Документке
Мурунку06.03.2023

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 31-майындагы № 291

токтому менен бекитилди)

Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө

жобо

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 318, 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567, 2023-жылдын 6-мартындагы № 134 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер мунапысын жүргүзүү, комиссия түзүү тартибин, анын функцияларын, пайдалануучулардын тизмесин түзүү, коомчулукка билдирүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорун аныктайт.

2. Бул Жобо "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер мунапысынын объектилерине өзүнүн колдонулушун жайылтат.

Комиссия тарабынан жер мунапысын жүргүзүү жер мунапысы жарыяланган күндөн тартып 2 жылдын ичинде аяктайт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ушул Жобо күчүнө кирген датадан тартып жергиликтүү калкка жалпыга маалымдоо каражаттарында, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарында жарыялоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарында жайгашкан атайын көрүү жерлерине (такта, стенд) жайгаштыруу аркылуу жер мунапысын жүргүзүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө жарыялайт.

3. Жер мунапысынын субъектилери "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жер мунапысынын субъектилери өзүм билемдик менен жер участогун басып алгандыгы жана комиссия тарабынан жер мунапысынын объектилери болуп аныкталган жерлерде уруксатсыз курулуш жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликтен бошотулат.

4. Бул Жобонун колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

- газ түтүктөрү, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары жана жылуулук тармактары өткөн жерлерде, көрүстөндөрдү, мал көмүлгөн жерлерди, таштандыларды коргоо зонасында өзүм билемдик менен курулган жер участокторуна; социалдык-маданий, тиричилик багытындагы объектилерди куруу үчүн арналган жерлерге; калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерине;

- экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген, аларга карата сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын зонасына кирген жер участокторуна, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объектилери, ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас объектилери бар жер участокторуна, маданий жана эс алуу парктарына, ботаникалык паркка;

- "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" жана "Суу фондунун жерлери" категорияларындагы жер участокторуна, ошондой эле үрөнчүлүк чарбалардын, асыл тукум чарбалардын, окуу-тажрыйба, айыл чарба илимий-изилдөө мекемелеринин жер участокторуна.

2. Терминдер жана аныктамалар

5. Жер мунапысы - жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция, ал өзүнө жер мунапысына туура келген жер мунапысынын объектилерине болгон менчик укуктарын бекитүүнү камтыйт.

6. Жер мунапысынын субъектилери - мүлктүк укуктары "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жер мунапысына туура келген Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

7. Жер мунапысынын объектилери - төмөнкүдөй жер участоктору:

- өзүм билемдик менен курулган же курулушу бүтпөй калган жеке турак үйлөрү бар ("Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак жай курулушун жөнгө салуучу мыйзамда белгиленген тартипте бөлүнүп берилбеген жер участогунда жеке турак үй куруу үчүн негизсиз тургузулган объектилер);

- "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин которуу (трансформациялоо) жөнүндө тиешелүү чечимдер кабыл алынган жерлердин башка түрлөрүн кошпогондо, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары укук мураскерлери болуп саналган органдардын сугат айдоо жерлерин жеке турак жай курулушуна которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечимдери бар;

- жер мунапысынын объектилерине туура келгендигинин натыйжасында айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз (комиссия тарабынан мелиорациялык процесстерди жүргүзүүгө жана аны максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдаланууга мүмкүн болбогон участок катары аныкталган жер участогу);

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер үлүштөрүн жер участокторуна бөлүштүрүүнүн натыйжасында "айыл чарбалык" максаттуу багыттагы жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар;

- багбанчылык-дача участоктору.

8. Ыйгарым укуктуу органдар - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

3. Арыз берүү тартиби, комиссияны түзүү жана

контурлардын жана аянттардын аймактарынын чектеринин

алдын ала тизмегин, жер мунапысынын объектилеринин

пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмесин түзүү жол-жобосу

9. Шаарлардын мэрияларында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жер мунапысын жүргүзүү үчүн комиссиялар түзүлөт.

Комиссиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын, архитектура жана шаар куруу органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органдардын, жерди көзөмөлдөө боюнча органдардын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрү киргизилет, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.

Комиссия зарыл болгон учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тарта алат.

10. Жер мунапысынын субъектилери жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесине киргизүү үчүн жер участогу жайгашкан жер боюнча комиссияга арыз менен кайрылат.

Арыздарды жана документтерди кабыл алуу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жер мунапысын жүргүзүү жол-жобосу башталганы жөнүндө жарыяланган күндөн тартып ишке ашырылат.

Арызга жер мунапысынын объектисинин багытына ылайык төмөнкү документтер тиркелет:

- жеке жак үчүн - арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин, кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун көчүрмөлөрү (болсо);

- өкүлдөрдүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты;

- объектини сатып алуу фактысын ырастаган документтер (болсо) (жер мунапысынын объектисин сатып алуу фактысын ырастаган документтер же тиешелүү тил каттар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар, жер салыгы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар, ишеним каттар жана жер мунапысынын объектилерине тиешеси бар башка документтер);

- калктуу конуштардагы жер участоктору үчүн чектеш жер пайдалануучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу;

- "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин которуу (трансформациялоо) жөнүндө тиешелүү чечимдер кабыл алынган жерлердин башка түрлөрүн кошпогондо, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары укук мураскерлери болуп саналган органдардын сугат айдоо жерлерин жеке турак жай курулушуна которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечимдери;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер үлүштөрүн жер участокторуна бөлүштүрүүнүн натыйжасында "айыл чарбалык" максаттуу багыттагы жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 318, 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

101. Бишкек жана Ош шаарларында пайдалануучулардын тизмелерин түзүү, коомчулукка билдирүүнү жүргүзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу тартиби ушул Жобонун 41-главасында белгиленген тартипте жөнгө салынат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Тиркелген документтер менен арыздардын келип түшүшүнө жараша комиссия аларды компетенциясына ылайык корутундуларды берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын төмөнкү аймактык бөлүмдөрүнө жиберет:

а) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү - жер участогуна чектөөлөрдүн болушуна же жок экендигине;

б) тарыхый-маданий мурастарды сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү - тарыхый-маданий мурас объектилеринин болушуна же жок экендигине;

в) ден соолукту коргоо чөйрөсүндөгү - адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүчү объектилердин (мал көмүлгөн жерлер ж.б.) болушуна же жок экендигине;

г) айлана-чөйрөнү коргоо, экология жана климат, геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү - пайдалуу кендердин лицензиялык аянттарынын жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизүүчү объектилердин болушуна же жок экендигине.

12. Тиркелген документтер менен арыздарды ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосу аяктагандан кийин комиссия 30 күндүн ичинде жер участогунун жайгашуу схемасы жана жерлердин экспликациясы менен жер мунапысынын объектилерине туура келген контурлардын жана аянттардын аймактарынын чектеринин тизмегин (мындан ары - Чектердин тизмеги), ошондой эле жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин алдын ала тизмесин (мындан ары - Тизме) түзөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмүнөн терс корутунду келип түшкөн учурда комиссия келип түшкөн арыз боюнча терс чечим кабыл алат жана баш тартуу жөнүндө комиссиянын жүйөлөнгөн чечимин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана арыз ээсине жөнөтөт.

14. Комиссия төмөнкү критерийлер боюнча жер участокторунун жараксыздыгы жөнүндө карайт жана чечим кабыл алат:

- мелиорациянын ар кандай түрүнүн мүмкүн эместиги;

- жер участогун айыл чарба багытында максаттуу багыты боюнча пайдалануу мүмкүн болбогондо (которуштуруп айдоо мүмкүндүгүнүн, айыл чарба техникасынын өтүүсү үчүн кирүүчү жолдордун жоктугу);

- суу ресурстары (мелиорация мүмкүн экендигине же мүмкүн эместигине), жерди жана сууну көзөмөлдөө (жер жана суу мыйзамдарына ылайык келүү), агрардык өнүктүрүү (максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдалануу мүмкүн экендигине же мүмкүн эместигине) чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын корутундуларынын негизинде.

4. Коомчулукка билдирүү, чектердин тизмегин жана

тизмени бекитүү жол-жобосу

15. Комиссия ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн жол-жоболор аяктагандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Чектердин тизмегин жана Тизмени коомчулукка билдирүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн жиберет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Чектердин тизмеги жана Тизме келип түшкөндөн кийинки күнү аларды коомчулукка билдирүүгө алып чыгат.

Коомчулукка билдирүүнүн мөөнөтү 30 күндөн ашпоого тийиш.

16. Чектердин тизмеги жана Тизме жалпыга маалымдоо каражаттарында, гезиттерде жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарында жарыяланууга тийиш, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарында жайгашкан атайын көрүү жерлеринде (такта, стенд) жайгаштырылат.

17. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө ошол жер мунапысынын объектиси боюнча кызыкчылыктары бири-бирине байланышкан жеке же юридикалык жактар комиссияга жер мунапысынын объектисин көрсөтүү, Тизмедеги кандай болбосун каталарды же так эместиктерди баяндоо менен жазуу жүзүндө доомат коё алышат.

Дооматтар комиссия тарабынан 10 күндүн ичинде каралат, комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

Белгиленген 30 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин берилген дооматтар, ошондой эле жер мунапысынын объектилери боюнча талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

18. Коомчулукка билдирүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия дооматтар жок болгон учурда 5 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөрдү жиберет:

- архитектура жана шаар куруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Чектердин тизмегин жана Тизмени;

- арыз ээсине багбанчылык-дача участокторунан тышкары, Чектерин көрсөтүү менен аймакты куруу долбоорун же жер мунапысынын объектилерине чектерди көрсөтүү менен өзүнчө жер участогун куруу долбоорун (мындан ары - Курулуш долбоору) белгиленген тартипте иштеп чыгуу үчүн архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга андан ары кайрылуу үчүн жер участогун Чектердин тизмегине жана Тизмеге киргизүү жөнүндө кабарлоону.

Жер мунапысынын субъектисине бекитилип берилген жер участогунун өлчөмү Курулуш долбооруна ылайык жалпы пайдалануудагы жерлерди эсептен чыгаруу менен ээлеп турган жер участогунун иш жүзүндөгү чектерине жараша белгиленет.

19. Арыз ээлери кабарлоону алгандан кийин Курулуш долбоорун белгиленген тартипте өз каражаттарынын эсебинен иштеп чыгуу үчүн архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылат.

20. Арыз ээлери Курулуш долбоорун алгандан кийин комиссиянын кароосуна анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет.

21. Ушул Жобонун 15-20-пункттарында көрсөтүлгөн жол-жоболордун жыйынтыгы боюнча комиссия Чектердин акыркы тизмегин, Курулуш долбоорун жана Тизмени түзөт.

Чектердин тизмегинин, Курулуш долбоорунун жана Тизменин негизинде комиссия аларды жактыруу жөнүндө протоколду тариздөө менен чечим кабыл алат жана 3 жумуш күндүн ичинде аларды бекитүү үчүн аны жергиликтүү мамлекеттик администрацияга же шаардын мэриясына жиберет.

41. Бишкек жана Ош шаарларында пайдалануучулардын

тизмелерин түзүү, коомчулукка билдирүүнү жүргүзүү,

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын

жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү

жөнүндө чечимдерди кабыл алуу тартиби

(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

211. Жер мунапысынын субъектилери жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесине киргизүү үчүн ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен жер участогу жайгашкан жер боюнча Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияга арыз менен кайрылат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

212. Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын, архитектура жана шаар куруу органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органдардын, жерди көзөмөлдөө боюнча органдардын өкүлдөрү, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялардын ишин жетектөө боюнча функцияларды администрациялык райондордун башчыларына өткөрүп берүүгө укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

213. Комиссия тиркелген документтери менен арыздардын келип түшүүсүнө жараша тийиштүү корутунду даярдоо үчүн аларды архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жөнөтөт, ал белгиленген тартипте жер участогунун схемасын даярдайт жана жер участогунун схемасы даярдалган күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирбестен бир эле убакта тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга өздөрүнүн компетенциясынын алкагында 5 жумуш күндүн ичинде корутунду берүүсү үчүн жер участогунун схемасынын көчүрмөсү менен суроо-талаптарды жөнөтөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

214. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү суроо-талап түшкөн учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жер участогунун чектерин жана аянтын, бул жер участогуна карата үчүнчү жактын укуктарынын, жүктөөлөрдүн жана чектөөлөрдүн болушун тактоо менен корутунду жөнөтөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

215. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү ушул Жобонун 4-пунктунда белгиленген учурларда, ошондой эле тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын терс корутундулары келип түшкөн учурда, тийиштүү корутундуну даярдоодон баш тартат, ал жөнүндө комиссияга жана арыз ээсине баш тартуунун себептерин негиздеген кат жөнөтөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

216. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнөн терс корутунду келип түшкөн учурда, комиссия келип түшкөн арыз боюнча терс чечим кабыл алат жана баш тартуу жөнүндө комиссиянын жүйөлөнгөн чечимин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана арыз ээсине жөнөтөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

217. Жер мунапысынын объектилерине укуктарды берүү мүмкүнчүлүгү белгиленген учурда архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү:

- жер участогунун чектеринин сыпаттамасы каралган, аянты жана анын жайгашкан жери көрсөтүлгөн тийиштүү корутундуну даярдайт;

- арыз ээсине тийиштүү корутундуну даярдоого байланышкан чыгашаларды төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарламаны жөнөтөт. Корутундуну даярдоого байланышкан чыгашаларды төлөө ыйгарым укуктуу органдарда берилген эсептөөлөргө ылайык арыз ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат;

- арыз ээсине бардык материалдары тиркелген тийиштүү корутундуну берет, арыз ээси аны жер мунапысынын объектисине менчик укугун бекитүү үчүн комиссияга берет.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

218. Комиссия бардык материалдары тиркелген корутундуну алгандан кийин ушул Жобонун 16-пунктун эске алуу менен жер мунапысынын ар бир объектиси боюнча документтердин пакетин түзөт жана коомчулукка билдирүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

219. Коомчулукка билдирүүнүн жыйынтыгы боюнча дооматтар жок болгон учурда, комиссия 5 жумуш күндүн ичинде жер участокторунун чекгерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин акыркы тизмелерин түзөт, комиссиянын жыйналышынын датасын белгилейт жана комиссиянын мүчөлөрүнө жер мунапысынын ар бир объектиси боюнча документтер жөнүндө маалымдайт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

2110. Комиссиянын жыйналышында жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмелеринде көрсөтүлгөн жактарга жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү же бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат, ал протокол менен таризделет, ага катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү жана комиссиянын катчысы кол коёт жана 3 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.

Эгерде комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси жыйналышка катышса, комиссия чечим кабыл алат. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн ичинен көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Багбанчылык-дача участокторуна укукту

бекитүүнүн тартиби

22. Ушул Жобонун 3 жана 4-главаларынын ченемдери багбанчылык-дача участокторуна жайылтылбайт.

23. Багбанчылык-дача участоктору боюнча жеке жак мунапыс жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу органына багбанчылык-дача китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана багбанчылык-дача кооперативинин же коомдук бирикменин чечимин тиркөө менен жер участогуна укукту бекитүү жөнүндө арыз берет.

Багбанчылык-дача участокторуна укуктарды бекитүү арыздардын келип түшүшүнө жараша жүргүзүлөт жана мунапыс жарыяланган датадан тартып 2 жыл өткөндөн кийин аяктайт.

24. Жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок багбанчылык-дача жер участоктору боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы 10 күндүн ичинде багбанчылык-дача кооперативинин же коомдук бирикменин чечиминин негизинде багбанчылык-дача жер участогун бекитүү жөнүндө чечимди кабыл алат.

6. Жер мунапысынын объектилерине укуктарды

бекитүү жана каттоо

25. Чектердин тизмеги, Курулуш долбоору жана Тизме жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаардын мэриясынын чечими менен комиссиянын чечими келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде бекитилет.

Багбанчылык-дача жер участокторун кошпогондо, жер участоктору жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаардын мэриясынын жер мунапысына туура келген жерлердин тизмегин бекитүү жөнүндө чечими кабыл алынгандан кийин "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.

Бишкек жана Ош шаарларында комиссиянын чечими келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмелери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

26. Бекитилген Чектердин тизмегинин, Курулуш долбоорунун жана Тизменин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы 3 жумуш күндүн ичинде жер мунапысынын объектилерине укуктарды бекитүү жөнүндө чечимди кабыл алат.

Бишкек жана Ош шаарларында жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин бекитилген тизмелеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары 5 жумуш күндүн ичинде жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерине укуктарды бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Мында жер мунапысынын объектилерине туура келген жана мурда кабыл алынган укук белгилөөчү документтердин негизинде укуктар катталган кыймылсыз мүлк объектилери боюнча да жер мунапысынын субъектине укукту бекитүү жөнүндө чечимди кабыл алуу талап кылынат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

27. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-мартындагы № 134 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

28. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жер мунапысынын объектилерине менчик укугун бекитүү жөнүндө чечими укук ээсине берилет, көчүрмөсү кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча органга берилет.

29. Жер мунапысынын объектилерине укуктарды каттоо кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча орган тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Мында жерлердин категориясын "айыл чарбалык" деп көрсөтүү менен берилген жер участокторуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер алмаштырылууга тийиш.

30. Жер мунапысынын объектисине укук мамлекеттик каттоодон өткөн жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документ берилген учурдан тартып жер мунапысы аяктады деп эсептелет.

31. Жерлерди которуу жөнүндө маалымат белгиленген тартипте жерди эсепке алуу документтерине киргизилет.

7. Жер мунапысын жүргүзүү үчүн жоопкерчилик

32. Которулуучу жер участогунун жайгашкан жери боюнча маалыматтын (материалдардын) аныктыгы үчүн жеке жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык комиссиянын мүчөлөрү тартат.

33. Мамлекеттик органдардын корутундуларында камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын райондук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери тартат.

Жаңы29.03.2023

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 31-майындагы № 291

токтому менен бекитилди)

Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө

жобо

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 318, 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567, 2023-жылдын 6-мартындагы № 134, 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер мунапысын жүргүзүү, комиссия түзүү тартибин, анын функцияларын, пайдалануучулардын тизмесин түзүү, коомчулукка билдирүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү, каттоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорун аныктайт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул Жобо "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер мунапысынын объектилерине өзүнүн колдонулушун жайылтат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик органдар жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү, каттоо жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди берүү маселелерин кароодо "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Жобонун ченемдерин гана жетекчиликке алышат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ушул Жобо күчүнө кирген датадан тартып жергиликтүү калкка жалпыга маалымдоо каражаттарында, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарында жарыялоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарында жайгашкан атайын көрүү жерлерине (такта, стенд) жайгаштыруу аркылуу жер мунапысын жүргүзүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө жарыялайт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Терминдер жана аныктамалар

(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, кагаз вариантына ылайык мамлекеттик тилинде

3. Арыз берүү тартиби, комиссияны түзүү жана

контурлардын жана аянттардын аймактарынын чектеринин

алдын ала тизмегин, жер мунапысынын объектилеринин

пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмесин түзүү жол-жобосу

9. Шаарлардын мэрияларында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жер мунапысын жүргүзүү үчүн комиссиялар түзүлөт.

Комиссиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын, архитектура жана шаар куруу органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органдардын, жерди көзөмөлдөө боюнча органдардын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын өзгөчө кырдаалдар органдарынын, энергетика чөйрөсүндөгү органдардын, экология органдарынын, суу ресурстары органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын, прокуратура органдарынын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү киргизилет, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.

Комиссия зарыл болгон учурда тиешелүү ведомстволордун жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрүн тарта алат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Жер мунапысынын субъектилери жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесине киргизүү үчүн жер участогу жайгашкан жер боюнча комиссияга арыз менен кайрылат.

Арыздарды жана документтерди кабыл алуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаарлардын мэриялары тарабынан жер мунапысын жүргүзүү жол-жобосу башталганы жөнүндө жарыяланган күндөн тартып ишке ашырылат.

Арызга "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктунда каралган жер мунапысынын объектисинин түрүнө ылайык төмөнкүдөй документтер тиркелет:

- жеке жак үчүн - арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин, кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун көчүрмөлөрү (болсо);

- өкүлдөрдүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты;

- объектини сатып алуу фактысын ырастаган документтер (болсо) (жер мунапысынын объектисин сатып алуу фактысын ырастаган документтер же тиешелүү тил каттар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар, жер салыгы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар, ишеним каттар жана жер мунапысынын объектилерине тиешеси бар башка документтер);

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер үлүштөрүн жер участокторуна бөлүүнүн натыйжасында "айыл чарба" максаттуу багытына ээ жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар;

- "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган сугат айдоону жеке турак жай куруу үчүн которуу (трансформациялоо) жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же болбосо тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укук улантуучусу болуп саналган органдардын чечимдеринин түп нускалары же архив чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, мында жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу материалдары (айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин чечими, техникалык-экономикалык негиздемеси менен башкы план же шаар куруу документтери, жер участогун изилдөө актысы, экспликация жана жер участогунун планы) тиркелет - "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктунун б) пунктчасында каралган жер мунапысынын объектисине карата колдонулат.

Тапшырылган материалдардын аныктыгы үчүн арыз ээси жеке жоопкерчилик тартат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 318, 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567, 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

101. Бишкек жана Ош шаарларында пайдалануучулардын тизмелерин түзүү, коомчулукка билдирүүнү жүргүзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу тартиби ушул Жобонун 41-главасында белгиленген тартипте жөнгө салынат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

11. Тиркелген документтери менен арыздардын келип түшүүсүнө жараша комиссия аларды компетенциясына ылайык корутундуларды берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын төмөнкү аймактык бөлүмдөрүнө жиберет:

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү - жер участогу боюнча сот органдарынын чечимдеринин бар же жок экендигине;

- тарыхый-маданий мурастарды сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү чөйрөсүндө - белгиленген тартипте бекитилген Республикалык маанидеги жана жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин тизмелеринде тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине;

- саламаттыкты сактоо, санитардык жана ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндө - адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүчү объекттердин (көрүстөндөрдүн, мал көмүлүүчү жайлардын, таштанды таштоочу жайлардын ж.б. санитардык-коргоо зоналарынын) болушуна же жоктугуна;

- айлана-чөйрөнү, экологияны жана климатты коргоо чөйрөсүндө - айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүчү объекттердин болушуна же жоктугуна;

- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө - жер участогунун табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал зонасына түшкөндүгүнө.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн корутундулары комиссияга 3 жумуш күндүн ичинде акысыз берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү каралган мөөнөттө корутунду бербеген учурда комиссия тарабынан бул мамлекеттик органдын оң позициясы катары чечим кабыл алынат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери корутундулардын тууралыгы жана аларды аткаруу мөөнөттөрү үчүн кылмыш-жаза, жер жана эмгек мыйзамдары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган жеке жоопкерчилик тартат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Тиркелген документтер менен арыздарды ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосу аяктагандан кийин комиссия жер участогунун жайгашуу схемасы жана жерлердин экспликациясы менен жер мунапысынын объектилерине туура келген контурлардын жана аянттардын аймактарынын чектеринин тизмегин (мындан ары - Чектердин тизмеги), ошондой эле жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин мөөнөтү 30 күндөн ашпоого тийиш алдын ала тизмесин (мындан ары - Тизме) түзөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 318, 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

13. Ушул Жобонун 11 жана 14-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмүнөн терс корутунду келип түшкөн учурда комиссия келип түшкөн арыз боюнча терс чечим кабыл алат жана баш тартуу жөнүндө комиссиянын жүйөлөнгөн чечимин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана арыз ээсине 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын төмөнкүдөй оң корутундуларынын негизинде жер участокторун айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн жараксыз деп табат жана чечим кабыл алат:

- суу ресурстары чөйрөсүндө (мелиорациянын ар кандай түрлөрүнүн мүмкүн эместигинен улам);

- айыл чарба багытында жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдалануу мүмкүн болбогон учурда агрардык өнүктүрүү (которуштуруп айдоонун, айыл чарба техникасы өтүүчү жолдордун жоктугу);

- жер жана суу көзөмөлү (жер жана суу мыйзамдарына шайкештигине).

Жер участогу республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймагында жайгашканда айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык жана облустук маанидеги шаарлардагы жер участокторун айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн жараксыздыгы жөнүндө кароо боюнча жооптуу адамдарды бекитүүгө укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Коомчулукка билдирүү, жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилеринин чек араларынын тизмегин жана пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмесин бекитүү жол-жобосун

(Главанын аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

15. Комиссия ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн жол-жоболор аяктагандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Чектердин тизмегин жана Тизмени коомчулукка билдирүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн жиберет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Чектердин тизмеги жана Тизме келип түшкөндөн кийинки күнү аларды коомчулукка билдирүүгө алып чыгат.

Коомчулукка билдирүүнүн мөөнөтү 30 күндөн ашпоого тийиш.

16. Жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилеринин чек араларынын тизмеги жана пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарында болгон атайын кароо жерлерде (такта, стенд) же жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын веб-сайттарында жарыяланууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

17. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө ошол жер мунапысынын объектиси боюнча кызыкчылыктары бири-бирине байланышкан жеке же юридикалык жактар комиссияга жер мунапысынын объектисин көрсөтүү, Тизмедеги кандай болбосун каталарды же так эместиктерди баяндоо менен жазуу жүзүндө доомат коё алышат.

Дооматтар комиссия тарабынан 7 жумуш күндүн ичинде каралат, комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

Комиссия белгиленген 30 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин берилген дооматтарды карабайт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

18. Коомчулукка билдирүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия дооматтар жок болгон учурда жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилеринин чек араларынын тизмегин жана пайдалануучуларынын жана/же менчик ээлеринин тизмесин 3 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөргө жиберет:

- арыз ээлерине андан ары токтоосуз билдирүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына;

- багбанчылык-дача участокторунан тышкары, алдын ала Схемаларды жана жерге жайгаштыруу долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чытуу үчүн архитектура жана шаар куруунун тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына.

Жер мунапысынын субъектисине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмү жеке турак үй куруу үчүн ушул айыл аймагында же калктуу конушта бекитилген чектелген аянтка жараша белгиленет, буга жеке менчикте турган жерлер кирбейт, алар Схемалардын жана жерге жайгаштыруу долбоорлорунун негизинде жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

19. Арыз ээлери кабарлоону алгандан кийин Жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун белгиленген тартипте өз каражаттарынын эсебинен иштеп чыгуу үчүн архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорлорун комиссиянын кароосуна жиберет.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Ушул Жобонун 15-20-пункттарында көрсөтүлгөн жол-жоболордун жыйынтыгы боюнча комиссия Чектердин акыркы тизмегин, Жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун жана Тизмени түзөт.

Чектердин тизмегинин, Курулуш долбоорунун жана Тизменин негизинде комиссия аларды жактыруу жөнүндө протоколду тариздөө менен чечим кабыл алат жана 3 жумуш күндүн ичинде аларды бекитүү үчүн аны жергиликтүү мамлекеттик администрацияга же шаардын мэриясына жиберет.

Комиссия чечимдери комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин кворуму болгон учурда комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана комиссиянын жыйналышына катышкан мүчөлөрү кол коёт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтому менен ушул Жобонун 21-пунктунун экинчи абзацында мамлекеттик тилде киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, кагаз версиясында көрсөтүлгөн сөздөрдүн жөндөмө формасына туура келбейт

41. Бишкек жана Ош шаарларында пайдалануучулардын

тизмелерин түзүү, коомчулукка билдирүүнү жүргүзүү,

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын

жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү

жөнүндө чечимдерди кабыл алуу тартиби

(Глава Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

211. Жер мунапысынын субъектилери жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесине киргизүү үчүн ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен жер участогу жайгашкан жер боюнча Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияга арыз менен кайрылат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

212. Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын, архитектура жана шаар куруу органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органдардын, жерди көзөмөлдөө боюнча органдардын өкүлдөрү, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялардын ишин жетектөө боюнча функцияларды администрациялык райондордун башчыларына өткөрүп берүүгө укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

213. Комиссия тиркелген документтери менен арыздардын келип түшүүсүнө жараша тийиштүү корутунду даярдоо үчүн аларды архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жөнөтөт, ал белгиленген тартипте жер участогунун схемасын даярдайт жана жер участогунун схемасы даярдалган күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирбестен бир эле убакта тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга өздөрүнүн компетенциясынын алкагында 5 жумуш күндүн ичинде корутунду берүүсү үчүн жер участогунун схемасынын көчүрмөсү менен суроо-талаптарды жөнөтөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

214. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү суроо-талап түшкөн учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жер участогунун чектерин жана аянтын, бул жер участогуна карата үчүнчү жактын укуктарынын, жүктөөлөрдүн жана чектөөлөрдүн болушун тактоо менен корутунду жөнөтөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

215. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү ушул Жобонун 4-пунктунда белгиленген учурларда, ошондой эле тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын терс корутундулары келип түшкөн учурда, тийиштүү корутундуну даярдоодон баш тартат, ал жөнүндө комиссияга жана арыз ээсине баш тартуунун себептерин негиздеген кат жөнөтөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

216. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнөн терс корутунду келип түшкөн учурда, комиссия келип түшкөн арыз боюнча терс чечим кабыл алат жана баш тартуу жөнүндө комиссиянын жүйөлөнгөн чечимин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана арыз ээсине жөнөтөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

217. Жер мунапысынын объектилерине укуктарды берүү мүмкүнчүлүгү белгиленген учурда архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү:

- жер участогунун чектеринин сыпаттамасы каралган, аянты жана анын жайгашкан жери көрсөтүлгөн тийиштүү корутундуну даярдайт;

- арыз ээсине тийиштүү корутундуну даярдоого байланышкан чыгашаларды төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарламаны жөнөтөт. Корутундуну даярдоого байланышкан чыгашаларды төлөө ыйгарым укуктуу органдарда берилген эсептөөлөргө ылайык арыз ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат;

- арыз ээсине бардык материалдары тиркелген тийиштүү корутундуну берет, арыз ээси аны жер мунапысынын объектисине менчик укугун бекитүү үчүн комиссияга берет.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

218. Комиссия бардык материалдары тиркелген корутундуну алгандан кийин ушул Жобонун 16-пунктун эске алуу менен жер мунапысынын ар бир объектиси боюнча документтердин пакетин түзөт жана коомчулукка билдирүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтөт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

219. Коомчулукка билдирүүнүн жыйынтыгы боюнча дооматтар жок болгон учурда, комиссия 5 жумуш күндүн ичинде жер участокторунун чекгерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин акыркы тизмелерин түзөт, комиссиянын жыйналышынын датасын белгилейт жана комиссиянын мүчөлөрүнө жер мунапысынын ар бир объектиси боюнча документтер жөнүндө маалымдайт.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

2110. Комиссиянын жыйналышында жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмелеринде көрсөтүлгөн жактарга жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү же бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат, ал протокол менен таризделет, ага катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү жана комиссиянын катчысы кол коёт жана 3 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.

Эгерде комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси жыйналышка катышса, комиссия чечим кабыл алат. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн ичинен көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Багбанчылык-дача участокторуна укукту

бекитүүнүн тартиби

22. Ушул Жобонун 3 жана 4-главаларынын ченемдери багбанчылык-дача участокторуна жайылтылбайт.

23. Багбанчылык-дача участоктору боюнча жеке жак мунапыс жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу органына багбанчылык-дача китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана багбанчылык-дача кооперативинин же коомдук бирикменин чечимин тиркөө менен жер участогуна укукту бекитүү жөнүндө арыз берет.

(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок багбанчылык-дача жер участоктору боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы 10 күндүн ичинде багбанчылык-дача кооперативинин же коомдук бирикменин чечиминин негизинде багбанчылык-дача жер участогун бекитүү жөнүндө чечимди кабыл алат.

6. Жер мунапысынын объектилерине укуктарды

бекитүү жана каттоо

25. Чектердин, Жерге жайгаштыруу схемаларынын жана долбоорлорунун тизмеги жана жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмеси жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен комиссиянын чечими келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаарлардын мэрияларынын чечимдери менен бекитилет.

Багбанчылык-дача жер участокторун кошпогондо, жер участоктору жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаардын мэриясынын жер мунапысына туура келген жерлердин тизмегин бекитүү жөнүндө чечими кабыл алынгандан кийин "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына менчик ээлеринин макулдугусуз которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.

Шаарларда комиссиянын чечими келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмелери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567, 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

26. Бекитилген Чектердин тизмегинин, Жерге жайгаштыруу схемаларынын жана долбоорлорунун жана Тизменин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы 3 жумуш күндүн ичинде жер мунапысынын объектилерине укуктарды бекитүү жөнүндө чечимди кабыл алат.

Шаарларда жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин бекитилген тизмелеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары 5 жумуш күндүн ичинде жер участокторунун чектерин жана аянтын көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерине укуктарды бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Мында жер мунапысынын объектилерине туура келген жана мурда кабыл алынган укук белгилөөчү документтердин негизинде укуктар катталган кыймылсыз мүлк объектилери боюнча да жер мунапысынын субъектине укукту бекитүү жөнүндө чечимди кабыл алуу талап кылынат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 567, 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

27. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-мартындагы № 134 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

28. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жер мунапысынын объектилерине менчик укугун бекитүү жөнүндө чечими укук ээсине берилет, көчүрмөсү кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча органга берилет.

29. Жер мунапысынын объектилерине укуктарды каттоо кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

Жер мунапысынын объектисине мурда катталган жеке менчик укуктар болгон учурда, мурда катталган укукту каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүмүнө жана жер участогуна оорлотуу катары берилүүчү укук күбөлөндүрүүчү документтин чектөөлөр бөлүмүнө которуу менен жер мунапысынын субъектисинин укугуна алдын ала каттоо жүргүзүлөт.

Жер участогу менен бүтүмдөрдү жүргүзүү бул оорлотууларды алып салгандан кийин гана мүмкүн болот.

Тараптардын тиешелүү макулдашуусу же соттун тиешелүү чечими берилген учурда оорлотууларды алып салуу жүзөгө ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)

30. Жер мунапысынын объектисине укук мамлекеттик каттоодон өткөн жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документ берилген учурдан тартып жер мунапысы аяктады деп эсептелет.

31. Жерлерди которуу жөнүндө маалымат белгиленген тартипте жерди эсепке алуу документтерине киргизилет.

311. Жер мунапысынын объектилериндеги жеке турак үйлөр жана калктуу конуштардагы жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жеке турак үйлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык жөнөкөйлөтүлгөн тартипте турак жай курулуштары деп таанылат.