (10000 + 2000 + 20%) суммасында аныкталышы мүмкүн.
16. Кийин сатуу баасынын методун колдонуу мүмкүн болбогон учурда наркты кошуунун негизиндеги методу колдонулат, мында сатуучу сатып-өткөрүп жаткан товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы чыгымдардын жана иштин бул чөйрөсү үчүн демейки пайданын суммасы катары аныкталат. Мында товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө жана/же сатып алууга жана/же сатууга ушундай учурлардагы демейки түз жана кыйыр чыгымдар, ташууга, сактоого, камсыздандырууга ушундай учурлардагы демейки чыгымдар жана башка ушундай чыгымдар эске алынат.
Мисалы: субъект 14400 сом суммасындагы товарды саткан. Иштин бул чөйрөсү үчүн демейки пайда 20 пайызды түзөт. Мындай учурлардагы демейки чыгымдар (ташуу, сактоо, жүктөө-түшүрүү ж.б.) 2 миң сомду түзөт. Сатып алуунун рыноктук баасы 10 миң сомду (14400 - [14400 х 20 / 120] - 2000) түзөт.
17. Салык салуу максатында бүтүмдүн баасын аныктоо жөнүндө салык кызматынын органынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу тууралуу ишти карап чыгуу учурунда сот ушул методикада саналган кырдаалдар менен чектелбестен, бүтүмдүн натыйжаларын аныктоо үчүн маанилүү болгон ар кандай кырдаалдарды эске алышы мүмкүн.
3. Активдерди, милдеттенмелерди, жүгүртүүнү, сарптоолорду, чыгымдарды жана рейддик салык контролунун маалыматтарын, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын эсептен чыгарууну, салык постун баалоонун негизинде кыйыр методдорду колдонуу
18. Калк менен накталай эсептешүү операцияларын эсепке алуу тартиби бузулганда, баштапкы эсепке алуу документтери жок болгондо, эсепке алуу документтери жоголгондо же жок кылынганда, салык кызматынын органдары салыктык милдеттенмени Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте активдердин, милдеттенмелердин, жүгүртүүнүн, сарптоолордун, чыгымдардын жана/же орнотулган салык постунун жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтардын методу сыяктуу кыйыр методдордун негизинде аныктайт.
19. Салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелеринин суммасын аныктоонун кыйыр методдору деп салык төлөөчүнүн чыгымдарын баалоо боюнча алардын салык милдеттенмелеринин суммаларын, анын активдеринин өсүшүн, аны менен жалдоо мамилелеринде болгон адамдардын санын, ошондой эле салык милдеттенмесин эсептөө үчүн кабыл алынган салык базасынын башка элементтерин аныктоо түшүнүлөт.
20. Кыйыр методдорду колдонуу учурунда салык базаларынын элементтерин аныктоо үчүн салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана жеке жактардан алынган ар кандай маалыматты пайдалана алат, ал салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелерин аныктоого тикелей же кыйыр таасир этиши мүмкүн.
21. Активдерди, милдеттенмелерди, жүгүртүүнү, сарптоолорду, чыгымдарды жана салык постунун маалыматтарын талдоонун негизинде салык милдеттенмелерин аныктоо методу салык төлөөчүнүн экономикалык ишин мүнөздөгөн ар кандай экономикалык көрсөткүчтөрдүн өз ара байланышына жана өз ара көз карандылыгына негизденет.
22. Активдерди, милдеттенмелерди, жүгүртүүнү, сарптоолорду, чыгымдарды талдоо төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү салыштыруу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) өндүрүштүк кубаттуулуктардын абалын;
2) пайдаланылган чийки заттын, материалдардын, электр жана жылуулук энергиясынын, суунун, идиштин жана башкалардын санын;
3) кызматкерлердин санын жана алардын эмгек акысынын өлчөмүн;
4) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө жана сатууга башка чыгымдардын;
5) салык төлөөчүнүн активдеринин кошумча өсүшүн же азайышын;
6) отчеттук мезгилдин башталышына жана аягына карата товарларды (даяр продукцияны) инвентаризациялоо;
7) банк мекемелериндеги эсептерде акча каражаттарынын кыймылы;
8) салык базасын аныктоого таасир эткен башка көрсөткүчтөр.
23. Кыйыр метод менен салык милдеттенмелерин аныктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана жеке жактардан алынган маалыматтын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, салык кызматы текшерилип жаткан чарбакер субъект менен түздөн-түз финансылык мамиледе болбогон, бирок мында өзүнүн мүнөздөмөлөрү боюнча салык төлөөчүнүн ишине окшош ишти жүзөгө ашырып жаткан үчүнчү жактардан алынган маалыматты пайдаланышы мүмкүн.
24. Мында төмөнкүлөр салык базасын эсептөө үчүн көрсөткүч болушу мүмкүн:
1) киреше, чыгаша, баалар;
2) салмак, көлөм, саны;
3) суроо-талап;
4) аймак.
Мисалы: текшерүүнүн жүрүшүндө салык төлөөчүнүн эсепке алуу маалыматтарына ылайык калдыкта 100 миң сом суммасындагы (сатып алуу баасы боюнча) товардык-материалдык байлыктар бар экендиги, мында бул салык төлөөчү калдыктарды алып салуу үчүн аларды көрсөтө албагандыгы айкын болду. Салык кызматы бул товарды сатылды деп тааныйт жана ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана/же жеке жактардан зарыл маалыматты алуу аркылуу рынокто бул товар 120 миң сом тураарын аныктайт, ага таянуу менен салык базасы аныкталууга тийиш.
Салык кызматы салык төлөөчү - Кыргыз Республикасынын резиденти башка мамлекеттин аймагында үчүнчү өлкөдө өндүрүлгөн товарды саткандыгы жөнүндө маалыматты алды. Бул операциянын натыйжалары салык отчетторунда чагылдырылган эмес же толук эмес чагылдырылган. Салык кызматы колдо болгон маалыматка ылайык кайра эсептөөнү жүргүзүүгө тийиш.
25. Салык милдеттенмесин аныктоонун кыйыр методу рейддик салыктык контролдун, ТМБдын калдыктарын алып коюу, салык постунун жыйынтыктары боюнча алынган маалыматтардын негизинде колдонулушу мүмкүн. Рейддик салыктык контролдун, ТМБдын калдыктарын алып коюунун, салык постунун маалыматтары салык төлөөчүнүн маалыматтарына дал келбесе, салык кызматы салык төлөөчүнүн отчетуна тиешелүү негиздүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
4. Салык милдеттенмесин аныктоонун кыйыр методдорун пайдалануу менен текшерүү жүргүзүү жана анын натыйжаларын тариздөө
26. Кыйыр методдордун негизинде салык милдеттенмелерин аныктоону көчмө жана камералык текшерүүлөрдүн учурунда салык кызматы жүргүзүшү мүмкүн. Мында бул аракеттер үчүн атайын жазма буйрукту тариздөө талап кылынбайт.
27. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүдө, салык милдеттенмесин аныктоонун кыйыр методдору колдонулган учурда мында пайдаланылган бардык материалдар, ошондой эле эсептер көчмө текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетто чагылдырылууга тийиш, ал Салык кодексинин 105-беренесине ылайык толтурулат.
Көчмө текшерүүнүн натыйжалары боюнча салык органынын жетекчиси же анын орун басары Салык кодексинин 106-беренесине ылайык чечим чыгарат, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин белгиленген тартипте салык төлөөчүгө билдирүү тапшырылат.
28. Камералык текшерүүнү жүргүзүү учурунда, салык милдеттенмелерин кыйыр метод менен аныктоонун натыйжалары боюнча маалымкат түзүлөт, ал жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн себептери жана негиздери, ап үчүн колдонулган документтер жөнүндө толук маалыматты камтууга тийиш. Маалымкатка зарыл документтер же алардын көчүрмөлөрү, эсептер жана эсептөө учурунда пайдаланылган башка материалдар тиркелүүгө тийиш.
Эгерде салык милдеттенмелерин аныктоонун кыйыр ыкмаларын колдонуу менен камералык текшерүүнүн жүрүшүндө салыктын суммасын төмөндөтүү фактылары белгиленген болсо, салык органы аларды 15 (он беш) календарлык күндүн ичинде жоюу талабы менен аныкталган эреже бузуулар жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт.
29. Эгерде салык төлөөчү салык кызматынын чечимине макул болбосо ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ага даттанууга укуктуу.