Сравнение редакций…
| Тиркеме (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 токтомуна) |
Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 474, 2025-жылдын 28-февралындагы № 100, 2025-жылдын 22-августундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Бул Тартипте транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөө жана уруксатты каттоо аныкталган.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) транспорт каражатынын ээси - менчик укугунда же башка мүлктүк укуктарда транспорт каражатына ээ болгон юридикалык же жеке жак;
2) арыз ээси - таандык болгон транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн кайрылган резиденттер жана резидент эместер;
3) резиденттер - Кыргыз Республикасынын жараны, кайрылман статусун алган этностук кыргыздар, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;
4) резидент эместер - ушул Тартипке ылайык жеке жана юридикалык жак - резидент болуп таанылбаган жеке жана юридикалык жактар;
5) уруксатты каттоо - транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат жөнүндө маалыматтарды транспорт каражаттарынын электрондук маалыматтар базасына киргизүү;
6) көчүрмө - транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоону ырастаган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү документ түрүндө таризделген маалымат;
7) "Транспорт каражаттарын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы ("ТКК" АМС) - катталган транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштетүү, сактоо үчүн арналган автоматташтырылган маалыматтык система;
8) VID - транспорт каражатынын уникалдуу идентификациялык номери;
9) М-1 - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу, айдоочунун ордунан тышкары, отуруу үчүн сегизден көп эмес орундугу бар жеке автомобилдер;
91) M-1G - өтүмдүүлүгү жогору болгон, М-1 категориясындагы (жүргүнчүлөрдү ташууга арналган, айдоочунун ордунан тышкары сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдер) транспорт каражаттары;
10) ыйгарым укуктуу орган - автомототранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган;
11) транспорт каражатын күңүрттөөгө уруксатты онлайн-каттоо сервиси - Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоого байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн багытталган Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркемеси же төлөө уюмдарынын башка санарип инструменттери.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 474, 2025-жылдын 22-августундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Жыйымдын өлчөмү, төлөө тартиби жана уруксат берүү талаптары
3. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйым төмөнкүдөй өлчөмдө алынат:
- жеке жак-резиденттер үчүн 500 эсептик көрсөткүч;
- юридикалык жактар үчүн 700 эсептик көрсөткүч;
- резидент эместер үчүн 900 эсептик көрсөткүч.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 490 "Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо боюнча акцияны жарыялоо жөнүндө" токтому
31. Электрмобилдердин алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйым төмөнкүдөй өлчөмдө алынат:
- жеке жак-резиденттер үчүн 300 эсептик көрсөткүч;
- юридикалык жактар үчүн 500 эсептик көрсөткүч;
- резидент эместер үчүн 700 эсептик көрсөткүч.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 516 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты алуу үчүн акы төлөө республикалык бюджетке накталай акчаны берүү же акча каражаттарын которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
5. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо республикалык бюджетке жыйым төлөнгөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу жеңил автомобилдерди (такси) кошпогондо, уруксат М-1, M-1G категориясындагы транспорт каражаттарына берилет.

7. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөө боюнча иштерди аткаруу уруксат катталгандан кийин, транспорт каражатынын ээси тарабынан өз алдынча же мындай иштерди жүзөгө ашырган ишкердик субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Арыз ээсинин каалоосу боюнча транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин жарык өткөрүүнү чектөөсүз күңүрттөөгө жол берилет.
3. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо боюнча аракеттер, ошондой эле аларды эсепке алууну жүргүзүү
9. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо арыз ээси ыйгарым укуктуу органга түздөн-түз кайрылганда же күңүрттөөгө уруксатты онлайн-каттоо сервиси аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) ыйгарым укуктуу органга кайрылууда төмөнкү документтерди берүү зарыл:
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүргөн документ же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- анын ушул менчик ээсине таандык болгондугун ырастаган кагаз түрүндөгү же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;
- юридикалык жактарга таандык болгон жеңил транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат алуу укугуна ишеним кат (юридикалык жактын жетекчиси үчүн талап кылынбайт) жана ишеним кат берилген адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн документ;
- транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн акы төлөөнү ырастаган документ (транспорт каражаттарын күңүрттөөгө уруксат үчүн акы төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары же мобилдик тиркемелер аркылуу төлөнгөн учурда документ талап кылынбайт);
2) күңүрттөөгө уруксатты онлайн-каттоо сервиси аркылуу транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн:
- онлайн-каттоо сервистеринин бири (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркемеси же төлөө уюмдарынын башка санарип инструменттери) аркылуу транспорт каражатын күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн кызмат көрсөтүүнү тандоо;
- автонун ээсинин менчигинде бир нече транспорт каражаттары болгон учурда тизмеден керектүү транспорт каражатын тандоо;
- транспорт каражатынын алдыңкы эшиктерин күңүрттөөгө уруксаттын наркын электрондук форматта төлөө зарыл.".

10. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери:
- ушул Тартиптин 9-пунктунда каралган документтерди арыз ээсинен кабыл алат;
- уруксаттын колдонуу мөөнөтү менен транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо жөнүндө маалыматты киргизет;
- кол койдуруп алуу менен "ТКК" АМСтен көчүрмө берет жана маалыматтарды уруксаттын колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен Уруксаттарды берүүнү эсепке алуу реестрине киргизет.
Уруксат транспорт каражатынын VID катталат.
Уруксатты каттоонун колдонуу мөөнү аяктагандан кийин "ТКК" АМСте уруксатты каттоонун колдонулушу аяктаганы тууралуу маалымат автоматтык режимде чагылдырылат.
11. Жеңил транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксаты бар болгондугун контролдоо электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталындагы "Carcheck" сервисинде тиешелүү маалыматты автоматтык чагылдыруу жолу менен камсыздалат.
12. Ушул Тартиптин 9-пунктуна ылайык документтер толук эмес көлөмдө берилген учурда ыйгарым укуктуу орган көрсөтүлгөн кемчиликтерди 10 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө оңдоого мүмкүнчүлүк берет.
Уруксатты каттоодо төмөнкүдөй негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн:
- арыз ээси тарабынан кемчиликтер толук көлөмдө жана Тартиптин ушул пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюлбаса;
- арыз ээси берген документтерде туура эмес же бурмаланган маалыматтар аныкталса;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 100 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- "ТКК" АМСте да фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар сертификацияланган атайын контролдук-ченөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде белгиленген бузуулар үчүн транспорт каражатынын ээсинин туумдары жана айыптары боюнча карыздары жөнүндө маалыматтар бар болсо, транспорт каражатынын ээси транспорт каражатын кайра каттоодон мурда бузуулар үчүн туумдарды жана айыптарды төлөөгө милдеттүү;
- мүлктү камакка алуу же чектөө жөнүндө чечим бар болсо.
Башка негиздер, анын ичинде максатка ылайыксыз жүйөлөр боюнча уруксат берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 100 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Уруксатты кайра тариздөө, колдонуу мөөнөтүн узартуу, дубликатын берүү
13. Уруксатты кайра тариздөө менчик ээси транспорт каражатын алмаштырганда же транспорт каражатынын ээси өзгөргөн учурда гана ишке ашырылат.
Мурда катталган уруксаты менен транспорт каражатынын ээси өзгөргөн учурда менчик ээсинин арызы боюнча уруксат башка транспорт каражатына кайра катталышы мүмкүн, бул учурда уруксат арызда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын VID катталат.
Уруксат мурда катталган уруксаттын калган колдонуу мөөнөтүнө кайра катталат.
Мурда катталган уруксаты менен транспорт каражатынын ээси өзгөргөн учурда катталган уруксаттын ээсинин арызы боюнча транспорт каражатынын жаңы ээсине уруксатты берүүгө жол берилет.
14. Уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу аны каттоо үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
15. "ТКК" АМСтен уруксатты каттоого көчүрмө жоголсо же жараксыз болгон учурда дубликат арыз ээсинин кайрылуусу боюнча берилет.
5. Корутунду жоболор
16. Уруксат 1 жылдык мөөнөткө катталат, эгерде менчик ээси уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөнү колдонуудан баш тартса, төлөнгөн жыйымдын акысы уруксатты пайдалануу мөөнөтүнө карабастан кайтарылып берилбейт.
Алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлгөн транспорт каражатын транспорт каражаттарын башкарууга укугу бар адамдар колдоно алышат.
17. Катталган уруксаты жок айнектери күңүрттөлгөн транспорт каражатын пайдалануу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 токтому менен бекитилди) |
Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин
каптал айнектерин күңүрттөөгө
жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты
каттоонун тартиби