Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 272
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагында жайгашкан "Таш-Акур" участогунда үлүл тектүү доломит ташын казып алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 02/1-04/2183 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 29-июлундагы № 29-т токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы № 308 жана № 309 контурларында жайгашкан 6,56 га кайрак айдоо жери үлүл тектүү доломит ташын казып алуу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- жер казынасын пайдалануучунун лицензиясынын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жер казынасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык жер участогун рекультивациялоону жүргүзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркын төлөөнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну.
3. Бул токтомду ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик жана ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жердин максаттуу пайдаланылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |