Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 276
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун дүң кирешесинен "Нарын облусун өнүктүрүү фондуна" каражаттарды чегерүү жөнүндө
Нарын облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган "Нарын облусун өнүктүрүү фонду" мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 276
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун дүң кирешесинен "Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду" каражаттарды чегерүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-августундагы № 462 токтомунун редакциясына ылайык)
Нарын облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган "Нарын облусунун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду" мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталсын.