Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 токтомуна) |
2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун СТРАТЕГИЯСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 316, 2024-жылдын 26-июлундагы № 428 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Киришүү
Ушул 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин каржылоого муктаждыгын зайымдык каражаттарды тартуу аркылуу камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орто мөөнөттүү иш-чаралар планы болуп саналат.
2-глава. Мамлекеттик карызды башкаруунун максаттары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин каржылоого муктаждыгын эң аз чыгымдар жана тобокелдиктин акылга сыярлык деңгээли менен карыз алуу аркылуу камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү;
- мамлекеттик карыздын туруктуулугун колдоо.
3-глава. Стратегияны камтуу
Ушул Стратегия Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиктерин жөнгө салат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык органдарынын карыз милдеттенмелери ушул Стратегияны колдонуу чөйрөсүнө кирбейт.
Ушул Стратегиянын чаралары жана максаттуу көрсөткүчтөрү 2022-2024-жылдар мезгилине жайылтылат. Зарыл болгондо макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн, бюджеттик-салык саясатынын параметрлеринин жана ата мекендик жана эл аралык финансы рынокторундагы динамиканын өзгөрүшүн эске алуу менен Стратегияны жыл сайын жаңылоо жүргүзүлөт.
4-глава. Тышкы карыз
Жаңы тышкы карыз алуулар экономикалык өсүшкө өбөлгө болгон бир кыйла артыкчылыктуу программаларга жана долбоорлорго тартылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеңилдетилген тышкы мамлекеттик карыз алууларды гана тартуу саясатын улантат: жаңы тышкы кредиттер грант-элементтин 35 пайыздык минималдуу маанисин сактоо менен тартылат.
Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууда бир нече булактардан зайымдарды тартуунун же зайымдарды гранттык каражаттар менен айкалыштыруунун эсебинен бардык тартылган зайымдык жана/же гранттык каражаттарды (бириктирилген грант-элемент) эске алуу менен жеңилдиктердин деңгээлин эсептөөгө жол берилет. Бириктирилген грант-элементтин мааниси ошондой эле 35 пайыздан кем болбоого тийиш.
Тышкы карыздын ашыкча топтолушу менен коштолгон потенциалдуу тобокелдиктерди азайтуу тышкы карыздын жалпы суммасынын 45 пайызынан ашпаган бир кредитордун алдындагы тышкы карыздын сандык чектелишин белгилөө жана сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Карыздык оорчулуктун учурдагы деңгээлин жана андан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын карызынын туруктуулугунун мүмкүн болгон чакырыктарын эске алуу менен, капиталдын эл аралык рыногунда мамлекеттик карыз алууну жүзөгө ашыруу менен байланышкан потенциалдуу чыгымдардын жана тобокелдиктердин табиятын жана масштабын түшүнүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тышкы финансы рынокторунда чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды чыгаруудан жана жайгаштыруудан карманат.
Эл аралык капитал рыногунда чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн кыйла жагымдуу шарттар (пайдалуу купондук ставкалар, саясий туруктуулук, ИДПга карата мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээли) түзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эл аралык капитал рыногунда чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу тышкы карыз боюнча учурдагы милдеттенмелерди тейлөөгө төлөмдөрдү кечиктирүүгө жол берүү боюнча нөлдүк маани белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеткиликтүү механизмдердин, анын ичинде көп тараптуу жана эки тараптуу форматта карыздарды конверсиялоо боюнча операциялардын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуризациялоо жана/же кыскартуу боюнча ишти улантат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 428 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Ички карыз
Мамлекеттик ички карыз алууларды тартуу мамлекеттик баалуу кагаздарды (мамлекеттик казыналык облигациялар жана мамлекеттик казыналык векселдер) чыгаруу жана жайгаштыруу баа түзүүнүн рыноктук механизмдери аркылуу, атап айтканда аукциондор аркылуу гана жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик программаларды каржылоо максатында рыноктук эмес механизмдер аркылуу казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик ички карыз алууларды тартуу укугун өзүнө калтырат.
Ички карыз портфелинин кайра каржылоо тобокелдигине туруктуулугун олуттуу жакшыртууга алып келген мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүү мөөнөтүн көбөйтүү боюнча жетишилген натыйжаларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик ички карыздын чыгымдарынын көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү боюнча күч-аракет жумшайт. Атап айтканда, сунушталган мамлекеттик баалуу кагаздардын мөөнөттүү түзүмү мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын ниетин, ошондой эле финансы рыногундагы учурдагы кырдаалды эске алуу менен көбүнчө чыгымдарды минималдаштыруу түшүнүгүнүн негизинде аныкталат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети узак мөөнөттүү мамлекеттик казына облигацияларынын сунуштарын колдойт (жүгүртүү мөөнөтү 10, 15 жана 20 жыл).
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу ички карыз боюнча учурдагы милдеттенмелерди тейлөөгө төлөмдөрдү мөөнөтүнөн кечиктирүүгө жол берүү боюнча нөлдүк маани белгиленет.
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү максатына жетүү үчүн мамлекеттик ички карызды башкаруу боюнча операциялар ачык-айкындуулук, жөнөкөйлүк жана ликвиддүүлүк принциптерин сактоо менен жүзөгө ашырылат жана төмөнкү чараларды карайт:
- эмиссия ар кварталдык календарын жарыялоо практикасын киргизүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларына үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү.
6-глава. Мамлекеттик карыз алуу инфратүзүмүн өнүктүрүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик карыз жөнүндө маалыматтарды интеграцияланган форматта топтоого, сактоого жана талдоого мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик карызды эсепке алуунун жаңы системасын (маалыматтар базасын) тез арада орнотуу жана ишке киргизүү боюнча чараларды көрөт.
7-глава. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик кепилдиктерин чыгаруу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети суверендүү карыздык кепилдиктерди чыгаруунун зарыл болгон ченемдик укуктук базасын иштеп чыгат жана бекитет, ал Кыргыз Республикасынын суверендүү карыздык кепилдиктерин чыгаруу менен байланышкан укуктук мамилелерге тартылган жана катышкан тараптардын максаттарын, зарыл талаптарын, чектөөлөрүн, укуктарын жана милдеттерин кылдаттуу түрдө аныктайт. Кыргыз Республикасы үчүн кепил катары тобокелдиктерди жана кесепеттерди минималдаштыруу суверендүү карыздык кепилдиктерди берүүнүн негизги принциби болот. Демек, мамлекеттик кепилдиктерди чыгарууну жөнгө салуучу жоболор жана башка ченемдик-укуктук документтер суверендүү кепилдик менен жабуунун өлчөмүн аныктоодо зайымчынын тобокелдиктерин баалоого негизделет. Суверендүү карыздык кепилдиктерди чыгаруунун жол берилген жыйынды көлөмү Кыргыз Республикасынын карызынын туруктуулугу менен учурдагы жана күтүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен катуу тартипте аныкталат.
8-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугун сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген эл аралык ченемдерге ылайык мамлекеттик карыздын өлчөмүн, түзүмүн жана тобокелдиктерин үзгүлтүксүз контролдойт жана туруктуулуктун бардык бюджеттик индикаторлорун жана мамлекеттик карыздын туруктуулук индикаторлорун андан ары өркүндөтүүнү камсыз кылат.
Тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун ортосундагы координация мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну каржылоо, бюджетти жана төлөм балансын колдоо үчүн жаңы тышкы жана ички карыз алуулардын суммасы жана түзүмү Стратегиянын максаттуу критерийлери менен макулдашылгандыгын кепилдөөгө мүмкүндүк берет.
9-глава. Максаттуу сандык көрсөткүчтөр
Бул Стратегиянын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо 1-таблицада берилген сандык максаттуу көрсөткүчтөрдүн маанилерине ылайык жүргүзүлөт. Максаттуу көрсөткүчтөр ошондой эле мамлекеттик карызды башкарууга байланыштуу конкреттүү операцияларды даярдоодо жана ишке ашырууда критерийлер же ориентирлер функциясын аткарат.
|
| 1-таблица |
2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын ишке ашыруунун максаттуу көрсөткүчтөрү
Максаттуу көрсөткүч | Максаттуу көрсөткүчтүн мааниси |
ИДПга карата мамлекеттик карыз | 70%дан ашык эмес |
Республикалык бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик тышкы карызды тейлөө боюнча чыгымдар | 20%дан ашык эмес(1) |
Тышкы зайымдардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээли(2) | 35% |
Бириктирилген грант-элементтин минималдуу мааниси | 35% |
Бир кредитордун алдындагы карыздын максималдуу суммасы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынын %ы менен) | 45%дан ашык эмес |
Мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн жол берилген өлчөмү (сом) | 0,00 |
Казыналык милдеттенмелерден (КМ) тышкары, аукциондук негизде МКБны жайгаштыруу | 100% |
Мамлекеттик баалуу кагаздардын ар жылдык эмиссияларынын жалпы түзүмүндөгү МКОнун салыштырма салмагы (МБКнын жалпы эмиссиясынан %) | 70%дан кем эмес |
Ички карызды төлөөнүн орточо мөөнөтү (жылдар) | 4,5 кем эмес |
Эл аралык капитал рыногунда чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды чыгаруу жана жайгаштыруу (сом) | 0,00 |
Эл аралык капитал рыногунда чет өлкөлүк валютада чыгарылган жана жайгаштырылган облигациялардын салыштырма салмагы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы көлөмүнөн %) | 20%дан ашык эмес |
Эскертүү:
(1) + 1% диапазонунда четтөөлөргө жол берилет;
(2) тышкы зайымдардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээлин сактоо боюнча Стратегиянын аракети Эл аралык валюта фондунан алынган зайымдарды камтыбайт. Мындан тышкары, грант-элементтин маанисине карата талап тышкы карызды реструктуризациялоо жөнүндө мүмкүн болгон макулдашууларга жайылтылбайт;
(3) + 1,5% диапазонунда четтөөлөргө жол берилет.

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 38 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ