Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 330
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн банктык эмес финансылык рынок маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)
Ломбарддардын ишин өнүктүрүү максатында, "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 "Ломбард ишинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата төмөнкүдөй талаптар белгиленсин:
1) 500000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес;
2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып - 1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
3) 2023-жылдын 1-январынан тартып - 2000000 (эки миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө;
4) 2025-жылдын 1-январынан тартып - 3000000 (үч миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |