Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жөнүндө
ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү (мындан ары - Өкүлчүлүк) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан бөлүмү болуп саналат,
2. Өкүлчүлүк өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жобону, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Өкүлчүлүк 2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашуунун негизинде иштейт.
Өкүлчүлүк саясий, дипломатиялык жана консулдук функцияларды ишке ашырбайт.
4. Өкүлчүлүктүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий тилдерде толук аталышы жазылган мөөрү, алыш-бериш жана учурдагы, анын ичинде валюталык эсептери бар.
2. Өкүлчүлүктүн максаты жана милдеттери
5. Өкүлчүлүктүн максаты Россия Федерациясында миграция маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.
6. Өкүлчүлүктүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында миграция маселелери боюнча мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында эмгектенүүсүнө көмөк көрсөтүү.
3. Өкүлчүлүктүн негизги функциялары жана укуктары
7. Өкүлчүлүк жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- Россия Федерациясындагы миграциялык кырдаалды, миграциялык саясат жаатындагы мыйзамдарды, эмгек рыногунун конъюнктурасын, миграциялык проблемаларды чечүү боюнча Россия Федерациясынын тажрыйбасын мүмкүн болсо аны Кыргыз Республикасында пайдалануу максатында изилдейт жана талдайт;
- Россия Федерациясында жүргүзүлүп жаткан миграциялык саясатка тиешелүү тигил же бул маселелер боюнча Министрликке, ал эми зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдарына маалымат берет;
- Россия Федерациясынын кызыкдар органдарына Кыргыз Республикасынын миграциялык саясат жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу маалымат берет;
- Россия Федерациясында кыргыз эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулганы аныкталган учурда аларды жоюуга көмөк көрсөтөт жана коргоо боюнча чараларды көрөт;
- Россия Федерациясынын компетенттүү органдары менен бирге Россия Федерациясынын аймагында эмгектенген жана ишкердик иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарын эсепке алууну жүргүзөт, Россия Федерациясынын мыйзамдарына жана тийиштүү эл аралык келишимдерге ылайык алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында алардын укуктук статусун легалдаштырууга көмөк көрсөтөт;
- Россия Федерациясынын аймагына келген жана жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграция жана Кыргыз Республикасына көчүү маселелери боюнча кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси менен бирге мыйзамсыз миграцияны алдын алууга жана бөгөт коюуга байланышкан маселелерди чечүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүү үчүн Россия Федерациясынын аймагындагы жумуш берүүчүлөрдү издөөгө, тандоого жана алар менен байланыштарды жөнгө салууга Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына көмөк көрсөтөт;
- Россия Федерациясындагы мекендештердин коомдук бирикмелеринин иштерине көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген миграция жаатындагы эл аралык келишимдерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Россия Федерациясында каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чыгымдарды компенсациялайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат.

8. Өкүлчүлүк өз компетенциясынын алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
- Россия Федерациясынын жумуш берүүчүлөрү тарабынан кыргыз эмгек мигранттарын жумушка жалдоо шарттарынын бузулушуна байланышкан эмгек талаш-тартыштарын жөнгө салууга катышууга;
- кыргыз эмгек мигранттары менен Россия Федерациясынын жумуш берүүчүлөрүнүн ортосундагы эмгек жана башка талаш-тартыштарды сотко чейинки этапта жөнгө салууга катышууга;
- Россия Федерациясынын мыйзамдарынын алкагында кыргыз эмгек мигранттарынын кызыкчылыктарын сот жана укук коргоо органдарында коргоого катышууга;
- Россия Федерациясынын мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен миграция жана Россия Федерациясынын эмгек рыногуна жеткиликтүүлүктү либералдаштыруу маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө жана консультацияларга катышууга;
- Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын миграциялык кызматташуу маселелери боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын маселелерин чагылдырууда өз компетенциясынын чегинде Россия Федерациясынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүгө.
9. Өкүлчүлүк өз функцияларын ишке ашырууда өзүнүн иши жөнүндө белгиленген тартипте Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги менен макулдашат жана аларга маалымат берет.
4. Өкүлчүлүктүн ишин уюштуруу жана камсыз кылуу
10. Өкүлчүлүктүн ишин министр жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси же анын милдеттерин аткаруучу адам жалпы жетектейт.
Өкүлчүлүктүн чыгымдарынын сметасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Министрлик тарабынан бекитилет.
11. Өкүлчүлүктү күтүү учурдагы жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
12. Өкүлчүлүктүн мүлкү Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат. Өкүлчүлүк аталган мүлктү ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн гана пайдаланат. Өкүлчүлүктүн финансы-чарбалык ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте Министрлик жана мамлекеттик финансылык контролдоонун башка ыйгарым укуктуу органдары контролдойт.
13. Өкүлчүлүктүн жетекчиси министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан 3 жылдык мөөнөткө, бир жылга мөөнөтүн узартуу укугу менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Өкүлчүлүктүн жетекчиси өз ишинде министрге жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине же анын милдеттерин аткаруучу адамга отчет берет.
14. Өкүлчүлүктүн жетекчиси жок учурда анын милдеттерин Өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары аткарат.
15. Өкүлчүлүктүн жетекчиси:
- Өкүлчүлүктүн ишин, ага жүктөлгөн милдеттерди жапа функцияларды аткарууну уюштурат, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоону камсыз кылат, Өкүлчүлүктүн ишин контролдойт;
- Өкүлчүлүктүн ишинин абалы жана натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- өз компетенциясынын чегинде кызматкерлердин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон Өкүлчүлүктүн актыларын чыгарат;
- Өкүлчүлүктүн финансылык-чарбалык ишин жана материалдык-техникалык камсыздоону уюштурат;
- өз компетенциясынын чегинде Өкүлчүлүктүн атынан юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук жана эмгек келишимдерин белгиленген тартипте түзөт;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Өкүлчүлүктүн кызматкерлерин иш сапарга жиберет;
- Министрликке Өкүлчүлүктүн иши жөнүндө кварталдык, жарым жылдык жана жылдык отчетторду, анын ичинде бухгалтериялык отчетторду берет.
16. Өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте министр тарабынан 3 жылдык мөөнөткө, бир жылга мөөнөтүн узартуу укугу менен кызмат ордуна дайындалат.
17. Өкүлчүлүктө иштөө мезгилинде кызматкерлерге штаттык ырааттамага ылайык акчалай акы, турак-жай жалдоо боюнча чыгымдар төлөнөт, эгерде жубайы иштебесе, кызматкердин эмгек акысынан 30% жубайына төлөп берилет.
18. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү барган мамлекеттин мыйзамдарын, ошондой эле каада-салттарын, үрп-адаттарын сыйлоого, Россия Федерациясынын ички иштерине кийлигишүү катары чечмелениши мүмкүн болгон бардык иш-аракеттерден карманууга милдеттүү.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомунун редакциясына ылайык)