Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) менчигинин тибине, түрүнө жана формасына карабастан, баштапкы жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартибин регламенттейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
1) аттестация - ушул Жобого ылайык жүргүзүлгөн мугалимдин кесиптик билиминин жана компетенттүүлүгүнүн деңгээлин аныктоо жол-жобосу;
2) аттестациялануучу - аттестациялоо жол-жобосуна катышуучу мугалим;
3) квалификациялык категория - педагогикалык ишти аткарууда мугалимдин кесиптик билимин жана компетенттүүлүгүн аныктаган анын кесиптик даярдыгынын деңгээли;
4) квалификациялык сертификат - квалификациялык тестирлөөнүн натыйжалары боюнча билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан берилүүчү аттестациядан өткөндүгүн ырастоочу документ;
5) квалификациялык тестирлөө (мындан ары - тестирлөө) -билим берүү жаатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыккан тесттердин негизинде квалификациялык сертификат алуу укугуна аттестациялануучулардын кесиптик билимин жана компетенттүүлүгүн текшерүү жол-жобосу;
6) тарификация - сабактын жүктөмүн, кошумча жана башка төлөмдөрдү эске алуу менен эмгек акыны дайындоонун тартиби;
7) тест - аттестациялануучулардын кесиптик билиминин жана компетенттүүлүгүнүн деңгээлин аныктоо үчүн арналган стандартташтырылган тапшырмалар.
3. Аттестациянын максаты квалификациялык категорияны ыйгаруу, педагогикалык чеберчиликти жана квалификацияны, кесиптик жана инсандык есүүнү дем берүү, чыгармачылык активдүүлүктү жогорулатуу болуп саналат.
4. Аттестациянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүк деңгээлине ылайык келишин белгилөө;
- мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун жана аларды кесиптик өнүктүрүүнүн зарылдыгын аныктоо
- жалпы билим берүү уюмдары көрсөткөн билим берүү кызматтарынын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу.
5. Аттестациянын негизги принциптери болуп ыктыярдуулук, ачыктык, калыстык, аттестацияны өткөрүүдө басмырлоого жол бербөө саналат.
6. Мугалимдер төмөнкүдөй квалификациялык категорияларды ыйгаруу үчүн аттестациядан өтүшөт:
- экинчи квалификациялык категориядагы мугалим;
- биринчи квалификациялык категориядагы мугалим;
- жогорку квалификациялык категориядагы мугалим. Квалификациялык категорияны колдоону меенету- беш жыл.
7. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча мугалимдерге квалификациялык категорияны ыйгаруу аларга мурдагы квалификациялык категорияларды милдеттүү түрдө этап-этабы менен ыйгарбастан жүргүзүлөт.
8. Жалпы билим берүү уюмунда педагогикалык ишин айкалыштырүү боюнча жүргүзгөн адам аттестациядан ушул Жобого ылайык окуткан предмети боюнча жалпы негиздерде өтөт.
9. Мугалим башка жалпы билим берүү уюмуна ишке өткөн учурда педагогикалык ишин аткарууда анын ыйгарылган квалификациялык категориясы колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин сакталат.
Мугалим ыйгарылган квалификациялык категориясын ырастоо үчүн мугалим жаңы жердеги ишине квалификациялык сертификат берет.
10. Мугалимдин квалификациялык категориясын жогорулатуу максатында мурдагы квалификациялык категориясы ыйгарылгандан кийин бир жылдан кем эмес ушул Жободо аныкталган тартипте мөөнөтүнөн мурда аттестациядан өтүүгө укуктуу.
2. Аттестация еткерүүнУ уюштурүү жана тартиби
11. Ыйгарым укуктуу орган аттестация өткөрүү үчүн:
1) төмөнкүлөрдү бекитет:
- билдирилген категорияга ылайыктуулугун ырастаган документтерге талаптарды;
- тестирлөөнү өткөрүүнүн тартибин, тестирлөөнү баалоонун критерийлерин жана аттестация өткөрүүнүн графигин;
- тестирлөөнүн формасын;
2) аттестация өткөрүү жөнүндө буйрук чыгарат жана аттестация башталганга чейин бир ай мурда ыйгарым укуктуу органдын аймактык органдарына аттестация өткөрүүнүн графигин жиберет.
12. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык органдары ыйгарым укуктуу органдан аттестациялоонун графигин алгандан кийин беш жумуш күндүн ичинде:
- ар бир мугалимге аттестациянын башталышы жөнүндө маалыматты кол койдуруу менен билдирет;
- тестирлөөнү өткөрүүнүн орду, күнү жана убактысы жөнүндө мугалимдерге кабарлайт.
13. Аттестация компьютердик технологияларды колдонуу менен тестирлее формасында өткөрүлөт, ал 3 бөлүктөн турат:
биринчи бөлүгү - педагогика жана психология жаатындагы билимдер;
экинчи бөлүгү - кесиптик компетенттүүлүк; үчүнчү бөлүгү - предметтик компетенттүүлүк.
14. Мугалимдерди тестирлөө ыйгарым укуктуу органдын тестирлөө функцияларын жүзөгө ашырган ведомстволук мекемеси (мындан ары - ведомстволук мекеме) тарабынан жүргүзүлөт.
15. Ведомстволук мекеме тестирлөөнү уюштуруу боюнча төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тесттик суроолордун базасын иштеп чыгат, түзөт жана жаңылайт;
2) тесттик суроолорду бекитет;
3) тестирлөөнүн катышуучуларын каттоону жүргүзөт;
4) тестирлөөнүн катышүүчуларына тестирлөө системасына кирүү үчүн шифрлерди (коддорду) берет;
5) тестирлөөнү жүргүзөт;
6) тестирлөөнүн натыйжаларын иштеп чыгат жана тестирлөө протоколун түзөт;
7) аттестациялануучуга тестирлөөнүн натыйжаларын берет.
16. Тестирлөө аттестациялануучунун кесиптик билим жөнүндө дипломунда көрсөтүлгөн педагогикалык адистигине ылайык квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөндүгүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
17. Диплом боюнча адистигине ылайык келбеген окүү предметтерин окуткан учурда тиешелүү педагогикалык адистикти алуу менен кесиптик кайра даярдоо курстарында окуудан өткөндүгүн күбөлөндүрүүчү документ бар болгондо окуткан предмети боюнча тестирлөө жүргүзүлөт.
18. Тестирлее аяктагандан кийин аттестацияланган адам компьютердин экранында чагылдырылган өзүнүн натыйжалары менен тааныштырылат.
19. Тестирлөөнүн натыйжалары боюнча аттестацияланган адамга ведомстволук мекеме тарабынан төмөнкүдөй жазуулар менен протокол берилет:
- алган балл билдирилген квалификациялык категорияга ылайык келет;
- алган балл билдирилген квалификациялык категорияга ылайык келбейт.
20 «Алган балл билдирилген квалификациялык категорияга ылайык келет» деген белгини алгандан кийин аттестацияланган адамга ведомстволук мекеме тарабынан 14 жумуш күндүн ичинде квалификациялык сертификат берилет.
21 Билдирилген квалификациялык категориясын ырастабаган мугалим бир жылдан эрте эмес кайталап тестирлөөдөн өтүүгө укуктуу.
22. Тестирлөөгө катышкан мугалимге өзүнүн тестинин натыйжаларын чакыртып алууга жана жокко чыгарууга укук берилбейт.
3. Талаш маселелерди чечүүнун тартиби
23. Аттестациянын натыйжалары менен макул болбогон учурда мугалим апелляцияга берүүгө укуктуу. Апелляцияга арыз мугалимдин жеке өзү тарабынан тестирлөө өткөн жерде ал бүткөндөн кийин бир сааттын ичинде менен таризделет.
24. Апелляция техникалык комиссия тарабынан жүргүзүлөт-Апелляция жүргүзүүнүн тартиби, техникалык комиссиянын курамы, техникалык комиссиянын ишинин регламенти билим берүү жаатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
25. Ведомстволук мекеме техникалык комиссияга апелляциялаган мугалимдин катышүүсунда анын натыйжасын, анын жоопторун жана тесттин ачкычтарын алган балдардын ылайык келишин белгилөө үчүн электрондук алып журүүчүнүн экранында керсетет. Арызды кароонун жыйынтыктары протокол менен таризделет, техникалык комиссиянын мучелеру тарабынан кол коюлат.
26. Техникалык комиссиянын ишинин материалдарын архивдик сактоо бир жылдык мөөнөткө белгиленет.
4. Корутунду жоболор
27. Жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси квалификациялык категорияны ыйгаруу жөнүндө квалификациялык сертификаттын негизинде мугалимди тарификациялоо жөнүндө буйрук чыгарат.
28. Квалификациялык категорияны ыйгаруу жөнүндө буйрук мугалим квалификациялык сертификатты берген күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен, жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан чыгарылүүга тийиш.
29. Квалификациялык сертификаттын көчүрмөсү жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинде 5 жыл сакталат.