Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 3-июну № 296
Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин кесиптик күнүн белгилөө жөнүндө
Экономиканын бардык тармактарынын, илимий, билим берүү мекемелеринин финансы жана экономика кызматкерлеринин республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн жана башкаруу органдарынын түзүмүн андан ары өркүндөтүү, аткарылуучу функцияларды оптималдаштыруу, аткаруу тартибин бекемдөө зарылдыгын эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 7-июнь Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин жыл сайын белгиленүүчү кесиптик күнү болуп белгиленсин.
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |