Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-майы № 273
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Өнөр жай объекттерин - сүттү кайра иштетүү боюнча заводду жана логистикалык борборду жайгаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 6-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 725-т тескемесин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы № 299 контурда жайгашкан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен 16,3 га кайрак айдоо жер өнөр жай объекттерин - сүттү кайра иштетүү боюнча заводду жана логистикалык борборду жайгаштыруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркын төлөөнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну.
3. Бул токтомду ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик жана ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жердин максаттуу пайдаланылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |