Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 3-июну № 295
Кыргыз Республикасынын соттук экспертинин күнүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасында соттук эксперттин ролун жогорулатуу максатында, сот адилеттигин камсыз кылууда, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо соттук-эксперттик иштин олуттуу маанисин белгилеп, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 4-июнь жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрам - Кыргыз Республикасынын соттук экспертинин күнү болуп белгиленсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |