Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 246 токтомуна) |
Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) (мындан ары - БУУнун уюмдары) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну регламенттейт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) - Кыргыз Республикасы үчүн сатып алууларды жүргүзгөн уюмдар;
2) сатып алуучу уюм - БУУнун уюмдары аркылуу мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу болгон саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган саламаттык сактоо уюму.
3. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана сатып алуучу уюм өз ишинде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (мындан ары - Мыйзам), ушул Тартипти жана саламаттык сактоо жаатындагы ишти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
4. БУУнун уюмдары төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
1) өкмөттөр, мамлекеттер жана/же мамлекеттик бийликтин борбордук органдары үчүн дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды жана аларга байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөткөн уюмдар;
2) уюмдарда сатып алуулардын бекитилген ички эрежелеринин жана жол-жоболорунун болушу;
3) уюмдун тиешелүү жарактуулук мөөнөтү менен талаптагыдай сапаттагы дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды зарыл санда жана таңгактоого карата талаптарды эсепке алуу менен сатып алууну жана жеткирүүнү жүзөгө ашырууга техникалык жана кесиптик мүмкүндүктөрү;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзгөн уюмдар.
5. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар ушул Тартиптин 4-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келүүгө тийиш болгон БУУнун төмөнкү уюмдарынан сатып алынат:
1) Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (мындан ары - БУУӨП);
2) Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (мындан ары - ЮНИСЕФ);
3) БУУнун калк жайгаштыруу фонду (мындан ары - ЮНФПА).
6. БУУнун уюмдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууну жүзөгө ашыруу ниети жөнүндө келишим (макулдашуу, меморандум) түзөт. Ошол эле учурда конкреттүү жеткирүүгө БУУнун уюму менен мамлекеттик сатып алуулар келишими тиешелүү сатып алуучу уюм тарабынан түзүлөт.
7. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Социалдык маанилүү оорулардын жана айланадагылар үчүн коркунуч келтирген оорулардын тизмегинен келип чыккан оорулардын тизмесин, ошондой эле сатып алуучу уюм ушул Тартипке ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруучу дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмегин түзөт жана бекитет. Оорулардын жана дары каражаттарынын тизмеги клиникалык протоколдорго жана/же өтө маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмектерге ылайык бекитилет.
2. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу
8. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуу жол-жобосу ушул Тартиптин жана БУУнун уюмдары менен кол коюлган келишимдердин (макулдашуулардын, меморандумдардын) талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Сатып алуучу уюм сатып алуулардын натыйжалуулугу жана үнөмдөө максатында бааларга мониторинг жүргүзөт.
10. Бааларга мониторинг жүргүзүү максатында сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмү алдын ала сатып алууларды уюштуруу жана жеткирүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон убакытты эске алуу менен ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн БУУнун уюмдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу жеткирүүчүлөргө коммерциялык сунуштарды берүүгө суроо-талап жиберет. Сатып алуучу уюм суроо-талапта 14 календардык күндөн кем эмес болгон коммерциялык сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн белгилейт. Суроо-талап саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш. Суроо-талап милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) дары каражаттарынын жана/же медициналык буюмдардын тизмегин (эл аралык патенттелбеген аталышы);
2) көлөмүн (зарыл болгон учурда "буфердик запасты" эсепке алуу менен) өлчөө бирдигин, техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн;
3) товарды жеткирүү шарттарын (жеткирүү мөөнөттөрүн, муздактык чынжырынын сакталышы), товарды камсыздандырууну, коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү;
4) товардын жарактуулук мөөнөтү;
5) коммерциялык сунуштарды берүүнүн мөөнөттөрүн (датасын жана убактысын);
6) коммерциялык сунуштар берилүүгө тийиш болгон почта дареги же электрондук дарек.
Коммерциялык сунуштар электрондук жана/же кагаз түрүндө берилиши мүмкүн.
11. Сатып алынуучу продукциянын бааларына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын баалоо үчүн сатып алуучу уюм сатып алуучу уюмдун, коомчулуктун жана макулдашуу боюнча башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган баалоо комиссиясын түзөт. Баалоо комиссиясы кеминде 3 адамдан турат.
12. Сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмү мониторингдин жыйынтыгы боюнча келип түшкөн коммерциялык сунуштарды баалоо комиссиясынын кароосуна киргизет.
13. Баалоо комиссиясы чечим кабыл алууда сатып алуучу уюмдун жеткирүү шарттарына, сапат талаптарына, сунушталган баасына жана сатып алуучу уюмдун суроо-талабында камтылган башка шарттарга ылайык келүүсүн эске алуу менен ушул Тартиптин 10-пунктуна ылайык сатып алуучу уюмдун суроо-талабында көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде карайт.
14. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча баалоо комиссиясы берилген бааларды көрсөтүү менен протокол түзөт жана сатып алуулардын андан аркы жол-жобосу жөнүндө чечим чыгарат. Баалоо комиссиясынын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
15. Эгерде БУУнун уюмдары өзүнүн бааларын бербеген же белгиленген талаптарды эске алуу менен Кыргыз Республикасында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу жеткирүүчүлөр берген баалар БУУнун уюмдары тарабынан берилген баадан төмөн болгон учурларда сатып алуучу уюм Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеткирүүчүлөрдүн арасында конкурс өткөрөт.
16. БУУнун уюмдары аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда жол-жобо Мыйзамдын 21-беренесине ылайык түз келишим түзүү методу менен жүргүзүлөт.
17. Сатып алуучу уюм жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жарыяланган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен жеңген жеткирүүчү (подрядчы) менен келишимге кол коет.
Түзүлгөн келишимдин алкагында акы төлөө сатып алуучу уюм же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.
18. Дары препараттарын өлкөгө ташып келүүдө сатып алуучу уюм дары препараттарын ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген дары препаратын медициналык колдонуу боюнча мамлекеттик жана расмий тилдердеги нускама (тиркелген баракча) менен камсыз кылууга милдеттүү.
19. Борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүдө бардык сатып алуу жол-жоболору Ушул Тартипке ылайык саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган саламаттык сактоо уюму тарабынан жүргүзүлөт.
20. Келишимде колдонулган валюта жана аванстын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен БУУнун тиешелүү уюмунун ортосунда түзүлгөн ниеттер жөнүндө келишимде (макулдашууда, меморандумда) аныкталат.