Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 279
"Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомуна жер участогун өткөрүп берүү жана жерди пайдалануунун башка маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясынын 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Олимпия көчөсү дареги боюнча жайгашкан, аянты 9 га жер участогу (идентификациялык коду 3-10-01-0022-2204) "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомуна (мындан ары - "Кыргыз Петролеум Компани" ЖАК) капиталдык курулушка 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
"111. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясынын 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик жерди пайдалануучунун пайдалануусунда турган жер участогун уставдык капиталында . контролдук мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомго, анын туунду чарбалык коомуна 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берүүгө укуктуу.".
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун кабыл алууну-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.
4. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгиленген тартипте:
- "Кыргыз Петролеум Компани" ЖАКка ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна убактылуу пайдалануу укугун каттасын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. "Кыргыз Петролеум Компани" ЖАКка ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун сакталышын белгиленген тартипте камсыздоо сунушталсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президентин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |