Загрузка документа…
|
| ||
|
| Тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 316 токтомуна) | |
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 596 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын (мындан ары - кызматчы) жеке маалыматтарын жүргүзүү, сактоо, өткөрүп берүү жана бардык башка пайдалануу, ошондой эле анын өздүк ишин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жүргүзүү эрежелерин аныктайт.
2. Жумуш берүүчүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин;
- кызматчылардын жеке маалыматтарын укуксуз же кокустан жеткиликтүү болуп калуудан, жеке маалыматтарды өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, берүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле кызматчылардын жеке маалыматтарына карата башка укуксуз аракеттерден коргоо боюнча зарыл укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды кабыл алуу.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси өздүк иштерди жүргүзүү үчүн жана бул жеке маалыматтарды коргоо режимин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тарта турган персоналды башкаруу кызматын же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамды аныктайт.
4. Кызматчынын жеке маалыматтарын алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана өткөрүп берүүдө персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам төмөнкү талаптарды сактоого милдеттүү:
- кызматчынын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоону камсыз кылуу, кызматчыга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматын жана муниципалдык кызматын өтөөгө, окутуудан өтүүгө жана кызматтык жактан өсүүгө көмөктөшүү, кызматчынын жеке өзүнүн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле ага таандык мүлктүн жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мүлкүнүн сакталышын камсыздоо, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжаларын эсепке алуу максатында жүзөгө ашырылат;
- жеке маалыматтарды кызматчынын өзүнөн алуу керек. Кызматчынын жеке маалыматтарын үчүнчү тараптан алуу зарылдыгы пайда болгон учурда, бул тууралуу кызматчыга алдын ала кабарлоо, анын жазуу жүзүндөгү макулдугун алуу жана жеке маалыматтарды алуунун максаттары, болжолдуу булактары жана ыкмалары тууралуу билдирүү зарыл;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген саясий, диний жана башка көз караштары, жеке турмушу, коомдук бирикмелердеги, анын ичинде кесиптик бирликтердеги мүчөлүгү жөнүндө кызматчынын жеке маалыматтарын чогултууга жана анын өздүк ишине киргизүүгө тыюу салынат;
- кызматчынын кызыкчылыктарына тиешеси бар чечимдерди кабыл алууда автоматташтырылган иштеп чыгуунун натыйжасында же электрондук сактагычтарды колдонуу менен алынган кызматчынын жеке маалыматтарын негиз кылып алууга тыюу салынат;
- кызматчынын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануудан же жоготуудан коргоо Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат;
- Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болбосо, кызматчынын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүүгө жол берилбейт.
2. Өздүк ишти түзүү
5. Өздүк ишти түзүү тийиштүү кызматка кабыл алынган учурда кызматчы тарабынан берилген ал жөнүндөгү документтик маалыматты иреттүү топтоо максатында жүргүзүлөт. Кызматчылардын өздүк ишин түзүү (андан ары жүргүзүү жана тариздөө) бул документтердин талаптагыдай колдонулушун камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тарткан персоналды башкаруу кызматына же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга жүктөлөт.
6. Өздүк ишти түзүү кызматчы мамлекеттик же муниципалдык кызматка кабыл алынгандан кийин түздөн-түз жүргүзүлөт.
7. Өздүк ишке кызматчылардын өздүк иштерин эсепке алуу журналына ылайык номер берилет.
8. Өздүк иштин мукабасына төмөнкү реквизиттер жазылат:
- кызматчылардын өздүк иштерин эсепке алуу журналына ылайык "№ ________ өздүк иш";
- кызматчынын фамилиясы, аты, атасынын аты;
- өздүк ишти жүргүзүүнүн башталган датасы, өздүк ишти жүргүзүүнүн аяктаган датасы, беттердин саны, сактоо мөөнөтү.
9. Кызматчынын өздүк ишине төмөнкүлөр тиркелет:
- кызматчы толтурган жана кол койгон, фотосүрөтү тиркелген, белгиленген формадагы кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
- кесиптик билими, кесиптик кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- окумуштуулук даража, окумуштуулук наам ыйгарылгандыгы жөнүндө документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
- эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- аскердик эсепке алуу документинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (аскерге милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылууга тийиш адамдар үчүн);
- мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, ардак, аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу, мамлекеттик сыйлыктарды берүү жөнүндө буйруктардын көчүрмөлөрү (эгерде болсо);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бош кызмат ордуна дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын буйругунун көчүрмөсү, ротациялоо, иштен бошотуу жөнүндө буйруктардын көчүрмөлөрү, жеке баракчанын кошумча барагы;
- эмгек келишиминин нускасы, ошондой эле эмгек келишимине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор таризделүүчү жазуу жүзүндөгү кошумча макулдашуулардын нускалары (эгерде болсо);
- кызматчыны ээлеген мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордунан бошотуу жөнүндө, эмгек келишимин токтотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актысынын көчүрмөсү;
- кызматчыга класстык ченди, наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- кызматчыны сыйлоо, ошондой эле ага тартиптик жаза салуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү (ал алып салынганга же жокко чыгарылганга чейин);
- кызматтык текшерүүнүн башталгандыгы, анын жыйынтыгы жөнүндө, кызматчыны кызматтык териштирүү жүргүзүү мезгилинде ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу документтердин көчүрмөлөрү;
- жарандын кызматка кирүүгө же аны өтөөгө тоскоол болуучу оорусу жоктугу жөнүндө белгиленген формадагы медициналык корутунду (мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кароосу боюнча);
- коррупциялык укук бузууларга жол бербөө максатында чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө кызматчы өзү кол койгон милдеттенме;
- купуя кызматтык маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө кызматчы өзү толтурган жана кол койгон милдеттенме;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка документтер.
Жогоруда аталган документтердин көчүрмөлөрү документтердин түп нускасы көрсөтүлгөндө персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам кызматчылардын жеке маалыматтарын автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу иштеп чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 596 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Өздүк ишке тизим тиркелет.
3. Өздүк иштерди эсепке алуу жана сактоо тартиби
11. Өздүк иштерди эсепке алуу жана сактоо өздүк иштерди тез жана адашпай табуу, алардын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле өздүк иштердин документтеринде камтылган маалыматтардын купуялуулугун мыйзамсыз жетүүдөн коргоону камсыз кылуу максатында уюштурулат.
12. Өздүк иштер металл шкафта алфавит боюнча сакталат.
13. Персоналды башкаруу кызматынын кызматчысы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам гана өздүк иштерге жетүү мүмкүндүгүн ала алат.
14. Мамлекеттик наамы, сыйлыктары, илимий даражасы жана наамы бар кызматчылардын өздүк иштери туруктуу сакталат, ал эми калган кызматчылардын өздүк иштери - кызматчы иштен бошотулган жылдан тартып 75 жыл мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында сакталат.
15. Убактылуу мөөнөткө сакталуучу (толук 10 жылга чейин) өтө маанилүү эмес мүнөздөгү документтер өздүк ишке киргизилбейт.
16. Өздүк иш сыртка чыгаруу укугу берилбестен төмөнкү учурларда берилиши мүмкүн:
- өздүк ишинин материалдары менен таанышуу үчүн кызматчынын талабы боюнча;
- өздүк иштин материалдары менен тааныштыруу үчүн түздөн-түз жетекчиге;
- кызматтык териштирүүнү жүргүзүүдө;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүдө.
17. Өздүк иште сакталган документтерди көчүрүп алуу кызматчынын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
18. Кызматчы башка мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кызматка ротацияланган учурда анын өздүк иши ээлеген жаңы кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүп берилет.
19. Эгерде өздүк иши мамлекеттик органда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында сакталып турган жаран кайрадан кызматка кирсе, анда анын өздүк иши мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий суроо-талабы боюнча (ээлей турган кызмат орду боюнча) өткөрүп берилет.
Өздүк ишин өткөрүп берген мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бул маалыматты кызматчылардын өздүк иштерин эсепке алуу журналына киргизет.
4. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын укуктары
20. Кызматчылардын өздүк иштеринде сакталган жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылуу максатында, кызматчылар төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн жеке маалыматтары жана ал маалыматтарды иштеп чыгуу (анын ичинде автоматташтырылган түрдө) жөнүндө толук маалымат алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, кызматчынын жеке маалыматтарын камтыган каалаган жазуунун көчүрмөлөрүн алууга болгон укугун кошо алганда, өзүнүн жеке маалыматтарына эркин жетүүгө;
- туура эмес же толук эмес жеке маалыматтарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен иштелип чыккан маалыматтарын алып салууну же оңдоону талап кылууга. Персоналды башкаруу кызматы же жеке маалыматтарды пайдалануу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам кызматчынын жеке маалыматтарын алып салуудан же оңдоодон баш тарткан учурда, макул эместигинин себебин көрсөтүү менен өзүнүн макул эместиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигине жазуу жүзүндө арызын берүүгө укуктуу;
- персоналды башкаруу кызматынан же жеке маалыматтарды пайдалануу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдан мурда кызматчынын туура эмес же толук эмес жеке маалыматтары билдирилген бардык адамдарга бардык жүргүзүлгөн андагы өзгөртүүлөр же андан алып салуулар жөнүндө кабарлоону талап кылууга;
- кызматчынын жеке маалыматтарын иштеп чыгууда жана коргоодо персоналды башкаруу кызматынын же жеке маалыматтарды пайдалануу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын бардык мыйзамсыз иш-аракеттерине же аракетсиздигине сотко даттанууга.
5. Персоналды башкаруу кызматы
21. Кызматчынын өздүк иши мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан жүргүзүлөт.
22. Кызматчылардын өздүк иштерин жүргүзгөн персоналды башкаруу кызматынын же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- ушул Тартиптин 9 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди кызматчылардын өздүк иштерине киргизүү;
- кызматчылардын өздүк иштеринин сакталышын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Тартипке ылайык кызматчылардын өздүк иштеринде камтылган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу.
23. Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам кызматчыдан документтердин көчүрмөлөрүн алып жаткан учурда, көрсөтүлгөн документтердин түп нускасына ылайык маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын текшерүүгө жана тийиштүү билдирүүлөрдү жазууга тийиш.
24. Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам кадрлар резервин түзүүдө кызматчылардын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга (анын ичинде автоматташтырылган түрдө) укуктуу.
6. Жоопкерчилик
25. Кызматчы өздүк иште көрсөтүлгөн жеке маалыматтары өзгөргөн учурдан тартып бир айлык мөөнөттө бул тууралуу персоналды башкаруу кызматына же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга кабарлоого милдеттүү.
26. Башка кызматчынын жеке маалыматтарын кабыл алууну, иштеп чыгууну, сактоону жана өткөрүп берүүнү жөнгө салган ченемдердин бузулушуна күнөөлүү болгон кызматчы тартиптик жоопкерчиликке, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартылат.