Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 278
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү
министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик
ишканасынын балансында турган мамлекеттик менчиктеги
объектти Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын
мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2021-жылдын 16-декабрындагы № 4 жана 2022-жылдын 3-февралындагы № 4 токтомдорун көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын балансында турган, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Барпы көчөсү, 79 "б" дареги боюнча жайгашкан, кыймылсыз мүлк бирдигинин коду 3-10-04-0001-0011-02, аянты 487,7 кв.м имаратты (мындан ары -объект) белгиленген тартипте Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объект жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын мунципалдык менчигине өткөрүлүп берилет деп белгиленсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүлүп берилүүчү объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
- объектти жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жүргүзүү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 3-июнундагы № 49 (3384) саны менен жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |