КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 418
Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын, анын ичинде "улуттук" деген статуска ээ жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо;
- Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна карата квалификациялык талаптар.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:
- 1.9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.9. Жожду түздөн-түз анын жетекчиси (ректор, президент, начальник, директор) башкарат.
Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
"Улуттук" деген статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери карамагында адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайы болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоодо билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алуу зарыл.
Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир эле адам мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин ишин бир эле мамлекеттик жогорку окуу жайда он жылдан ашык жүргүзө албайт.
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын, анын ичинде "улуттук" деген статуска ээ жогорку окуу жайдын жетекчиси кызматынан бошотулган учурда билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган анын милдеттерин аткарууну ошол мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин орун басарларынын бирине үч айдан ашпаган мөөнөткө убактылуу жүктөйт.
Мамлекеттик жождун окуу иштери боюнча проректорлору жождун жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дайындалат.
Мамлекеттик жождордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жождун тийиштүү профилдеги жана квалификациядагы окумуштуулук даражасы бар адистеринин ичинен контракттык-конкурстук негизде жождун уставында белгиленген тартипте дайындалат.
Мамлекеттик жождун жетекчиси Кыргыз Республикасынын окуу, илимий, финансылык-чарбалык иштери жана кадрлар менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы белгиленген тартипте аныкталса, жетекчи мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.
Мамлекеттик жождун жетекчиси эгерде жож аккредитациядан өтпөсө же анын статусу төмөндөсө да кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат. Мамлекеттик жождун жетекчиси мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда иштин тиешелүү участогу үчүн түздөн-түз жооп берген орун басарлары да кызматтарынан бошотулат.
Мамлекеттик эмес жожду түздөн-түз жетекчи (ректор, президент, начальник, директор) башкарат, ал тийиштүү профилдеги жана квалификациядагы окумуштуулук даражасы бар адистердин ичинен уюштуруучулар тарабынан дайындалат. Мамлекеттик эмес жождун жетекчисин дайындоо жана чакыртып алуу жол-жобосу, ошондой эле ыйгарым укуктары уюштуруучулар тарабынан "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат жана жождун уставында белгиленет.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:
- 15-пунктунда:
он экинчи жана он үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин кызмат орундарына дайындайт жана бошотот;
- "улуттук" деген статуска ээ болгон мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарды жана кызматка дайындоо үчүн талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтөт;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин дайындоого макулдук берет.".
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |