Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 323 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 523, 2026-жылдын 18-мартындагы № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин максаттарын, милдеттерин, курамын, ыйгарым укуктарын жана иш тартибин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш) Кыргыз Республикасында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону, ошондой эле аларды комплекстүү колдоо жана илгерилетүү боюнча чараларды камсыз кылуучу консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.
"Стратегиялык инвестициялык долбоорлор" термини улуттук экономиканын стратегиялык секторлору боюнча долбоорлорду билдирет.
"Өнүктүрүү институттары" термини максаттары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы долбоорлорду каржылоо, ошондой эле мамлекеттик жана тармактык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга катышуучу болуп саналган институттарды жана коммерциялык банктарды билдирет.
Координациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) караштуу консультациялык-кеңешүүчү орган түрүндө түзүлөт.
Координациялык кеңештин максаты Кыргыз Республикасында стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү институттарынын жана банктардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ресурстарын консолидациялоо болуп саналат. Координациялык кеңеш туруктуу кеңешүүчү орган катары иштейт жана анын чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ.
Координациялык кеңеш юридикалык жак болуп саналбайт жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш эмес.
Координациялык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана тармактык стратегиялык документтерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. Мында өнүктүрүү институттарынын уставдык документтеринин жоболору эске алынат.
2. Координациялык кеңештин милдеттери жана функциялары
Координациялык кеңештин негизги милдети улуттук экономиканын стратегиялык секторлору боюнча конкреттүү артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорго байланыштыруу менен мамлекеттик колдоонун, жеткиликтүү каржылоонун жана натыйжалуу бизнес-башкаруунун стандарттарын киргизүү боюнча консалтингдин даректүү механизмдеринин күч-аракеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүн консолидациялоо болуп саналат.
Бул милдетти чечүү үчүн Координациялык кеңеш төмөнкү функцияларды аткарат:
- стратегиялык максаттарды аныктоо жана актуалдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо, улуттук долбоорлорду жана стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун ыкмаларына, этаптарына жана ишке ашырууга карата базалык ыкмаларын аныктоо,
- артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн негизги багыттарды аныктоо;
- артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор үчүн критерийлерди аныктоо;
- долбоорго "стратегиялык инвестициялык долбоор" статусун берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- стратегиялык инвестициялык долбоорлорду финансылык жана финансылык эмес колдоонун чараларын, механизмдерин жана инструменттерин аныктоо;
- колдоо чараларын аныктоо менен стратегиялык инвестициялык долбоорду даярдоонун жана ишке киргизүүнүн жол картасын жактыруу;
- мамлекеттин/жергиликтүү коомдоштуктардын, өнүктүрүү институттарынын жана бизнестин/инвесторлордун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу.
3. Координациялык кеңештин укуктары
Координациялык кеңеш негизги милдетке жетүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана финансылык институттардын жетекчилерин өздөрүнүн жыйналыштарына чакырууга;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды, статистикалык жана башка маалыматтарды белгиленген тартипте суроого;
- стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча эксперттик баа берүү, экспертизалоо жана консалтинг үчүн мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди, анын ичинде чет өлкөлүк эксперттерди тартууга;
- бизнес-долбоорлорду каржылоо, колдоо жана коштоо чөйрөсүндөгү жол-жоболорду жана саясатты өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды кабыл алууга жана мамлекеттик органдарга, институттардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн дарегине киргизүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын, мекемелердин, мамлекеттик жогорку окуу жайларынын, илимий-изилдөө институттарынын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү институттарынын, банктардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда туруктуу жана убактылуу жумушчу жана/же эксперттик топторду түзүүгө;
- Координациялык кеңештин катышуучулары менен макулдашылган маалыматтык материалдарды басып чыгарууга жана жайылтууга.
4. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
Координациялык кеңештин курамы Координациялык кеңештин ишине катышуу үчүн чакырылган өнүктүрүү институттары менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлөт жана бекитилет.
Координациялык кеңешти Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жетектейт.
Координациялык кеңештин төрагасы күн тартипти жактырат, Координациялык кеңештин жыйналыштарына төрагалык кылат, Координациялык кеңештин кабыл алынган чечимине кол коет, ошондой эле туруктуу жана убактылуу жумушчу жана/же эксперттик топтордун жеке курамын бекитет.
Координациялык кеңештин жыйыналыштары зарылдыкка жараша өткөрүлөт.
Каралуучу маселелер боюнча Координациялык кеңештин чечимдери Координациялык кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат жана иштелип чыккан сунуштар же сунуштамалар менен протокол түрүндө таризделет.
Координациялык кеңештин жыйналышынын протоколунун негизинде Министрлер Кабинетинин же Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын тиешелүү чечимдери иштелип чыгышы жана белгиленген тартипте кабыл алынышы мүмкүн.
Координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун компетенциясынын базасында түзүлүүчү Координациялык кеңештин Катчылыгына жүктөлөт.
Координациялык кеңештин алдында долбоордук кеңсе түзүлөт, анын милдети стратегиялык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу, ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн андан ары коштоо болуп саналат. Долбоордук кеңсе стратегиялык инвестициялык долбоорлорду тандоо, сапаттуу жеткире иштеп чыгуу, каржылоо, коштоо жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жол-жоболорун уюштуруунун комплекстүү бирдиктүү системасын түзүү боюнча ишти уюштурат.
Долбоордук кеңсенин түзүмү анын курамын ыкчам өзгөртүү жана зарыл болгон сандагы жогорку квалификациялуу адистерди тез арада тартуу үчүн мобилдүү болуп саналат. Институттук эс тутумду сактоо максатында долбоордук кеңсенин түзүмүн жана кадрдык курамын түзүү маселелери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жүктөлөт.
Долбоордук кеңсенин кадрдык курамы өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрүнөн жана көз карандысыз эксперттерден түзүлүшү мүмкүн.
Долбоордук кеңсени каржылоо "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары
Координациялык кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Координациялык кеңештин жыйналыштарына катышууга, талкуулануучу маселелердин маңызы боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө;
- Координациялык кеңеш тарабынан кабыл алынган сунуштамаларды даярдоого жана ишке ашырууга катышууга;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды алууга жана алар менен таанышууга;
- Катчылык аркылуу мамлекеттик органдарга кайрылууга жана алардан Координациялык кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого.
6. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттери
Координациялык кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Координациялык кеңештин ишине, анын жумушчу органдарынын иш-аракетине жана Координациялык кеңештин иш-чараларына жеке катышууга;
- Координациялык кеңештин жыйналыштарына жүйөлүү себептерсиз катышпай коюуга жол бербестен, анын ишине катышууга;
- Координациялык кеңештин башка мүчөлөрүнө Координациялык кеңештин кабыл алган чечимдеринин алкагында өз ишинин мазмуну, жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө толук маалымат берүүгө;
- Координациялык кеңештин чечимдерин жана сунуштамаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө.
7. Координациялык кеңештин Катчылыгынын функциялары жана ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Координациялык кеңештин Катчылыгы болуп саналат.
Координациялык кеңештин Катчылыгы белгиленген тартипте:
- Координациялык кеңештин жыйналыштарынын күн тартибин даярдоо жана уюштуруу маселесин иштеп чыгат;
- Координациялык кеңештин жыйналыштарына материалдарды жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоону уюштурат;
- Координациялык кеңештин сунуштамаларынын жана сунуштарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;
- Координациялык кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурайт;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө Координациялык кеңештин жыйналышы өткөрүлүүчү күнгө чейин 2 (күн) жумуш күндөн кечиктирбестен Координациялык кеңештин кезектеги жыйналышына материалдарды жиберет;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө Координациялык кеңештин жыйналышынын протоколуна кол коюлгандан кийин 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбестен Координациялык кеңештин жыйналышынын протоколун жиберет;
- стратегиялык инвестициялык долбоорлордун базасын түзүү жана жүргүзүү боюнча иштерди жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ