Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-июну № 299
"Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 225 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик маалыматтык системаларды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 225 токтомуна ылайк күчүн жоготот)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 225 токтомуна ылайк күчүн жоготот)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 225 токтомуна ылайк күчүн жоготот)
5. "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптарды төлөөдөн түшкөн каражаттар төмөнкүдөй болуп белгиленсин:
1) "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компоненти боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын пайдасына "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасы менен "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системасы интеграцияланган учурдан тартып жүргүзүлөт, ал эми калган кармап калуулар ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипке ылайык ишке ашырылат;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин пайдасына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айыптар үчүн (анын ичинде аппараттык- программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган жана "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган айыптар үчүн) аткаруу жыйымын өндүрүүнү алып салуу максатында "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган учурдан тартып жүргүзүлөт.
6. "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин жана "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдар ушул токтомдун талаптарына өздөрүнүн ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык системаларын ылайык келтирсин жана чараларды көрсүн.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүү;
2) өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомдун талаптарына ылайык келтирүү.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 247 "Кыргыз Республикасында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 52 (3387) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-декабрындагы № 778 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ