Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 токтомуна) |
Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 370, 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартиби (мындан ары - Тартип) "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан, кыргыз автомобилдик ташуучуларга (мындан ары - ташуучу) чет өлкөлүк уруксат жана көп тараптуу уруксат. бланктарын берүү жана кыргыз уруксат бланктарын чет өлкөлүк ташуучулардын пайдалануусун контролдоо жол-жобосун регламенттейт.
Тартип жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктун ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер (мындан ары - эл аралык келишимдер) менен аныкталат.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- сапар - автотранспорт каражатынын жөнөп кетүү пунктунан белгиленген пунктка чейин жол жүрүүсү жана жөнөп кеткен пунктуна кайра кайтып келүүсү;
- рейс - автотранспорт каражатынын жөнөп кетүү пунктунан белгиленген пунктка чейин жол жүрүүсү;
- транзиттик өтүү (транзит) - автотранспорт каражатынын жүк менен же жүксүз мамлекеттин аймагы аркылуу өтүшү, ошондой эле жөнөп кетүү жана баруу пункттары ал мамлекеттин аймагынан тышкары болгон учурда жүргүнчү ташуучу транспорттун өтүүсү;
- үчүнчү мамлекеттерге/үчүнчү мамлекеттерден жүктөрдү ташуу - кыргыз же чет өлкөлүк ташуучу тарабынан башка мамлекеттин аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына жана үчүнчү мамлекеттин аймагынан башка мамлекеттин аймагына эл аралык автомобилдик жүк ташууларын жүзөгө ашыруусу;
- кыргыз ташуучу - бул Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосунда эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттин аймагы аркылуу эл аралык автомобилдик жүк ташууларды, жүргүнчүлөрдү жана багаждарды ташууну ишке ашыруу үчүн транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) лицензиясы бар, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жана жеке жактар;
- чет өлкөлүк ташуучу - бул Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосунда эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу эл аралык автомобилдик жүк ташууларды, жүргүнчүлөрдү жана багаждарды ташууну ишке ашырган чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар;
- кыргыз уруксаты - эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк ташуучулар Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча . өтүүсүнө берилген уруксат;
- чет өлкөлүк уруксат - эл аралык келишимдерге ылайык кыргыз ташуучуларына чет мамлекеттин аймагы боюнча жүрүүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксат (кирүүгө, чыгууга, транзитке, бош өтүүгө, ошондой эле башка өлкөнүн аймагынан үчүнчү өлкөнүн аймагына ташуу үчүн универсалдуу уруксат);
- көп тараптуу уруксат - көп тараптуу автомобилдик ташуулар жөнүндө эл аралык макулдашуу түзгөн кайсы болбосун мамлекеттин аймагы аркылуу өтүүгө уруксат, ал ошол мамлекеттердин ташуучуларына берилет, белгилүү бир мөөнөткө жарактуу жана ушул макулдашуунун катышуучусу болуп саналган кайсы болбосун мамлекеттин аймактары аркылуу транспорттук каражаттын кирүүсүн, чыгуусун жана транзиттик өтүүсүн камсыз кылат;
- уруксат берүүчү документтердин бланктарын алмаштырууга квота (мындан ары - алмашуу квотасы) - чет мамлекеттер менен алмашууга макулдашылган чет өлкөлүк уруксаттардын саны;
- эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагазы (CMR) - автомобилде жүк ташуу келишиминин түзүлгөндүгүн тастыктоочу жана автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташууда колдонулуучу жүк ташуу документи;
- инвойс - сатуучу тарабынан сатып алуучуга берилген жана товарлардын тизмесин, алардын санын жана алар сатып алуучуга жеткириле турган баасын, товардын формалдуу өзгөчөлүктөрүн (түсү, салмагы, өлчөмү ж.б.) жеткирүүнүн шарттарын жана жүктөрдү, товарларды жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматты камтыган эл аралык коммерциялык документ;
- маалыматтык система - арыздарды автоматтык түрдө кабыл алууга жана бөлүштүрүлгөн чет өлкөлүк уруксат бланктарынын санын эсептөөгө жана кыргыз ташуучуларына берилген, алып салынган (жокко чыгарылган), бузулган жана жоголгон чет өлкөлүк уруксат жана көп тараптуу уруксат бланктары (мындан ары - чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат) жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө кабыл алууга арналган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн транспорттук контролдоонун натыйжалары боюнча чет өлкөлүк ташуучулардын кыргыз уруксат бланкаларын пайдалангандыгы жөнүндө маалыматты камтыган электрондук программа;
- жеке кабинет - ыйгарым укуктуу органга өтүнмөлөрдү, милдеттенме-арызды, отчетторду толтурууга жана тапшырууга, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдан. билдирүүлөрдү жана эскертүүлөрдү алууга мүмкүндүк берүүчү кыргыз ташуучунун профилин камтыган ыйгарым укуктуу органдын электрондук системасында катталган кыргыз ташуучунун порталы;
- чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарын алып салуу (жокко чыгаруу) - кыргыз ташуучуларына берилген чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктары жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын маалымат системасындагы белги (жүк ташууну ырастоочу документтерди берүү менен иш-аракеттердин толук көлөмү аткарылган, пайдаланылбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарын кайтарып берүү себеби боюнча, ырастоочу документтерди берүү менен чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарын жоготуу себеби боюнча, түп нускасын берүү менен чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарын бузуу себеби боюнча).
3. Бул Тартип жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде төмөнкү автотранспорт каражаттарына ээлик кылган кыргыз жана чет өлкөлүк ташуучуларга карата колдонулат:
- ар кандай класстагы автобустар;
- жүк ташуучу автомобилдер (жол берилген жалпы салмагы чиркегичти кошкондо 6 тоннадан ашык же жол берилген пайдалуу жүктөмү чиркегичти кошкондо 3,5 тоннадан ашык);
- адистештирилген автомобилдер (жүктүн айрым түрлөрүн ташуу үчүн арналган);
- атайын автомобилдер (ар кандай иштерге, негизинен транспорттук эмес жумуштарды аткарууга арналган).
4. Автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүсүнө уруксат берүү системасы Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунун иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосундагы эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө эл аралык келишимдер (мындан ары - макулдашуулар) жана ушул Тартип менен аныкталат.
5. Чет мамлекеттин аймагына (аймагынан) кирүү (чыгуу), кыргыз автотранспорт каражаттарынын чет мамлекеттин аймагы аркылуу транзитти (жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуучу) чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын төмөнкү түрлөрүнүн негизинде жүзөгө ашырылат:
- жүк ташууга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар;
- жүргүнчүлөрдү жана багажды сейрек ташуу үчүн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар;
- бир календардык жыл ичиндеги мөөнөттө жүргүнчүлөрдү жана багажды үзгүлтүксүз ташууга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар.
6. Келишим түзүүчү тараптардын макулдашуусу боюнча чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар төмөнкүлөргө өзүнчө укуктарды камтышы мүмкүн:
- кирүүгө (чыгууга);
- транзиттик өтүүгө;
- үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн жүк ташууга;
- бош рейске (жүксүз кирүүгө);
- же чет мамлекеттердин жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу эл аралык ташуулардын көрсөтүлгөн түрлөрүн ар кандай айкалыштыруу (универсалдуу уруксат).
7. Уруксаттар төмөнкүдөй негизги түрлөргө бөлүнөт:
- жүктөрдү эки тараптуу ташуу үчүн;
- жүктөрдү транзиттик ташуу үчүн;
- үчүнчү мамлекеттерге/үчүнчү мамлекеттерден жүктөрдү ташууга;
- жүктөрдү эки тараптуу/транзиттик ташуу үчүн;
- бош рейстер үчүн (жүксүз кирүү үчүн);
- жүктөрдү универсалдуу ташуу үчүн;
- бир календардык жыл ичиндеги мөөнөттө жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу үчүн;
- жүргүнчүлөрдү эки тараптуу каттамда сейрек ташуу үчүн;
- жүргүнчүлөрдү транзиттик ташууда сейрек ташуу үчүн;
- жүргүнчүлөрдү эки тараптуу/транзиттик каттамда сейрек ташуу үчүн.
8. 1993-жылдын 25-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө макулдашууга ылайык эл аралык автомобилдик ташууну ишке ашырууда төмөнкүлөр талап кылынат:
1) бир календардык жыл колдонуу мөөнөтү менен "А" түрүндөгү уруксат - жүргүнчүлөрдү (анын ичинде туристтерди) жана багажды үзгүлтүксүз ташууну ишке ашырууда ташуучуга жөнөп кетүү пунктунан белгиленген пунктка чейин ташууларды аткарууга мүмкүндүк берет;
2) "В" түрүндөгү уруксат - жүргүнчүлөрдү (анын ичинде туристтерди) жана багажды эки тарапка бир рейс жасоо укугу менен сейрек автомобилдик ташууну аткарууда;
3) "С" түрүндөгү уруксат - жүктөрдү автомобиль транспортунда эки тарапка бир рейс жасоо укугу менен ташууда.
"A", "B", "C" түрүндөгү уруксаттар ар бир календардык жылдын 31-декабрына чейин жарактуу.
9. Эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, уруксат учурундагы календардык жыл үчүн аткарылган эл аралык автомобилдик ташуулардын түрлөрүнүн бири боюнча бир сапарга гана жарактуу болот.
10. Өтүү үчүн айрым уруксаттар тараптардын макулдашуусу боюнча биргелешкен/аралаш комиссиялардын же эл аралык келишимдерге ылайык түзүлгөн эл аралык автомобилдик жүк ташуу маселелери боюнча комиссиянын протоколдук чечимдерине ылайык кийинки календардык жылдын 31-январына чейин колдонулат.
2-глава. Эл аралык ташууларга уруксаттарды бөлүштүрүү
11. Ыйгарым укуктуу орган чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен уруксат бланктарын алмаштырууга квотаны жана уруксат берүүчү документтердин жарактуулук мөөнөтүн макулдашат, кыргыз тараптын уруксат бланктарын чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына өткөрүп берет жана экинчи тараптын мамлекетинен кыргыз ташуучулар үчүн уруксат алат.
Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына өткөрүлүп берилген кыргыз уруксаттары ошол мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык берилет.
12. Кыргыз ташуучуларынын керектөөлөрүн канааттандырган алмашуу квотасы бар чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар, алар алынгандан кийин, чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жылдык жалпы керектөөнүн жыйынды маалыматтарына ылайык кыргыз ташуучулардын арасында бөлүштүрүлүп берилүүгө тийиш.
Кыргыз ташуучуларынын керектөөлөрүн канааттандырбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды бөлүштүрүүнүн шарттары жана түрлөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:
- эл аралык автомобилдик ташуулар чөйрөсүндө иш тажрыйбасы (иш стажы);
- жеке автотранспорт каражаттарынын болушу;
- тартылган автотранспорт каражаттарынын болушу;
- отчеттук жылдын алдында өткөн жылы колдонулган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын саны.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу алынып келинген автотранспорт каражаттарына чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар берилбейт.
14. Ыйгарым укуктуу орган чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынан алынган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарынын жалпы санынан беш пайыз өлчөмүндө чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарынын резервин түзөт.
Резервди түзүү төмөнкүлөр үчүн зарыл:
- ташуучулар тарабынан учурдагы календардык жыл ичинде жаңы түзүлгөн контракттар, келишимдер боюнча жүк ташууларды аткаруу үчүн;
- гуманитардык жүктөрдү ташуу үчүн;
- ташуучулар тарабынан календардык мезгил ичинде жаңы сатып алынган автотранспорт каражаттары үчүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары кыргыз ташуучуларына ыйгарым укуктуу орган тарабынан алардан арыздар келип түшкөнүнө жараша берилет.

16. Кыргыз ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар ушул кыргыз жүк ташуучуга таандык автотранспорт каражатына пайдаланылат.
Кыргыз ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды башка юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Кыргыз ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк уруксаттарды башка юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүү фактысы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт. Жыл ичинде алынган уруксаттарды башка юридикалык жана жеке жактарга кайталап өткөрүп берүүдө ыйгарым укуктуу орган бул юридикалык жана жеке жактарга уруксат бланктарынын бардык түрлөрүн берүүнү өткөрүп берүү фактысы аныкталган учурдан тартып он эки айлык мөөнөткө токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Бир эле мамлекеттин бир эле транспорттук каражатынын түрүнө бир эле түрдөгү чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат төмөнкүлөр үчүн кайталап берилет:
- жүк ташуу үчүн - ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк уруксаттын бланкы колдонулгандан жана аны пайдалануу жөнүндө отчет берилгенден кийин;
- жүргүнчүлөрдү жана багажды эл аралык ташуу үчүн - чет өлкөлүк уруксат алынган жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу боюнча иш-аракеттердин толук көлөмү аткарылгандан кийин.
Арыз ээлери кайрылганда жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды эл аралык ташууга бир рейс жасоо үчүн бир эле автотранспорт каражатына 2 (эки) окшош чет өлкөлүк уруксат талап кылынганда, чет мамлекеттердин аймактары транзит катары пайдаланылганда, 2 (эки) окшош чет өлкөлүк уруксат бланкы берилет. Бул автотранспорт каражатына окшош кайталанма чет өлкөлүк уруксаттар ташуучу алынган чет өлкөлүк уруксаттардын бланктарын колдонгондон жана аларды колдонгондугу жөнүндө отчет тапшыргандан кийин берилет.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар колдонулган же колдонулбаган учурда кыргыз ташуучу бул уруксатты ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланктары берилген күндөн тартып төрт айдын ичинде берилген жери боюнча ыйгарым укуктуу органга кайтарып берүүгө милдеттүү, мында маалымат системасында уруксаттын статусуна тийиштүү өзгөртүү жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктары берилген күндөн тартып беш ай өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган кыргыз ташуучуларга пайдаланылган же пайдаланылбаган уруксат бланкын кайтарып берүү жөнүндө эскертүү жөнөтөт.
Пайдаланылган же пайдаланылбаган бланктар жөнүндө отчет чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланкы берилген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө берилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган кыргыз ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды колдонот жана бул ташуучуга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарынын бардык түрлөрүн берүүнү токтотуп турат.
Ташуучу пайдаланылган же пайдаланылбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды кайтарып берүү жөнүндө талапты жойгондо ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүнү кайра баштайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ыйгарым укуктуу орган жүргүнчүлөрдү жана багажды үзгүлтүксүз ташууга чет өлкөлүк уруксат бланктарын кыргыз ташуучулардан арыз-милдеттенмелерди (2-тиркеме) алгандан кийин чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча белгиленген маршруттардын, автотранспорт каражаттарынын жана бул каттамдар үчүн күнүмдүк каттам санын эске алуу менен бөлүштүрөт.
18. Ыйгарым укуктуу органда чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарынын бар экендиги жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат жана онлайн режиминде жаңыланат.
19. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарын берүүчү ыйгарым укуктуу органга бул уруксаттарды берүү боюнча ыйгарым укуктарды аткаруу бийлигинин башка органдарына, уюмдарга, ошондой эле коммерциялык, чарбалык же коомдук негизде иштеген ар кандай түзүмдүк бөлүмдөргө өз алдынча өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
3-глава. Кыргыз ташуучуларына чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды берүү
20. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосундагы эл аралык автомобилдик каттамдар жөнүндө макулдашууларда жана келишимдерде белгиленген квотага ылайык:
- кыргыз ташуучуларынын чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланкаларына болгон жылдык муктаждыгы жөнүндө маалыматтарды тариздейт;
- чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте уруксат бланктарын алмаштырууга квотаны аныктайт;
- чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен уруксат бланктарын алмашууну уюштурат;
- ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу кыргыз ташуучуларына чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бар экендиги жөнүндө маалымдайт жана берилген, колдонулган, жоголгон жана бузулган уруксат бланктарынын реестрин жүргүзөт;
- кыргыз ташуучуларына чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарын берүүнү камсыздайт.
21. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жылдык жалпы муктаждыкты аныктоо үчүн кыргыз ташуучулары кийинки жылдын башталышына чейин төрт айдан кем эмес убакытта ыйгарым укуктуу органга ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнмө беришет.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жалпы жылдык муктаждыкты аныктоо үчүн өтүнмөлөр ыйгарым укуктуу органга электрондук түрдө (ал жок болгон учурда - кагаз жүзүндө) берилет. Электрондук түрдө берилген документтер кыргыз ташуучусунун электрондук кол тамгасы менен ырасталат.
Өтүнмөдө каттамдардын пландаштырылган саны (жүк ташуулар үчүн), ташуучунун ар бир мамлекет жана каттамдын түрү боюнча чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга болгон жылдык муктаждыгы, ошондой эле эл аралык автомобилдик жүк ташуу үчүн пайдаланылган автотранспорт каражаттарынын саны көрсөтүлөт. Өтүнмө келерки жылга эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашырууну реалдуу болжолдоонун негизинде түзүлүүгө тийиш.
Алмашуу квотасы кыргыз ташуучуларынын керектөөлөрүн канааттандырбаган чет өлкөлүк уруксаттарга муктаждыктын реалдуу болжолу жүктөрдү ташуу үчүн контракттардын, келишимдердин (ташылган жүктүн көлөмүн, жүк жөнөтүүчүлөрдү жана жүк алуучуларды, жөнөтүүчү өлкөнү жана кабыл алуучу өлкөнү көрсөтүү) болушу менен ташуучу тарабынан ырасталат.
Эгерде чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жылдык жалпы муктаждыкты аныктоого арыз көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе, ташуучу жүйөлүү себебин көрсөтүү менен жыл ичинде калган мезгилге арыз берет.
Жалпыланган маалыматтардын негизинде ыйгарым укуктуу орган Тартиптин ушул пунктуна ылайык берилген өтүнмөлөр боюнча чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга келерки жылдын башталышына чейинки төрт айга жалпы жылдык керектөө жөнүндө жыйынды маалыматтарды түзөт.
Кийинки жылдын башталышына чейин ыйгарым укуктуу орган чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын алмашууга квотаны аныктайт жана аларды алмашуунун тартибин макулдашат.
22. Ыйгарым укуктуу орган уруксаттарды алууга келип түшкөн арыз-милдеттенмелерди карап чыгып, келип түшкөн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды эске алуу менен аларды маалыматтык система тарабынан эсептелген маалыматтардын жыйынтыгы боюнча кыргыз ташуучуларынын ортосунда учурдагы календардык жылдын кварталдары боюнча бөлүштүрөт.
Маалыматтык система тарабынан бөлүштүрүлгөн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарынын саны кварталдарга бөлүштүрүү менен ташуучуга бекитилип берилет жана алар ташуучунун жеке кабинетинде сакталат.
Ташуучу кварталдарга бөлүштүрүүнүн эсебинен өзүнүн жеке кабинетинде сакталган уруксат бланктарын алууга арыз бере алат. Ташуучу квартал ичинде ташуучунун жеке кабинетинде сакталган бланктарды албаса, алар маалыматтык система тарабынан алынат жана башка ташуучуларга алардын арызы боюнча берилет.

23. Уруксат бланктарын бөлүштүрүү автоматтык режимде төмөнкү формула боюнча ишке ашырылат:
Rni = Zni * Knui * Knwei * Kntioi * (Q - 5%) / Σmi=1 = (Zmi * Kmui * Kmwei * Kmtioi),
n - жылдык өтүнмө берген кыргыз ташуучу;
m- өтүнмө берген ташуучулардын жалпы саны;
Ri- i-ташуучуга бөлүштүрүлүп берилген уруксаттардын саны;
Zi - i-ташуучунун жылдык өтүнмөсүндө көрсөтүлгөн уруксаттардын саны;
Kui - i-ташуучунун өткөн жылдагы уруксат бланктарын колдонуу коэффициенти, өткөн отчеттук жылда толук көлөмдө (100%) пайдаланганда Kui, = 1, толук эмес көлөмдө пайдаланганда Kui тиешелүү позицияларга төмөндөйт;
Kwei - i-ташуучунун эл аралык жүк ташуудагы иш стажынын коэффициенти, 3-жылга чейин - Kwei = 0,1; 3-5 жыл - Kwei = 0,6; 6-8 жыл - Kwei = 0,9; 9 жыл жана андан жогору - Kwei =1,5;
Ktioi - лицензиясы бар i-ташуучунун жеке жана тартылган автотранспорт каражаттарынын болушунун коэффициенти (жеке автотранспорт каражатына 1 балл, ал эми тартылган автотранспорт каражатына 0,1 балл берилет). Автотранспорт каражаттарына ыйгарылган баллдар суммаланат. Эң көп балл топтогон жүк ташуучуга Ktioi=1 коэффициенти ыйгарылат. Калган автоташуучулар үчүн коэффициент (Ktioi) автотранспорт каражаттарына ыйгарылган баллдардын эң жогорку балл менен автоташуучунун баллдарына карата катышына барабар;
Q - суралган багыт боюнча чет мамлекеттен алынган уруксаттардын саны;
5% - резерв;
Σmi=1 - коэффициенттерди эске алуу менен бардык ташуучулар сураган уруксаттардын суммасы.
Ташуучу отчеттук жылдын ичинде алынган 10дон ашык бланкты пайдаланбаса, анда Kui = 0,5.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Кыргыз ташуучуларына күнүмдүк өтүнмөлөр боюнча (башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы) бөлүштүрүлгөн уруксаттарды берүү практикалык түрдө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
R = Z * Kr * Ku - Q,
мында:
Т - АТК саны;
Z - формулада T>=Z шартында, конкреттүү багыт боюнча суралган уруксаттардын саны Z эсептөө үчүн алынат, T<Z шартында, формулада Z ордуна Т алынган;
R- система тарабынан берилген уруксаттардын саны;
Кr - өткөн жылдагы уруксатгардын кайтарым коэффициенти;
Кu - квартал үчүн бөлүнгөн уруксаттарды ташуучунун кайтарып берүүсүн эсепке алуу коэффициенти;
Q - бул багыттагы уруксаттардын ташуучудагы калдыгы.
Эсептөө үчүн баштапкы маалыматтар.
Жылдык өтүнмө боюнча бөлүштүрүлгөндөрдүн ичинен үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн 6 даана россиялык уруксаттарды алууга өтүнмө берилди:
- ташуучунун бар 5 АТКы бар, демек биз 5 даана уруксатты эсепке алабыз;
- мисалы, үстүбүздөгү жылдын 21-февралына карата бул багыт боюнча өткөн жылдын үлгүсүндөгү бардык уруксат кагаздары тапшырылган. Эгер 21-февралга карата уруксаттар бериле элек болсо, анда ташуучу Кu = 0 болот, башкача айтканда система бардык уруксаттарды толугу менен тапшырганга чейин бул маанини берет. Эгерде ташуучу уруксаттарды жоготуп алган болсо, анда тастыктоочу документтер болгондо Кr жоголгон жана алынган уруксаттардын катышына барабар болот. Биз карап жаткан учурда Кr = 1;
- эгерде уруксаттарды өткөрүп берүү фактылары орун алса, анда уруксат берүү 6 айга, эгерде өткөрүп берүү кайрадан аныкталса, кайра - бир жылга токтотулат;
- квартал ичинде ташуучу 5 даана ушул сыяктуу уруксат алган жана мөөнөтү аяктагандан кийин 4 даана кайтарылган, бул шартта Кu = 4 / 5 = 0,8;
- ташуучуда 2 даана ушул сыяктуу уруксат бар - Q=2.
Формула боюнча эсептөө:
R = Z * Kr * Ku - Q;
R = 5 * 1 * 0,8 - 2 = 2 даана.
25. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык автомобилдик ташууларга уруксат берилген юридикалык жана жеке жактарга төмөнкүдөй уруксаттар берилет:
- эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда чет мамлекеттин аймагына кирүүгө жана чыгууга (эки тараптуу жүк ташуу үчүн);
- эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда чет мамлекеттин аймагы аркылуу транзиттик өтүүгө (транзиттик жүктөрдү ташуу үчүн);
- эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн жүктөрдү ташууга;
- эки тараптуу жана транзиттик эл аралык автомобилдик жүк ташууга (эки тараптуу/транзиттик жүк ташуу үчүн);
- бош рейстерге (жүксүз кирүү үчүн);
- чет мамлекеттердин аймагы аркылуу эл аралык ташуулардын көрсөтүлгөн түрлөрүнүн каалагандай айкалышына (жүктөрдү ташуу үчүн универсалдуу);
- эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууга (жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу үчүн, бир календардык жылга жарактуу мөөнөтү менен);
- эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууга (эки тараптуу каттамда жүргүнчүлөрдү сейрек ташуу үчүн);
- эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууга (транзиттик каттамда жүргүнчүлөрдү сейрек ташуу үчүн);
- эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууга (эки тараптуу/транзиттик каттамда жүргүнчүлөрдү сейрек ташуу үчүн).
26. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу жүрүүгө уруксат бланктарды берүү боюнча арыз-милдеттенмелер ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппараты жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ыйгарым укуктуу органдын маалымат системасындагы кыргыз ташуучунун жеке кабинети аркылуу кагаз же электрондук түрдө кабыл алынат.
27. Ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүлөр берилет:
- жүргүнчүлөрдү жана багажды сейрек ташууда чет өлкөлүк уруксаттардын бланктары, эгерде:
- жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сейрек ташууну жүзөгө ашыруу боюнча иш менен алектенүү укугуна лицензиясы бар болсо;
- сунушталган автотранспорт каражаттарына лицензиясы бар болсо.
Кыргыз ташуучуларына жүктөрдү ташуу үчүн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктары төмөнкү учурларда берилет:
- эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча иш менен алектенүү укугуна лицензиясы болсо;
- сунушталган автотранспорт каражаттарына лицензиялары бар болсо.
28. Өтүүгө уруксат алуу үчүн кайрылууда арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сейрек ташууда:
- ушул Тартипке 2-тиркемеге ылайык форма боюнча жазылган арыз-милдеттенме. Арыз-милдетгенмеде милдеттүү түрдө автотранспорт каражатынын каттоо номери, бланктын номери жана лицензиянын жарактуулук мөөнөтү, ошондой эле лицензиялардын электрондук реестринде лицензиянын бар экендигин жана анын укуктук статусун ырастоо үчүн салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) көрсөтүлөт.
- кагаз же электрондук формада уруксаттын наркы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция, ал уруксат берүү жөнүндө ырастоодон кийин кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алым алынат.
Автотранспорт каражатынын эл аралык каттамда өтүүсүнө уруксаттын бланктарын берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөө банк аркылуу жүргүзүлөт жана накталай, накталай эмес формада же электрондук төлөм системаларын колдонуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
30. Документтер арыз ээси тарабынан мамлекеттик же расмий тилдерде берилет. Арыз ээси берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
31. Кыргыз ташуучусуна (юридикалык жакка) чет өлкөлүк уруксатты берүүдө бланктын тиешелүү графалары (ташуучунун аталышы) толтурулат.
Жеке жактарга берилген уруксаттардын бланктарында фамилиясы, аты, атасынын аты жана автотранспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери көрсөтүлөт.
Берилген уруксаттын бланкына мөөр (штамп) басылат, уруксаттар бланкынын реестрине шилтемени көрсөтүүчү документтин QR-коду жана уруксатты берген ыйгарым укуктуу органдын адамынын колу коюлат.
Берилген уруксаттардын бланктары ушул ташуучуга катталат, мында ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы берилген уруксаттардын реестрине ташуучуга берилген уруксаттардын номерлерин киргизет. Бул - уруксаттардын бланктары башка юридикалык жана жеке жактарга берилбейт. Юридикалык жактар уруксаттардын алынган бланктарын уруксаттардын бланктарын алган күнү аларга таандык болуп саналган автотранспорт каражаттарына гана колдонушат. Жаңы келген жана тартылган (келишим боюнча) автотранспорт каражаттарына уруксаттардын мурда берилген бланктары колдонулбайт.
Эгер колдонулган болсо, ыйгарым укуктуу орган кийинки жылы, ушундай чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын (бир эле өлкөнүн жана ошол эле түрдөгү) бланктарын берүүнү шайкеш санга кыскартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 370, токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ташуучу тарабынан пайдаланбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары кайтарылууга тийиш (ыйгарым укуктуу орган берген күндөн тартып 4 айдын ичинде кайтарып берилет), мында уруксаттын төлөнгөн наркы кайтарылбайт. Ташуучу чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды пайдаланбаган жана аларды кайтарып берген учурда ыйгарым укуктуу орган кийинки жылы ушуга окшогон уруксаттарды (бир эле өлкөнүн жана ошол эле түрдөгү) берүүнү чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын пайдаланылбаган бланктарынын шайкеш санына кыскартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 370, 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Кыргыз, чет өлкөлүк жана көп тараптуу өтүүгө уруксаттардын реквизиттери мамлекеттик, расмий же чет тилдерде таризделет.
Чет өлкөлүк ташуучулардын кыргыз уруксат бланктарын толтуруу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Ыйгарым укуктуу орган жоголгон же бузулган уруксат бланктары боюнча тиешелүү маалыматтарды ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасына киргизет. Ташуучу тарабынан отчеттук мезгилде алынган бир же бир нече уруксат бланктары жоголгон факты боюнча ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар колдонулат.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын колдонууну контролдоонун автоматташкан системасын ишке киргизүүдө колдонулган уруксаттардын бланктары автоматтык режимде алып салынат (жокко чыгарылат).
Ыйгарым укуктуу орган колдонулган (жокко чыгарылган) чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасына тиешелүү маалыматтарды киргизет.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланктары жоголгон учурда кыргыз ташуучулар жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган уруксаттардын жоголгондугу жана жараксыздыгы жөнүндө кулактандырууларды жайгаштырууну ырастоочу арыздардын же документтердин ички иштер органдарында катталган көчүрмөлөрүн тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын жоготкондугу жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө (6-тиркеме) билдиришет. Ыйгарым укуктуу орган ушул арыздын негизинде уруксаттардын жоголгон бланктарын алып таштайт (жокко чыгарат) жана кийинки жылга ушул ташуучуга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын санын шайкеш азайтат.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланкын жоготуу жөнүндө билдирүүнү ыйгарым укуктуу органга берүүнүн мөөнөтү кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган күндөн тартып он жумушчу күндөн ашпоого тийиш.
Ташуучу тарабынан чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланкына өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда документ бузулган деп таанылат жана алып салынууга (жокко чыгарылууга) тийиш, ыйгарым укуктуу орган кийинки жылга бул ташуучуга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын санын ошого шайкеш азайтат.
Ыйгарым укуктуу орган өтүүгө жоголгон же бузулган уруксаттары боюнча тиешелүү маалыматтарды ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасына киргизет жана бул ташуучу үчүн кийинки жылга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын саны ошого шайкеш кыскартылат.
Кыргыз ташуучунун чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарынын бланктарын алууга өтүнмөлөрдү кароодо чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын жарыяланган саны ушул Тартипте белгиленген мөөнөттө кайтарылбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын санына шайкеш кыскартылат.
Ташуучу отчеттук мезгилде 10дон (он) ашык уруксат бланктарын жоготкон учурда ыйгарым укуктуу орган бул ташуучуга алты айлык мөөнөткө чет өлкөлүк уруксаттардын бланктарынын бардык түрлөрүн берүүнү токтотот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
а) арыз берүүчү тарабынан ушул Тартиптин 28-пунктунун талаптарына жооп бербеген документтерди берүүсү;
б) ташуучу тарабынан чет өлкөлүк жана көп тараптуу .уруксаттардын бланктарын башка ташуучуга өткөрүп берүү фактысы ушул Тартиптин 16-пунктуна ылайык аныкталгандыгы;
в) ыйгарым укуктуу органда чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары жок болушу;
г) ташуучу тарабынан берилген арыз-милдеттенмеде же өтүнмөдө анык эмес же толук эмес маалыматтардын болушу;
д) маалыматтык система тарабынан эсептелген маалыматтардын жыйынтыктары боюнча;
е) кыргыз ташуучу тарабынан уруксаттарды пайдалануу тартибин, эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу жаатындагы улуттук мыйзамдардын талаптарын нечен ирет (үч жолудан ашык) бузуу фактысынын болушу, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине ылайык салынган төлөнбөгөн айып пулдун болушу.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүдөн башка негиздер боюнча, анын ичинде максатка ылайыктуу эмес деген жүйө боюнча баш тартууга жол берилбейт.
36. Ыйгарым укуктуу орган кыргыз ташуучуларынын арыздары боюнча жаңыдан сатып алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагына жүк менен/жүксүз ташып келинген автотранспорт каражаттары үчүн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын резервден берет.
Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорт каражатын ташып келе тургандыгынын фактысы кыргыз ташуучулар тарабынан сатып алуу-сатуу келишиминин же эсеп-фактуранын (инвойстун) болушу менен ырасталат.
37. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүдөн баш тартуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими жүйөлүү болушу керек жана арыз ээсине электрондук түрдө үч жумуш күндүн ичинде билдирилет же арыз ээсинин талабы боюнча жазуу жүзүндө жөнөтүлөт. Форс-мажордук жагдайларда же электр энергиясы жок болгондо, электрондук система иштен чыкканда, жабдуулар бузулганда, уруксаттарды берүүдөн негиздүү баш тартуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн жагдайлар жоюлганга чейин узартылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Эгерде чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө берилбесе, же берүүдөн баш тартуу негизсиз болсо, арыз ээси ушул чечимдерге "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттанууга укуктуу.
39. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
- колдонуу мөөнөтү аяктаганда (ушул Тартиптин 8, 9, 10-пункттары);
- ишке ашырууга уруксат берилген аракеттерди толук көлөмдө аткарганда;
- берилген уруксаттар жоголгон, бузулган же уурдалган деп таанылганда.
40. Кыргыз ташуучусу жарым жылда бир жолу ыйгарым укуктуу органга 5-тиркемеге ылайык форма боюнча чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын колдонулган бланктары жөнүндө кагаз түрүндө же электрондук отчетту тапшырат (электрондук отчет ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасынын жеке кабинети аркылуу берилет).
Кыргыз ташуучулары уруксаттардын бланктарын коштомо кат менен кагаз же электрондук формада ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасындагы жеке кабинети аркылуу каалаган формада түзүп тапшырат, анда милдеттүү түрдө датасы, мамлекеттин аталышы, уруксаттардын бланктарынын номерлери көрсөтүлөт жана ырастоочу документтер (CMR түп нускасы, инвойс) тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк, көп тараптуу жана кыргыз уруксаттарынын берилген, кайтарылган, бузулган жана жоголгон бланктарынын эсебин өлкөлөр боюнча жүргүзөт. Чет өлкөлүк, көп тараптуу жана кыргыз уруксаттарынын кайтарылган, бузулган, жоголгон жана уурдалган бланктарын эсепке алуу ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасына маалыматтарды киргизүү менен жүргүзүлөт жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- ташуучунун аталышын;
- уруксаттын түрүн жана өлкөсүн;
- уруксаттын колдонуу мөөнөтүн;
- уруксаттын кайтарылган күнүн;
- кайтарылган уруксаттын номерин;
- уруксаттын бланктарын башка юридикалык жана жеке жактарга берүү фактыларын;
- уруксатты жоготуу, бузуу, уурдоо фактыларын.
4-глава. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланктарын берүүдө аракеттердин ыраатын сүрөттөө
42. Келип түшкөн документтерди ыйгарым укуктуу орган карайт.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды берүү боюнча функцияларды ишке ашыруунун башталышы болуп арыз берүүчүдөн ушул Тартиптин 28-пунктуна ылайык төлөм жөнүндө квитанцияны тиркөө жана маалыматтарды көрсөтүү менен мөөр басылган (юридикалык жактар үчүн) арыз-милдеттенмени алуу эсептелет.
43. Ыйгарым укуктуу органдын функцияларын ишке ашыруунун аяктоосу болуп чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланкын берүү же аны берүүдөн баш тартуу эсептелет.
44. Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын алуу үчүн берилген документтерди белгиленген тартипте каттайт. Тапшырылган документтер ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасында катталат. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүгө арыз кагаз түрүндө берилген учурда документтерди каттоо ыйгарым укуктуу органдын ички регламентине ылайык жүргүзүлөт.
45. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүгө бардык кабыл алынган арыздар маалыматтык системаны колдонуу менен таризделет, анда ыйгарым укуктуу органга келип түшкөн берилген уруксаттардын маалымат базасы түзүлөт.
46. Ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында онлайн режиминде ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын берилген бланктарынын реестрлерин жаңыртып турат.
47. Ыйгарым укуктуу орган берилген арыз-милдеттенменин жана арызга тиркелген документтерди толтуруунун тууралыгын төмөнкүлөрдү аныктоо максатында текшерет:
- ушул Тартиптин 28-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтердин болушун;
- берилген документтердин лицензиялануучу (уруксат берилүүчү) ишти жүргүзүү боюнча талаптарга ылайык келүүсүн, автотранспорт каражатынын аткарылып жаткан ташуунун түрүнө ылайыктуулугун;
- ушул Тартиптин 16-пунктунун аткарылышын.
48. Берилген документтерди текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу орган бир жумушчу күндүн ичинде чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын толтурат жана берүүгө даярдайт же уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиздемесин даярдайт. Форс-мажордук жагдайларда же электр энергиясы жок болгондо, электрондук система иштен чыкканда, жабдуулар бузулганда, уруксат берүү/берүүдөн баш тартуу мөөнөтү аталган жагдайлар жоюлганга чейин узартылат.
49. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүдөн негиздүү баш тартуу арыз ээсине маалыматтык системанын жеке кабинети аркылуу электрондук почта менен жөнөтүлөт, же өз колуна берилет, же анын дарегине почта менен же башка байланыш каражаттары аркылуу жиберилет.
50. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат берилген уруксаттардын электрондук реестрине маалыматтар киргизилгенден жана ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу органдын уруксат берүүгө жооптуу кызмат адамы тарабынан арыз ээсине өткөрүп берилет.
51. Эгерде арыз ээси байланыш каражаттарын (почтаны, электрондук почтаны, байланыштын башка каражаттарын) пайдалануу менен чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланктарын алуу үчүн кайрылса, анда ыйгарым укуктуу органдын уруксаттарды берүү үчүн жооптуу кызматкери ыйгарым укуктуу органдын кабыл алынган чечими жөнүндө арыз ээсин анын байланыш телефону, электрондук почтасы, факсы же башка байланыш каражаттары аркылуу билдирет.
52. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат арыз ээсинин жеке өзүнө же анын өкүлүнө - ишеним кат боюнча берилет.
53. Зыянга алып келбеген эл аралык келишимдердин талаптарын ташуучу бир жолу аткарбаганы үчүн ыйгарым укуктуу орган андан ары бузууларга жол бербөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүү берет.
54. Ташуучу ушул Тартиптин 32-пунктун аткарбагандыгы үчүн ыйгарым укуктуу орган мындан ары бузууларга жол бербөө жөнүндө жана ушул Тартипте белгиленген мөөнөттө кайтарылбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын саны кийинки жылга ошончо санга кыскара тургандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү эскертүү берет.
55. Ташуучу тарабынан автомобилдик транспорт жаатындагы эл аралык келишимдердин жана ушул Тартиптин жоболору бузулган учурда, ыйгарым укуктуу орган ага карата эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт.
56. Ыйгарым укуктуу орган жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордо транспорттук контролдоонун стационардык жана көчмө пункттарында ташуучулар автомобилдик каттам жөнүндө эл аралык келишимдердин жоболорун сактоону контролдойт.
5-глава. Ташуучулар кыргыз, чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын пайдалануусун контролдоо
57. Кыргыз уруксаттардын бланктары чет өлкөлүк ташуучуларга алардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан тиешелүү жылга алмаштырылган уруксаттардын ичинен берилет. Кыргыз уруксаттардын колдонуу мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Тартиптин 8, 9 жана 10-пункттарына ылайык аныкталат.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин биринин аймагында катталган ташуучулар тарабынан эл аралык автомобилдик жүк ташуулар уруксатсыз негизде төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) аймагында .ташуучулар катталган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет менен башка мүчө мамлекеттин ортосунда;
2) Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекеттеринин аймактары аркылуу транзиттик өтүүдө;
3) Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө мамлекеттеринин ортосунда.
58. Чет өлкөлүк ташуучуларга алардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан тиешелүү жылга алмаштырылган уруксаттардын ичинен кыргыз уруксаттарынын бланктарын пайдаланууну контролдоо транспорттук контролдоонун стационардык жана көчмө пункттарында транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери тарабынан, ал эми ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген компетенциянын чегинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
Чет өлкөлүк ташуучуда жүргүзүлүп жаткан ташуунун түрүнө кыргыз уруксатынын бланкы жок болсо, транспорттук контролдоонун мамлекеттик органынын кызматкери (кызматкерлери), ал эми ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы:
1) чет өлкөлүк ташуучунун Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салат жана чет өлкөлүк ташуучу тарабынан жүктү башка кыргыз транспорт каражатына кайра жүктөө жөнүндө чечим кабыл алат;
2) укук бузуу жөнүндө протокол түзөт, айып салуу жөнүндө токтом чыгарат жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулардын кошумча укуктук кесепеттерин колдонот;
3) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 38-беренесинин 5-пунктуна ылайык чет өлкөлүк ташуучунун транспорт каражатын атайын (айыптык) токтотуучу жайга убактылуу сактоо үчүн жеткирет же иш боюнча чечим кабыл алынганга жана адамды транспорт каражатын башкаруудан четтетүү үчүн негиз болгон бардык себептер четтетилгенге чейин анын андан ары жүрүүсүнө жол бербөө үчүн транспорт каражатынын дөңгөлөктөрүнүн блокираторлорун колдонот;
4) бузуулар четтетилгенден кийин, башкача айтканда, өз мамлекетинин ыйгарым укуктуу органынан алынган кыргыз уруксатынын бланкынын тиешелүү түрү көрсөтүлүп, айып салуу жөнүндө токтом аткарылгандан кийин чет өлкөлүк ташуучуга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат берет.
Транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бул бузуу жөнүндө транспорт каражаты катталган өлкөнүн транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Кыргыз Республикасына жүк ташуу же Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит чет өлкөлүк ташуучу катталган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген уруксаттардын негизинде эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттин ташуучулары тарабынан жүзөгө ашырылат.
60. Кыргыз уруксаты бир сапарга жарактуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан биринчи рейс аткарылган мамлекеттин аймагынан кайра артка жүк жүктөп кетүүгө жарайт.
61. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик рейстен артты карай багытта бараткан чет өлкөлүк жүк ташуучу автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагында баратып жүктөөгө Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө кошумча кыргыз уруксаты болгондо гана жол берилет.
Эгерде автотранспорт каражаты катталган өлкөгө ташуу пландаштырылса, анда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга кошумча кыргыз уруксаты болушу зарыл.
Эгерде Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөдөн, же Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөлөргө ташуу пландаштырылса, анда Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөдөн, же Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөлөргө ташууга кошумча кыргыз уруксаты болушу керек.
62. Кыргыз Республикасынын аймагынан автотранспорт каражаты катталган мамлекет болуп саналбаган үчүнчү мамлекеттин аймагына артты карай багытта бара жаткан чет өлкөлүк автотранспорт каражаты баратып жүктөгөн учурларда, ушул Тартиптин 57-пунктунда каралган ташууларды копшогондо, Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөлөргө ташууга кошумча кыргыз уруксатынын болушу зарыл.
63. Жүктү жеткирүү же жиберүү пункту болуп саналбаган елкөнүн аймагында жүктү башка транспорт каражатына кайра жүктөө (же жүгү бар чиркегичти кайра которуу) менен жүктү үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташуу үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына кыргыз уруксаты болгондо жүзөгө ашырылат.
Бажы транзити аяктай элек жүктү үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташууда жүктү жиберүү пункту болуп саналбаган өлкөнүн аймагында жүктү жеткирүү же жиберүү пункту болуп саналган өлкөдө катталган автотранспорт каражаттарынан башка автотранспорт каражатына кайра жүктөөгө жол берилбейт.
Бажы транзити аяктай элек үчүнчү өлкөлөрдөн келген жүктү Кыргыз Республикасынын аймагында үчүнчү өлкөлөрдөн жүктү жеткирүү же жиберүү өлкөсүндө катталган башка автотранспорт каражатына кайра жүктөөгө (кайра туташтырууга) жол берилбейт.
Жүк жеткирилген же жиберилген өлкөдө катталган автотранспорт каражаттары менен жүктү үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) ташууга үчүнчү өлкөлөргө (өлкөлөрдөн) кыргыз уруксаты (же көп тараптуу уруксаты) болгондо жол берилет.

64. Чет өлкөлүк автотранспорт каражаты катталган өлкөнүн аймагында мыйзамдарга ылайык түзүлгөн жана катталган үчүнчү өлкөлөрдүн ишканаларында жана филиалдарында өндүрүлгөн жүктөрдү ташууда үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн кыргыз уруксаты талап кылынбайт, аталган ташуулар төмөнкүдөй колдоочу документтер менен ырасталган учурларда:
- эл аралык транспорттук коштомо кагаз (CMR) же товардык-транспорттук коштомо кагаз, же жүк жөнөтүүчүнүн же жүк алуучунун чет өлкөлүк ташуучуга жүктөрдү ташуу үчүн тапшырмасы.
Мында бул ташуу Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө кыргыз уруксатынын негизинде жүзөгө ашырылат.
65. Кыргыз Республикасынын аймагына жүктөрдү ташууда сүйрөткүчтү же жүк ташуучу автомобилди ташуучунун каттоо мамлекетинде катталган башка сүйрөткүчкө же жүк ташуучу автомобилге алмаштырууга жол берилет.
66. Чет өлкөлүк ташуучуда кыргыз уруксатынын бланкы жок болсо, жүктү кыргыз транспорт каражатына кайра жүктөө боюнча чаралар кайра жүктөө жөнүндө акт түзүү менен көрүлөт.
67. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен келе жаткан чет өлкөлүк автотранспорт каражатынын өз мамлекетинин каттоосу жана айырмалоочу белгиси жок өтүүсү, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген транзиттик өтүүгө кыргыз уруксатынын бланкынын негизинде ишке ашырылат.
68. Үчүнчү мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына же Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү мамлекеттерге өз мамлекетинин каттоосу жана айырмалоочу белгиси жок автотранспорт каражаттары менен жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү ташууга, эгерде эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда башкача каралбаса, жол берилбейт.
69. Чет өлкөлүк ташуучулар Кыргыз Республикасынын аймагынан өтүү укугун ырастаган кыргыз уруксатынын бланкына өз өлкөсүнөн жолго чыгуунун алдында төмөнкүлөрдү толтурат:
1) ташуучунун аталышын жана толук дарегин;
2) автотранспорт каражатынын номерин.
Мында кыргыз уруксатында уруксат алынган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын берген күнү, колу жана мөөрү көрсөтүлөт. Кыргыз уруксаттарында оңдоолорго жол берилбейт.
Толтурулбаган жана (же) оңдоолор менен толтурулган же жоголуп бараткан сыя менен жазылган каражаттарды колдонуу менен толтурулган кыргыз уруксаты болгон учурда кыргыз уруксатынын бланкы жараксыз деп эсептелет жана ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт, автотранспорт каражатынын андан аркы жүрүшүнө жаңы кыргыз уруксаты берилгенден кийин же администрациялык айып салуу жөнүндө токтом аткарылгандан кийин жүктү кыргыз транспорт каражатына кайра жүктөө же кайра туташтыруу менен гана жол берилет.

70. Чет өлкөлүк бош автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүсү Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин ортосундагы эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө эл аралык келишимдерде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
71. Чет өлкөлүк ташуучулар Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) кирүүдө (чыгууда) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында (же ага жакын) жайгашкан транспорттук контролдоо органдарына ушул Тартипте каралган талаптарга ылайык таризделишин текшерүү үчүн, ошондой эле кыргыз уруксатынын бланкынын тиешелүү бөлүгүнө (бөлүмүнө) контролдоочу органдардын мөөрүн (кирүү/чыгуу) коюу үчүн кыргыз уруксаттарын көрсөтүшөт.
72. Чет өлкөлүк ташуучу Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө макулдашууларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өтүүгө уруксатсыз кирүүгө укугу жок. Анысы жок болгон учурда ыйгарым укуктуу органдын кызматкери ушул Тартиптин 58-пунктуна ылайык чараларды көрөт.
73. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамды, ошондой эле ЕАЭБдин аймагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк ташуучунун автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу, эгерде администрациялык жаза колдонуу жөнүндө токтомго даттануусу же каршы болуусу канааттандырылбаса, айдоочу айып пул төлөнгөндүгүн ырастаган документти көрсөткөндөн кийин гана транспорттук контролдоонун жана чек ара кызматынын мамлекеттик органынын, ал эми Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча ишке ашырылат.

74. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон коштоочу документтер (CMR, инвойс, коносамент, Эл аралык жолдо жүк ташуу китеби жана башка документтер) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык келишимдердин жана конвенциялардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын талабы боюнча айдоочулар тарабынан көрсөтүлөт.
75. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүү укугун ырастоочу уруксат документтери, эгерде макулдашууларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эки пункттун ортосунда чет өлкөлүк автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга укук бербейт.
76. Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну ишке ашырган чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) киришин (чыгышын) жана транзиттик өтүүсүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан (аймагына) үчүнчү өлкөлөргө (өлкөлөрдөн) ташууларды каттоо транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу органынын маалыматтык системасында жүзөгө ашырылат (Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) кирүүнү (чыгууну) жана транзиттик өтүүнү каттоо журналы), ал эми Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында, андан ары маалыматты транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу органынын маалыматтык системасына онлайн-режимде берүү менен ишке ашырылат.
Транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу органынын электрондук системасына (каттоо журналы) төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) чет өлкөлүк ташуучунун аталышы;
2) ташуучунун өлкөсү;
3) жөнөтүүчү өлкө;
4) жеткириле турган өлкө;
5) жүрүү маршруту;
6) автотранспорт каражатынын түрү, маркасы;
7) автотранспорт каражатынын жана чиркегичтин номери;
8) уруксаттын түрү;
9) уруксатты колдонуу мөөнөтү;
10) уруксат берилген күнү жана номери (сериясы).
Ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругун (эскертүүсүн) аткарбагандыгы, ушул Тартиптин шарттарын жана талаптарын аткарбагандыгы үчүн кыргыз жана чет өлкөлүк ташуучулар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.

6-глава. Уруксат документтерин даярдоо жана эсепке алуу
77. Кыргыз уруксаттардын бланктары типографиялык ыкма менен даярдалат, үзгүлтүксүз катар номери жана үчтөн кем эмес коргоо даражасы бар.
78. Жалпы кабыл алынган эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык кыргыз уруксатынын бланкында төмөнкүдөй реквизиттер камтылат:
1) уруксат ташуу укугун ырастаган ташуулардын түрү;
2) бланктын сериясы жана номери;
3) колдонуу мөөнөтү;
4) ташуучунун реквизиттери;
5) бланк берилген күнү жана жери;
6) компетенттүү органдын колу жана мөөрү;
7) автотранспорт каражатынын мамлекеттик номери;
8) контролдоочу органдардын мөөрлөрү жана белги коюу жери;
9) бланкты колдонуу боюнча негизги жазма буйруктар;
10) штрих-код (QR-код).
79. Бланктарды алмаштыруу үчүн ыйгарым укуктуу орган дипломатиялык каналдар аркылуу чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына керектүү өлчөмдө кыргыз уруксаттарынын бланктарын тиркөө менен кат жөнөтөт (учурдагы жылдын сентябрь-октябрь айлары).
80. Кыргыз уруксаттардын бланктары катуу отчеттуулуктун документтери болуп саналат, алардын эсептик сериясы, номери жана коргоо даражасы бар. Кыргыз уруксаттардын бланктарынын формалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет, анын заказы боюнча типографиялык ыкма менен даярдалат.
Уруксаттардын бланктарын эсепке алуу, сактоо жана берүү үчүн жоопкерчиликти ыйгарым укуктуу орган тартат.
81. Уруксаттардын бланктарын максатсыз пайдалангандыгы үчүн кыргыз жана чет өлкөлүк ташуучулар жоопкерчилик тартышат.

82. Кыргыз ташуучуларынын чет мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүүсүнө уруксаттардын бланктарын даярдоо тиешелүү аймак аркылуу өтүүгө укук берген мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
7-глава. Уруксаттарды берүүнүн жүрүшүндө орун алган чечимдерге, аракеттерге (аракетсиздикке) даттануунун тартиби
83. Арыз ээси жана кызыкдар адам өз укуктарын коргоо максатында уруксаттарды берүүнүн жүрүшүндө орун алган чечимдерге жана аракетке (аракетсиздикке) административдик жана сот тартибинде даттанууга укуктуу.
84. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин документтерди өз убагында эмес же толук эмес кароо жана өтүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу менен жасалган аракетине карата жогору турган органдарга же сот органдарына берилген доо-арыз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каралууга тийиш.
8-глава. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бузулган жана сатылбаган бланктарын жок кылуунун тартиби
85. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын бузуу, колдонуу мөөнөтү аяктагандыгынын себебинен эсептен чыгаруу жана жок кылуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн ыйгарым укуктуу органдын комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт, акт жана өлкөлөр боюнча маалымкат түзүү менен комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат.
86. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын эсептен чыгарылган жана сатылбай калган бланктары колдонуу мөөнөтү аяктаган күндөн үч ай өткөндөн кийин комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн катышуусунда жок кылынууга тийиш. Мында жок кылуу жөнүндө акт түзүлөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
87. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын эсептен чыгарылган жана сатылбай калган бланктарын жок кылуу жыл сайын жүргүзүлүп турат.
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 1-тиркеме |
_______________________________________________________ (ташуучунун аты-жөнү, реквизиттери, дареги, телефону, ИСНи)
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жалпы жылдык талапты аныктоо үчүн өтүнмө 20____-жылга карата
№ 1 таблица
(жүк ташуулар үчүн)
Рейстердин пландалган саны (баруу жана кайтып келүү)
№ | Жүрүү маршруту* | Пландалган жылга рейстердин саны (Р) | Маршруттун аралыгы, км (L) | Бир рейске эсептелүүчү убакыт, күн (Д) | АТКнын эсептелүүчү саны** | |||||||
| транзит мамлекети/тери | Дайындалган мамлекет | ||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) Маршрутту толтурууда "Дүйнө өлкөлөрүнүн классификатору" эл аралык стандартына ылайык өлкөлөрдүн эки тамгадан турган коддорун колдонууга жол берилет.
(**) Автотранспорт каражаттарынын эсептелүүчү саны № 2 таблицада көрсөтүлгөн жүк ташуу үчүн автотранспорт каражаттарынын санынан ашпоого тийиш.
№ 2 таблица
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жылдык талап
№ | Уруксат системасынын мамлекетинин аталышы | Уруксаттын түрү | Уруксаттын саны/**даана | Анын ичинде, даана | |||
I квартал | II квартал | III квартал | IV квартал | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
(*) Уруксат берүүнүн негизги түрлөрү: жүктөрдү эки тараптуу ташуу; жүктөрдү транзиттик ташуу; үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн жүктөрдү ташуу; эки тараптуу/транзиттик жүк ташуу; эки тараптуу каттамда жүргүнчүлөрдү сейрек ташуу; транзиттик каттамда жүргүнчүлөрдү сейрек ташуу; эки тараптуу/транзиттик каттамдарда жүргүнчүлөрдү сейрек ташуу.
(**) Жүктөрдү ташуу үчүн автотранспорт каражаттарына чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды алуу муктаждыгы № 1 таблицага ылайык пландалган рейстердин санына жараша аныкталат.
Эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн пайдаланылган автотранспорт каражаттарынын саны, даана:
жүктөрдү ташуу үчүн - ___________________________________________;
жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн - ______________________________________.
Жетекчи:______________________________ _______________________
(Аты-жөнү) (колу)
М.О.
дата 20_____-ж. "___"_________________
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 2-тиркеме |
|
| Кимден: _______________________________________ |
|
| (юридикалык жактын аталышы арыз ээсинин аты-жөнү) |
|
|
|
|
| ________________________________________________ |
|
| (дареги, байланыш телефондору) |
Эл аралык автомобилдик каттамы үчүн автотранспорт каражатына чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат алууга арыз-милдеттенме
Автотранспорт каражатына __________________________________________________
__________________________________________________________________________
(АТКнын маркасы жана модели, мамлекеттик номери)
чиркегичи (жарым чиркегичи) ________________________________________________
_________________________________________________________________________
(чиркегичтин (жарым чиркегичтин) маркасы жана модели, мамлекеттик номери)
төмөнкү маршрут боюнча эл аралык автомобилдик каттамга уруксат берүүнү өтүнөм:
_________________________________________________________________________
(аймагы боюнча маршрут өткөн өлкөлөрдүн аталыштары)
Эл аралык автомобилдик ташууларга лицензия: каттоо № _______________________,
Жарактуу мөөнөтү: ________________________________________________________,
лицензиянын бланкынын номери: ___________________________________________,
ИСН: ___________________________________________________________________.
Тиркейм: уруксаттардын зарылдыгын тастыктоо үчүн (жүк ташууга контракттардын, келишимдердин болушу - алмашуу квотасы кыргыз ташуучуларынын керектөөлөрүн канааттандырбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар үчүн).
Милдеттенем:
- бул уруксатты үчүнчү жакка бербөөгө;
- эл аралык макулдашуулардын талаптарын жана автотранспорт каражатынын жүрүү маршрутундагы мамлекеттердин улуттук мыйзамдарынын талаптарын так аткарууга (Жол кыймылынын эрежелерин, бажы, тарифтик жана башка эрежелерди сактоо бөлүгүндө);
- автотранспорт каражатына катталган өлкөсүнүн каттоочу жана айырмалоочу белгилерин тагууга, автотранспорт каражатынын жүрүү маршрутундагы мамлекеттердин компетенттүү органдарынын талабы боюнча берилүүчү эл аралык ташууларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон уруксатты жана башка документтерди алууга;
- жүктөрдү эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаздар (CMR) боюнча ташууга;
- эгерде бул уруксат бланкы колдонулбаса - 3 айдын ичинде ыйгарым укуктуу органга кайтарып берүүгө, колдонулган уруксат бланктарын бир айдын ичинде берүүгө.
Төмөнкү талаптар менен тааныштым:
- уруксаттарды же алар боюнча укуктарды башка жактарга берүүгө тыюу салынат. Уруксаттарды же алар боюнча укуктарды башка жактарга өткөрүп берүү фактысы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган уруксат бланктарын берүүнү алты айлык мөөнөткө, кайталап аныктоодо - бир жылга чейин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат;
- мурда уруксат берилген эл аралык ташуу процессинде ташуучу тарабынан иш-аракеттер (пайдаланылган уруксат бланкын(тарын) тапшыруу) толук көлөмдө аткарылгандан кийин бир автотранспорт каражатына уруксат(тар) кайрадан берилет;
- колдонулган уруксаттар жөнүндө отчетту квартал сайын жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу органга белгиленген формада берип туруу зарыл.
_________________________________________ ________________________
(арыз ээсинин аты-жөнү) (арыз ээсинин колу)
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 3-тиркеме |
Кабыл алынган документтердин тизмеси
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 4-тиркеме |

| |
|
| |
|
| |
|
| |
|
| |
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 5-тиркеме |
|
| _______________________________________________ |
|
| (аталышы, арыз ээсинин аты-жөнү) |
|
|
|
|
| ________________________________________________ |
|
| (дареги, байланыш телефондору) |
20___-жылдын жарым жылы үчүн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын колдонулган жана колдонулбаган бланктары жөнүндө ОТЧЕТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Уруксат системасынын мамлекетинин аталышы | Уруксаттын түрү | Пайдаланылган АТК | Уруксаттардын саны |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи ____________________________________ __________________
(аты-жөнү) (колу)
М.О.
Датасы 20___-жылдын "____" ____________________
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 6-тиркеме |
|
| _______________________________________________ |
|
| (аталышы, арыз ээсинин аты-жөнү) |
|
|
|
|
| ________________________________________________ |
|
| (дареги, байланыш телефондору) |
20__-ж. ".__" ______________ |
| № _____________ |
20____-жылдын __________ кварталы үчүн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын жоголгон, бузулган жана уурдалган бланктары жөнүндө арыз
№ | Уруксат системасынын мамлекетинин аталышы | Уруксаттын түрү | Уруксаттардын бланктарынын № | Пайдаланган АТК | Уруксаттардын саны |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү тиркелет:
- ички иштер органдарында катталган арыздар;
- көрсөтүлгөн уруксаттардын бланктарынын жоголгондугу жана жараксыздыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында кулактандырууну жайгаштыруусун ырастоочу документтер.
Ыйгарым укуктуу орган ушул арыздын негизинде уруксаттардын жоголгон бланктарын электрондук системадан чыгарат (жокко чыгарат).
Ташуучу тарабынан уруксаттын бланкына өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда документ бузулган деп таанылат жана алып салынууга (жокко чыгарылууга) тийиш, ыйгарым укуктуу орган бул ташуучуга кийинки жылга уруксаттардын санын ошого шайкеш санда азайтат.
Жетекчи __________________________ _________________
(аты-жөнү) (колу)
М.О.
Датасы 20___-ж. "____" _______________
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 259 токтомуна) |
Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 370, 2024-жылдын 13-июнундагы № 307, 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартиби (мындан ары - Тартип) "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан, кыргыз автомобилдик ташуучуларга (мындан ары - ташуучу) чет өлкөлүк уруксат жана көп тараптуу уруксат. бланктарын берүү жана кыргыз уруксат бланктарын чет өлкөлүк ташуучулардын пайдалануусун контролдоо жол-жобосун регламенттейт.
Тартип жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктун ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер (мындан ары - эл аралык келишимдер) менен аныкталат.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- сапар - автотранспорт каражатынын жөнөп кетүү пунктунан белгиленген пунктка чейин жол жүрүүсү жана жөнөп кеткен пунктуна кайра кайтып келүүсү;
- рейс - автотранспорт каражатынын жөнөп кетүү пунктунан белгиленген пунктка чейин жол жүрүүсү;
- транзиттик өтүү (транзит) - автотранспорт каражатынын жүк менен же жүксүз мамлекеттин аймагы аркылуу өтүшү, ошондой эле жөнөп кетүү жана баруу пункттары ал мамлекеттин аймагынан тышкары болгон учурда жүргүнчү ташуучу транспорттун өтүүсү;
- үчүнчү мамлекеттерге/үчүнчү мамлекеттерден жүктөрдү ташуу - кыргыз же чет өлкөлүк ташуучу тарабынан башка мамлекеттин аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына жана үчүнчү мамлекеттин аймагынан башка мамлекеттин аймагына эл аралык автомобилдик жүк ташууларын жүзөгө ашыруусу;
- кыргыз ташуучу - бул Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосунда эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттин аймагы аркылуу эл аралык автомобилдик жүк ташууларды, жүргүнчүлөрдү жана багаждарды ташууну ишке ашыруу үчүн транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) лицензиясы бар, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жана жеке жактар;
- чет өлкөлүк ташуучу - бул Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосунда эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу эл аралык автомобилдик жүк ташууларды, жүргүнчүлөрдү жана багаждарды ташууну ишке ашырган чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар;
- кыргыз уруксаты - эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк ташуучулар Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча . өтүүсүнө берилген уруксат;
- чет өлкөлүк уруксат - эл аралык келишимдерге ылайык кыргыз ташуучуларына чет мамлекеттин аймагы боюнча жүрүүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген уруксат (кирүүгө, чыгууга, транзитке, бош өтүүгө, ошондой эле башка өлкөнүн аймагынан үчүнчү өлкөнүн аймагына ташуу үчүн универсалдуу уруксат);
- көп тараптуу уруксат - көп тараптуу автомобилдик ташуулар жөнүндө эл аралык макулдашуу түзгөн кайсы болбосун мамлекеттин аймагы аркылуу өтүүгө уруксат, ал ошол мамлекеттердин ташуучуларына берилет, белгилүү бир мөөнөткө жарактуу жана ушул макулдашуунун катышуучусу болуп саналган кайсы болбосун мамлекеттин аймактары аркылуу транспорттук каражаттын кирүүсүн, чыгуусун жана транзиттик өтүүсүн камсыз кылат;
- уруксат берүүчү документтердин бланктарын алмаштырууга квота (мындан ары - алмашуу квотасы) - чет мамлекеттер менен алмашууга макулдашылган чет өлкөлүк уруксаттардын саны;
- эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагазы (CMR) - автомобилде жүк ташуу келишиминин түзүлгөндүгүн тастыктоочу жана автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташууда колдонулуучу жүк ташуу документи;
- инвойс - сатуучу тарабынан сатып алуучуга берилген жана товарлардын тизмесин, алардын санын жана алар сатып алуучуга жеткириле турган баасын, товардын формалдуу өзгөчөлүктөрүн (түсү, салмагы, өлчөмү ж.б.) жеткирүүнүн шарттарын жана жүктөрдү, товарларды жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматты камтыган эл аралык коммерциялык документ;
- маалыматтык система - арыздарды автоматтык түрдө кабыл алууга жана бөлүштүрүлгөн чет өлкөлүк уруксат бланктарынын санын эсептөөгө жана кыргыз ташуучуларына берилген, алып салынган (жокко чыгарылган), бузулган жана жоголгон чет өлкөлүк уруксат жана көп тараптуу уруксат бланктары (мындан ары - чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат) жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө кабыл алууга арналган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн транспорттук контролдоонун натыйжалары боюнча чет өлкөлүк ташуучулардын кыргыз уруксат бланкаларын пайдалангандыгы жөнүндө маалыматты камтыган электрондук программа;
- жеке кабинет - ыйгарым укуктуу органга өтүнмөлөрдү, милдеттенме-арызды, отчетторду толтурууга жана тапшырууга, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдан. билдирүүлөрдү жана эскертүүлөрдү алууга мүмкүндүк берүүчү кыргыз ташуучунун профилин камтыган ыйгарым укуктуу органдын электрондук системасында катталган кыргыз ташуучунун порталы;
- чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарын алып салуу (жокко чыгаруу) - кыргыз ташуучуларына берилген чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктары жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын маалымат системасындагы белги (жүк ташууну ырастоочу документтерди берүү менен иш-аракеттердин толук көлөмү аткарылган, пайдаланылбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарын кайтарып берүү себеби боюнча, ырастоочу документтерди берүү менен чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарын жоготуу себеби боюнча, түп нускасын берүү менен чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарын бузуу себеби боюнча).
- ыйгарым укуктуу орган - жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташууларга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүнү жана Кыргыз Республикасынын транспорттук мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул Тартип жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде төмөнкү автотранспорт каражаттарына ээлик кылган кыргыз жана чет өлкөлүк ташуучуларга карата колдонулат:
- ар кандай класстагы автобустар;
- жүк ташуучу автомобилдер, уруксат берилген максималдуу массасы чиркегичти кошкондо 6 тоннадан ашык;
- адистештирилген автомобилдер (жүктүн айрым түрлөрүн ташуу үчүн арналган);
- атайын автомобилдер (ар кандай иштерге, негизинен транспорттук эмес жумуштарды аткарууга арналган).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүсүнө уруксат берүү системасы Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунун иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосундагы эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө эл аралык келишимдер (мындан ары - макулдашуулар) жана ушул Тартип менен аныкталат.
5. Чет мамлекеттин аймагына (аймагынан) кирүү (чыгуу), кыргыз автотранспорт каражаттарынын чет мамлекеттин аймагы аркылуу транзитти (жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуучу) чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын төмөнкү түрлөрүнүн негизинде жүзөгө ашырылат:
- жүк ташууга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар;
- жүргүнчүлөрдү жана багажды сейрек ташуу үчүн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар;
- бир календардык жыл ичиндеги мөөнөттө жүргүнчүлөрдү жана багажды үзгүлтүксүз ташууга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар.
6. Келишим түзүүчү тараптардын макулдашуусу боюнча чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар төмөнкүлөргө өзүнчө укуктарды камтышы мүмкүн:
- кирүүгө (чыгууга);
- транзиттик өтүүгө;
- үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн жүк ташууга;
- бош рейске (жүксүз кирүүгө);
- же чет мамлекеттердин жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу эл аралык ташуулардын көрсөтүлгөн түрлөрүн ар кандай айкалыштыруу (универсалдуу уруксат).
7. Уруксаттар төмөнкүдөй негизги түрлөргө бөлүнөт:
- жүктөрдү эки тараптуу ташуу үчүн;
- жүктөрдү транзиттик ташуу үчүн;
- үчүнчү мамлекеттерге/үчүнчү мамлекеттерден жүктөрдү ташууга;
- жүктөрдү эки тараптуу/транзиттик ташуу үчүн;
- бош рейстер үчүн (жүксүз кирүү үчүн);
- жүктөрдү универсалдуу ташуу үчүн;
- бир календардык жыл ичиндеги мөөнөттө жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу үчүн;
- жүргүнчүлөрдү эки тараптуу каттамда сейрек ташуу үчүн;
- жүргүнчүлөрдү транзиттик ташууда сейрек ташуу үчүн;
- жүргүнчүлөрдү эки тараптуу/транзиттик каттамда сейрек ташуу үчүн.
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, уруксат учурундагы календардык жыл үчүн аткарылган эл аралык автомобилдик ташуулардын түрлөрүнүн бири боюнча бир сапарга гана жарактуу болот.
10. Өтүү үчүн айрым уруксаттар тараптардын макулдашуусу боюнча биргелешкен/аралаш комиссиялардын же эл аралык келишимдерге ылайык түзүлгөн эл аралык автомобилдик жүк ташуу маселелери боюнча комиссиянын протоколдук чечимдерине ылайык кийинки календардык жылдын 31-январына чейин колдонулат.
2-глава. Эл аралык ташууларга уруксаттарды бөлүштүрүү
11. Ыйгарым укуктуу орган чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен уруксат бланктарын алмаштырууга квотаны жана уруксат берүүчү документтердин жарактуулук мөөнөтүн макулдашат, кыргыз тараптын уруксат бланктарын чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына өткөрүп берет жана экинчи тараптын мамлекетинен кыргыз ташуучулар үчүн уруксат алат.
Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына өткөрүлүп берилген кыргыз уруксаттары ошол мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык берилет.
12. Кыргыз ташуучуларынын керектөөсүн канааттандырган алмашуу квотасы бар чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар, алар алынгандан кийин чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жылдык жалпы керектөөнүн жыйынды маалыматтарына ылайык кыргыз ташуучулардын арасында бөлүштүрүлүүгө тийиш.
Кыргыз ташуучулардын керектөөсүн канааттандырбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды бөлүштүрүү ушул Тартиптин 23-пунктуна ылайык маалыматтык система тарабынан автоматтык режимде жүзөгө ашырылат.
Бөлүштүрүлүүчү чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын түрлөрү ташуучулардын өкүлчүлүктүү органдары менен бирге акыркы отчеттук жылдагы уруксаттардын бланктарынын түрлөрүнө болгон керектөөнү талдоону эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу алынып келинген автотранспорт каражаттарына чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар берилбейт.
14. Ыйгарым укуктуу орган чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынан алынган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарынын жалпы санынан беш пайыз өлчөмүндө чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарынын резервин түзөт.
Резервдеги бланктар ташуучуларга төмөнкүлөр үчүн берилет:
- ташуучулар тарабынан учурдагы календардык жыл ичинде жаңы түзүлгөн контракттар, келишимдер боюнча жүк ташууларды аткаруу үчүн;
- гуманитардык жүктөрдү ташуу үчүн;
- ташуучулар тарабынан календардык мезгил ичинде жаңы сатып алынган автотранспорт каражаттары үчүн.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарынын резервинен бланктар отчеттук жылдын төртүнчү кварталында жалпы негизде берилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307, 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомдорунун редакциясына ылайык)
15. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары кыргыз ташуучуларына ыйгарым укуктуу орган тарабынан алардан арыздар келип түшкөнүнө жараша берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кыргыз ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар ушул кыргыз жүк ташуучуга таандык автотранспорт каражатына пайдаланылат.
Кыргыз ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды башка юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Кыргыз ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк уруксаттарды башка юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүү фактысы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт. Жыл ичинде алынган уруксаттарды башка юридикалык жана жеке жактарга кайталап өткөрүп берүүдө ыйгарым укуктуу орган бул юридикалык жана жеке жактарга уруксат бланктарынын бардык түрлөрүн берүүнү өткөрүп берүү фактысы аныкталган учурдан тартып он эки айлык мөөнөткө токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Бир эле мамлекеттин бир эле транспорттук каражатынын түрүнө бир эле түрдөгү чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат төмөнкүлөр үчүн кайталап берилет:
- жүк ташуу үчүн - ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк уруксаттын бланкы колдонулгандан жана аны пайдалануу жөнүндө отчет берилгенден кийин;
- жүргүнчүлөрдү жана багажды эл аралык ташуу үчүн - чет өлкөлүк уруксат алынган жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу боюнча иш-аракеттердин толук көлөмү аткарылгандан кийин.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар колдонулган же колдонулбаган учурда кыргыз ташуучу бул уруксатты ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланктары берилген күндөн тартып төрт айдын ичинде берилген жери боюнча ыйгарым укуктуу органга кайтарып берүүгө милдеттүү, мында маалымат системасында уруксаттын статусуна тийиштүү өзгөртүү жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктары берилген күндөн тартып беш ай өткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган кыргыз ташуучуларга пайдаланылган же пайдаланылбаган уруксат бланкын кайтарып берүү жөнүндө эскертүү жөнөтөт.
Пайдаланылган же пайдаланылбаган бланктар жөнүндө отчет чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланкы берилген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө берилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган кыргыз ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт. Ошондой эле ыйгарым укуктуу орган бул ташуучуга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланктарынын бардык түрлөрүн алты айлык мөөнөткө берүүнү токтото туруу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Ташуучу пайдаланылган же пайдаланылбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды кайтарып берүү жөнүндө талапты мөөнөтүнөн мурда жойгондо ыйгарым укуктуу орган бул ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды колдонуу менен чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарынын бардык түрлөрүн берүүнү кайра баштайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307, 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомдорунун редакциясына ылайык)
17. Ыйгарым укуктуу орган жүргүнчүлөрдү жана багажды үзгүлтүксүз ташууга чет өлкөлүк уруксат бланктарын кыргыз ташуучулардан арыз-милдеттенмелерди (2-тиркеме) алгандан кийин чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча белгиленген маршруттардын, автотранспорт каражаттарынын жана бул каттамдар үчүн күнүмдүк каттам санын эске алуу менен бөлүштүрөт.
18. Ыйгарым укуктуу органда чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарынын бар экендиги жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат жана онлайн режиминде жаңыланат.
19. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарын берүүчү ыйгарым укуктуу органга бул уруксаттарды берүү боюнча ыйгарым укуктарды аткаруу бийлигинин башка органдарына, уюмдарга, ошондой эле коммерциялык, чарбалык же коомдук негизде иштеген ар кандай түзүмдүк бөлүмдөргө өз алдынча өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
3-глава. Кыргыз ташуучуларына чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды берүү
20. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосундагы эл аралык автомобилдик каттамдар жөнүндө макулдашууларда жана келишимдерде белгиленген квотага ылайык:
- кыргыз ташуучуларынын чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланкаларына болгон жылдык муктаждыгы жөнүндө маалыматтарды тариздейт;
- чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте уруксат бланктарын алмаштырууга квотаны аныктайт;
- чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен уруксат бланктарын алмашууну уюштурат;
- ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу кыргыз ташуучуларына чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бар экендиги жөнүндө маалымдайт жана берилген, колдонулган, жоголгон жана бузулган уруксат бланктарынын реестрин жүргүзөт;
- кыргыз ташуучуларына чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарын берүүнү камсыздайт.
21. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жылдык жалпы муктаждыкты аныктоо үчүн кыргыз ташуучулары кийинки жылдын башталышына чейин төрт айдан кем эмес убакытта ыйгарым укуктуу органга ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнмө беришет.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жалпы жылдык муктаждыкты аныктоо үчүн өтүнмөлөр ыйгарым укуктуу органга электрондук түрдө (ал жок болгон учурда - кагаз жүзүндө) берилет. Электрондук түрдө берилген документтер кыргыз ташуучусунун электрондук кол тамгасы менен ырасталат.
Өтүнмөдө каттамдардын пландаштырылган саны (жүк ташуулар үчүн), ташуучунун ар бир мамлекет жана каттамдын түрү боюнча чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга болгон жылдык муктаждыгы, ошондой эле эл аралык автомобилдик жүк ташуу үчүн пайдаланылган автотранспорт каражаттарынын саны көрсөтүлөт. Өтүнмө келерки жылга эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашырууну реалдуу болжолдоонун негизинде түзүлүүгө тийиш.
Алмашуу квотасы кыргыз ташуучуларынын керектөөлөрүн канааттандырбаган чет өлкөлүк уруксаттарга муктаждыктын реалдуу болжолу жүктөрдү ташуу үчүн контракттардын, келишимдердин (ташылган жүктүн көлөмүн, жүк жөнөтүүчүлөрдү жана жүк алуучуларды, жөнөтүүчү өлкөнү жана кабыл алуучу өлкөнү көрсөтүү) болушу менен ташуучу тарабынан ырасталат.
Эгерде чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жылдык жалпы муктаждыкты аныктоого арыз көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе, ташуучу жүйөлүү себебин көрсөтүү менен жыл ичинде калган мезгилге арыз берет.
Жалпыланган маалыматтардын негизинде ыйгарым укуктуу орган Тартиптин ушул пунктуна ылайык берилген өтүнмөлөр боюнча чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга келерки жылдын башталышына чейинки төрт айга жалпы жылдык керектөө жөнүндө жыйынды маалыматтарды түзөт.
Кийинки жылдын башталышына чейин ыйгарым укуктуу орган чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын алмашууга квотаны аныктайт жана аларды алмашуунун тартибин макулдашат.
22. Ыйгарым укуктуу орган уруксаттарды алууга келип түшкөн арыз-милдеттенмелерди карап чыгып, келип түшкөн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды эске алуу менен аларды маалыматтык система тарабынан эсептелген маалыматтардын жыйынтыгы боюнча кыргыз ташуучуларынын ортосунда учурдагы календардык жылдын кварталдары боюнча бөлүштүрөт.
Маалыматтык система тарабынан бөлүштүрүлгөн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктарынын саны кварталдарга бөлүштүрүү менен ташуучуга бекитилип берилет жана алар ташуучунун жеке кабинетинде сакталат.
Ташуучу кварталдарга бөлүштүрүүнүн эсебинен өзүнүн жеке кабинетинде сакталган уруксат бланктарын алууга арыз бере алат. Ташуучу квартал ичинде ташуучунун жеке кабинетинде сакталган бланктарды албаса, алар маалыматтык система тарабынан алынат жана башка ташуучуларга алардын арызы боюнча берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Уруксат бланктарын бөлүштүрүү автоматтык режимде төмөнкү формула боюнча ишке ашырылат:
Rni = Zni * Knui * Knwei * Kntioi * (Q - 5%) / Σmi=1 = (Zmi * Kmui * Kmwei * Kmtioi),
n - жылдык өтүнмө берген кыргыз ташуучу;
m- өтүнмө берген ташуучулардын жалпы саны;
Ri- i-ташуучуга бөлүштүрүлүп берилген уруксаттардын саны;
Zi - i-ташуучунун жылдык өтүнмөсүндө көрсөтүлгөн уруксаттардын саны;
Kui - i-ташуучунун уруксаттар бланктарын пайдалануу коэффициенти, мурда отчеттук жылдын алдында толук көлөмдө (100%) пайдаланганда Kui = 1, толук эмес көлөмдө пайдаланганда Kui тиешелүү позицияларга төмөндөйт;
Kwei - i-ташуучунун эл аралык жүктөрдү ташуудагы иш стажынын коэффициенти, 3 жылга чейин - Kwei = 0,1; 3-5 жыл - Kwei = 0,6; 6-8 жыл - Kwei = 0,9; 9 жана андан ашык - Kwei = 1,0;
Ktioi - лицензиясы бар i-ташуучунун жеке жана тартылган автотранспорт каражаттарынын болушунун коэффициенти (жеке автотранспорт каражатына 1 балл, ал эми тартылган автотранспорт каражатына 0,1 балл берилет). Автотранспорт каражаттарына ыйгарылган баллдар суммаланат. Эң көп балл топтогон жүк ташуучуга Ktioi=1 коэффициенти ыйгарылат. Калган автоташуучулар үчүн коэффициент (Ktioi) автотранспорт каражаттарына ыйгарылган баллдардын эң жогорку балл менен автоташуучунун баллдарына карата катышына барабар;
Q - суралган багыт боюнча чет мамлекеттен алынган уруксаттардын саны;
5% - резерв;
Σmi=1 - коэффициенттерди эске алуу менен бардык ташуучулар сураган уруксаттардын суммасы.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Көңүл буруңуз! Ушул пунктагы абзацтар расмий тилине дал келбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307, 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомдорунун редакциясына ылайык)
24. Кыргыз ташуучуларына күнүмдүк өтүнмөлөр боюнча (башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы) бөлүштүрүлгөн уруксаттарды берүү практикалык түрдө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
R = Z * Kr * Ku - Q,
мында:
Т - АТК саны;
Z - формулада T>=Z шартында, конкреттүү багыт боюнча суралган уруксаттардын саны Z эсептөө үчүн алынат, T<Z шартында, формулада Z ордуна Т алынган;
R- система тарабынан берилген уруксаттардын саны;
Кr - өткөн жылдагы уруксатгардын кайтарым коэффициенти;
Кu - квартал үчүн бөлүнгөн уруксаттарды ташуучунун кайтарып берүүсүн эсепке алуу коэффициенти;
Q - бул багыттагы уруксаттардын ташуучудагы калдыгы.
Эсептөө үчүн баштапкы маалыматтар.
Жылдык өтүнмө боюнча бөлүштүрүлгөндөрдүн ичинен үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн 6 даана россиялык уруксаттарды алууга өтүнмө берилди:
- ташуучунун бар 5 АТКы бар, демек биз 5 даана уруксатты эсепке алабыз;
- мисалы, үстүбүздөгү жылдын 21-февралына карата бул багыт боюнча өткөн жылдын үлгүсүндөгү бардык уруксат кагаздары тапшырылган. Эгер 21-февралга карата уруксаттар бериле элек болсо, анда ташуучу Кu = 0 болот, башкача айтканда система бардык уруксаттарды толугу менен тапшырганга чейин бул маанини берет. Эгерде ташуучу уруксаттарды жоготуп алган болсо, анда тастыктоочу документтер болгондо Кr жоголгон жана алынган уруксаттардын катышына барабар болот. Биз карап жаткан учурда Кr = 1;
- эгерде уруксаттарды өткөрүп берүү фактылары орун алса, анда уруксат берүү 6 айга, эгерде өткөрүп берүү кайрадан аныкталса, кайра - бир жылга токтотулат;
- квартал ичинде ташуучу 5 даана ушул сыяктуу уруксат алган жана мөөнөтү аяктагандан кийин 4 даана кайтарылган, бул шартта Кu = 4 / 5 = 0,8;
- ташуучуда 2 даана ушул сыяктуу уруксат бар - Q=2.
Формула боюнча эсептөө:
R = Z * Kr * Ku - Q;
R = 5 * 1 * 0,8 - 2 = 2 даана.
25. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык автомобилдик ташууларга уруксат берилген юридикалык жана жеке жактарга төмөнкүдөй уруксаттар берилет:
- эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда чет мамлекеттин аймагына кирүүгө жана чыгууга (эки тараптуу жүк ташуу үчүн);
- эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда чет мамлекеттин аймагы аркылуу транзиттик өтүүгө (транзиттик жүктөрдү ташуу үчүн);
- эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашырууда үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн жүктөрдү ташууга;
- эки тараптуу жана транзиттик эл аралык автомобилдик жүк ташууга (эки тараптуу/транзиттик жүк ташуу үчүн);
- бош рейстерге (жүксүз кирүү үчүн);
- чет мамлекеттердин аймагы аркылуу эл аралык ташуулардын көрсөтүлгөн түрлөрүнүн каалагандай айкалышына (жүктөрдү ташуу үчүн универсалдуу);
- эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууга (жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу үчүн, бир календардык жылга жарактуу мөөнөтү менен);
- эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууга (эки тараптуу каттамда жүргүнчүлөрдү сейрек ташуу үчүн);
- эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууга (транзиттик каттамда жүргүнчүлөрдү сейрек ташуу үчүн);
- эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууга (эки тараптуу/транзиттик каттамда жүргүнчүлөрдү сейрек ташуу үчүн).
26. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүгө арыз-милдеттенмелер ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппараты жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасындагы кыргыз ташуучунун жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүлөр берилет:
- жүргүнчүлөрдү жана багажды сейрек ташууда чет өлкөлүк уруксаттардын бланктары, эгерде:
- жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сейрек ташууну жүзөгө ашыруу боюнча иш менен алектенүү укугуна лицензиясы бар болсо;
- сунушталган автотранспорт каражаттарына лицензиясы бар болсо.
Кыргыз ташуучуларына жүктөрдү ташуу үчүн чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланктары төмөнкү учурларда берилет:
- эл аралык автомобилдик жүк ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча иш менен алектенүү укугуна лицензиясы болсо;
- сунушталган автотранспорт каражаттарына лицензиялары бар болсо.
28. Өтүүгө уруксат алуу үчүн кайрылууда арыз ээси транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген формага ылайык арыз-милдеттенмени берет.
Арыз-милдеттенмеде милдеттүү түрдө автотранспорт каражатынын каттоо номери, бланктын номери жана лицензиянын жарактуулук мөөнөтү, ошондой эле лицензиялардын электрондук реестринен лицензиянын бар экендиги жана анын укуктук статусу жөнүндө маалыматты алуу үчүн салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) көрсөтүлөт;
- чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланкын бергендиги үчүн мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция уруксат берүү жөнүндө чечим ырасталгандан кийин электрондук формада берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алым алынат.
Автотранспорт каражатынын эл аралык каттамда өтүүсүнө уруксаттын бланктарын берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөө банк аркылуу жүргүзүлөт жана накталай, накталай эмес формада же электрондук төлөм системаларын колдонуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
30. Документтер арыз ээси тарабынан мамлекеттик же расмий тилдерде берилет. Арыз ээси берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
31.Кыргыз ташуучуга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат берүүдө бланкка уруксаттардын бланктарынын реестриндеги ташуучунун аталышы жана реквизиттери жөнүндө маалыматты камтыган QR-код жазылат.
Берилген уруксаттын бланкына мөөр, штамп жана уруксатты берген ыйгарым укуктуу органдын адамынын колу коюлат.
Берилген уруксаттардын бланктары ушул ташуучуга катталат, мында ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы берилген уруксаттардын реестрине ташуучуга берилген уруксаттардын номерлерин киргизет. Бул уруксаттардын бланктары башка юридикалык жана жеке жактарга берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Ташуучу тарабынан пайдаланылбаган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары кайтарылууга тийиш (ыйгарым укуктуу орган берген күндөн тартып 4 айдын ичинде кайтарылат), мында уруксаттын төлөнгөн наркы кайтарылбайт.
Ташуучу тарабынан пайдаланылбаган кайтарылып берилген чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары кайтадан башка ташуучуларга берилиши мүмкүн, мында маалымат системасындагы ташуучу жөнүндө QR-коддо камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизилет.
Ташуучу тарабынан алынган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар 4 айдын ичинде пайдаланылбаган жана өз убагында кайтарылбаган учурда ыйгарым укуктуу орган кыргыз ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Кыргыз, чет өлкөлүк жана көп тараптуу өтүүгө уруксаттардын реквизиттери мамлекеттик, расмий же чет тилдерде таризделет.
Чет өлкөлүк ташуучулардын кыргыз уруксат бланктарын толтуруу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жоголгон же бузулган уруксаттардын бланктары боюнча тиешелүү маалыматтар ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасына киргизилет. Отчеттук мезгилдин ичинде ташуучу тарабынан алынган уруксаттардын бланктары жоголгон ар бир учур үчүн, уруксаттардын бланктары жоголгон фактынын форс-мажордук жагдайларын эске алуу менен ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар колдонулат.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын пайдаланууну контролдоонун автоматташтырылган системасын киргизүүдө уруксаттардын пайдаланылган бланктарынын статусун өзгөртүү автоматтык режимде жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган колдонулган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттар боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасына тиешелүү маалыматтарды киргизет.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары жоголгон учурда кыргыз ташуучулары жазуу жүзүндө же электрондук формада (6-тиркеме) жоголгон уруксаттардын бланктары жараксыз экендигин көрсөтүп, жалпыга маалымдоо каражаттарында жоголгондугу жөнүндө кулактандыруулар жайгаштырылгандыгы тууралуу маалыматтарды тиркөө менен чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары жоголгондугу жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлайт.
Ыйгарым укуктуу орган бул билдирүүнүн негизинде ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды колдонуу менен маалыматтык системада жоголгон уруксаттардын бланктарынын статусун өзгөртөт.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланкы жоголгондугу жөнүндө билдирүүнү ыйгарым укуктуу органга берүүнүн мөөнөтү кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган күндөн тартып он жумуш күндөн ашпоого тийиш.
Ташуучу тарабынан чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланкына өзгөртүүлөр же оңдоолор киргизилген учурда, документ бузулган деп таанылат жана ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды колдонуу менен маалыматтык системадан чыгарылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
а) арыз берүүчү тарабынан ушул Тартиптин 28-пунктунун талаптарына жооп бербеген документтерди берүүсү;
б) ташуучу тарабынан чет өлкөлүк жана көп тараптуу .уруксаттардын бланктарын башка ташуучуга өткөрүп берүү фактысы ушул Тартиптин 16-пунктуна ылайык аныкталгандыгы;
в) ыйгарым укуктуу органда чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары жок болушу;
г) ташуучу тарабынан берилген арыз-милдеттенмеде же өтүнмөдө анык эмес же толук эмес маалыматтардын болушу;
д) маалыматтык система тарабынан эсептелген маалыматтардын жыйынтыктары боюнча;
е) кыргыз ташуучу тарабынан уруксаттарды пайдалануу тартибин, эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу жаатындагы улуттук мыйзамдардын талаптарын нечен ирет (үч жолудан ашык) бузуу фактысынын болушу, транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине ылайык салынган төлөнбөгөн айып пулдун болушу.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүдөн башка негиздер боюнча, анын ичинде максатка ылайыктуу эмес деген жүйө боюнча баш тартууга жол берилбейт.
36. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
38. Эгерде чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө берилбесе, же берүүдөн баш тартуу негизсиз болсо, арыз ээси ушул чечимдерге "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттанууга укуктуу.
39. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
- колдонуу мөөнөтү аяктаганда (ушул Тартиптин 8, 9, 10-пункттары);
- ишке ашырууга уруксат берилген аракеттерди толук көлөмдө аткарганда;
- берилген уруксаттар жоголгон, бузулган же уурдалган деп таанылганда.
40. Кыргыз ташуучусу жарым жылда бир жолу ыйгарым укуктуу органга 5-тиркемеге ылайык форма боюнча чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын колдонулган бланктары жөнүндө кагаз түрүндө же электрондук отчетту тапшырат (электрондук отчет ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасынын жеке кабинети аркылуу берилет).
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307, 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомдорунун редакциясына ылайык)
41. Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк, көп тараптуу жана кыргыз уруксаттарынын берилген, кайтарылган, бузулган жана жоголгон бланктарынын эсебин өлкөлөр боюнча жүргүзөт. Чет өлкөлүк, көп тараптуу жана кыргыз уруксаттарынын кайтарылган, бузулган, жоголгон жана уурдалган бланктарын эсепке алуу ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасына маалыматтарды киргизүү менен жүргүзүлөт жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- ташуучунун аталышын;
- уруксаттын түрүн жана өлкөсүн;
- уруксаттын колдонуу мөөнөтүн;
- уруксаттын кайтарылган күнүн;
- кайтарылган уруксаттын номерин;
- уруксаттын бланктарын башка юридикалык жана жеке жактарга берүү фактыларын;
- уруксатты жоготуу, бузуу, уурдоо фактыларын.
4-глава. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланктарын берүүдө аракеттердин ыраатын сүрөттөө
42. Келип түшкөн документтерди кароону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды берүү боюнча функцияларды ишке ашыруунун башталышы болуп арыз берүүчүдөн электрондук түрдө арыз-милдеттенмени алуу эсептелет.
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат бланкын берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөө электрондук түрдө QR-коддун же арыз ээсинин жеке кабинетинде төлөө кодунун жардамы менен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Ыйгарым укуктуу органдын функцияларын ишке ашыруунун аяктоосу болуп чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттын бланкын берүү же аны берүүдөн баш тартуу эсептелет.
44. Ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын алуу үчүн берилген документтерди белгиленген тартипте каттайт. Тапшырылган документтер ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасында катталат. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүгө арыз кагаз түрүндө берилген учурда документтерди каттоо ыйгарым укуктуу органдын ички регламентине ылайык жүргүзүлөт.
45. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүгө бардык кабыл алынган арыздар маалыматтык системаны колдонуу менен таризделет, анда ыйгарым укуктуу органга келип түшкөн берилген уруксаттардын маалымат базасы түзүлөт.
46. Ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында онлайн режиминде ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын берилген бланктарынын реестрлерин жаңыртып турат.
47. Ыйгарым укуктуу орган берилген арыз-милдеттенменин жана арызга тиркелген документтерди толтуруунун тууралыгын төмөнкүлөрдү аныктоо максатында текшерет:
- ушул Тартиптин 28-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтердин болушун;
- берилген документтердин лицензиялануучу (уруксат берилүүчү) ишти жүргүзүү боюнча талаптарга ылайык келүүсүн, автотранспорт каражатынын аткарылып жаткан ташуунун түрүнө ылайыктуулугун;
- ушул Тартиптин 16-пунктунун аткарылышын.
48. Берилген документтерди текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу орган бир жумушчу күндүн ичинде чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын толтурат жана берүүгө даярдайт же уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиздемесин даярдайт. Форс-мажордук жагдайларда же электр энергиясы жок болгондо, электрондук система иштен чыкканда, жабдуулар бузулганда, уруксат берүү/берүүдөн баш тартуу мөөнөтү аталган жагдайлар жоюлганга чейин узартылат.
49. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын берүүдөн негиздүү баш тартуу арыз ээсине маалыматтык системадагы жеке кабинети аркылуу жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат берилген уруксаттардын электрондук реестрине маалыматтар киргизилгенден жана ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу органдын уруксат берүүгө жооптуу кызмат адамы тарабынан арыз ээсине өткөрүп берилет.
51. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
52. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат арыз ээсинин жеке өзүнө же анын өкүлүнө - ишеним кат боюнча берилет.
53. Зыянга алып келбеген эл аралык келишимдердин талаптарын ташуучу бир жолу аткарбаганы үчүн ыйгарым укуктуу орган андан ары бузууларга жол бербөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүү берет.
54. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
55. Ташуучу тарабынан автомобилдик транспорт жаатындагы эл аралык келишимдердин жана ушул Тартиптин жоболору бузулган учурда, ыйгарым укуктуу орган ага карата эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт.
56. Ыйгарым укуктуу орган жалпы пайдалануудагы автомобилдик жолдордо транспорттук контролдоонун стационардык жана көчмө пункттарында ташуучулар автомобилдик каттам жөнүндө эл аралык келишимдердин жоболорун сактоону контролдойт.
5-глава. Ташуучулар кыргыз, чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын пайдалануусун контролдоо
57. Кыргыз уруксаттардын бланктары чет өлкөлүк ташуучуларга алардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан тиешелүү жылга алмаштырылган уруксаттардын ичинен берилет. Кыргыз уруксаттардын колдонуу мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Тартиптин 8, 9 жана 10-пункттарына ылайык аныкталат.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин биринин аймагында катталган ташуучулар тарабынан эл аралык автомобилдик жүк ташуулар уруксатсыз негизде төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) аймагында .ташуучулар катталган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет менен башка мүчө мамлекеттин ортосунда;
2) Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекеттеринин аймактары аркылуу транзиттик өтүүдө;
3) Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө мамлекеттеринин ортосунда.
58. Чет өлкөлүк ташуучуларга алардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан тиешелүү жылга алмаштырылган уруксаттардын ичинен кыргыз уруксаттарынын бланктарын пайдаланууну контролдоо транспорттук контролдоонун стационардык жана көчмө пункттарында транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлери тарабынан, ал эми ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген компетенциянын чегинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
Чет өлкөлүк ташуучуда жүргүзүлүп жаткан ташуунун түрүнө кыргыз уруксатынын бланкы жок болсо, транспорттук контролдоонун мамлекеттик органынын кызматкери (кызматкерлери), ал эми ЕАЭБдин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы:
1) чет өлкөлүк ташуучунун Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салат жана чет өлкөлүк ташуучу тарабынан жүктү башка кыргыз транспорт каражатына кайра жүктөө жөнүндө чечим кабыл алат;
2) укук бузуу жөнүндө протокол түзөт, айып салуу жөнүндө токтом чыгарат жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулардын кошумча укуктук кесепеттерин колдонот;
3) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 38-беренесинин 5-пунктуна ылайык чет өлкөлүк ташуучунун транспорт каражатын атайын (айыптык) токтотуучу жайга убактылуу сактоо үчүн жеткирет же иш боюнча чечим кабыл алынганга жана адамды транспорт каражатын башкаруудан четтетүү үчүн негиз болгон бардык себептер четтетилгенге чейин анын андан ары жүрүүсүнө жол бербөө үчүн транспорт каражатынын дөңгөлөктөрүнүн блокираторлорун колдонот;
4) бузуулар четтетилгенден кийин, башкача айтканда, өз мамлекетинин ыйгарым укуктуу органынан алынган кыргыз уруксатынын бланкынын тиешелүү түрү көрсөтүлүп, айып салуу жөнүндө токтом аткарылгандан кийин чет өлкөлүк ташуучуга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат берет.
Транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бул бузуу жөнүндө транспорт каражаты катталган өлкөнүн транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органына жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Кыргыз Республикасына жүк ташуу же Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит чет өлкөлүк ташуучу катталган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген уруксаттардын негизинде эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттин ташуучулары тарабынан жүзөгө ашырылат.
60. Кыргыз уруксаты бир сапарга жарактуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан биринчи рейс аткарылган мамлекеттин аймагынан кайра артка жүк жүктөп кетүүгө жарайт.
61. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик рейстен артты карай багытта бараткан чет өлкөлүк жүк ташуучу автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагында баратып жүктөөгө Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө кошумча кыргыз уруксаты болгондо гана жол берилет.
Эгерде автотранспорт каражаты катталган өлкөгө ташуу пландаштырылса, анда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга кошумча кыргыз уруксаты болушу зарыл.
Эгерде Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөдөн, же Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөлөргө ташуу пландаштырылса, анда Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөдөн, же Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөлөргө ташууга кошумча кыргыз уруксаты болушу керек.
62. Кыргыз Республикасынын аймагынан автотранспорт каражаты катталган мамлекет болуп саналбаган үчүнчү мамлекеттин аймагына артты карай багытта бара жаткан чет өлкөлүк автотранспорт каражаты баратып жүктөгөн учурларда, ушул Тартиптин 57-пунктунда каралган ташууларды копшогондо, Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөлөргө ташууга кошумча кыргыз уруксатынын болушу зарыл.
63. Жүктү жеткирүү же жиберүү пункту болуп саналбаган елкөнүн аймагында жүктү башка транспорт каражатына кайра жүктөө (же жүгү бар чиркегичти кайра которуу) менен жүктү үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташуу үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына кыргыз уруксаты болгондо жүзөгө ашырылат.
Бажы транзити аяктай элек жүктү үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташууда жүктү жиберүү пункту болуп саналбаган өлкөнүн аймагында жүктү жеткирүү же жиберүү пункту болуп саналган өлкөдө катталган автотранспорт каражаттарынан башка автотранспорт каражатына кайра жүктөөгө жол берилбейт.
Бажы транзити аяктай элек үчүнчү өлкөлөрдөн келген жүктү Кыргыз Республикасынын аймагында үчүнчү өлкөлөрдөн жүктү жеткирүү же жиберүү өлкөсүндө катталган башка автотранспорт каражатына кайра жүктөөгө (кайра туташтырууга) жол берилбейт.
Жүк жеткирилген же жиберилген өлкөдө катталган автотранспорт каражаттары менен жүктү үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) ташууга үчүнчү өлкөлөргө (өлкөлөрдөн) кыргыз уруксаты (же көп тараптуу уруксаты) болгондо жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Чет өлкөлүк автотранспорт каражаты катталган өлкөнүн аймагында мыйзамдарга ылайык түзүлгөн жана катталган үчүнчү өлкөлөрдүн ишканаларында жана филиалдарында өндүрүлгөн жүктөрдү ташууда үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн кыргыз уруксаты талап кылынбайт, аталган ташуулар төмөнкүдөй колдоочу документтер менен ырасталган учурларда:
- эл аралык транспорттук коштомо кагаз (CMR) же товардык-транспорттук коштомо кагаз, же жүк жөнөтүүчүнүн же жүк алуучунун чет өлкөлүк ташуучуга жүктөрдү ташуу үчүн тапшырмасы.
Мында бул ташуу Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө кыргыз уруксатынын негизинде жүзөгө ашырылат.
65. Кыргыз Республикасынын аймагына жүктөрдү ташууда сүйрөткүчтү же жүк ташуучу автомобилди ташуучунун каттоо мамлекетинде катталган башка сүйрөткүчкө же жүк ташуучу автомобилге алмаштырууга жол берилет.
66. Чет өлкөлүк ташуучуда кыргыз уруксатынын бланкы жок болсо, жүктү кыргыз транспорт каражатына кайра жүктөө боюнча чаралар кайра жүктөө жөнүндө акт түзүү менен көрүлөт.
67. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен келе жаткан чет өлкөлүк автотранспорт каражатынын өз мамлекетинин каттоосу жана айырмалоочу белгиси жок өтүүсү, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген транзиттик өтүүгө кыргыз уруксатынын бланкынын негизинде ишке ашырылат.
68. Үчүнчү мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына же Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү мамлекеттерге өз мамлекетинин каттоосу жана айырмалоочу белгиси жок автотранспорт каражаттары менен жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү ташууга, эгерде эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда башкача каралбаса, жол берилбейт.
69. Чет өлкөлүк ташуучулар Кыргыз Республикасынын аймагынан өтүү укугун ырастаган кыргыз уруксатынын бланкына өз өлкөсүнөн жолго чыгуунун алдында төмөнкүлөрдү толтурат:
1) ташуучунун аталышын жана толук дарегин;
2) автотранспорт каражатынын номерин.
Мында кыргыз уруксатында уруксат алынган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын берген күнү, колу жана мөөрү көрсөтүлөт. Кыргыз уруксаттарында оңдоолорго жол берилбейт.
Толтурулбаган жана (же) оңдоолор менен толтурулган же жоголуп бараткан сыя менен жазылган каражаттарды колдонуу менен толтурулган кыргыз уруксаты болгон учурда кыргыз уруксатынын бланкы жараксыз деп эсептелет жана ташуучуга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлөт, автотранспорт каражатынын андан аркы жүрүшүнө жаңы кыргыз уруксаты берилгенден кийин же администрациялык айып салуу жөнүндө токтом аткарылгандан кийин жүктү кыргыз транспорт каражатына кайра жүктөө же кайра туташтыруу менен гана жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Чет өлкөлүк бош автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүсү Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин ортосундагы эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө эл аралык келишимдерде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
71. Чет өлкөлүк ташуучулар Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) кирүүдө (чыгууда) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында (же ага жакын) жайгашкан транспорттук контролдоо органдарына ушул Тартипте каралган талаптарга ылайык таризделишин текшерүү үчүн, ошондой эле кыргыз уруксатынын бланкынын тиешелүү бөлүгүнө (бөлүмүнө) контролдоочу органдардын мөөрүн (кирүү/чыгуу) коюу үчүн кыргыз уруксаттарын көрсөтүшөт.
72. Чет өлкөлүк ташуучу Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө макулдашууларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өтүүгө уруксатсыз кирүүгө укугу жок. Анысы жок болгон учурда ыйгарым укуктуу органдын кызматкери ушул Тартиптин 58-пунктуна ылайык чараларды көрөт.
73. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамды, ошондой эле ЕАЭБдин аймагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк ташуучунун автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу, эгерде администрациялык жаза колдонуу жөнүндө токтомго даттануусу же каршы болуусу канааттандырылбаса, айдоочу айып пул төлөнгөндүгүн ырастаган документти көрсөткөндөн кийин гана транспорттук контролдоонун жана чек ара кызматынын мамлекеттик органынын, ал эми Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
74. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон коштоочу документтер (CMR, инвойс, коносамент, Эл аралык жолдо жүк ташуу китеби жана башка документтер) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык келишимдердин жана конвенциялардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын талабы боюнча айдоочулар тарабынан көрсөтүлөт.
75. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүү укугун ырастоочу уруксат документтери, эгерде макулдашууларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эки пункттун ортосунда чет өлкөлүк автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга укук бербейт.
76. Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну ишке ашырган чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) киришин (чыгышын) жана транзиттик өтүүсүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан (аймагына) үчүнчү өлкөлөргө (өлкөлөрдөн) ташууларды каттоо транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу органынын маалыматтык системасында жүзөгө ашырылат (Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) кирүүнү (чыгууну) жана транзиттик өтүүнү каттоо журналы), ал эми Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында, андан ары маалыматты транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу органынын маалыматтык системасына онлайн-режимде берүү менен ишке ашырылат.
Транспорттук контролдоонун ыйгарым укуктуу органынын электрондук системасына (каттоо журналы) төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) чет өлкөлүк ташуучунун аталышы;
2) ташуучунун өлкөсү;
3) жөнөтүүчү өлкө;
4) жеткириле турган өлкө;
5) жүрүү маршруту;
6) автотранспорт каражатынын түрү, маркасы;
7) автотранспорт каражатынын жана чиркегичтин номери;
8) уруксаттын түрү;
9) уруксатты колдонуу мөөнөтү;
10) уруксат берилген күнү жана номери (сериясы).
Ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругун (эскертүүсүн) аткарбагандыгы, ушул Тартиптин шарттарын жана талаптарын аткарбагандыгы үчүн кыргыз жана чет өлкөлүк ташуучулар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Уруксат документтерин даярдоо жана эсепке алуу
77. Кыргыз уруксаттардын бланктары типографиялык ыкма менен даярдалат, үзгүлтүксүз катар номери жана үчтөн кем эмес коргоо даражасы бар.
78. Жалпы кабыл алынган эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык кыргыз уруксатынын бланкында төмөнкүдөй реквизиттер камтылат:
1) уруксат ташуу укугун ырастаган ташуулардын түрү;
2) бланктын сериясы жана номери;
3) колдонуу мөөнөтү;
4) ташуучунун реквизиттери;
5) бланк берилген күнү жана жери;
6) компетенттүү органдын колу жана мөөрү;
7) автотранспорт каражатынын мамлекеттик номери;
8) контролдоочу органдардын мөөрлөрү жана белги коюу жери;
9) бланкты колдонуу боюнча негизги жазма буйруктар;
10) штрих-код (QR-код).
79. Бланктарды алмаштыруу үчүн ыйгарым укуктуу орган дипломатиялык каналдар аркылуу чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына керектүү өлчөмдө кыргыз уруксаттарынын бланктарын тиркөө менен кат жөнөтөт (учурдагы жылдын сентябрь-октябрь айлары).
80. Кыргыз уруксаттардын бланктары катуу отчеттуулуктун документтери болуп саналат, алардын эсептик сериясы, номери жана коргоо даражасы бар. Кыргыз уруксаттардын бланктарынын формалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет, анын заказы боюнча типографиялык ыкма менен даярдалат.
Уруксаттардын бланктарын эсепке алуу, сактоо жана берүү үчүн жоопкерчиликти ыйгарым укуктуу орган тартат.
81. Уруксаттардын бланктарын максатсыз пайдалангандыгы үчүн кыргыз жана чет өлкөлүк ташуучулар жоопкерчилик тартышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
82. Кыргыз ташуучуларынын чет мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүүсүнө уруксаттардын бланктарын даярдоо тиешелүү аймак аркылуу өтүүгө укук берген мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
7-глава. Уруксаттарды берүүнүн жүрүшүндө орун алган чечимдерге, аракеттерге (аракетсиздикке) даттануунун тартиби
83. Арыз ээси жана кызыкдар адам өз укуктарын коргоо максатында уруксаттарды берүүнүн жүрүшүндө орун алган чечимдерге жана аракетке (аракетсиздикке) административдик жана сот тартибинде даттанууга укуктуу.
84. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин документтерди өз убагында эмес же толук эмес кароо жана өтүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу менен жасалган аракетине карата жогору турган органдарга же сот органдарына берилген доо-арыз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каралууга тийиш.
8-глава. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бузулган жана сатылбаган бланктарын жок кылуунун тартиби
85. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын бланктарын бузуу, колдонуу мөөнөтү аяктагандыгынын себебинен эсептен чыгаруу жана жок кылуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн ыйгарым укуктуу органдын комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт, акт жана өлкөлөр боюнча маалымкат түзүү менен комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат.
86. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын эсептен чыгарылган жана сатылбай калган бланктары колдонуу мөөнөтү аяктаган күндөн үч ай өткөндөн кийин комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн катышуусунда жок кылынууга тийиш. Мында жок кылуу жөнүндө акт түзүлөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
87. Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын эсептен чыгарылган жана сатылбай калган бланктарын жок кылуу жыл сайын жүргүзүлүп турат.
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 1-тиркеме |
_______________________________________________________ (ташуучунун аты-жөнү, реквизиттери, дареги, телефону, ИСНи)
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жалпы жылдык талапты аныктоо үчүн өтүнмө 20____-жылга карата
№ 1 таблица
(жүк ташуулар үчүн)
Рейстердин пландалган саны (баруу жана кайтып келүү)
№ | Жүрүү маршруту* | Пландалган жылга рейстердин саны (Р) | Маршруттун аралыгы, км (L) | Бир рейске эсептелүүчү убакыт, күн (Д) | АТКнын эсептелүүчү саны** | |||||||
| транзит мамлекети/тери | Дайындалган мамлекет | ||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) Маршрутту толтурууда "Дүйнө өлкөлөрүнүн классификатору" эл аралык стандартына ылайык өлкөлөрдүн эки тамгадан турган коддорун колдонууга жол берилет.
(**) Автотранспорт каражаттарынын эсептелүүчү саны № 2 таблицада көрсөтүлгөн жүк ташуу үчүн автотранспорт каражаттарынын санынан ашпоого тийиш.
№ 2 таблица
Чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарга жылдык талап
№ | Уруксат системасынын мамлекетинин аталышы | Уруксаттын түрү | Уруксаттын саны/**даана | Анын ичинде, даана | |||
I квартал | II квартал | III квартал | IV квартал | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
(*) Уруксат берүүнүн негизги түрлөрү: жүктөрдү эки тараптуу ташуу; жүктөрдү транзиттик ташуу; үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн жүктөрдү ташуу; эки тараптуу/транзиттик жүк ташуу; эки тараптуу каттамда жүргүнчүлөрдү сейрек ташуу; транзиттик каттамда жүргүнчүлөрдү сейрек ташуу; эки тараптуу/транзиттик каттамдарда жүргүнчүлөрдү сейрек ташуу.
(**) Жүктөрдү ташуу үчүн автотранспорт каражаттарына чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды алуу муктаждыгы № 1 таблицага ылайык пландалган рейстердин санына жараша аныкталат.
Эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн пайдаланылган автотранспорт каражаттарынын саны, даана:
жүктөрдү ташуу үчүн - ___________________________________________;
жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн - ______________________________________.
Жетекчи:______________________________ _______________________
(Аты-жөнү) (колу)
М.О.
дата 20_____-ж. "___"_________________
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 2-тиркеме |
|
| Кимден: _______________________________________ |
|
| (юридикалык жактын аталышы арыз ээсинин аты-жөнү) |
|
|
|
|
| ________________________________________________ |
|
| (дареги, байланыш телефондору) |
Эл аралык автомобилдик каттамы үчүн автотранспорт каражатына чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксат алууга арыз-милдеттенме
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 3-тиркеме |
Кабыл алынган документтердин тизмеси
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 4-тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 5-тиркеме |
_______________________________________________________________ (аталышы, арыз ээсинин аты-жөнү)
_______________________________________________________________ (дареги, байланыш телефондору)
20___-ж. ___________ жарым жылдыгында чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын пайдаланылган жана пайдаланылбаган бланктары жөнүндө ОТЧЕТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Мамлекеттин аталышы | Уруксаттын түрү | У/б номери | У/б статусу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи | ____________________________________ | _______________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
М.О. |
|
|
Дата 20___-ж. "___" __________ |
|
|
Датасы 20___-жылдын "____" ____________________
|
| Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибине 6-тиркеме |
20___-ж. __________ чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттардын жоголгон бланктары жөнүндө АРЫЗ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 345 токтомунун редакциясына ылайык)
Төмөнкүлөр тиркелет:
- жалпыга маалымдоо каражаттарында аталган уруксаттардын бланктарынын жоголгондугу жана жараксыз экендиги жөнүндө жарыяларды жайгаштырууну ырастоочу маалыматтар.
Жетекчи | ____________________________________ | _______________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
М.О. |
|
|
Дата 20___-ж. "___" __________". |
|
|