Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-июну № 354
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 169 "Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Токмок шаарын көрктөндүрүү максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына ылайык, Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 20-майындагы № 55/13-5 токтомун көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 169 "Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктундагы "28,3" деген цифралар "22,45" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |