Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 418
Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633, 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын, анын ичинде "улуттук" жана "өзгөчө" деген статуска ээ жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо;
- Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна карата квалификациялык талаптар.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:
- 15-пунктунда:
он экинчи жана он үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин кызмат орундарына дайындайт жана бошотот;
- "улуттук" деген статуска ээ болгон мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарды жана кызматка дайындоо үчүн талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтөт;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин дайындоого макулдук берет.".
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 418
Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633, 2025-жылдын 10-июнундагы № 329, 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын, анын ичинде "улуттук" жана "өзгөчө" деген статуска ээ жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобо;
- Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна карата квалификациялык талаптар.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомуна ылайык күчүн жоготту)