Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 134 токтомуна ылайык 2022-жылдын 24-июнунан тартып ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 24-июну № 332

Чет өлкөлүк валютадагы бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды эсепке алуу тартиби жөнүндө

Чет өлкөлүк валютада бюджеттик кредиттерди алган карыз алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чет өлкөлүк валютадагы бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды реструктуризацияласын жана төмөнкүдөй тартипте эсепке алууну белгилесин:

1) 2022-жылдын 1-июлуна чейин чет өлкөлүк валютада берилген бюджеттик кредиттер боюнча валюта курстарынын чектүү маанилери 2022-жылдын 1-февралына карата аныкталган тиешелүү валюталардын расмий курстарынан ашпайт;

2) 2022-жылдын 1-июлунан баштап берилүүчү бюджеттик кредиттерди эсепке алуу бюджеттик кредиттерди берүү (акча каражаттарын которуу, товардык-материалдык ресурстарды чыгаруу, контракттарды төлөө ж.б.) датасына карата тиешелүү валютанын расмий курсу боюнча улуттук валютада фиксациялоо менен жүргүзүлөт;

3) карызды төлөө мөөнөттөрү, кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставкалар жана кредиттөөнүн башка шарттары мурда белгиленген шарттарга ылайык сакталат;

4) карыз алуучулар реструктуризациялоонун жогоруда көрсөтүлгөн шарттары менен макул болгон учурда мурда түзүлгөн кредиттик келишимдерге (карыздык милдеттенмелерге) тиешелүү кошумча макулдашуулар түзүлсүн.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү чечими күчүнө кирген датадан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров