Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-июлу № 377
Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кошумча нарк салыгын кайтарып берүү боюнча айрым маселелер жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери 2022-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык 2020-2021-жылдары товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөнгөнү жөнүндө ырастоочу документтер боюнча кошумча нарк салыгын кайтарып берүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу экендиги белгиленсин. Кошумча нарк салыгын кайтарып берүү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67, 330-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык кошумча нарк салыгын кайтарып берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 18-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кошумча нарк салыгын кайтарып берүү өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциптерин эске алуу менен ишке ашырылуучу чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу алардын кызматкерлери, анын ичинде алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн төлөнгөндөн кийин он эки айлык мөөнөт өтпөгөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөнгөнү жөнүндө документтер эсепке кабыл алынат.";
- жогоруда аталган Жобонун 4-тиркемесинде:
6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кошумча нарк салыгын кайтарып берүү өз ара келишүүчүлүк жана паритеттик негиз принциптерин эске алуу менен ишке ашырылуучу чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу алардын кызматкерлери, анын ичинен алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү үчүн төлөнгөндөн кийин он эки айлык мөөнөт өтпөгөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөнгөнү жөнүндө документтер эсепке кабыл алынат.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |