Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 341 токтомуна) |
Мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ажыратуунун тартиби жөнүндө жобо
1. Бул жобо "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 230, 231-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ажыратуунун тартибин аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
мамлекеттик мекемелер жана ишканалар - бекитип берилген мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкаруу жана чарбалык башкаруу укугун жүзөгө ашырган мамлекеттик менчик формасындагы мамлекеттик ишканалар жана мекемелер;
түстүү жана кара металлдардын сыныктары жана калдыктары:
- түстүү жана (же) кара металлдардан жана алардын эритмелеринен жасалган, анын ичинде өндүрүш процессинде пайда болгон оңдолбой турган кемчилиги бар жараксыз же керектөөчүлүк касиеттерин жоготкон буюмдар;
- мүлктү демонтаждоодон жана чачуудан кийин алынган, түздөн-түз пайдаланууга жараксыз түстүү жана (же) кара металлдардан жана алардын эритмелеринен жасалган буюмдардын бөлүктөрү;
- түстүү жана (же) кара металлдардан жана эритмелерден буюмдарды жасоодо кырынды, кесинди түрүндөгү, майдалоодон жана штамптоодон кийинки калдыктар;
ыйгарым укуктуу уюм - мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан ажыратылган түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кабыл алуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак.
3. Түстүү жана кара металлдардын сыныктары жана калдыктары ыйгарым укуктуу уюм тарабынан андан ары ажыратуу үчүн мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан эсепке алынууга жана чогултулууга тийиш.
Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кириштөө тартиби эсептик саясатка ылайык мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын локалдык ченемдик документтери менен аныкталат.
4. Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кабыл алуу сыныктын жана калдыктын ар бир партиясын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын милдеттүү түрдө түзүү менен ыйгарым укуктуу уюм тарабынан стационардык пункттарда ишке ашырылат.
5. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- мамлекеттик мекеменин жана ишкананын аталышы жана реквизиттери;
- ыйгарым укуктуу адамдын - сыныктарды жана калдыктарды тапшыруучунун маалыматтары;
- жолдомо кагазынын же транспорттук коштомо кагазынын реквизиттери;
- сыныктын жана калдыктын түрү жана кыскача сыпаттамасы;
- сыныктын жана калдыктын брутто жана нетто салмагы;
- сатып алуу баасы.
6. Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кабыл алуу, сорттоо, сактоо, алгачкы иштетүү Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жөнүндө колдонуудагы стандарттарын жана мыйзамдарын сактоо менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
7. Кабель продукциясынын калдыктарын жана трансформатордук подстанциялардын деталдарын бул обьекттерди эксплуатациялоочу уюмдар тарабынан аларды утилдештирүүнү документ түрүндө ырастоосуз чогултууга жана сатып алууга тыюу салынат.
8. Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатып алуунун баасы ыйгарым укуктуу уюм тарабынан белгиленет. Сатып алуунун баалары тууралуу маалымат ачык жарыяланууга тийиш.
9. Ыйгарым укуктуу уюм түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ата мекендик кайра иштетүүчү металлургиялык ишканаларга сатууга, ошондой эле түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын өнөр жайлык кайра иштетүүнү өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу.