Загрузка документа…
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
|
| ||
|
| 3-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна) | |
|
|
|
|
Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31, 32-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана жалпы орто билимдин базасында Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына (мындан ары - ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдары) окууга тапшырууну каалаган адамдарды (мындан ары -абитуриенттер) жалпы республикалык тестирлөөдөн (мындан ары - тестирлөө) өткөрүү тартибин белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тестирлөө ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдарында окууга кыйла жөндөмдүү жана даяр абитуриенттерди аныктоо максатында жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)
3. ЖКБ билим берүү уюмдарына тапшыруу үчүн тестирлөөгө жалпы орто, кесиптик башталгыч (жалпы орто билими жөнүндө документи болсо) же кесиптик орто билими бар, ошондой эле каттоо учурда жалпы билим берүү уюмдарында 11-класста жана кесиптик орто жана башталгыч билим берүү уюмдарынын бүтүрүү курстарында окуп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат. Тестирлөөгө каттоо учурунда ЖКБ билим берүү уюмдарында окуп жаткан жарандарга тестирлөөгө катышууга жол берилбейт.
ОКБ билим берүү уюмдарына тапшыруу үчүн тестирлөөгө жалпы орто же кесиптик башталгыч билими бар (жалпы орто билими тууралуу документ болсо), ошондой эле каттоо учурда жалпы билим берүү уюмдарында 11-класста жана кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын бүтүрүү курстарында окуп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат. ОКБ билим берүү уюмдарында тапшыруу үчүн тестирлөөгө каттоо учурунда ОКБ билим берүү уюмдарында окуп жаткан жарандарга тестирлөөгө катышууга жол берилбейт.
Чет өлкөлүк жарандар тестирлөөгө катыша алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик билим берүү грантына талапкер боло алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Абитуриенттерди тестирлөө жол-жобосу жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен ачык-айкын жүргүзүлөт.
2-глава. Көз карандысыз тесттик кызмат
5. Көз карандысыз тесттик кызмат (мындан ары - КТК) -тестирлөө методдорун пайдалануу менен билим берүү тармагындагы көз карандысыз баа берүүгө адистешкен мамлекеттик эмес коммерциялык эмес уюм.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)
6. КТК Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары -ыйгарым укуктуу орган) тарабынан үч жылдык мөөнөткө аныкталат. Ыйгарым укуктуу орган менен КТКнын ортосунда тестирлөө өткөрүү жөнүндө келишим түзүлөт.
7. Тестирлөө КТК тарабынан белгиленген эрежелер боюнча өткөрүлөт, алар менен абитуриенттер каттоо учурунда же андан кийин берилген китепчеден тааныша алат.
8. Тестирлөө үчүн жооптуу КТК төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- жалпы билим берүү уюмунун программасына негизделген тесттик тапшырмаларды иштеп чыгууну;
- тесттик тапшырмалардын өтө жашырындуулугун;
- каттоо жана тестирлөө жол-жобосун даярдоону маалыматтык жактан колдоону;
- каттоо жана тестирлөө үчүн жооптуу персоналды даярдоо боюнча региондук маалыматтык семинарларды, тренингдерди өткөрүүнү;
- каттоону жана тестирлөөнү материалдык-техникалык жана методикалык жактан камсыздоону;
- тестирлөөнү объективдүү жана ачык-айкын өткөрүүнү;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган мөөнөттөрдө тестирлөөнүн жыйынтыктарын иштетүүнүн купуялыгын жана ишенимдүүлүгүн.
9. Тестирлөө аяктагандан кийин КТК ыйгарым укуктуу органга тестирлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет берет.
10. КТК жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери абитуриенттин макулдугусуз ал топтогон баллдын саны жөнүндө маалыматты жарыя кылууга же үчүнчү жактарга берүүгө укугу жок. Топтолгон баллдын саны жөнүндө маалымат абитуриент конкурс боюнча өткөн ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдарынын суроо-талабы боюнча гана берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)
11. КТК абитуриенттердин аягына чыккан тестирлөөсүнө жана ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдарына кабыл алынышына тиешелүү документтердин архивин түзөт, абитуриенттердин жоопторунун барактарын жана каттоо формаларын тестирлөө аяктагандан кийин үч айдын ичинде сактайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)
12. КТК тестирлөөнүн сапатын аныктоо жана аны жакшыртуу боюнча чараларды көрүү максатында грант ээлеринин жетишүүсүнүн мониторингин жүргүзүүгө укуктуу. Ушуга байланыштуу КТК грант ээлеринин жетишүүсү жөнүндө маалыматты, ошондой эле салыштырма талдоо жүргүзүү үчүн грант ээси болуп саналбаган студенттердин жетишүүсү жөнүндө маалыматты суроого укуктуу, ал эми ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдары аларды берүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)
13. КТК жашырындуулук бузулган, жоголгон учурларда, ошондой эле абитуриенттер тестирлөөнүн эрежелерин бузган же алар жасалма документтерди жана жалган маалыматтарды берген учурларда тестирлөөнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууга укуктуу.
3-глава. Тестирлөөнү даярдоо жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциялары
14. Абитуриенттерди тестирлөөнү даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү ыйгарым укуктуу органдын функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- КТКны зарыл ченемдик документтер менен камсыздоо;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жер-жерлердеги билим берүүнүн башкаруу органдары аркылуу республиканын калкын тестирлөө жөнүндө маалыматтык камсыздоо; багыттар, адистиктер жана гранттардын санын ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдар боюнча бөлүштүрүлүшү тууралуу; абитуриенттердин категориялары жөнүндө; каттоо пункттарынын даректери; тестирлөөнү өткөрүү мөөнөттөрү, жери жана убактысы; тестирлөө жол-жобосунун тартиби жана эрежелери жөнүндө жана жүргүзүлүп жаткан кампаниянын ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоочу башка маалымат менен;
- абитуриенттерди тестирлөөнү даярдоо, уюштуруу жана өткөрүү процессине жалпы мониторинг жүргүзүү;
- абитуриенттерди каттоо мөөнөттөрүн аныктоо;
- кошумча тестирлөөнү талап кылган багыттардын жана адистиктердин тизмесин түзүү жана бекитүү, кошумча предметтик тесттердин тиешелүү тизмегин бекитүү;
- кошумча сыноолорду талап кылган адистиктердин (искусство, дене тарбия, аскер иши ж.б.) тизмегин бекитүү;
- абитуриенттерди каттоодо жана тестирлөөдө КТКга көмөктөшүү (ыйгарым укуктуу орган менен КТКнын ортосундагы келишимге ылайык);
- абитуриенттерди тестирлөө жана ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдарга кабыл алуу жол-жоболоруна эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан байкоочулардын тизмесин түзүү жана бекитүү (ыйгарым укуктуу орган менен КТКнын ортосундагы келишимге ылайык);
- ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдарга кабыл алуу үчүн босоголук баллды белгилөө (босоголук балл - ЖКБ жана ОКБ билим берүү уюмдарга кабыл алуу конкурсуна катышуу үчүн зарыл болгон баллдын минималдуу саны).
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Тесттер
15. Абитуриенттерди тестирлөө үчүн эки түрдөгү тесттер пайдаланылат: негизги тест жана предметтик тесттер, алар мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлөт. Тестирлөөнүн жыйынтыктары тесттердин түрлөрү боюнча өз-өзүнчө бааланат.
16. Негизги тест абитуриенттин жалпы математикалык билимине, оозеки-логикалык жөндөмүнө жана грамматикалык көндүмдөрүнө баа берүү үчүн тапшырмаларды камтыйт. Тесттин ушул түрү боюнча тестирлөө тестирлөөгө катышып жаткан бардык абитуриенттер үчүн милдеттүү.
17. Предметтик тесттер абитуриенттердин конкреттүү сабак боюнча билим деңгээлин аныктоо үчүн тапшырмаларды камтыйт. Тесттердин бул түрү боюнча тестирлөө, кошумча тестирлөөнү талап кылган багыттардын жана адистиктердин тизмегине киргизилген багыттарга жана адистиктерге тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн гана өткөрүлөт.
5-глава. Каттоо жол-жобосу
18. Каттоо жол-жобосун КТК аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттары, региондук билим берүү бөлүмдөрү жана жалпы билим берүү уюмдарынын администрациялары аркылуу абитуриенттерге маалымдалат.
19. Белгиленген мөөнөттө каттоодон өтпөй калган адамдар КТК менен ыйгарым укуктуу орган бирге аныктаган мөөнөттө каттоодон өтө алышат.
20. Каттоонун жүрүшүндө абитуриенттердин жалган маалыматты бериши алардын тестирлөөдөн өтүүгө мүмкүн эместигине алып келет.
21. Каттоо төгүмүнүн чоңдугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тестирлөөнү өткөрүүгө КТКнын иш жүзүндөгү чыгымдарына жараша КТК тарабынан белгиленет.
Каттоо эрежелерин бузган, тестирлөөгө катышпай калган же тестирлөөнүн эрежелерин сактабагандыгы үчүн тестирлөөдөн чыгарылган абитуриенттерге каттоо төгүмү кайтарып берилбейт.
6-глава. Тестирлөөнүн жол-жобосу
22. Тестирлөөнү өткөрүү жерин жана мөөнөтүн ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча КТК аныктайт.
23. Тестирлөөнүн алдында КТКнын өкүлдөрү тестирлөөнүн тартиби жана тестирлөөнүн жүрүшүндөгү абитуриенттердин жүрүм-турум эрежелери жөнүндө оозеки инструктаж өткөрөт.
24. Тестирлөөнүн эрежелеринде каралган учурларда, ушул тестирлөөнү өткөрүп жаткан КТКнын өкүлдөрүнүн колу коюлган дисквалификация жөнүндө протоколду түзүү менен абитуриент тестирлөөдөн дисквалификацияланат. Дисквалификацияланган абитуриент тестирлөөнү кийинки өткөрүү мезгилинде (беш айдан кем эмес өткөндө) кайсы тесттен чыгарылган болсо, ошол тестти тапшырууга укуктуу.
25. Тестирлөөгө кечигип калган абитуриенттер оозеки инструктаж аяктагандан кийин жана тестирлөө башталганга чейин тестирлөө убактысын узартпастан тесттик тапшырмаларды аткарууга киргизилиши мүмкүн.
26. Кандайдыр себептер менен тестирлөөгө катышпай калган абитуриенттер, КТК менен ыйгарым укуктуу органы бирге аныктаган кошумча мөөнөттө тестирлөөдөн өтүүгө укуктуу.
7-глава. Тестирлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө документ жана аны берүүнүн тартиби
27. Тестирлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө абитуриентке берилүүчү расмий документ болуп сертификат саналат (мындан ары - сертификат), анда абитуриент тестирлөөдө топтогон баллдын саны жөнүндө маалыматтар камтылат. Сертификатты абитуриентке КТК берет. Сертификаттын жасалмалоодон коргоочу белгилери бар.
28. Жалпы орто, кесиптик башталгыч же кесиптик орто билими бар, ЖКБ билим берүү уюмдарына тапшыруу үчүн тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча ушул жылы эң жогорку балл алган 50 абитуриентке КТК тарабынан артыкчылыктуу сертификат берилет. Артыкчылыктуу сертификаттын ээлери негизги тесттин жыйынтыктары боюнча топтолгон баллдын саны азаюу иретинде түзүлгөн рейтингдик тизменин негизинде аныкталат. Артыкчылыктуу сертификат алууга баллдары бирдей бир нече абитуриент талапкер болгон учурда, анда артыкчылыктуу сертификаттын ээлеринин саны көбөйтүлөт, бирок 65тен ашырылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Сертификат абитуриентке же анын ишенимдүү адамына катталган жери боюнча сертификатты берүү үчүн зарыл болгон документтерди көрсөткөндө берилет.
30. Сертификатты жоготкондо КТК абитуриентке анын арызы боюнча жана ырастоонун наркы төлөнгөндө тестирлөөдө топтолгон баллдын саны жөнүндө ырастама берет. Абитуриенттин мурда берилген сертификаты жараксыз болгондугу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына алдын ала жарыялоосуз ырастама берилбейт.
8-глава. Корутунду жоболор
31. Администраторлор тестирлөөнүн тартибин жана шарттарын бузган учурда абитуриент байкаган эреже бузуулар жөнүндө арызды КТКга тестирлөө өткөрүлгөн күндөн тартып 3 күндүн ичинде берүүгө укуктуу. Эгерде эреже бузуулар орун алган болсо, КТК арызды алган учурдан тартып бир жумалык мөөнөттө кайталап объективдүү тестирлөө өткөрүү үчүн шарттарды камсыздайт. Кайталап тестирлөөнү өткөрүүгө ыйгарым укуктуу органдан байкоочулар катышууга укуктуу.
32. Түшүнүксүз себептен улам өз сертификатын албай калган абитуриент, түшүндүрмө алуу үчүн КТКга кайрылууга укуктуу.
33. КТК төмөнкү учурларда абитуриентти кайталап тестирлөөдөн өткөрүүгө укуктуу:
- абитуриент тарабынан тестирлөөнүн эрежелери бузулса;
- эгерде тестирлөө аяктагандан кийин КТК жүргүзгөн документтерди текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тестирлөөнү каттоодон өткөн абитуриент эмес, анын ордуна башка адам тапшыргандыгына шектенүүлөр бар болсо.