Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 268
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1 жана 3-пункттарындагы "жана социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр алып салынсын;
2) 4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте:";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелеринде:
- 1-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы "жана социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул Убактылуу эрежелердин колдонулушу ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн дары каражаттарына, жеткирүү баасы 100 (жүз) сомго чейинки дары каражаттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында контролдонууга тийиш болгон баңги жана психотроптук дары каражаттарына жайылтылбайт. Ошол эле учурда жеткирүү баасы 100 (жүз) сомго чейинки дары каражаттарын дүң жана чекене сатуудагы кошулган баа жеткирүү наркынын 50 (элүү) пайызынан ашпоого тийиш.";
- 3-пунктунун экинчи абзацындагы "жана социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Баасы жөнгө салынууга тийиш болгон дары каражаттарын ушул Убактылуу эрежелерде белгиленген тартипте баасын каттабастан алып келүүгө тыюу салынат.";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Референттик өлкөлөрдө дары каражатына катталган баалар жөнүндө маалымат жок болгондо жана бул факты ыйгарым укуктуу орган тарабынан бааларды каттоо үчүн арыз ээси берген форманын тиешелүү графасына жазуу жүргүзүү менен ырасталганда, дары каражатын жеткирүүнүн орточо өлчөнгөн баасынын суммасы жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган товарларды чыгарууга байланышкан бажы алымдарын (жыйымдарды), салыктарды төлөө чыгымдарынын суммасы катталууга тийиш.
Мурда Кыргыз Республикасына дары каражаттарын жеткирүү болбогондо медиандык баанын жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган товарларды чыгарууга байланышкан бажы алымдарын (жыйымдарды), салыктарды төлөө чыгымдарынын суммасы катталууга тийиш.
Мурда Кыргыз Республикасына дары каражатын жеткирүү болбогондо жана референттик өлкөлөрдө дары каражатына катталган баалар жөнүндө маалымат жок болсо, Кыргыз Республикасына биринчи жеткирүүнүн баасы катталууга тийиш.";
- 17-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Убактылуу эрежелердин 2-тиркемесинин 2-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы "(өзү алып келүүдө жеткирүүнүн иш жүзүндөгү баасы 1.03 коэффициентке көбөйтүлөт)" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Өзү алып келүү шарттарында алып келинген дары каражаттарына бааларды каттоодо арыз ээлери катталган бааны белгилөөдө чыгымдардын жана эсепке алуунун орточо маанисин эсептөө үчүн Кыргыз Республикасына чейин жүктөрдү ташууга жана камсыздандырууга чыгымдар боюнча документтердин көчүрмөлөрүн (товардык коштомо кагаздарды, эсеп-фактураларды ж.б.) берүүгө милдеттүү";
- жогоруда аталган Убактылуу эрежелердин 4, 5-тиркемелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
|