Загрузка документа…
|
| ||
|
| 1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык) | |
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик
билим берүү уюмдарына кабыл алуу
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382, 2025-жылдын 25-июлундагы № 444, 2026-жылдын 19-мартындагы № 189, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5, 32, 41, 54-беренелерине, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына (мындан ары - билим берүү уюмдары) төмөнкүлөрдү тандоо жана кабыл алуу эрежелерин аныктайт:
- мамлекеттик билим берүү грантына (мындан ары - грант) талапкер болгон абитуриенттерди - Кыргыз Республикасынын жарандарын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде грантка талапкер болгон абитуриенттерди - чет мамлекеттердин жарандарын;
- юридикалык жана (же) жеке жактар менен окутуунун наркын төлөө келишимдери (мындан ары - окутуунун наркын төлөө келишими) боюнча жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн билим берүү уюмдарынын уюштуруу-укуктук формасына (менчигинин түрүнө же ведомстволук таандыгына) карабастан абитуриенттерди - Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет мамлекеттердин жарандарын.
2. Ушул Тартип уюштуруу-укуктук формасына (менчигинин түрүнө же ведомстволук таандыгына) карабастан бардык билим берүү уюмдарына карата колдонулат.
3. Генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясына курсанттарды кабыл алуу улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган талаптарды эске алуу менен ишке ашырылат.
4. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
- жалпы республикалык тестирлөө (мындан ары - ЖРТ) - бул билим берүү уюмдарына окууга тапшырууну каалаган адамдар үчүн көз карандысыз тестирлөө кызматы (мындан ары - КТК) тарабынан өткөрүлүүчү тестирлөө;
- жайкы кабыл алуу - абитуриенттерди билим берүү уюмдарына гранттык орундарга жана окутуунун наркын төлөө келишимдери боюнча орундарга жай мезгилинде кабыл алуу;
- кышкы кабыл алуу - абитуриенттерди билим берүү уюмдарына окутуунун наркын төлөө келишимдери боюнча орундарга, жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундарга кыш мезгилинде кабыл алуу;
- билим берүү уюмдарына кабыл алууга конкурска катышуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - АМС) - бул билим берүү уюмдарына учурдагы жылдын ЖРТ жыйынтыктары боюнча (кышкы кабыл алуу үчүн - өткөн жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча), чет өлкөлүк жарандар үчүн ички экзамендердин жыйынтыгы боюнча онлайн режиминде каттоо жана кабыл алуу үчүн портал;
- электрондук талон - бул АМС аркылуу электрондук түрдө берилген өтүнмө.
5. Билим берүү уюмдарына кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт.
Билим берүү уюмдарынын биринчи курсуна жалпы орто, кесиптик орто же кесиптик башталгыч билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документи бар адамдар кабыл алынат (жалпы орто билими жөнүндө документи болсо).
Жалпы орто жана баштапкы кесиптик билими жөнүндө (жалпы орто билими жөнүндө документи бар болсо) мамлекеттик үлгүдөгү документи бар адамдарга менчигинин түрүнө, ведомстволук таандыктыгына жана статусуна карабастан кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында сырттан окуу формасына кабыл алуу жүргүзүлбөйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кесиптик орто же кесиптик башталгыч билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документи бар адамдар (жалпы орто билими жөнүндө документи бар болсо) ЖРТдан өтпөстөн окутуунун наркын төлөө келишими боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн багыттары/адистиктери боюнча (медициналык жана фармацевттик адистиктерден тышкары) окуу үчүн тиешелүү профиль боюнча билим берүү уюмдарынын биринчи курсуна кабыл алынат.
Кесиптик башталгыч жана/же орто билим берүүнүн профилинин жогорку кесиптик билим берүүнүн профилине шайкештиги билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
7. Билим берүү уюмдарына тездетилген программалар боюнча окутууга ар түрдүү деңгээлдердеги жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Билим берүү уюмдарына тиешелүү адистиктерге тездетилген программалар боюнча окутууга тийиштүү профилдеги кесиптик орто билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат. Кесиптик орто билимдин профилинин жогорку кесиптик билимдин профилине шайкештиги билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
8. Магистрди даярдоо программасы боюнча окутууга "бакалавр" же "адис" квалификациясы ыйгарылган жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому бар адамдар кабыл алынат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандары, эгерде алар бул деңгээлдеги билимди биринчи жолу алып жатышса, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде мамлекеттик билим берүү уюмдарында конкурстук негизде акысыз жогорку билим алууга укуктуу.
10. Абитуриенттерди - Кыргыз Республикасынын жарандарын жана башка мамлекеттердин жарандарын уюштуруу-укуктук формасына (менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына) карабастан билим берүү уюмдарына жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн тандоо жана кабыл алуу жылына эки жолу: жай жана кыш мезгилдеринде жүргүзүлөт.
Билим берүү уюмдарына окутуунун наркын төлөө келишимдери боюнча орундарга кышкы кабыл алуу билим берүү уюмунун кароосу боюнча жайкы мезгилдеги кабыл алуудан кийин бош калган орундарга жүргүзүлөт.
11. ЖРТ жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди - Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет мамлекеттердин жарандарын уюштуруу-укуктук формасына карабастан билим берүү уюмдарына жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн тандоо жана кабыл алуу АМС аркылуу жүргүзүлөт.
12. Билим берүү уюмдарында чет мамлекеттердин жарандарын окутуу Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, ошондой эле билим берүү уюмдарынын же өзүнчө жарандардын ортосундагы келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
13. Окутуунун наркын төлөө келишими боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттары жана/же адистиктери боюнча окууга кабыл алуу планы кабыл алуу жарыяланганга чейин билим берүү уюмдары тарабынан өз алдынча бекитилет.
14. Уюштуруу-укуктук формасына (менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына) карабастан билим берүү уюмдарына күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формаларына, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен тапшыруудагы башкы критерийлер болуп абитуриенттин билиминин жана жөндөмүнүн деңгээли саналат.
2-глава. Билим берүү уюмдарына
кабыл алууну уюштуруу
15. Абитуриенттерди учурдагы жылдын ЖРТ жыйынтыктары боюнча (кышкы кабыл алуу үчүн - өткөн жылдагы ЖРТ жыйынтыктары боюнча) окутуунун бардык формаларына тандоо жана кабыл алуу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жыл сайын белгиленүүчү мөөнөттөрдө АМС аркылуу жүргүзүлөт.
Абитуриент мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөнгө чейин тапшырган ЖРТ жыйынтыктары 3 жыл бою жарактуу болот.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна кабыл алуу абитуриенттер медициналык күбөлөндүрүүдөн жана аскердик кызмат менен шартталган кошумча сыноолордон өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
16. Абитуриенттердин - чет мамлекеттердин жарандарынын документтерин кабыл алуу жылдын ичинде АМС аркылуу ишке ашырылат. Кирүү сыноолорун уюштуруу жана абитуриенттерди - чет мамлекеттердин жарандарын кабыл алуу мөөнөттөрүн сактоо үчүн жоопкерчилик билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясынын төрагасына жүктөлөт.
17. Абитуриенттерди окутуунун наркын төлөө келишими боюнча окутуунун бардык формаларына кабыл алууну уюштуруу үчүн билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен кабыл алуу комиссиясы түзүлөт, анын төрагасы билим берүү уюмунун жетекчиси болот.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна кабыл алуу үчүн медициналык күбөлөндүрүүнү жана кошумча сыноолорду уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кабыл алуу комиссиясы түзүлөт.
18. Абитуриенттерди учурдагы жылдагы ЖРТ жыйынтыктары боюнча гранттык окутууга тандоо жана кабыл алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жыл сайын белгиленүүчү мөөнөттөрдө АМС аркылуу билим берүү уюмдарынын гранттык комиссиялары тарабынан жүргүзүлөт.
19. Гранттык комиссиялар төмөнкүдөй курамда түзүлөт:
- билим берүү уюмунун жетекчиси (комиссиянын төрагасы);
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ЖРТ жыйынтыктары боюнча конкурстук кабыл алуу жүргүзүлгөн багыттар жана адистиктер боюнча билим берүү уюмунун ар бир факультетинин жетекчилигинин бирден өкүлү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Гранттык комиссиянын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- ар бир даярдоо багыты жана адистиктери боюнча конкурска катышуу үчүн катталгандардын саны жөнүндө протоколдорду түзүү;
- конкурска катышкан абитуриенттердин рейтингдик тизмесин түзүү;
- абитуриенттердин ар бир категориясы боюнча билим берүү уюмуна кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин түзүү;
- билим берүү уюмуна кабыл алууга каалоосун ырастаган жана билим берүү уюмуна кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин белгиленген форма боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгын ырастоо үчүн КТКга берүү.
21. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы лицензиялык ченемдердин, ошондой эле билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт, алардын иш тартибин, кабыл алуу жана апелляциялык комиссиялардын жарандарды кабыл алуу графигин бекитет.
22. Кабыл алуу комиссиясынын курамы, ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилүүчү ал жөнүндө жобо менен аныкталат. Кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жылды түзөт.
23. Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын жүргүзүүнү, ошондой эле абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) жеке кабыл алууну билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан дайындалуучу жооптуу катчы уюштурат.
24. Кирүү сыноолорун уюштуруу жана өткөрүү үчүн кабыл алуу комиссиясынын төрагасы тарабынан экзамендик жана апелляциялык комиссиялардын курамы бекитилет. Экзамендик жана апелляциялык комиссиялардын ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби, билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилүүчү алар жөнүндө жоболор менен аныкталат. Бул комиссиялардын курамы жыл сайын кеминде 50 пайызга жаңыланып турууга тийиш.
25. Билим берүү уюмунда тездетилген программалар боюнча окутууга кабыл алууда аттестациялык сыноолорду уюштуруу жана өткөрүү үчүн аттестациялык комиссиялар түзүлөт. Аттестациялык комиссияларды түзүүнүн тартиби, курамы, ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби, ошондой эле аттестациялык сыноолорду өткөрүү жол-жоболору билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилүүчү тийиштүү жоболор менен аныкталат.
26. Билим берүү уюмуна кабыл алууда кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталган жарандардын укуктарынын сакталышын, кабыл алуу комиссиясынын ишинин айкындыгын жана ачыктыгын, тапшыруучулардын жөндөмдөрүн баалоонун объективдүүлүгүн, кабыл алуунун бардык этаптарында кабыл алуу комиссиясынын жетекчилигинин жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.
27. Кабыл алуу комиссиясы абитуриенттин ЖРТга катышканы жөнүндө маалыматтардын аныктыгын контролдоого милдеттүү, ошондой эле абитуриент тарабынан берилген билими тууралуу башка документтерди текшерүүгө укуктуу.
3-глава. Абитуриенттерге маалымат берүүнү уюштуруу
28. Абитуриент, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, ата-энеси билим берүү уюмунун уставы, анын билим берүү ишине лицензиялары жана аккредитациялоо сертификаттары, билим берүү уюмуна кабыл алуу эрежелери, ошондой эле кирүү сыноолорунун программалары жана кабыл алууга байланышкан башка зарыл болгон маалыматтар менен таанышууга укуктуу. Кабыл алуу комиссиясы окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алууда абитуриентти, анын мыйзамдуу өкүлдөрүн, ата-энесин тараптардын милдеттенмелери жана укуктары, окутуу акысынын өлчөмү жана аны төлөөнүн тартиби, акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга милдеттүү.
29. Өзгөчө статусу бар билим берүү уюмдарын кошпогондо, билим берүү уюмдары жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн жарандарды кабыл алууну ушул билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы болгондо гана жарыялайт.
30. Билим берүү уюму абитуриентти жана (же) анын ата-энесин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) тааныштыруу максатында 28-пунктта көрсөтүлгөн документтерди өзүнүн расмий сайтында жайгаштырууга жана/же билим берүү уюмунда маалымат такталарын тариздөөгө милдеттүү.
31. Документтерди кабыл алуу башталганга чейин билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясы төмөнкүлөрдү жарыялайт:
- кабыл алуунун ар жылдык эрежелерин;
- гранттык негизде даярдоо багыттары жана/же адистиктер боюнча жана окутуу наркын төлөө менен келишимдер боюнча кабыл алуу планын;
- кабыл алуу үчүн ЖРТ жыйынтыктары талап кылынбаган багыттар жана адистиктер боюнча кирүү сыноолорунун тизмесин, формаларын жана мөөнөттөрүн;
- баштапкы кесиптик билими (эгерде аларда жалпы орто билими жөнүндө документ болсо) жана кесиптик орто билими бар адамдар үчүн магистратура программалары жана бакалавр жана/же адистик программалары боюнча окуу үчүн кирүү сыноолорунун тизмесин, формаларын жана өткөрүү мөөнөттөрүн;
- тездетилген программаларга аттестациялык сыноолордун тизмесин, өткөрүү формаларын жана мөөнөттөрүн;
- кирүү жана аттестациялык сыноолорду өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча апелляцияларды берүү жана кароо эрежелерин;
- сырттан келген тапшыруучулар үчүн жатакананын бар экендиги жана жатаканалардагы орундардын саны жөнүндө маалыматты;
- окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга тапшыруучулар үчүн келишимдин үлгүсүн;
- гранттык окууга тапшыруучулар үчүн келишимдин (контракттын) үлгүсүн;
- аларга тиешелүү бөлүктө медициналык күбөлөндүрүүдөн жана кошумча сыноолордон өтүү мөөнөттөрүн.
32. Документтерди кабыл алуу учурунда билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясы абитуриенттердин суроолоруна жооп берүү үчүн атайын телефон линияларынын иштешин уюштурат.
33. Билим берүү уюмдарына кабыл алуу жарандардын жеке арызы боюнча жүргүзүлөт.
4-глава. Документтерди кабыл алуу
34. Кесиптик башталгыч (жалпы орто билими жөнүндө документи болсо) же тиешелүү профилдеги кесиптик орто билими бар, ошондой эле тездетилген программалар боюнча жана ЖРТнын натыйжалары талап кылынбаган даярдоо багыттарына жана адистиктерге, магистратура программалары боюнча окууга абитуриенттердин документтерин кабыл алуу билим берүү уюму тарабынан өз алдынча белгиленген мөөнөттө ишке ашырылат.
35. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна документтерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын ички иштер жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.
36. Чет мамлекеттердин жараны - абитуриенттердин документтерин кабыл алуу АМС аркылуу жылына эки жолу жүргүзүлөт. АМС аркылуу кабыл алуу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Билим берүү уюмуна кабыл алуу жөнүндө арызды берүүдө абитуриент өзүнүн каалоосу боюнча анын ким экендигин, жарандыгын күбөлөндүргөн документтин түп нускасын же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана керектүү сандагы фото сүрөттөрүн берет.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтеринин көчүрмөлөрүн алар тапшырылып жаткан билим берүү уюму тарабынан түп нускасы боюнча күбөлөндүрүүгө жол берилет.
38. Чет мамлекеттердин билим берүү уюмдарында билим алган Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын жалпы орто билими, кесиптик башталгыч, орто же жогорку билими жөнүндө мамлекеттик документине эквиваленттүү билими тууралуу документин тапшырууга тийиш.
Чет мамлекеттердин билим берүү уюмдары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин эквиваленттүүлүгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат. Чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында билим алган Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды окууга кабыл алууга ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген билим деңгээлинин жана мазмунунун шайкештиги жөнүндө маалымкатты бербесе жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Ар бир тапшыруучуга өздүк иш ачылат, анда тапшырылган бардык документтер жана кирүү сыноолорунун, аттестациялык сыноолордун материалдары (анын ичинде билим берүү уюмунун апелляциялык комиссиясынын чечиминин протоколунун көчүрмөсү) сакталат.
Тапшыруучулардын өздүк иши билим берүү уюмунда документтерди кабыл алуу башталган датадан тартып алты ай сакталат.
40. Билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясына атайылап жалган документтерди тапшырган абитуриенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
5-глава. Абитуриенттерди мамлекеттик билим берүү грантына
тандоо жана кабыл алуу механизми
41. Гранттарды конкурстук бөлүштүрүү учурдагы жылдагы ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде жүзөге ашырылат (маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктерине бөлүнгөн гранттардан тышкары). Эң көп балл алган абитуриенттер кабыл алынат. Абитуриент мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган ЖРТ жыйынтыгы 3 жылга жарактуу болот.
42. Маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктерине гранттарды конкурстук бөлүштүрүү жана абитуриенттерди кабыл алуу билим берүү уюмдары тарабынан өткөрүлүүчү атайын сыноолордун негизинде жүзөгө ашырылат. Кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү болбогон билим берүү уюмдарынын жана адистиктердин тизмегин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
43. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын учурдагы жылдагы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу санын жана турларынын графигин бекитет. Ар бир тур башталганга чейин бош орундар жөнүндө маалыматтар АМСке, билим берүү уюмдарынын сайттарына, маалымат такталарына жайгаштырылат. Акыркы турдан кийин бош орундар калган учурда, гранттык комиссия талапкерлердин катарлашкан тизмеси боюнча кийинки турган талапкерлерди кабыл алууга сунуштайт. Бардык турларда тандоо жана кабыл алуу эрежелери бирдей.
44. Учурдагы жылдагы ЖРТ жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди кабыл алууга конкурс АМС аркылуу гана өткөрүлөт. Конкурска негизги тест боюнча (медициналык жана фармацевттик адистиктерге негизги жана предметтик тест боюнча) ыйгарым укуктуу орган аныктаган босоголук баллга барабар же андан жогору балл алган абитуриенттер киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна кабыл алуу үчүн конкурска медициналык күбөлөндүрүүдөн жана кошумча сыноолордон өткөн абитуриенттер киргизилет.
45. Билим берүү уюмуна кабыл алууга жана грант алууга конкурста негизги жана тиешелүү предметтик тесттен негизги жана предметтик тесттердин баллынын суммасы боюнча конкурска катышкандардын босоголук баллына барабар же андан жогору балл алган абитуриенттер артыкчылыктуу негизде кабыл алуу укугуна ээ болушат. Эгерде конкурска предметтик тесттин жыйынтыгы бар абитуриенттер жетишсиз санда катышса, гранттык комиссия абитуриенттерди негизги тесттин жыйынтыгы боюнча кабыл алууга сунуштайт (медициналык жана фармацевтик адистиктерден тышкары).
Медициналык жана фармацевтик адистиктер боюнча билим берүү уюмуна кабыл алууга жана грант алууга конкурска негизги жана предметтик тесттерден ыйгарым укуктуу орган аныктаган босоголук баллга барабар же андан жогору балл алган абитуриенттер гана киргизилет.
Тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү, кошумча сыноолорду же кошумча предметтик тесттерди талап кылган багыттарга жана адистиктерге конкурска ошол сыноолордон ийгиликтүү өтүшкөн абитуриенттер киргизилет.
46. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун кошумча сыноолордон өтүүнү талап кылган адистиктерине жана багыттарына кабыл алууда ЖРТ жыйынтыгы артыкчылыктуу болуп эсептелет.
Кошумча чыгармачыл сыноолордон өтүүнү талап кылган адистиктерге жана багыттарга кабыл алууда чыгармачыл сыноолордун жыйынтыгы артыкчылыктуу болуп саналат.
Грант алууга конкурска катышуу үчүн кошумча сыноолордон же кошумча предметтик тесттерден өтүүнүн жана алар менен байланышкан кандайдыр бир кошумча шарттарды аткаруунун зарылдыгы жөнүндө маалыматтар абитуриентке жана анын ата-энесине ЖРТ башталганга чейин жеткирилет.
Кошумча сыноолор турлар башталганга чейин өткөрүлүүгө тийиш.
47. Гранттарды конкурстук бөлүштүрүү жана абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыктары боюнча билим берүү уюмдарына кабыл алуу ушул Жобонун тиркемесине ылайык Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө нускамага ылайык абитуриенттердин айрым категорияларынын алкагында өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
48. Абитуриент ар бир турда гранттык окууга сынакка катышууга бир өтүнмө жана АМС аркылуу окуу акысын төлөө менен келишим боюнча окууга бир өтүнмө берүүгө укуктуу.
49. Тандоо жана кабыл алуу боюнча конкурска катышуу үчүн абитуриент өз алдынча аралыктан же АМС аркылуу билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясы аркылуу өтүнмө бере алат. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте конкурсту онлайн режиминде гана өткөрүүгө уруксат берилет.
50. АМС онлайн режиминде төмөнкүлөрдү түзөт:
- абитуриенттин идентификациялык номерин жана анын алган баллынын санын ар бир категория боюнча өзүнчө көрсөтүү менен абитуриенттердин ранжирленген тизмесин;
- ошол күнгө карата Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө нускамада көрсөтүлгөн категориялардын ортосундагы пайыздык катышты (ушул Жобого тиркеме).
51. Ар бир турда конкурска катышуу үчүн абитуриенттерди каттоо 2,5 календардык күнгө, абитуриенттерди каттоонун үчүнчү календардык күнү саат 14.00гө чейин созулат.
52. Сунушталган абитуриенттердин ошол багыт боюнча окууну каалоосун ырастоосу 3 күнгө, ар бир турдун алтынчы күнү саат 16.00гө чейин созулат.
53. Акыркы турдан кийин кошумча сунушталган абитуриенттердин ошол багыт боюнча окууну каалоосун ырастоосу билим берүү уюму тарабынан сунушталган учурдан баштап 24 саатка созулат. Эгерде 24 саат өткөндөн кийин абитуриент окууну каалоосун ырастабаса, гранттык комиссия талапкерлердин ранжирленген тизме боюнча кийинки талапкерлерди кабыл алууга сунуштайт. Бул жол-жобо акыркы тур бүткөндөн кийин үч жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
531. АМСтин үзгүлтүксүз ишине тоскоолдук кылган форс-мажордук жагдайлар пайда болгон учурда ыйгарым укуктуу орган ушул Тартиптин 51, 52 жана 53-пункттарында көрсөтүлгөн абитуриенттерди каттоонун жана сунушталган абитуриенттердин окууга болгон каалоосун ырастоонун мөөнөттөрүн өзгөртүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Абитуриенттердин төмөнкү категориялары (ырастоочу документтери бар болсо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын бул категориядагы адамдар үчүн бекитилүүчү гранттык орундардын квотасынын чегинде конкурстун негизинде билим берүү уюмуна кабыл алынат:
- I, II топтогу майыптар;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
- жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
- этностук кыргыздар;
- 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнунда жана 2021-жылдын апрелинде болгон окуялардын кесепетинен каза болгон адамдардын балдары;
- кайрылман статусуна ээ болгон адамдар;
- мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардам көрсөтүүгө байланыштуу АИВ жугузуп алган күнгө карата 18 жашка толо элек адамдар.
- "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү окуу формасын тандоого укуктуу.
Абитуриенттин жогоруда саналган категорияларга таандыктыгын ырастоочу санариптештирилген документтер АМСке тиркелүүгө тийиш, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистиктерге жана багыттарга талапкер болгон абитуриенттер билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясына ырастоочу документтерди тапшырат.
Билим берүү уюмунун гранттык комиссиясы абитуриенттердин жеке арыздарынын негизинде багыттар жана адистиктер боюнча квоталарды конкурстук негизде бөлүштүрөт. Арыз билим берүү уюмуна гранттык орундар бөлүнгөн багытка же адистикке конкурска катышуу үчүн берилиши мүмкүн. Жогоруда көрсөтүлгөн категориялар үчүн арналган квоталар толук талап кылынбаган учурда, алар тандоонун жана кабыл алуунун акыркы турунда билим берүү уюмунун гранттык комиссиясынын чечими боюнча башка абитуриенттердин ортосунда жалпы шарттарда бөлүштүрүлүшү мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 444, 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
55. Гранттык орундарга конкурстан сырткары төмөнкүлөр кабыл алынат:
- ЖРТнын негизги тестинин жыйынтыктары боюнча үстүбүздөгү календардык жылда эң жогорку балл топтогон абитуриенттер тандаган мамлекеттик билим берүү уюмдарына ошол билим берүү уюмдарында ишке ашырылуучу каалаган адистиктерге жана багыттарга. Ушул категориядагы абитуриенттерди кабыл алуу үчүн гранттардын саны 50дөн ашпоого тийиш. Ушул категориядагы абитуриенттерди кабыл алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан абитуриенттердин жеке арыздарынын негизинде жүзөгө ашырылат;
- учурдагы календардык жылда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 1-орунду, 2-орунду, 3-орунду ээлеген же эл аралык олимпиадалардын байге ээлери болуп саналган абитуриенттер олимпиаданын предметине дал келген адистиктерге жана багыттарга, абитуриенттердин тандоосу боюнча, алар ЖРТга катышкан жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алган шартта;
- учурдагы жылдын "XXI кылымдын интеллектуалдары" республикалык конкурсунда 1-орунду ээлеген жеңүүчүлөр, 2 жана 3-орундарды ээлеген байге ээлери болуп саналган абитуриенттер конкурстун номинациясы дал келген техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга, абитуриенттердин тандоосу боюнча, алар ЖРТга катышкан жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алган шартта;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- абитуриенттер - Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүлөрү - Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтуна, медициналык күбөлөндүрүүдөн, кошумча сыноолордон өткөн жана ЖРТнын босоголук баллына барабар же андан жогору балл алган шартта.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Баллдар бирдей болгондо төмөнкүлөргө артыкчылык берилет (ырастоочу документтери бар болсо):
- "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар абитуриентке;
- мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн абитуриентке;
- мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө "Кыргызтест" системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик сертификаты бар абитуриентке;
- ЖРТнын профилдик предметтик тести боюнча кыйла жогору балл алган абитуриентке;
- учурдагы календардык жылы мектеп окуучуларынын облустук конкурстарында 1, 2 жана 3-орундарды ээлеген абитуриенттерге. Мектеп окуучуларынын облустук конкурстарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан аныкталат.
Абитуриенттин жогоруда саналган категорияларга таандыктыгын ырастаган санариптештирилген документтер АМСке тиркелүүгө тийиш, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистиктерге жана багыттарга талапкер абитуриенттер билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясына ырастоочу документтерди тапшырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Билим берүү уюмунун гранттык комиссиясынын мүчөлөрү берилген өтүнмөлөрдүн саны жөнүндө протокол түзөт. Билим берүү уюмунун гранттык комиссиясы Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө нускамада (ушул Жобонун тиркемеси) көрсөтүлгөн билим берүү уюмдарынын адистиктерине конкурска катышуучу абитуриенттердин социалдык категорияларынын пайыздык катышын эсептөө протоколуна кол коет.
58. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери каттоонун акыркы күнүнөн кийинки күнү эртең мененки саат 10дон кечиктирилбестен АМСке, билим берүү уюмунун сайтына жана стенддерине жайгаштырылууга тийиш.
59. Билим берүү уюмуна кабыл алууга сунушталган абитуриент ушул билим берүү уюмунда окууну каалагандыгын ар бир турдун 6-календардык күнү саат 16:00гө чейин кабыл алуу комиссиясына төмөнкүдөй документтерди тапшырып, ырасташы керек:
- паспортун же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн;
- ЖРТ ырастамасынын түп нускасын;
- орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын, кесиптик орто билими жөнүндө дипломдун түп нускасын же анын дубликатын;
- аскердик билетин же каттоо күбөлүгүн;
- тиешелүү сандагы фотосүрөттөрүн.
Документтерди электрондук түрдө АМС аркылуу тапшыргандан кийин ЖРТ жыйынтыктары боюнча абитуриенттерди студенттердин катарына кабыл алууга уруксат берилет. Абитуриент документтеринин түп нускаларын 30-августка чейин билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясына тапшырууга милдеттүү.
Билим берүү уюмунда окууну каалагандыгын ырастаган абитуриенттердин тизмеси кабыл алуунун бардык турлары аяктагандан кийин абитуриенттердин топтогон баллдарынын аныктыгын ырастоо үчүн билим берүү уюмунун гранттык комиссиясынын төрагасынын колу коюлуп, КТКга жөнөтүлөт. КТКнын ырастоосу 2 календардык күндүн ичинде берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
60. КТК тарабынан ырасталган абитуриенттердин тизмеси абитуриенттерди кабыл алуу жөнүндө буйруктарды даярдоо үчүн билим берүү уюмунун администрациясына өткөрүп берилет.
6-глава. Абитуриенттерди максаттуу кабыл алууну уюштуруу
61. Кабыл алуу жол-жобосу бузулган учурда, абитуриент 3 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга апелляция менен кайрылууга укуктуу.
62. Гранттык негиздеги максаттуу орундарга конкурска учурдагы жылы ЖРТга катышып, аныкталган босоголук баллга барабар же жогору баллды алган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (медициналык адистиктер үчүн - аймактык саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси менен макулдашуу боюнча) жетекчиси кол койгон окууга жолдомосу (даярдоо багытын/адистикти көрсөтүү менен) бар Кыргыз Республикасынын жарандарына - абитуриенттерге уруксат берилет.
Максаттуу кабыл алуу конкурсуна катышкан жана эң жогору балл топтогон абитуриенттер кабыл алууга сунушталат. Ушул категориядагы абитуриенттер үчүн ыйгарым укуктуу орган өзүнчө босоголук балл белгилеши мүмкүн.
63. Гранттык негизде максаттуу кабыл алуу үчүн орундардын саны ыйгарым укуктуу орган тарабынан ар бир багытка жана адистикке бекитилген кабыл алуу планынын чегинде белгиленет.
64. Гранттык негиздеги максаттуу орундардын саны документтерди кабыл алуунун жана тандоо менен кабыл алуу турларынын жүрүшүндө көбөйтүлүшү мүмкүн эмес.
65. Гранттык негиздеги максаттуу орундарга кабыл алынган абитуриенттер менен жумушка милдеттүү бөлүштүрүү жөнүндө студенттин, билим берүү уюмунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.
66. Конкурс боюнча гранттык негиздеги максаттуу орундарга өтпөй калган адамдар билим алуунун каалаган формалары боюнча жалпы конкурска катыша алат.
67. Тандоо менен кабыл алуунун акыркы турунда бош калган гранттык негиздеги максаттуу орундар жалпы конкурска катышкан адамдарга берилет.
68. Иш берүүчүлөр өз каражаттарынын эсебинен окутуу наркын төлөө келишимдери боюнча республиканын билим берүү уюмдарында адистерди максаттуу даярдоону заказ берүүгө укуктуу.
69. Окутуу наркын төлөө келишими боюнча максаттуу даярдоонун шарттары иш берүүчү менен студенттин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.
7-глава. Окутуу наркын төлөө келишими боюнча
окутууга тандоо жана кабыл алуу механизми
70. Абитуриенттерди окутуу наркын төлөө келишими боюнча окутуунун бардык формаларына кабыл алууга конкурс учурдагы жылдын ЖРТ жыйынтыктары боюнча АМС аркылуу жылына эки жолу өткөрүлөт (маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистиктерди жана багыттарды кошпогондо). Кышкы кабыл алуу АМС аркылуу мурунку жылдагы ЖРТ жыйынтыктары боюнча жүзөгө ашырылат. Конкурска катышууга негизги тест боюнча ыйгарым укуктуу орган аныктаган босоголук баллга барабар же андан жогору балл алган абитуриенттерге уруксат берилет.
71. Конкурс мамлекеттик билим берүү грантын алууга талапкер болгон абитуриенттер үчүн белгиленген абитуриенттердин категорияларын эсепке албастан өткөрүлөт, эң жогору балл алган абитуриенттер кабыл алууга сунушталат. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын учурдагы жылдын ЖРТ жыйынтыктары боюнча абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын санын жана графигин бекитет. Тандоо жана кабыл алуу эрежелери бардык турларда бирдей. Акыркы турдан кийин бош орундар болгон учурда, кабыл алуу комиссиясы талапкерлердин ранжирленген тизмеси боюнча кийинки тургандарды кабыл алууга сунуштайт.
Окутуу наркын төлөө келишими боюнча АМС аркылуу тандоо жана кабыл алуу конкурсуна катышуунун эрежелери, абитуриенттердин АМСте катталуу, өздөрүнүн окууну каалагандыгын ырастоо мезгили (убактысы) гранттык окутуу конкурсуна катышуу үчүн белгиленген эрежелерге, катталуу жана ырастоо мезгилине (убактысына) окшош.
72. Кошумча предметтик тесттерди талап кылган адистиктерге жана багыттарга (медициналык адистиктерден тышкары) окутуу наркын төлөө келишими боюнча орундарга конкурска ошол тесттерди тапшырбаган, бирок негизги тест боюнча босоголук баллга барабар же андан жогору балл алган абитуриенттерге да уруксат берилет. Ушул адистиктерге кабыл алууда предметтик тесттердин жыйынтыктарына ээ болгон абитуриенттер артыкчылыктуу укукка ээ болот, калган орундарга абитуриенттер негизги тесттин жыйынтыктары боюнча сунушталат.
73. Конкурстан сырткары оң баага туура келген баллы бар болсо, окутуу наркын төлөө келишими боюнча орундарга (ырастоочу документтери бар болсо) төмөнкүлөр кабыл алынат:
- томолой жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
- медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча тандап алган багыты жана адистиги боюнча билим берүү уюмунда окууга каршы көрсөтмөсү жок ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
- эл аралык, республикалык жана облустук олимпиадалардын байге ээлери (ушул жылы 1–3-орундарды ээлеген) тандап алган билим берүү уюмундагы олимпиаданын предмети профилдик болуп саналган багыттарга жана адистиктерге;
- учурдагы жылдын "XXI кылымдын интеллектуалдары" республикалык конкурсунда 1-орунду ээлеген жеңүүчүлөр, 2 жана 3-орундарды ээлеген байге ээлери болуп саналган абитуриенттер, конкурстун номинациясы дал келген техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга, абитуриенттердин тандоосу боюнча, алар ЖРТга катышкан жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алган шартта;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- учурдагы календардык жылы мектеп окуучуларынын облустук конкурстарынын байге ээлери болгон, 1, 2 жана 3-орундарды ээлеген абитуриенттер, конкурстун номинациясына ылайык келген профилдеги багыттар жана адистиктер боюнча, абитуриенттердин тандоосу боюнча (Бишкек шаарында жайгашкан билим берүү уюмдарын кошпогондо), алар ЖРТ катышкан жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алган шартта. Мектеп окуучуларынын облустук конкурстарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан аныкталат;
Абитуриенттин жогоруда саналган категорияларга таандыктыгын ырастаган санариптештирилген документтер АМСке тиркелүүгө тийиш, ал эми маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистиктерге жана багыттарга талапкер абитуриенттер билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясына ырастоочу документтерди тапшырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189, 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
74. Мамлекеттик билим берүү уюмдарына тапшырууда башка бирдей шарттарда төмөнкүлөр артыкчылыктуу укукка ээ болот (ырастоочу документтери бар болсо):
- "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары бар абитуриенттер;
- мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн адамдар;
- мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө "Кыргызтест" системасын эске алуу менен мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик сертификаты бар адамдар;
- ЖРТнын предметтик тести боюнча кыйла жогору баллы бар абитуриенттер.
Абитуриенттин жогоруда саналган категорияларга таандыктыгын ырастаган санариптештирилген документтер АМСке тиркелүүгө тийиш, ал эми маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистиктерге жана багыттарга талапкер абитуриенттер билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясына ырастоочу документтерди тапшырат.
75. Олимпиада оюндарынын, дүйнө чемпионаттарынын чемпиондору жана байге ээлери жана Азия оюндарынын чемпиондору мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына дене тарбия жана спорт тармагындагы багыттар (бакалавриат, магистратура) жана адистиктер боюнча окуу үчүн кирүү сыноолорусуз (экзамендерсиз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүсүз) кабыл алынат.
76. Билим берүү уюму кирүү сыноолорун төмөнкүлөр үчүн гана өткөрөт:
- ЖРТ жыйынтыктарын талап кылбаган даярдоо багыттарына жана адистиктерге тапшыруучу абитуриенттер үчүн;
- чет өлкөлүк жарандар - абитуриенттер үчүн;
- тиешелүү профилдеги башталгыч жана/же орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документи бар абитуриенттер үчүн.
77. Кирүү сыноолору абитуриенттерди ЖРТ жыйынтыктары боюнча тандоо турларын өткөрүү менен бир убакта жүргүзүлүшү мүмкүн.
78. Билим берүү уюмунун уюштуруу-укуктук формасына карабастан анын кабыл алуу эрежелеринде кирүү сыноолорунун предметтеринин тизмеги аныкталат, ал мамлекеттик тил боюнча кирүү сыноосун камтууга тийиш, анын жыйынтыктары конкурсту өткөрүүдө эске алынбайт. Чет өлкөлүк жарандар үчүн мамлекеттик тил боюнча кирүү сыноолору өткөрүлбөйт.
79. Кирүү сыноолору (маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистиктер боюнча сыноолордон тышкары) жалпы орто билим берүүнүн окуу программаларына туура келген программалар боюнча өткөрүлөт.
80. Билим берүү уюмдарында кирүү сыноолорун өткөрүү мөөнөттөрү алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан: жайкы кабыл алууда - 1-июлдан тартып 25-августка чейин, кышкы кабыл алууда - 20-декабрдан тартып 15-февралга чейин.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү сыноолорун өткөрүү мөөнөттөрү: жайкы кабыл алуунун алкагында - 1-августтан тартып 1-декабрга чейин, кышкы кабыл алуунун алкагында - 20-декабрдан тартып 20-мартка чейин.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү сыноолорун өткөрүү мөөнөттөрү Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан узартылышы мүмкүн.
81. Кирүү жана аттестациялык сыноолордун расписаниеси (предмети, датасы, убактысы, экзамендик тобу жана экзамен өтүүчү жер, консультациялар, жыйынтыктарды жарыялоо датасы) кабыл алуу комиссиясынын төрагасы же анын орун басары тарабынан бекитилет жана 20-июндан (жайкы кабыл алуу үчүн) жана 15-декабрдан (кышкы кабыл алуу үчүн) кечиктирбестен абитуриенттерге билдирилет. Кирүү сыноолорунун жана аттестациялык сыноолордун расписаниесинде экзамендик комиссиялардын төрагаларынын жана экзаменаторлордун фамилиялары көрсөтүлбөйт.
82. Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин документтерин алып кеткен адамдар конкурстан четтетилет.
83. Жүйөлүү себептер (документ менен ырасталган ооруп калуусу, жакындарынын өлүмү) боюнча кирүү сыноолоруна келбей калган адамдар ага кирүү сыноолорун тапшыруунун кийинки этабында параллелдүү топтор менен же алар толук аяктаганга чейинки мезгилде жеке киргизилет.
84. Тездетилген программа боюнча билим берүү уюмуна окууга кабыл алуу жогорку же кесиптик орто билим алууда өткөн айрым дисциплиналардын жана башка окуу иш-чараларынын окутуу жыйынтыктарын кайра аттестациялоонун (кайра зачет берүүнүн) негизинде жүргүзүлөт. Окутуунун жыйынтыктарын кайра аттестациялоо (кайра зачет берүү) билим берүү уюму тарабынан өз алдынча өткөрүлөт. Ошол эле учурда тездетилген программаларды ишке ашырууда окутуу мөөнөтү студент тарабынан башка билим берүү программасы боюнча кесиптик орто билим жана (же) жогорку билим алууда өздөштүрүлгөн (өткөн) айрым дисциплиналар (модулдар) жана (же) айрым практикалар боюнча окутуунун жыйынтыктарын толугу менен же жарым-жартылай кайра аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча аныкталат.
85. Магистратура программалары боюнча окутууга конкурс жарандардын арыздарынын негизинде кирүү сыноолорунун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.
8-глава. Кирүү сыноолорун өткөрүүнүн жалпы эрежелери
86. Кирүү сыноолору экзамен (оозеки же жазуу), тестирлөө (бланктык же компьютердик), аңгемелешүү түрүндө өткөрүлүшү мүмкүн. Кирүү сыноолорун өткөрүүнүн формасы (онлайн, офлайн) билим берүү уюму тарабынан белгиленет.
87. Билим берүү уюму кирүү сыноолорун өткөрүү үчүн тестирлөөнүн заманбап методдорун колдонуу менен баалоо жаатында адистештирилген уюмдардын тесттик тапшырмаларын аны менен түзүлгөн келишимдердин негизинде пайдалана алат. Билим берүү уюмунун предметтик комиссиялары тарабынан иштелип чыккан тесттик тапшырмалар, оозеки экзамендер үчүн билеттер, жазуу экзамендери үчүн тапшырмалар жалпы орто билим берүү программасына шайкеш келүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
88. Тесттик тапшырмалардын, оозеки экзамендер үчүн билеттердин жана жазуу экзамендери үчүн тапшырмалардын пакеттери жана алардын ачкычтары (жооптору) кабыл алуу комиссиясынын төрагасында чапталган конверттерде сакталууга тийиш, алар тестирлөөнү (экзаменди) жүргүзүүнүн алдында гана ачылат.
89. Тестирлөөнүн же жазуу экзаменинин узактыгы билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
90. Абитуриенттерге паспорту же ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документи болгондо гана кирүү экзамендерине уруксат берилет.
91. Кирүү сыноолору башталаардын алдында экзамендик комиссиянын мүчөлөрү абитуриенттерге экзаменди өткөрүү эрежелери жөнүндө инструктаж өтөт.
92. Кирүү экзамендери учурунда абитуриенттерге тыюу салынат:
- китептерди, дептерди, жазууларды, мобилдик телефондорду, электрондук жазуу китепчелерин жана маалыматты сактоонун башка каражаттарын алып келүүгө жана пайдаланууга;
- сүйлөшүүгө же экзаменаторлордун уруксатысыз орун алмаштырууга;
- экзамендик билеттерди, жооптордун бланктарын жана жазууларды алмаштырууга.
Кирүү сыноолорун өткөрүү тартибинин талаптарын бир нече жолу бузган учурда абитуриент дисквалификацияланышы жана кийинки экзаменге киргизилбеши мүмкүн. Дисквалификация экзамендик комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү акт менен таризделет.
93. Абитуриент аткарылган тесттик тапшырманы тапшырууда комиссиянын мүчөлөрү жооптун бланкы менен тесттик тапшырманын вариантынын номеринин шайкештигин, жооптордун бланкында оңдоолордун, белгилердин жоктугун, бланктардын шарик же гель калем менен толтурулгандыгын текшерет.
94. Кирүү экзамендеринде бөтөн адамдардын катышуусуна тыюу салынат.
95. Экзамен аяктаганда тесттер, жооптордун бланктары жана экзамендик баракчалар кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысына тапшырылат.
96. Жооптуу катчы кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен бирге жазуу иштерин же жооптордун бланктарын шифрлейт, экзамендик баракчага жана жооптордун бланкына шарттуу шифрди коет.
97. Экзамендик баракчалар жооптуу катчыда калат жана чапталган сейфте сакталат, ал эми жооптордун бланктары текшерүү үчүн экзамендик комиссиянын мүчөлөрүнө берилет, ошол эле учурда аларды билим берүү уюмунда гана текшерүүгө уруксат берилет. Бул кирүү сыноосуна тиешеси жок адамдар текшерүүгө киргизилбейт.
98. Экзамендик иштерди текшерүү ошол эле күнү, шифрлөө аяктагандан кийин дароо башталат.
99. Экзамендик иштерди текшерүүдө төмөнкү эрежелер сакталууга тийиш:
- карандаш менен боелгон жооптор эсептелбейт;
- абитуриент жооптун эки вариантын белгилесе, бул суроого жооп эсептелбейт;
- жооптордун бланкында коюлган балл менен катар милдеттүү тартипте текшерүүчүнүн колу коюлат жана фамилиясы жазылат;
- жооптордун бланктарына ишке тиешеси жок кол коюлса же анда кандайдыр бир жазуулар болсо, тесттик тапшырмаларды эки экзаменатор текшерет.
100. Компьютердик тестирлөөнү жүргүзүүдө суроолор жана жооптор компьютердин мониторуна чыгарылат. Эгер бардык суроолор же тест үчүн бөлүнгөн убакыт бүтсө, тест аяктайт. Тесттин жыйынтыгы электрондук протоколдо белгиленет. Тестирлөө жыйынтыктары менен таанышуу фактысы абитуриенттин тестирлөө баракчасындагы колу менен ырасталат жана экзамендик ведомостто белгиленет.
101. Абитуриентке конкурска катышууга укук берген минималдуу босоголук балл билим берүү уюму тарабынан күн мурунтан белгиленет жана максималдуу мүмкүн болгон баллдардын санынын 40 пайызынан кем болбоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 301 токтомунун редакциясына ылайык)
102. Окутуу наркын төлөө келишими боюнча орундарга кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси экзамен өткөндөн кийинки күнү саат эртең мененки 10дон кечиктирбестен илинүүгө тийиш.
103. Билим берүү уюмуна кабыл алынган адамдардын жазуу иштери алардын өздүк ишине тиркелет же электрондук (санариптик) түрдө студенттердин маалыматтар базасына киргизилет. Кабыл алынбаган абитуриенттердин жазуу иштери алты ай аралыгында сакталат, андан кийин жок кылынат.
9-глава. Апелляцияларды берүүнүн жана кароонун жалпы
эрежелери
104. Кирүү же аттестациялык сыноонун жыйынтыктары боюнча абитуриент апелляциялык комиссияга анын пикири боюнча сыноону өткөрүүнүн белгиленген тартибинин бузулгандыгы жана/же анын жыйынтыктары менен макул эместиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү апелляциялык арызды (мындан ары - апелляция) берүүгө укуктуу.
Жазуу түрүндөгү сыноо жүргүзүлгөн учурда абитуриент өзүнүн иши менен тааныша алат.
105. Апелляцияны кароо экзаменди кайра тапшыруу болуп саналбайт. Апелляцияны кароонун жүрүшүндө кирүү сыноосун тапшыруунун жыйынтыктарын баалоонун тууралыгы гана текшерилет.
106. Апелляцияны кирүү сыноолорунун жыйынтыктары жарыялагандан кийинки күнү абитуриент жеке өзү берет. Кабыл алуу комиссиясы апелляцияларды кабыл алууну бүт жумуш күн аралыгында камсыз кылат.
107. Абитуриент апелляцияны кароодо катышууга укуктуу. Абитуриентте ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана экзамендик баракча болууга тийиш.
108. Мыйзамга ылайык жашы жеткенге чейин аракетке толук жөндөмдүү деп таанылган жашы жете электерден тышкары, жашы жете элек (18 жашка чейинки) абитуриент менен ата-энесинин бири же анын мыйзамдуу өкүлү катышууга укуктуу.
109. Аппеляцияны кароодон кийин аппеляциялык комиссиянын апелляциянын жыйынтыктары жөнүндө чечими чыгарылат.
110. Аппеляциялык комиссияда пикир келишпестиктер жаралган учурда добуш берүү жүргүзүлөт жана чечим көпчүлүк добуш менен бекитилет. Аппеляциялык комиссиянын протокол менен таризделген чечими абитуриентке (кол койдуруу менен) билдирилет.
10-глава. Кабыл алуу
111. Абитуриенттерди алардын уюштуруу-укуктук формасына карабастан, билим берүү уюмдарынын студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына кабыл алуу билими жөнүндө документи же анын дубликаты болгондо жүргүзүлөт. Документтин милдеттүү реквизиттерин (билим берүү уюмунун толук аталышы жана жайгашкан жери, абитуриенттин фамилиясы, аты, атасынын аты; идентификациялык жеке номери, QR-коддун дареги, жетишүүсү жөнүндө маалыматтар) камтыган билими жөнүндө электрондук персонификацияланган документти берүүгө жол берилет.
Магистратурага сырттан окуу формасына жана тиешелүү профиль боюнча кесиптик орто билим берүүнүн базасында окутуунун тездетилген программасына кабыл алууда гранттык негизде окуган педагогикалык багыттардын жана адистиктердин бүтүрүүчүлөрү аны берген окуу жайы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жогорку кесиптик билим (бакалавр) жөнүндө дипломдун же кесиптик орто билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн жана гранттык негизде окугандыгы жана жумушка бөлүштүрүү жөнүндө окуу жайдын маалымкатын берет.
ЖРТ жыйынтыктары боюнча АМСке төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыргандан кийин абитуриенттерди студенттердин катарына кабыл алууга жол берилет:
- паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- ЖРТ сертификаты;
- жалпы орто билими жөнүндө аттестат, кесиптик орто билими жөнүндө диплом же анын дубликаты;
- аскердик билет же каттоо күбөлүгү.
Ошол эле учурда абитуриент документтердин түп нускаларын жана тиешелүү сандагы фотосүрөттөрдү 30-августка чейин билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясына тапшырууга милдеттүү.
Чет өлкөлүк жарандар ушул окууга кабыл алууда Тартиптин 37-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин тапшырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
112. Абитуриенттерди ЖРТ жыйынтыктары боюнча студенттердин катарына кабыл алуу тестирлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө сертификаттын түп нускасы болгондо жүргүзүлөт. Кабыл алуу комиссиясына зарыл болгон документтерди тапшыруу аркылуу билим берүү уюмунда окуу ниетин ырастаган абитуриенттердин ЖРТ жыйынтыктары кабыл алууга чейин КТК тарабынан ырасталууга тийиш.
113. Абитуриенттерди алардын уюштуруу-укуктук формасына карабастан билим берүү уюмдарынын студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуу наркын төлөө келишими боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча - 25-августка чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча - 15-февралга чейин жүргүзүлөт. Абитуриенттерди - чет өлкөлүк жарандарды алардын уюштуруу-укуктук формасына карабастан билим берүү уюмдарынын студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуу наркын төлөө келишими боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча - 1-декабрга чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча - 20-мартка чейин жүргүзүлөт. Абитуриенттерди - чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасында же чет өлкөлөрдө келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан узартылышы мүмкүн.
113. ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмдөрүнүн угуучулары билим берүү уюмдарына жалпы негизде кабыл алынат.
114. Кирүү сыноолоруна жүйөлүү себептерсиз келбеген же канааттандырарлык эмес баа алган адамдар конкурска катышпайт жана билим берүү уюмуна кабыл алынбайт.
115. Кирүү сыноолорунда же ЖРТ боюнча алган баллдардын санын көрсөтүү менен конкурстун жыйынтыктары боюнча кабыл алынгандыгы жөнүндө буйрук (буйруктар) билим берүү уюмунун расмий сайтында жарыяланат жана кабыл алуу комиссиясынын маалымат тактасына жайгаштырылат.
116. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан көзөмөл иретинде жүргүзүлгөн текшерүүдө конкурсту өткөрүү жана абитуриентти, анын ичинде ЖРТ жыйынтыктары жөнүндө анык эмес маалыматты берүүнүн негизинде мыйзамсыз кабыл алуу фактылары аныкталган учурда студент белгиленген тартипте окуудан чыгарылууга тийиш.
11-глава. Маалымат берүү жана контролдоо
117. Билим берүү уюмдары алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан ыйгарым укуктуу органга кабыл алуу жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматтарды төмөнкү мөөнөттөрдө берет:
- гранттык негизде окутууга - 30-сентябрга чейин;
- акы төлөнүүчү негизде окутууга жайкы кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча - 10-декабрга чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча - 30-мартка чейин.
118. Билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясынын иши ыйгарым укуктуу орган тарабынан контролдонот.".
|
| Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине тиркеме |
Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө НУСКАМА
1. Гранттарды алууга талапкер абитуриенттер (конкурстан тышкары кабыл алынууга укуктуу абитуриенттерден тышкары) төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
- абитуриенттер - Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарынын, кесиптик баштапкы жана орто билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү;
- абитуриенттер - облустук борборлордун (Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Каракол, Талас шаарлары) жана кичи шаарчалардын (Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Балта, Токмок, Кант, Кара-Көл, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Сүлүктү, Өзгөн, Раззаков, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Шопоков, Токтогул, Миң-Куш айылы) жалпы билим берүү уюмдарынын, кесиптик баштапкы жана орто билим уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү;
- абитуриенттер - айыл жергесинде жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын жана кесиптик баштапкы жана орто билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү;
- абитуриенттер - Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын жана башталгыч жана кесиптик баштапкы жана орто билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү.
2. Абитуриенттердин категорияларынын пайыздык катышы билим берүү уюмунун гранттык комиссиясы тарабынан даярдоонун ар бир багыты жана/же адистиги үчүн ар бир турда каттоо аяктагандан кийин, максаттуу орундарга конкурска катышкан абитуриенттердин категориялардан, ошондой эле жеңилдик берилген абитуриенттерден тышкары, төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
Nk - тиешелүү категориядагы абитуриенттердин саны;
N жалпы - конкурска катышкан абитуриенттердин жалпы саны.