Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна) |
Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциялардын тизмесине киргизилген продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1.1. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында милдеттүү талаптар белгиленген продукцияларды ташып келүү Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечимине ылайык жүргүзүлөт.
Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциялардын тизмесине киргизилген продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү тартиби (мындан ары - Тизме, Тартип) адамдардын жашоосунун жана саламаттыгынын коопсуздугун, айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринде жана (же) стандарттарында белгиленген милдеттүү талаптарга (мындан ары - милдеттүү талаптар) ылайык Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциялардын тизмесине киргизилген продукцияларды (мындан ары - продукция) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында иштелип чыкты.
1.2. Шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталуучу жана рынокто жүгүртүү үчүн багытталган продукция Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө белгиленген формадагы шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө катталган декларация болгондо эркин жүгүртүү үчүн чыгарылууга тийиш, буга жеке адамдар бажылык тариздөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн формасы боюнча ташып келүүчү товарлар кирбейт. Көрсөтүлгөн продукциялардын тизмеси, шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен бекитилет.
1.3. Кыргыз Республикасынын аймагында продукцияларды эркин жүгүртүүгө чыгарууда шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация талап кылынбайт:
- жеке жактардын жеке колдонуусу үчүн ташылып келген;
- мурда колдонулган.
1.4. Ташып келүүдө арыз ээси (декларант) (мындан ары - арыз ээси) милдеттүү түрдө бажы органына ушул Тартиптин тиркемесине ылайык анын Кыргыз Республикасынын рынокторунда жайгашпагандыгын, Кыргыз Республикасынын рынокторунда жайгашкан учурда анын жоопкерчилиги жөнүндө арыз ээсине кепилдигин жана төмөнкүлөрдүн чыгаруу үчүн негиз болуп саналарын ырастаган кепилдик кат берет:
- түзүлгөн келишимдердин (контракттардын), ошондой эле ага карата менчик укугун тастыктоочу башка документтердин негизиндеги аны сатуудан киреше алуу максатында Кыргыз Республикасынын рынокторунда жүгүртүү же ажыратуу үчүн багытталбаган продукциялар;
- эл аралык, мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык уюмдар, алардын алдындагы чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү, ошондой эле алардын персоналы тарабынан расмий пайдаланууга багытталган продукцияларга;
- шайкештигин ырастоо жол-жобосунан өткөрүүнүн алдында орнотуу жана монтаждоо талап кылынган техникалык байланыш каражаттары жана жабдуулар.
1.5. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгарылуучу продукцияга шайкештик сертификатын же шайкештик жөнүндө декларацияларды берүүсүн талап кылууга укугу жок.
1.6. Продукцияны ташып киргизүүдө жана аны эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
1.7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартибине ылайык сертификациялоо боюнча органдын аракетине даттанууга арыз ээси укуктуу.
2. Шайкештик сертификатынын негизинде Кыргыз Республикасынын бажы аймагына продукцияларды ташып келүү жол-жобосу
2.1. Продукцияларды милдеттүү түрдө сертификациялоо аккредитациялоонун улуттук системасында аккредитацияланган сертификациялоо боюнча органдар (мындан ары - СО) тарабынан алардын аккредитациялоо тармагынын чегинде жүргүзүлөт. Аккредитацияланган СО тандоо анын аккредитациялоо жаатына ылайык арыз ээси тарабынан жүзөгө ашырылат.
2.2. Бажы органы СО экспертине жана арыз ээсине кайрылгандан кийин бир күндүн ичинде СО сертификациялоо жол-жобосун жүргүзүүдө продукцияны кароо жана үлгүлөрдү тандоо үчүн убактылуу сактоо кампасына же алуучунун (арыз ээсинин) кампасына кирүүгө уруксат берет.
2.3. Шайкештикти милдеттүү түрдө ырастоо боюнча жумуштар аяктагандан кийин СО арыз ээсине шайкештик сертификатын же продукция коопсуздук талаптарына шайкеш эместиги белгиленген учурда бажы органына жана тиешелүү продукцияны мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу органга милдеттүү кабарлоо менен негизделген баш тартууну жазуу жүзүндө берет.
2.4. Арыз ээси шайкештик сертификатын бажы органдарына бергенден, бардык бажылык жол-жоболорду аткаргандай кийин продукция эркин жүгүртүүгө чыгарылат. Бажы органдарында шайкештик сертификатынын эсепке алынган көчүрмөсү калат.
2.5. Бажы органына шайкештик сертификатын берүүдөн СО жазуу жүзүндөгү негиздүү баш тартуусу берилген учурда продукция Кыргыз Республикасынын аймагына эркин жүгүртүүгө чыгарылууга жатпайт.
3. Шайкештик жөнүндө декларациянын негизинде Кыргыз Республикасынын бажы аймагына продукцияларды ташып келүү жол-жобосу
3.1. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген уюм же алардын аккредитациялоо жаатынын чегинде продукцияларды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдар тарабынан жүргүзүлөт.
3.2. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик жана/же расмий тилдерде же жогоруда аталган тилдердин бирине расмий которуу менен жүргүзүлөт.
3.3. Бажы чек арасынан өтүүдө декларант бажы органдарына шайкештик жөнүндө катталган декларациянын көчүрмөсүн берет.
3.4. Арыз ээси бажы органдарына шайкештик жөнүндө декларациянын көчүрмөсүн бергенден жана бардык бажы жол-жоболорун аткаргандан кийин продукция эркин жүгүртүүгө чыгарылат.
3.5. Продукцияга шайкештикти ырастоо формасы милдеттүү сертификациялоо гана болуп эсептелген шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого жол берилбейт.
|
| Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартибине тиркеме |
КЕПИЛДИК КАТ 202___-ж. "___" ________________
________________________________________________________ (субъекттин аталышы жана анын дареги) ___________________ атынан (кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты) __________________________ даярдалган (өлкө, өндүрүүчү фирма) __________________ (товардык-коштоочу документтердин аталышы) __________________ (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду) (продукциянын аталышы, тиби, маркасы, саны) бул продукциялардын партиясы төмөнкүлөргө тиешелүү экендигин жеке жоопкерчилигим менен билдирем:
- рыноктордо жүгүртүү же ажыратуу үчүн багытталбаган продукцияларга(*);
- эл аралык, мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык уюмдардын, алардын алдындагы чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле алардын персоналынын расмий пайдалануусуна багытталган продукцияларга(*);
- сертификациялоо жүргүзүүнүн алдында орнотууну жана монтаждоону талап кылган техникалык байланыш каражаттарына жана жабдууларга(*) Кыргыз Республикасынын рынокторуна жайгаштырылбайт.
((*) - керектүүсүн көрсөтүңүз)
Кыргыз Республикасынын рынокторунда көрсөтүлгөн продукциялар жайгаштырылган учурда өз жоопкерчилигиме кепилдик берем.
_______________________________ (колу) |
| _______________________________________ (Арыз ээсинин ФАА) |
М.О. |
| (Мөөрү бар ТЭИ субъекттери үчүн) |