Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 248 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңештин ишинин негизги максаты туризмди өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды, ошондой эле мамлекеттик органдардын өлкөнүн туристтик индустриясын өнүктүрүүнү активдештирүүгө багытталган ишин координациялоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу болуп саналат.
3. Кеңештин чечимдери сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.
2. Кеңештин негизги милдеттери
4. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- туризм жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууда министрликтердин, ведомстволордун жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- туристтик рынокто пайда болгон процесстерди талдоонун жана болжолдоонун негизинде чечимдерди кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туризм жаатындагы ишинин негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн натыйжалуулугун камсыз кылуу.
5. Кеңеш "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК) ишке ашыруу үчүн долбоорлорду тандайт жана сунуш кылат.
6. Кеңеш "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКтын каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү боюнча сунуш берет.
3. Кеңештин курамы
7. Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси саналат.
8. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
4. Кеңештин ишинин тартиби
9. Кеңештин иши анын төрагасы бекиткен пландар боюнча жүзөгө ашырылат.
10. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
11. Кеңештин жыйналыштарынын күн тартибин жана маселелерди кароонун тартибин "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКтын сунушу боюнча Кеңештин төрагасы бекитет.
12. Кеңештин чечимдери анын жыйналышында Кеңештин мүчөлөрү тарабынан алардын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
13. Кеңештин мүчөлөрү анын ишинин процессинде жана чечимдерди даярдоодо бирдей укуктарга ээ.
14. Каралып жаткан маселенин мазмунуна жараша Кеңештин жыйналыштарын даярдоого жана ага катышууга консультанттар, эксперттер жана башка компетенттүү адамдар тартылышы мүмкүн.
15. Кеңештин чечимдери Кеңештин жыйналыштарынын протоколдору менен таризделет.
16. Кеңештин ишин маалыматтык-аналитикалык камсыздоо "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКка жүктөлөт.
17. Кеңештин жумушчу органы болуп "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК эсептелет.
18. Кеңештин жумушчу органы Кеңештин ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыздоону жүзөгө ашырат, анын ичинде Кеңештин жыйналышынын күн тартибине сунуштарды, керектүү документтерди, материалдарды даярдайт, алар Кеңештин жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин үч жумуш күн мурда Кеңештин чечиминин долбоорун тиркөө менен Кеңештин мүчөлөрүнө жиберилүүгө тийиш.
19. Кеңештин кезектеги жыйналышынын күн тартиби, ошондой эле аны өткөрүү орду жана убактысы Кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет.
20. Кеңештин кезексиз жыйналышы Кеңештин төрагасы тарабынан анын жеке демилгеси боюнча же Кеңештин мүчөлөрүнүн өтүнүчү боюнча чакырылат.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 248 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңештин ишинин негизги максаты туризмди өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды, ошондой эле мамлекеттик органдардын өлкөнүн туристтик индустриясын өнүктүрүүнү активдештирүүгө багытталган ишин координациялоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу болуп саналат.
3. Кеңештин чечимдери сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.
2. Кеңештин негизги милдеттери
4. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- туризм жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууда министрликтердин, ведомстволордун жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- туристтик рынокто пайда болгон процесстерди талдоонун жана болжолдоонун негизинде чечимдерди кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туризм жаатындагы ишинин негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн натыйжалуулугун камсыз кылуу.
5. Кеңеш "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК) ишке ашыруу үчүн долбоорлорду тандайт жана сунуш кылат.
6. Кеңеш "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААКтын каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү боюнча сунуш берет.
3. Кеңештин курамы
7. Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси саналат.
8. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
4. Кеңештин ишинин тартиби
9. Кеңештин иши анын төрагасы бекиткен пландар боюнча жүзөгө ашырылат.
10. Кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
11. Кеңештин жыйналыштарынын күн тартибин жана маселелерди кароонун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин сунушу боюнча Кеңештин төрагасы бекитет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кеңештин чечимдери анын жыйналышында Кеңештин мүчөлөрү тарабынан алардын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
13. Кеңештин мүчөлөрү анын ишинин процессинде жана чечимдерди даярдоодо бирдей укуктарга ээ.
14. Каралып жаткан маселенин мазмунуна жараша Кеңештин жыйналыштарын даярдоого жана ага катышууга консультанттар, эксперттер жана башка компетенттүү адамдар тартылышы мүмкүн.
15. Кеңештин чечимдери Кеңештин жыйналыштарынын протоколдору менен таризделет.
16. Кеңештин ишин маалыматтык-аналитикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик эсептелет.