Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-июну № 314
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, жол тармагынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- аталышындагы "жол" деген сөз "коммуникациялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1. Жол чарба департаменти | ||
1 | Директор | 80000 |
2 | Директордун орун басары | 70000 |
3 | Директордун орун басары | 70000 |
4 | Бөлүмдүн начальниги | 60000 |
5 | Башкы адис | 40000 |
6 | Жетектөөчү адис | 32000 |
7 | Адис | 30000 |
".
- 2, 3-главалары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 246-тиркемесинде:
- аталышындагы "жол" деген сөз "коммуникациялар" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "6500" жана "3800" деген цифралар тиешелүү түрдө "15000" жана "10000" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте 2022-жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылары белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |