Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-июну № 311
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-июлундагы № 419 "Кыргыз Республикасында Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-июлундагы № 419 "Кыргыз Республикасында Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросу жөнүндө жободо:
- 1-пункту "эл аралык" деген сөздөрдөн кийин "уюмунун" деген сөз менен толукталсын;
- 12-пунктундагы "ички иштер органдарында" деген сөздөр "укук коргоо органдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пунктундагы "милиция" деген сөз "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |