Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 127 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) көрсөтүлүүчү тышкы жардамды ишке ашыруунун натыйжалуулугу маселелери боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыздоочу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. "Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр" термини эл аралык уюмдарды, эл аралык финансылык институттарды, донор өлкөлөрдү жана чет өлкөлүк банктарды түшүндүрөт.
2. Кеңештин принциптери, милдеттери жана функциялары
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр өз ишин төмөнкү принциптердин негизинде ишке ашырат:
1) тышкы жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, кабыл алынган эл аралык келишимдерди жактоочулук;
2) консультациялык процесстин жана диалогдун негизинде өз ара аракеттенүү;
3) ачык-айкындык жана бири бирин толуктоо, кайталоону болтурбоо жана каражаттарды натыйжалуу жана жемиштүү пайдаланууну камсыз кылуу.
4. Кеңештин негизги милдети болуп өнүктүрүү максатында тышкы жардам көрсөтүүнү пайдалануу натыйжалуулугун камсыздоо жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда диалог жүргүзүү жана туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүү эсептелет.
5. Бул маселени чечүү үчүн Кеңеш төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына ылайык тышкы жардамды пайдалануу жана тартуу маселелери боюнча сунуштамаларды талкуулоо жана даярдоо;
2) тышкы жардамды пландоо жана пайдалануу механизмдерин өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдар үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу, ошондой эле ишке ашырылып жаткан макулдашуулардын күчүнө киришинин мамлекеттик ички жол-жоболорун тездетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
3. Кеңештин укуктары
6. Негизги милдеттерге жетүү үчүн Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү тышкы жардамды көрсөтүү маселелери боюнча өздөрүнүн жыйындарына чакырууга;
2) өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын тартуунун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жакшыртуу, тышкы жардамды көрсөтүүнүн жана пайдалануунун ченемдик укуктук жана процессуалдык жол-жоболорду өркүндөтүү, тышкы жардамды тартуунун стратегияларын жана артыкчылыктарын аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүн эксперттик баалоону ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын адистерин жана чет өлкөлүктөрдү да кошуу менен эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;
3) тышкы жардамды көрсөтүү жана натыйжалуу пайдалануу чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жана саясатты өркүндөтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн дарегине сунуштарды кабыл алууга жана киргизүүгө.
4. Кеңештин ишин уюштуруу
7. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн Кеңештин тең төрагасы ротациялык негизде бир жылдык мөөнөткө жалпы ачык добуш берүү жолу менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ичинен шайланат.
8. Кеңештин төрагасы жана тең төрагасы Кеңешти жетектейт, күн тартибин жактырат, Кеңештин жыйындарына төрагалык кылат, Кеңештин кабыл алынган чечимине кол коёт.
9. Кеңештин Катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү жана тышкы жардам маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү саналат.
10. Кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
11. Кеңештин чечимдери Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
12. Каралып жаткан маселелер боюнча Кеңештин чечимдери иштелип чыккан сунуштар же сунуштамалар менен протокол түрүндө таризделет.
13. Кеңештин алдында убактылуу же туруктуу негизде Кеңештин жумушчу органдары түзүлүшү мүмкүн. Кеңештин тиешелүү органдарын түзүү жөнүндө чечимди Кеңеш өзү кабыл алат.
14. Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кеңештин катчылыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
15. Кеңештин сунуштамаларынын жана сунуштарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү жана тышкы жардам маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
5. Кеңештин мүчөлөрүнүн укугу
16. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кеңештин жыйындарында жарыш сөзгө катышууга, талкууланып жаткан маселелердин маңызы боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө, эксперттердин талапкерлигин сунуштоого, суроо берүүгө, маалымкат берүүгө, ошондой эле ушул Жободо белгиленген тартипте Кеңештин мүчөлөрүнө берилген башка укуктарды пайдаланууга;
2) Кеңеш тарабынан кабыл алынган сунуштамаларды даярдоого жана ишке ашырууга катышууга;
3) Кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды алууга жана алар менен таанышууга;
4) Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди талкуулоодо чечүүчү добуш укугу менен Кеңештин жумушчу органдарынын жыйындарына катышууга;
5) Кеңештин ишинин ар кандай маселеси боюнча өз пикирин эркин билдирүүгө;
6) көрсөтүлгөн тышкы жардамды ишке ашырууну жакшыртуу жана аны тартуунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишине катышууга;
7) мамлекеттик органдарга кайрылууга жана алардан Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого.
6. Кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттенмелери
17. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кеңештин ишине, анын жумушчу органдарынын ишине жана Кеңештин кабыл алынган иш пландарынын алкагындагы иш-чараларга жеке катышууга;
2) Кеңештин жыйындарын жүйөсүз себептер менен калтырууга жол бербестен анын ишине катышууга;
3) Кеңештин башка мүчөлөрүнө Кеңештин кабыл алынган иш пландарынын алкагында алардын ишинин мазмуну, жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө толук маалымат берүүгө;
4) Кеңештин чечимдерин жана сунуштамаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө.
7. Кеңештин Катчылыгынын функциялары жана ыйгарым укуктары
18. Кеңештин Катчылыгы белгиленген тартипте:
1) Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого укуктуу;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте Кеңештин сунуштамаларын жана сунуштарын кароого мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;
3) проблемалуу маселелерди тез арада чечүү үчүн эксперттик топторду түзүү өтүнүчү менен тиешелүү мамлекеттик органдарга жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө кайрылууга укуктуу;
4) Кеңештин мүчөлөрүнө баяндама катты даярдайт, Кеңештин сунуштамаларын жана сунуштарын кароо жөнүндө Кеңештин төрагасына, тең төрагасына жана мүчөлөрүнө маалымдайт;
5) Кеңештин жыйындарын даярдоого катышат.