Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-июну № 317
Имаратты жер участогу менен Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын калкын мектепке чейинки мекемелер менен камсыз кылуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, 125-квартал, Кыргыз Республикасы көчөсү, 128а дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 3-10-02-0008-5109 болгон имаратты жана аянты 2548,0 кв. метр болгон жанаша жаткан жер участогу менен курулмаларды билим берүү максаттарына пайдалануу үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу жана аны мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте кабыл алынган мүлктү өткөрүп берүү актысын белгиленген тартипте бекитүү;
3) кабыл алынган мүлктү андан ары күтүүнү жана тейлөөнү белгиленген тартипте камсыз кылуу;
4) кабыл алынган мүлктү максаттуу багыты боюнча белгиленген тартипте пайдалануу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |