Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлу № 414
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын кайра уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө
Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети" мекемеси ага төмөнкүлөрдү кошуу жолу менен кайра уюштурулсун:
- "Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети" мекемесин;
- "Академик Ү. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети" мекемесин.
2. "И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети" мекемеси "Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети" мекемесинин жана "Академик Ү. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети" мекемесинин бардык укуктары жана милдеттери боюнча укук улантуучусу болуп эсептелет деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- "И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети" мекемесинин уставын бекитсин;
- кайра уюштурулуучу мекеменин өткөрүп берүү актысын бекитсин;
- белгиленген тартипте Мекемени мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун 1 -пунктунда көрсөтүлгөн ЖОЖдордун жетекчилери:
- финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды мындан ары пайдалануу маселелерин чечүү, ошондой эле мекемелерди кайра уюштурууга байланышкан бардык зарыл иш-чараларды өткөрүү үчүн комиссия түзсүн;
- окуу процессин үзгүлтүксүз уюштурууну жана абитуриенттерди өз убагында кабыл алууну камсыз кылсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде кайра уюштурулган мекемелерди каржыласын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президеттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 9-августунда № 69(3404) жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |